"Агым", 08.02.08 - 4-бет: Жџзџњдџ ач, жџзџмкан!..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жүзүңдү ач, жүзүмкан!

Көмүскөдөн көмө чабышмай?
Уят эле иш болду.Президенттин абройуна көлөкө түшүргөн айрым акүйчү "чиновниктер" менен кээ бир "катта" кишилер Эшимкановду эңшералбай убара. Маселенин баары Эшимкановдо болсо, президент КТРдагы чуулуу реформанын тараза ташын салмактап, эгер оңолбой турган болсо, жакшы айтып, жылуу жумшак узатып койгону элге-журтка ишенимдүү болмок. Арийне, улак тартыштай кылып, бириң өлүп, бириң кал деген менен Эшимкановдон эмне табышты деген күмөндүү суроо элдин бийликке болгон шаабайын суутуп баратат. Өткөндө жаздык эле, бул кишинин саясый технологдору Кыргызстандагы саясый окуялар менен кадрдык жүрүштөрдү 1996-97-жылдардагы тажик саясатына такап баратат деп. Мисалы бир өрнөк, Атамбаев пикет митингчилерди "алтындарым" деп жүрүп, Акүйгө барып калды. Жакшы ниет, жарым ырыс менен. Жанүрөп иштеди. Анан эмне болду? Сегиз ай дегенде Акүйдөгү интригаларга садага чабылып кеттим таризинде кудум эле ушул КТРдан айтып чыкты, күңгүрөнүп. Атамбаевдин кетиши бийликке аброй алып келгенин айтыш өтө кыйын. Жада калса бийлик биздики деген Түштүк "ырасса" кылдыңыз да деп кол чаап калган жок.
Эшимкановдун тегерегиндеги чуу дал ошондой интригалардын башка түрү сыяктанат. Мисалы, Бекешовдун колу менен чок кармагандай же өздөрү түзүп, алар өздөрү тарап кеткен Байкоочу кеңешке салып берип, ийин куушургандай. Бүгүн бийликке ушул керекпи?
Бийликтин формасы сырттан караганда сопсонун көрүнөт. Менчик парламент, менчик өкмөт, өйдө карабаган аким, губернаторлор. Ал эми ичи сасып, ирип баратканы тууралуу ар кандай аңыз кептер бар. Ошондон улам Бейшенбек Бекешовдун Эшимкановду кетирбесеңер кезерем, өлүмгө барам, дегенинин өзү чоң мандем. Көмүскөдө кылтыйып, кимдир бирөөнүн сөлөкөтү көрүнгөнсүйт. Эгер бийлик кааласа, Бекешовго соттун эшигин көргөзүп, "адам укугу ушул жерде корголот" деп айтып коюшту "ырасса-ям" билет. Өткөндө Жогорку соттун экс-төрагасы Курманбек Осмонов айтып жатпайбы, "24-марттагы төңкөрүштөн кийин Жогорку соттун имаратын митингчилер басып алышканда, соту, прокурору, коопсуздук кызматы жана милициясы басып келбей коюшкан. Мен эптеп президентке кирип айттым эле, ал киши бир саатка жетпей имараттын алдындагы митингчилерди тазалатып койду" деп. Көрдүңүзбү, окуя кандай окшош.
Айтайын дегеним, Кыргызстандын эгемендүү тарыхынан бери мамбийликтин штатта жок "отдел кадрлары" пайда болду. Мындан президенттин кабардар экенинен күмөнүм бар. Ошол эргулдар өздөрүнчө команда түзүп, "тиригарагын" кызматка түртүп, президент эл ынтымагы үчүн элдешип, иш сунуштаган оппозиционерлерге ишенбей, ар балээнин башын кылтыйтып келишүүдө. Булардын кылганы түз эле 7-кабатка тийип жатканын баарыле билет, бирок арга жок экен.
Быйыл референдум өткөн мезгилде бир чиновниктен референдум таза өттү деп ишенесизби десем, "иним, акылдуумун, көрөм, сезем, бирок, сүйлөй албайм" деп күлдүрдү эле. Ошол сыңары КТРдин реформа тагдыры да президентке туура түшүндүрүлбөй жатат сыяктанат. Шектүү шекшине берсин.
Менимче, Мелис Эшимканов азырынча эч кимдин куйругун басалек. Чын дилинен КТРди реформалап, ашыкча чыгымын казынага кайтарайын, "Агым" менен "Асабаны" кандай бийиктиктерге алып чыксам, КТРди да ошентейин деп келди. Куйрук басыш азыр ага өтө эрте. Бийликтин трагедиясы ушул, өзү ымалага келип, эркекче кол алышкан адамына ишенбейт. Алардын изги тилегин түшүнбөйт. Мунун пайда-зыянын таразалап көрүү кийин кеч болуп калабы же жокпу - аны мезгил көрсөтөт.

