"Агым", 08.02.08 - 18-бет: Жолтикен...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жолтикен

Ит кемирген баш сөөк же бөөдө өлүм
Үстүбүздөгү жылдын 26-январында, кыштын суугу али күчүндө турган кезинде, Бишкек шаарынын тургундары Коля менен Баха керээлди кечке арак ичип, көңүл ачып, сайрандап жүрүштү. Кечки саат сегиздер чамасында өлөөрчө мас болуп алышып көчөгө чыгышып, "урунаарга тоо, урушаарга жоо" таппай ары-бери өткөн кишилерге тийишип атышты. Буйткалуу жерде жайгашкан Драгобыческий көчөсүндө кетип баратышып, астыларынан чыккан жалгыз бейтааныш аялды жолуктурушуп, ичтеринен кым дей түшүштү. Анан бейкапар келаткан алиги аял жакындаганда эле эч кеп-сөзгө келбестен аны башка-көзгө койгулап уруп, аеосуз тепкилеп киришти. Ээн көчөдөн аларды ажыратып, кой-ай деп ортого түшкөн эч ким болбогондуктан, Коля менен Баха моокумдары канганча сабашат, курган аялды. Качан гана тиги аял эңгезердей болгон эки жигитке каршылык көрсөтө албай, эс-учун жоготуп, мурдунан кан кетип жерге жатып калганда алар ур-токмогун токтотушат. Канжалап, жерде суналып жаткан аялдын сумкасын, чөнтөктөрүн аңтарып-теңтеришет. Бирок, өзүлөрү ойлогондой буюм, же акча таба алышпаган соң, үйүнө кайтып келишип, дагы арактан басышат.
Арадан 4-5 саат убакыт өтүп калган кезде Коля бир нерсени эстегендей Баханы карап:
- Жанагы биз сабаган аял эмне болду экен? - дейт. -Эмне болсо ошол болсун. Караңгыда бизди таанып койду дейсиңби? - деп Баха кол шилтеп коет. Бирок, ал аял эсине келип калса, сөзсүз түрдө милиция кызматкерлерине кайрылып, кылмышкерлерди издөөгө салаарын түшүнүшөт, зөөкүрлөр. Экөө ары ойлонушуп, бери ойлонушуп, окуя болгон жерге кайра барууну чечишет. Кыштын кычыраган мындай суугунда ээн көчөдө кыбыр эткен жан жок эле. Түнкү саат экиден өтүп калган кезде баягы окуя болгон жерге келишсе, алиги аял эс-учун жоготуп, анча-мынча онтогону гана болбосо, дагы эле жерде кыймылсыз жаткан экен. Коля Баханы карап: -Муну бул жерге тирүүлөй таштап кетсек, эртең эле кылмышыбыздын бети ачылып калышы мүмкүн. Ошондуктан биротоло жанын тынчыталы, -дейт. Колядан Баха бир топ жаш кичүү болгондуктан анын айткан ар бир сөзүн унчукпай угуп, буюрган буйругун аткарууга даяр болуп турган. Өзү менен кошо ала келген бычакты Бахага сунуп: -Ме, көзүн тазала, өлтүр! - дейт.
Колуна бычак алган Баха ушуну эле күтүп тургансып, жерде чала жан болуп жаткан аялдын кекиртегин эки жолу күч менен бышып-бышып жиберет. Кыркырап-шыркырап кан атып, жаны чыккан аялдын деми басылганда гана чоң иш жасагансып, эрдемсинген экөө эч нерсе болбогондой үйлөрүнө кетип калышат.
Ээн көчөдө кыймылсыз жаткан аялдын өлүгүн көргөн көчөдөгү жолбун иттер аны тегеректеп, кан жыттанган жерде жүрүштү. Эки-үч ит адегенде өлүктүн тегерегинде агып аткан жылуу канды жалагылай баштады. Анан өлүктүн баш жагына келишип, тиштегилеп, кемирип жеп киришти. Эртең менен эрте ары-бери өткөн кишилер кууганда чала тойгон, жырткычча ыркыраган иттер качып беришти. Итке бети таланып, баш сөөгү гана калган аялдын ким экени тез эле милиция кызматкерлери тарабынан такталды. Каргашалуу окуя болгон жерге жакын үйдүн биринде жашаган, 1965-жылы туулган Жумакан аттуу аял болуп чыкты. Бейкапар жумуштан үйүнө келатып, минтип көчөдөгү көпкөн эки жигиттин колунан бөөдө өлүм таап отурбайбы. Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн кылмыш издөөчү тобунун профессионалдык аракеттери текке кеткен жок. Шектүү делинген далай кишилер иликтөөдөн өтүштү. Акыры ички иштер бөлүмүнүн көзүнө тиги эки айбан түштү. Ошентип, кылмыштын бети бир жуманын ары - бери жагында тез эле ачылды. Эки зөөкүр жигит колго түштү. Азыр жасаган кылмыштарын моюндарына алышып, күнөөнү аракка шылташып, темир тордун ары жагында тергөөчүлөргө сурак берип отурган кездери.
Сотмедэксперттердин айтымында, жолбун иттер аялдын баш сөөгүн гана калтырып, этин мүлжүп жеп кетишкен экен. Эгерде аялдын кийип жүргөн жылуу кийимдери болбогондо анын денесин да калтырбай жешмек. Иттер го айбан, ал эми эки аяктуу айбандардын кылыгын карабайсыңарбы, аракка тоюп алып эмне иш кылып ташташканын. Азыр бул кылмыш ишин Бишкек шаардык Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тергөөгө алууда.
Ичкилик арты өкүнүч дешет эмеспи. Албетте, арактын айынан адам жасабас мыкаачылыкка барышкан эки канкор сот тарабынан тийиштүү жазасын алышат. А бирок күлгүн курагында эки айбандын колунан бөөдө өлүм болгон аялдын өмүрүн ким кайтарып берет?!.

