"Агым", 08.02.08 - 2-бет: А.Жекшенкуловдон шектенгенде...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  VIP…
(Б-И-И-ИП!)

А.Жекшенкуловдон шектенгенде
Оппозиция ичинде ыйкы-тыйкы, бири-бирин аңдышмайлар күчөдү. Өзгөчө Аликбек Жекшенкуловду бийликке өтүп кетпейби (?) деп шек санашып, күбүр-шыбыр болушууда. Мындайды уккан Аликең ыңгайсыз тартып, Акүйдөгү ээси жок кызматтарга кызыкпаганын жашырбады. А.Жекшенкуловго аткаминер болгондон көрө, салмактуу оппозиция лидерине айланып, эл астында кадыр-баркын сактап калганы артыктыр.

"Акжол" менен СДПК тирешинен
Депутат Зайнидин Курманов "Акжолдон" башкасы токолдун балдары маанисинде берки эки партияны согуп, "Агымга" интервью берген. Кечээ ушул боюнча парламентте кызуу талаш болуп, СДПК мүчөсү Жусуп Жээнбеков Курмановдун кечирим суроосун, атургай сотко берерин да жашырбады. Коммунист Бейшенбек Акунов дагы капталдан чыгып, "Акжолго" таш ыргытканга жарады. Талаш-тартышка спикер Адахам Мадумаров да аралашып, депутаттар курулай популисттиктин айынан курч сүйлөгөнгө аракет кыларын айтты. Айтор, бу парламентти деле "Агым" эриктирбей калды өңдөнөт...

Түштүккө көчүү "икаясы"
Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Түштүккө күтүүсүз көчүрүүгө демилге көтөрүп, атургай өзү Оштон кызматтык 3 бөлмө үй да алып жибергенин маалымдашууда. Мындай кадам борборду Түштүккө оодаруунун биринчи кадамдарыбы (?), же чын эле министрлик Ошко көчсө жаратылыш кырсыктары азайабы?..

Э.Карабаевдин кайпактамайынан
Өткөн саныбызда премьер-министр И.Чудиновдун Москвадан кайткан самолетун жазганбыз. Ичинен мас абалында балжа-булжа мушташкан официалдуу делегация мүчөлөрүн. Эми ошолор соолугуп алышып, жапжакшынакай эле Тышкы иштер министрлигинде иштеп атышат. Министр Эднан Карабаевдин боштугу ушул: кызматкерлерине катуу жаза айталбай, кайпактап отурганында. Кокус кийинки сапар президенттин самолетунан жаңжал чыкса, дагы эле "мастык экен" деп көз жумабызбы?

Кыкеңдердин оң-сол канаты ичкиликтерди итереби?
Саясатчылар арасында уруулашмай күчөп, Азимбек Бекназаров менен Дүйшөн Чотонов кыргыздын оң-сол канатын бириктирүүгө (тыңчыкмаларын), ичкиликти итерүүгө билектерин түрө киришишти. Мындай идея айрым саясатчыларга майдай жагып, бийликти уратуунун бирден-бир куралы экенин көкүрөгүнө түйүп алышты. Анүстүнө ичкиликтердин саны да жарым миллионго жетпейт экен. Эми митингге кыкеңдердин оң-сол канаты чыкса, антимитингге ичкиликтер чыгып курутпагай эле.

Мамасадыкты мас дейби...
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агентчилигинин директору Мамасадык Бакиров МАИ кызматкерлеринин машинесин мас абалында сүзгөнү, мастыгын э-эч бир моюнга албаганы, атургай жогор жактан "крыша" салуу менен өзүнүн апакай чыкканы айтылууда. "Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет" демекчи, Мамасадык аке МАИ кызматкерлерин шорлотуп, өзүнүн машинесин да төлөттүрүп атыптыр дейт. Чындык кайда?

Үсөн акенин үркүтмөйүнөн
Түштүктүн кадыр-барктуу жоон топ аксакалдары Үсөн аке Сыдыков менен кенен маек куруп, бу саам Акүйдөн кетишин катуу талап этишти. Кетсе уулу Бакыттын тагдыры кыйындайбы деп, кетпесе түштүктүктөрдүн жаалына калуудан коркуп, акыры чайналуу менен арызын жазып, бирок ажонун колуна кармата элек. Бир эсе бийликтин аброю тайганы, экинчи жагынан Акүйдө таасирдүү күч боло албаганы Ү.Сыдыковдун жанына батып, аргасыз оппозиция лидерлерине тымызын колтук ачууда. Үсөн аке оппозиция жээгинен өзүнүн ордун аныктап, куйругун түйгөнгө да даяр экенин каңкуулашууда.

"Аалам" жабылабы?
Соңку учурдагы гезиттин абалы оор. Айлык акынын аздыгынан 8 кызматкери арыз жазып, "Ааламдын" эшигин тарс жаап баса беришкен. Эми кожоюну Шамшыбек Медетбеков айрым журналисттердин тамырын тартып, "Ааламды" сактап калууга жандалбастап атыр. Анүстүнө бийлик да бир жагынан кысып, гезиттин жабылуу коркунучу босогодо...









??.??