Манас ОСМОН




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


Түркияда кыз-келиндерге университеттерде жоолукчан жүрүүгө уруксат берилгени жатат. Парламент бул боюнча мыйзамды жактырды. Эми Конституцияга өзгөртүү киргизилет.
Американын президенттигине ат салышып жаткан сенатор-демократ Хиллари Клинтон шайлоого байланышкан иш-чараларга өз чөнтөгүнөн беш миллион доллар кошконун билдирди.
Ал эми Теннеси штатындагы Джексон шаарында торнадо болуп, миңдеген үйлөр кыйрап, жүздөгөн адамдар жаракат алышып, элүүдөн ашык адам курман болду. Алабама, Арканзас, Кентукки штаттарында да ушундай эле көрүнүш. Бийлик канча зыян келтирилгенин эсептей элек. Президент Буш "биз жардам беребиз, өзүңөр да Кудайга сыйынгыла" деди.
Ооганстанда 2008-жылы апийим өндүрүү өтө жогору болоору БУУнун баңгизатты жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын докладында айтылды. Өткөн жылы бул өлкөдө апийим айдоо 192 миң гектарды ээлеп, "черный рынокто" жүгүргөн баңгизаттын 93 пайызы Ооганстандан келип турган.
Улуу Британия-да иштегиси келбеген жалкоолор көбөйдү. Алты миллион англиялык үйбүлөдө бир да адам иштебей, жалаң өкмөттөн алган пособиеге жашашат. Иштөөнү каалабагандык же эмгекке жарамсыздык салык төлөөчүлөр үчүн жылына 13 млрд. фунт стерлингге жетет. Ар бир алтынчы үйбүлө пособиеге жашап, ар бир бешинчи үйдө иш издегенге аракет да кылышпайт. 2,64 миллион адам ушундай жашашат, бирок булардын жарымы симулянттар дешет. Сенаторлордун маалыматы боюнча, Англиянын экономикасы үчүн зарыл болгон жумушчу орундар рекорд боло турган деңгээлге жетти. Бирок жумушчу орундардын 20 пайызын гана англичандар ээлеп, калгандарында башка өлкөлөрдүн жарандары иштешет.
Азербайжандын атайын аскер күчү Маштаги айылындагы психооруканада жаткандардын бунтун басты. Көрсө, психикасы оорулуу кылмышкерлер бир адамды өзүбүз билгендей жазалайбыз дегенде, оорукананын персоналы ага жолтоо болгон экен. Ошондо ал жердегилер чаң-тополоң уюштурушкан.
Латвиялык полицай жол эрежесин бузганы үчүн айдоочуну кармап, протокол толтурган. Айдоочу ага 100 лат пара берсе, албай койгон. Катардагы полицайдын мындай эрдигин жогору баалашып, начальниги ага 150 лат сыйлык берген.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов опера менен цирктин болушуна уруксат берди. Бирок бийчилер керектүү мекемелерден лицензия алмайынча бийлей албай турган болушту.
WWW булактарынан даярдаган Аскер САКЫБАЕВА




  Жумасобол

Улуттук телерадиодогу ызы-чууга кандай карайсыз?
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, коомдук ишмер:
- Эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдан тартып эле УТРКда ынтымак болбой келет. Убагында бул тармактагы чыр-чатакты жөнгө салганга катышканым бар. Өзүңөр жакшы билесиңер, бул тармактын финансылык абалы начар, айлык акы аз. Эмгек жамааттын ичинде моралдык-психологиялык кырдаал курч. Анан жетекчилер көп алмашат. Башкаларга салыштырмалуу Карыпкулов менен Молдокасымов көп убакыт иштеди. Реформа жасайм, өзгөртөм деп келген жетекчилерге телеканалдын эмгек жамааты дайыма каршы болуп келет. Эшимкановду таланттуу журналист, мыкты уюштургуч катары баалайм. Анын КТРди реформалайм деген идеясын колдошубуз керек. Ошол эле маалда реформаны кадам артынан кадам жасап кылуу зарыл. Мелиске жана телеканалдын эмгек жамаатына кааларым - ынтымак. Эки тарап тең компромисске барып, ынтымакта иш алып барышса деген тилек.

Султан ЖУМАГУЛОВ, Би-Би-Си радиосунун журналисти:
- Тескери көз караштамын. Улуттук канал башкаларга өзүнүн жүзү менен үлгү болушу керек болчу. Минтип эки жээкке бөлүнүп алышып чабышкандан эч майнап чыкпайт. Болгону КТРдин имиджине, аброюна сокку урат. Жетекчи алмашкан сайын ызы-чуу боло берет ал жерде. Демек, Улуттук биринчи канал үчүн мамлекеттик деңгээлде ойлоно турган мезгил келди.

Бекташ ШАМШИЕВ, "Азаттык" радиосунун журналисти:
- Эгемендик алган жылдардан тартып эле КТРге реформа жасайм деп келген башчыларга каршы нааразычылык иштер болуп келет. Экинчи тараптын да пикирин угуш керек. Не дегенде алар телени түшүнгөн, өз орду бар таланттуу журналисттер. Бир жактуу караган болбойт. Чогуу отуруп, тынч чечишсе жакшы болот эле. Тилекке каршы андай болбой калды го…

Сатина МАНАПОВА, мугалим:
- Ачыгын айтканда, телеберүүлөрдүн сапаты өзгөрүлө баштады. Жаңы автордук берүүлөр болот деп рекламалык роликтер кетип атпайбы. Айыл жеринде КТРден башканы көрбөйбүз. Жаңылануу бар. Ким жетекчи болуп келсе да, ага убакыт бериш керек. Албетте, жумуштан кеткен адамдын ичи ачышат. Бирок, бул жерде жеке бир адамдын кызыкчылыгы эмес, көрүүчүлөрдүн кызыкчылыгы биринчи орунда болуусу зарыл. Журналисттин берүүсү талапка жооп бербесе, элдин табитин таба албаса, анда ага каражат коротуп, кармап отуруунун кандай кажети бар? Ачкачылык жарыялап нааразычылык билдирүүдөн эч майнап чыкпайт. Бул эми күчкө салгандык да.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