"Агым", 12.02.08 - 5-бет: Ташиев тастыктабайт...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Им-иж(дер)

Ташиев тастыктабайт
ӨКМ министри Камчыбек Ташиев аталган министрликти Ошко көчүрүү идеясын көтөрүп чыкканын, учурда Оштон өзүнө 3 бөлмөлүү кызматтык квартира алганын жазып чыгышты. Ушунун чын-төгүнүн айтып бере аласыздарбы?

Аманбек Исмаилов,
Бишкек шаары
Камчыбек Ташиев, ӨКМ министри:
- Мен өзүм таңгалып жатам. Качан, кайжерден ушинтип айтканымды, квартира алганымды далилдеп бере ала тургандар болсо мага келсин. Адамды жок жерден эле чымчый берген болбойт да. Мен эч кандай квартира алган эмесмин. Бул жалган.

Мамасадык аке өмүрүндө мас болгон эмес
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агентчилигинин директору Мамасадык Бакиров мас абалында рулда баратып МАИ кызматкерлеринин машинесин сүзгөндүгү, "чоң крышага" таянуу аркасында бул ишин бас-бас кылгандыгы туурасында имиш гезиттин өткөн санына жарыяланган. Кечээ Мамасадык мырзага байланышсак, мындай окуя эч болбогондугун, атургай өздүк машинеси да жоктугун, бул имишке катуу капа болгонун айтып чыркырады. Арийне, мастык тууралуу макала "дейт-имиш" менен жазылган. Мамасадык аке, гезит практикасындагы ошол жагдайды эске алаар.
"Агым"

"Ватан" эмес, атан!
"Аалам" гезитинин ээси Шамшыбек Медетбеков кызматкерлери менен нааразылашып, алардын айрымдары кызматтан кетиптир. Анүстүнө Шамшыбек Медетбеков өзбектердин "Ватан" партиясына кошулуп, гезиттин позициясын алардын көзкарашына тууралагысы келет экен. Бул жерде Шамшыбек мырзанын не кызыкчылыгы бардыгын, эмнеге коллектив менен араздашып жатканын билсе болобу?
Алик Жантөрөев, Балыкчы шаары
Шамшыбек Медетбеков, "Аалам" гезитинин ээси:
- Бул сөз кайсы бир адамдын заказынан улам жайылып кетти. Гезитте эч кандай ички конфликт жок. Учурда башредакторубуз денсоолугуна байланыштуу ооруканада дарыланып жатат. Ооба, гезиттин эки кызы жумуштан кетүүнү каалаптыр. Макул дедик. Бул эч убакта гезиттин трагедиясы болбойт. Тескерисинче, гезит учурда жумасына эки жолу чыгып, тиражы өсүп жатат. Азырынча эч кандай жабылууга себеп жок.
Ал эми "Ватан" партиясына мүчө болгонум чын. Ал партиянын саясый кеңешинин да мүчөсүмүн, шайлоого да ал партия менен чыккам. Бирок айтып койчу бир маселе, партиянын аты "Ватан" эмес, "Родина". Максаты - улуттар аралык достукту арттыруу. Адилет министрлигинде да "Родина" деп катталган. Эч кандай өзбектердики эмес. Ал жерде орус, дунган, кыргыз, өзбек, немис - баары бар.




Баткен-диктер батырат
Баткендиктер жаңы барган губернаторду кабыл албай, мурдагы губернатор Султанбай Айжигитовду кайра кызматка келүүсүн талап кылышууда дейт. Бүгүн Баткен эли кантип жатат?
Эркин Шамшыканов, Бишкек
Марат Жумабеков,
Баткен облусунун губернатору:
- Бул маалыматты интернеттен окуп калдым. Жүздөй адамдын колу коюлган кат өкмөткө да жетиптир. Аны мага ал жерден вице-премьер министрдин адамдары да айтышты. Бирок ал жерде эч кандай конкреттүү адамдардын фамилиясы чыккан жок. Ошондуктан муну жөн гана ушак катары кабыл алдым. Эч кандай эл көтөрүлгөн жок. Мурунку губернатор менен деле түшүнүктүү мамиледемин. Мен анын ордун тартып алган жокмун. Бул мамлекеттик кызмат. Биз мамлекеттик кызматкерлербиз. Андыктан бу жерде эч жеке таарыныч болбошу керек.

"Акжол" айбатынан коркпойт
Мурат Каттабекович, сиздин Жогорку Кеңештеги пикириңизге кесиптешиңиз Арапбай Төлөнов "эркекче" үнүн көтөрүп, жулунуп чыгыптыр. Муну парламенттеги чындыкты тепселөө менен сиздин эркиңизди сындыруу деп түшүнсөк болобу?
Айдар Кулматов, Токмок шаары
Мурат Жураев, ЖК депутаты:
- Чын эле парламентте мындай нерсе болуп кетти. Мыйзам кабыл алуудагы регламент бузулду. Эми кимдин колу чоң болсо, ишеними күч болсо, артында тоосу турса, баардыгы ошонуку болот экен да. Кыскасы, "Акжолдун" эмгегин актап берип жатышат. Ал эми мага оройлонгонун ал жердеги талаш-тартыштан улам байкабай калыпмын. Бирок, бул маселеге али кайрылабыз. Эч ким менин эркимди сындыра албайт.

Кулакты тоспой, кулактан карма!
"Акыйкат үчүн" кыймылы учур бийлигин уруу саясатынын аркасында сүрүп чыгарууга аракет жасап жатыптыр. Бул арга кеткендеги иш эмеспи?
Ырыс Келдибекова, Сокулук району
Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору:
- Биз эч убакта регионализм, уруучулук дегендерди колдобойбуз. Кыргызстанды курабыз, оң жолго салабыз десек, мындай түшүнүктөн бийик болушубуз керек. "Акыйкат үчүн" кыймылы тескерисинче биримдик үчүн, ынтымак үчүн күрөшүүдө. Бул биздин максатты түшүнбөгөн адамдардын гана чыгарган "өрдөктөрү". Алар бизди түшүнө албай жатып, шек келтирүүгө өтүп алышкан. Бул, биринчиси. Экинчиси, окурмандар эсине салып коеюн, бул саясатты бийлик баштаган, былтыр февраль айында кайсы министр кай уруудан экенин расмий жарыялап. Андыктан бул саясаттын кулагы кай жактан чыгып жатканын билип алсаңар болот.

"Эгерде" деп жашабайт
Бакыт Бешимов Тышкы иштер министрлигине министр болуп барат дешүүдө. Бул парламенттеги айрым депутаттарды бийлик кумары менен алдообу? Эгерде бул сунуш чындык болсо, парламентте депутаттар байпактай алмаша береби?
Өмүрбек Жапаргазиев, Кочкор району
Бакыт Бешимов, ЖК депутаты:
- Бул маселе эч коюлган эмес. Турмушта "эгерде" деп жашоо эч убакта туура эмес. Атургай бул суроого жооп берип да, талкуулап да отуруунун кажети жок.

Бетти даярдаган Кубаныч Зайнидинов