"Агым", 12.02.08 - 2-бет: А.Атамбаев баш кєтєрєбџ?...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 

А.Атамбаев баш көтөрөбү?
СДПК төрагасы Алмаз Атамбаев эртең партия тыңчыкмаларын чогултуп, мындан аркы саясый багыттарын аныктап, бийликке тиш кайроо кайратын көрмөкчү. Социал-демократтар чын ниеттен бийликке оппозиция боло алабы, же эл оозундагы "жасалма оппозиция" кадамына барышабы? Көрө жаталы.

Н.Шакиев "Кыргыз туусун" желбиретеби?
Президент пресс-катчысы Нурлан Шакиев КТР жетекчилигин сурап, тилекке каршы буйрубай калгандан соң, "Кыргыз туусу" гезитине редактор болуп барууга муюп туру. А Акүйдө болсо пресс-катчылык орунду аңдымайлар күч.

Мандат ыйыкпы же Атажуртпу?
24-мартта ажо К.Бакиевдин Казакстанга иш-сапары болмокчу. Ошого чейин парламентте казактардын пансионаттарынын тагдыры, о.э. Таластагы, Көлдөгү жерлерибиздин "устукандалуусу" жөнүндө кеп болмокчу. Эгер ЖК депутаттары чыныгы патриоттуулугун көрсөтсө, өз жерлерин коргоп калмак. Мандаттан да Атажурттун жери ыйык экенин эл өкүлдөрү эстерине түйүп коюшса.

Бөйрөктөн шыйрак дейби...
Адахам Мадумаров жаңы сценарий менен Жогорку Кеңеш штатындагы кызматкерлерди иштен чыгарып, кайра тандоо боюнча кабыл алуу демилгесин көтөрүп чыкты. Мунун канчалык реалдуулугун көрө жатарбыз. Же жөн гана "бөйрөктөн шыйрак чыгарган" популисттикпи?

А.Эркебаевди тукурганда
"Акыйкат үчүн" кыймылы бийликти ичкиликтер басып алганына ичтен бушайман болуп, эми кыкеңдердин оң-сол канатын бириктирип, ичкиликтерди уруп түшүүгө сценарий түзө башташты. Кызыгы, өздөрү "ичкиликтерди итеребиз" деп чамынышып, а Коомдук парламент төрагасына тейит Абдыганы Эркебаевди (?) түртүп атышат. Бу кандай, ичкиликке ичкиликти тукуруу саясатыбы?..

Токтогулду торойто чаап, Какчекейди какайтабы?..
"Акжолчу" депутат Ажибай Калмаматов өткөндө Токтогул Какчекеевди согуп, "Токтогулду торойто чаап, Какчекейди какчеге согууга" үндөдү. Парламентке сын айткан саясат таануучуга ушундай зөөкүрлүк болсо, анда жыргаптырбыз. Бул боюнча Токобуз жооп да бере элек.

Кыкеңдер кыйын заманда
Бүгүн "Замандаш" партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов Омск шаарына жөнөмөкчү. Кыргыздардын ашкере укугу тебеленгени, кордук көргөнү боюнча маселе көтөрүп, мекендештерибиздин кем-карчына ортоктош болот. Бул боюнча Мухтар мырза жакынкы сандарыбызга маек берип, кыргыздардын чет элдеги оор абалынан ой бөлүшмөкчү.

"Старый городду" гүлдөткөн Жумасарлык
Экс-премьер-министр А.Атамбаев матрезервдин кризисинен улам жетекчиси Жумасарлык Нуржановду алып тынган. Бирок, өкчөсө кайра турган Ж.Нуржанов антимонополия улуттук агентчилигине барганы, кызмат абалынан пайдалануу менен бизнесин гүлдөтүп атканын эч ким этибар албады ("Старый город" чайканасы сыяктуу). Ушул боюнча тиешелүү органдар иликтеп көрсө, балким кайырмакка илинер эле. А болбосо "кулак-сөөмөйдү" алган экинчи адам катары да жабык калары ажеп эмес...

"Агым-пресс"