mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
  Абрамзондон "акыйнек"

Кыкеңдер бийлик структурасын Түндүк-Түштүк ит оорусуна карап түзгөнү жаңылык болбой калды. Мындай трайбалисттик оору каныбызда барбы же бийлик талашкандар тапкан "менталитетпи"?

И-ии, кыргыз! Ичкилигиң ким?
Оң-солуң ким?
Эми аныбыз бүтүп, бийлик бутактарын ичкиликтештирүү синдрому тууралуу айың кеп айтыла баштады. Оппозиция да жөн жатпай, "бийликти ичкиликтер басып алса, анда биз кыргыздын оң-сол канатын бириктиребиз" деп ичара биригүүгө өттү. Мындай шартта биз С.М.Абрамзондун "Кыргыз жана Кыргызстан боюнча тандалма эмгектер" жыйнагынан уруулардын бөлүнгөнүн карасак, азыркы оппозицияны анчалык убара кылбай, кимдин кайдан тараганын жана ушул "темп" менен жүрүп отурсак, кимдин кайда барары белгилүү болот окшойт. Ким кайдан тараганын биле жүрсүн деген эле кеп.







  Сен жөнүндө сегиз сап

Бакиев бийлигинин
№1 жоокери
Бүгүнкү сегиз саптын сынында - КР ИИМ министри
Молдомуса Конгантиев

Султан Раев, Маданият жана маалымат министри:
- Ал адам өз ишинин бийик деңгээлдеги профессионалы. Өзүн буга чейинки кызматтарында эле эң сонун көргөзгөн. Азыр да ишке катуу киришип, чечкиндүүлүк менен көп нерсени баштап жатат. Адам катары да бийик. Көптөгөн чыгармачыл адамдарды, спорттук оюндар түрүн ар убак колдоого алып келет. Бул жагынан да мактоого арзыйт.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:
- Молдомуса менен мен жаш кезден таанышмын. Менин жолдошум менен дос, теңтуш болчу. Жаш кезде көп отуруш уюштурар элек. Ошондо Муса аябай шайыр отурчу. Музыкалык аспаптардын баарында ойнойт. Досчулукка да бекем. Аябай жакшы ырдайт. Министрлик ишинин башын коомдук уюмдардын жетекчилери менен жолугушуудан баштаганы кубандырат.

Ибрагим Жунусов, ЖК депутаты:
- Ал кишини лейтенант кезинен бери билем. Министр болгондугу үчүн айтып жаткан жерим жок. Ал күчтүү опер. Бир учурда бийликтегилердин таасири менен көп убак ишсиз да жүрүп калды. Бирок ошондо да кылмыш чөйрөсү менен көп күрөштү. Бул адам музыканы өтө сүйөт. Музыканы сүйгөн адамдын колунан жамандык келбейт.

Семетей Талас уулу, журналист:
- Адам катары али эчким билбесе керек. Ал эми ишине келгенде бул киши Бакиев бийлигинин №1 солдаты. Ишинде деле толук кандуу профессионал эмес. Министрлик, андагы жасап жаткан кадамдары, мунун баары артында чоң күч, бекем ишеним бардыгынан гана жасалып жатат. Болбосо мындай батылдыкты өз иш жолунда деле көргөзмөк. Тескерисинче, буга чейин деле жетекчилик кызматта жүрүп андай олуттуу деле кадамдарды жасаган эмес.

Азимбек Бекназаров, экс-депутат:
- Мен Жалалабатта ага-тергөөчү болуп иштеп жүргөндө, бул жигит да Жалалабатта ШИИБде иштечү. Анан эле кийинчерээк Бишкек ШИИБге келип калды. Мен ошондо чочулагам. "Айыл жеринен келип жатса ишти алып кете алабы?" деген ойлор келген. Бирок, өзүн көргөзүп, оңдоп кете алды. Ошондо бу жигитке ыраазы болдум. Азыркы министр болушу, андагы кадамдар туурабы, туура эмеспи, ал башка маселе. Бирок ал профессионал кызыл шапке. Адам катары кандай экенин экөөбүздүн ортобузда саламдан башка мамилебиз жоктугунан улам биле бербейм.

Нурлан Мотуев,
"Каракече-Көмүр" ААК директорлор кеңешинин төрагасы:
- Ал адамгерчиликтүү, мыкты жигит. Өткөндө башканы кой, көчө бомждорун талаага таштабагыла деп акимиаттарга сунуш жөнөткөнү эле не деген жигитчилик. Бул жүрүшү менен өсчү инсан. Ишинин чебери, бийик профессионал. ИИМде кадрдык өзгөртүүнү кескин жүргүзүүдө. Эми ал жакты паракорлуктан тазаласа, эр дейт элем.

Айгүл Рыскулова,
Миграция комитетинин төрайымы:
- Мен Молдомуса менен 80-жылдардан тарта таанышмын. Экөөбүз КУУда юрфакта чогуу окуганбыз. Мыкты опер, профессионал милиционер. Адамдык сапаты бийик. Сыйды көтөрө да, башкаларды сыйлай да билет. Кыскасы, мактоого татыктуу адам.

Даярдаган
Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ





Яндекс.Метрика