Назгүл Калмамбетова





  Жалгыздыкты жанжолдош кылба

Жанга баткан оору, өкүттүү өмүр
Сайра эптеп баш көтөрүп саатты караса, он эки болуптур. Түндө саат ондо жаткан боюнча эми гана бир аз өзүнө келип, туруп кийинди. Анын минтип сыркоолоп жүргөнүнө көп болду. Оорусу кармаган сайын дарыланып, кандай айла-аракет кылса да, болбоду. Доктурга көрүнсө, "сиз толук кандуу турмушта жашабагандыктан ооруп жатасыз, кан алмашуу зарыл, эгер дагы эле ушинтип жүрө берсеңиз, абалыңыз дагы кыйындайт" деп дартты убактылуу баса турган таблеткаларды берген, Сайра аларды ичкенде бираз убакытка жакшы болот да, кайра эле азаптуу абалга келет.

Кырк экиге келгиче турмушка чыкпай калганына, эл катары эне боло албаганына өзүн гана күнөөлөйт. Сайра Акөргө конушунан жер алып, он жыл бою биртуугандарынын жардамы менен төрт бөлмө үй салдырып жүрдү. Өзү шаардагы ресторандардын биринде бухгалтер. Жалаң маянасы эчтекеге жетпесин көрүп, бизнес кылууга да аракет кылды. Бирок, жалгыз бой адамдын колунан көп нерсе келбесине көзү жетти. Дагы айылда мал кармап, жер тытмалап оокатын өткөргөн эки агасы өздөрүнөн артканын берип жатып үйүн бүтүрүп беришти. Жетимиштен өтүп калган энеси жыл сайын Бишкекке Сайраныкына келген сайын кызын аяп, "карыганда жалгыз каласыңбы, төрөп алсаң боло" деп айтып келатканына үч-төрт жыл болду. Бир жолу баш көтөрө албай ооруп калган Сайраны көрүп, эненин жүрөгү ооруду.
Сайранын мындай ооруга кабылганына төрт жыл болду. Ушунча жашка келгени эркек менен жашап көрөлек, дагы эле кыз бойдон. Анда-санда катышкан эки курбусу "ушу сени бузуш керек эле" деп тамашалап калышат. Белден төмөн жагы бүт уюп, башы ооруп, бу дүйнө кара түскө чулганып калат. Арык неме баш көтөрө албай эле жатат. Акыркы эки жылда дагы бир азап - бетине чыккан бүдүр болду. Кайсы гана дарыгерге барып, эмне дары сүйкөбөсүн, эч айыктыра албады. Бир өзгөчөлүгү: ачуусу келип, туталанганда баягы бүдүрлөр көбөйүп чыгат. Мунун айынан көчөгө чыга албай калган учурлар да болду.
Ал турмушка чыкпай калганына өкүнгөнү менен, тагдырга айласыз баш иет. Эл катары жогорку окуу жайын бүтүрдү, иштеп жүрдү. Жаш кезинде эки жигит аны жактырып, баш кошуу сунушун айтканда, али эч кимди башоту менен берилип сүйүп көрөлек, сезимтал кыз макулдугун бербей койгон. Жүрөк түпкүрүндө "мен да, мени да сүйгөн адамым жолугат" деген ишеними бекем эле. Ошонүчүн эптеп эле күйөөгө тийүүнү каалабады. Жаштайынан орозо кармап, динге да бекем болчу. Кыз киши күйөөгө баргыча таза жүрүп, никелүү күйөөсү менен гана жашоо керек деген ишеними акыркы кезде бошоңдой баштаганы менен, мындан ары күйөөгө тийбесе да, бирөөдөн төрөп алууну ойлоп келет. Бирок, бул оюн кантип ишке ашырууну билбейт. "Ылайыктуу адам болсо, адегенде нике кыйдырып, анан балалуу болсом", деген Сайранын оюн эки курбусу да жактырып, ага ылайыктуу адам издеп келатканы да бир топ болду. Бирок, үйбүлө күтүп, бала-чакасы чоңоюп калган немелер баягы жаш кездегидей бат-бат келип кете албай, Сайра да алардыкына сейрек каттап, ар ким өз түйшүгү менен алек.
Бир жолу базардан аны-муну алып жүрүп, бир киши менен кокусунан таанышып калды. Оор жүгүн таксиге салышып, тамашалап ар кайсыны айтып атып, Сайранын дарегин да сурап алды. Эки күндөн кийин Сайра кир жууп отуруп, дарбаза такылдаганынан ачса, базарда таанышкан адам турат. Колундагы пакетин Сайрага карматып, түз эле үйгө өттү. Аны көп жактырбай, бирок, өз үйүнө келгенсип чечкиндүү үйгө кирген немеге таң кала артынан кирди да:
- Сизге эмне керек? - деди. Тиги жылмая карап:
- Урушпачы эми, сенин жалгыз турарыңды базардан эле байкагам. Чынымды айтсам, мага сен керексиң. Андан көрө чай кой, дасторкон үстүндө сүйлөшөбүз, - деп колун пакетке сунду. Анын сөзү кызыктай угулса да, Сайра сүйлөшүп көрөйүн деген ой менен чай койгону чыкты. Бир топто кайра кирсе, тиги стол үстүнө лепешкаларды сындырып, колбаса туурап, помидор, бадыраңды чыгарып коюптур. Стол четинде арактын бөтөлкөсү да койкоет. Сайра чай куюп жатканда тиги: - Эми кеп мындай, байкасам, бул үйгө эркек жетпей жаткан экен. Макул болсоң, экөөбүз ушу жерге жашайлы, - деди. Сайра эмнегедир ошо замат туталанып, кызара түштү да: - Сизге мен эмес, менин үйүм керектир, башка айтаарым жок, чыгып кетиңиз, - деди. - Антип катуу кетпе, жалгыз бой экениң көзүңдөн көрүнүп турат. Андан көрө эки бакыр, бир тукур болуп оокат кылалы. - Жок, сизден дегеле эчтеке сурабайм, милийса чакыра электе кетиңиз, - деп дарабазаны ачты. Сайрадан он жаштай улуу көрүнгөн, үстү-башы жүдөө, жакшы эле кайраттуу көрүнөйүн десе деле шылкыны куруй түшкөн неме бөтөлкөнү пакетке салып, жөнөп берди. Кийин аны базардан эки-үч жолу көрсө да, таптакыр көрбөгөнсүп жанынан өткөн неменин сыры да дайын болду. Көрсө, үйбүлөсүн айылга таштап, шаарда ар кайсы жерде жашап, үйү бар келиндердин үстүнө кирип, алдап жашап жүргөн эргул экен.
Ушул окуядан соң Сайра көпкө ойлонуп жүрдү. Бу жашоодогу жакшы нерселердин бардыгы аны кыйгап өтүп жатканын, "ар нерсенин өз убагында болгону жакшы, жаш кезде күйөөгө тийип, эртерээк эки-үч баланы төрөп койсоң, эл катары болмоксуң" деп кээде жемелеп калган апасынын сөзү эске түшүп, эми мындан аркы жашоом кандай болот, бу дүйнөдөн жалгыз өтөмбү деген түпсүз санаага түшүп кетсе, түн уйкусу качат.
Орто бойлуу, арык, сары, көзү чарасына кирип турган Сайра катуу дарттан эми сакая баштаган адамдай таасир калтырат. Дарты кармаганда эки-үч күндөп сыртка чыкпай калган, жашоодо боло турган жакшылыктан үмүтү үзүлө элек Сайра мени менен анда-санда байланышып турат. Соңку жолу тагдырына наалып, өмүрдүн кызыгы кеткенин, денсоолугу начарлаганын, балким өлүп да каларын айтканда, колдон келишинче соороттум. Бирок, анын чыдамы канчага жетет, ким билет...

Гүлбара СЕРКЕБАЕВА