"Агым", 08.02.08 - 13-бет: Майкечен маек...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Майкечен маек

Аида КУЛУЕВА:
"Көзкарашымдан жигиттер эмес, кыздар чочулайт экен..."
Өзгөчө коңур үнү, курч көзкарашы бар. Былтыр өткөн мекенчил ырлар сынагында өнөгү менен аткарган патриоттук ыры менен баш байгеге ээ болгон. Бирок, жогорку баага татыганы менен неге Аидада жандуулук байкалбайт, неге сахнада жарык позицияда эмес, эмнеге ал башкалардай шоу жасабайт? Бул соболдорго ырчы кыз өзү жооп кылсын...

- ...Билбейм. Балким, өзүмдөндүр. Аябай уялчаакмын. Көп ачылалбай келгем. Жаңыжылдан бери жандуу болуп, өзүмдү эркин сезип баратам...
- Канча жыл болду ырдап жүргөнүңө?
- Алты жыл. Кафеде ырдап келем. Алгач ирет 1-курста студенттик сахнага чыккам.
- Ыр тандоо боюнча ким менен кеңешесиң?
- Буйруктанбы, кээде өзүнөн өзү ыр даяр болуп калат. Көбүнчө продюсерим Назгүл Насиева менен кеңешем.
- Продюсериң экөөңдү чыгармачылык гана байланыштырабы же тууганчылык жайлар барбы?
- Тууганчылыгыбыз деле жок, бирок, биртуугандай катышыбыз бар. Анткени, анын жолдошу менен алты жылдан бери кафеде бирге иштеп келебиз.
- Сураганым, продюсериң сени бир белгилүү жигитке турмушка чыгарыңды жарыялады эле го?..
- Ал жаңылык өзүбүзгө да күтүүсүз болгон. Мен ошол жигитке окшош мырзаларды жактырарым туурасында айтылса, ал жооп таптакыр башкача жазылып кеткен экен.
- Жандаган жигитиң барбы?
- Жок. Жактырган адамым үйбүлө куруп кеткен. Андан кийин жигит маселесине баш ооруткан жокмун. Мага азыр ырдаганым, андан сырткары өз кесибим менен иштегеним кызык. Жеке турмушка убакыт деле жок.
- Үйбүлө куруп, наристе жыттагың келген учурлар болобу? Анткени, 25 жаш секелек курак эмес го.
- Эки жыл мурда жанагы жактырган адамым менен жакшы мамиледе жүргөн кезде ушул нерселерди ойлочумун. Бирок, өзү оома жан эле. Ага караганда мен эркек болушум керек. Ортодо бузукулардын айынан мамилелер келишпей кеткен.
- Өкүнүч жокпу?
- Эч өкүнбөйм. Мен өзүмдөн бийик, мага бекем чеп, катуу жөлөк боло турган чыныгы мырзага жолугам. Өзүм айтканымдан кайтпаган жанмын, мага туура жагымды туура, кемчилигимди кемчилик катары көрсөтүп турган жолдош керек.
- Эгер өзүң каалаган чыныгы мырза сахнага чыгарбаса да макулсуңбу?
- Кыялымдагы мырзага баш кошсом, эгер ал ушул шарттарды койсо, мен баш ийем. Себеби, аялзатынын милдети - эне болуу, үйбүлө очогун сактоо.
- Мүнөзүңө өлчөсөк, жай темптеги ырларды жактырат болсоң керек...
- Ооба. Бирок, шок ырларда өзүңдү ачасың. Джаз ырдоо - менин кыялым.
- Аида, кечирип кой, сенде хореография жетиштүү эмес.
- Уялчаактыгымдан го (күлүп). Бийлегендей эле болом, теледен көрсөм эле бир орунда турам. Үйдөгүлөр деле көп эскертишет. Өзүм жакшы эле бийлейм. Комузда, ооз комузда ойнойм. Бир аз жалкоорокмун, балким, көп ийгиликтерден кур калганым ушундан го.
- Киного чакырышты беле?
- Сыртка чакыруулар болгон. Жакшы биле бербеген адамдардан тартынат экенсиң. Ал эми Кыргызстандагы учур буга чейин сырым эле. Бирок, айта берейин. Алгачкы мюзикл болбоду беле. Ошого башкы ролго Рыскелди байке чакырды. Барсам, көзкарашыма карап Жамал Сейдакматова терс каарманды ойноону сунуштады. Мен барып жүрдүм, бирок, ошол ролго бир жылдан бери Венера Сатылганова даярданып жүрүптүр. Ошол кезде иштеп да жүргөн кезим эле, ага шылтоолодум да, таптакыр барбай койдум. Анткени, мен тараптан бирөөнүн эмгегин тепсегендик болуп калат эле.
- Кимдин ролунда өзүңдү көргүң келет?
- Акмөөрдүн. Билбейм, балким, Таттыбүбү эжени жактырганым үчүндүр. Анан Кар ханышасынын. Анткени, кышта төрөлгөм, мүнөзүм да сырттан карагандарга муздакмын.
- А балким, ушул мүнөзүңдөн жигиттер жолой албай жүргөндүр...
- Балким... А мүмкүн буйруктан. Кээде курбуларымдан "ушул кыз менен кантип сүйлөшөсүңөр" деп сурап калышат экен. Ушунчалык каардуу көрүнөмбү деп таңгалып калам. Эркектерди айтпай эле коеюн, элестетсеңиз, кыздар коркот экен мага сүйлөгөндөн. Бирок, мен аябай жөнөкөймүн, курбуларым арасында шайырмын. Эл бийлесе, бийлеп коем. Шашканда эле таксиге түшпөсөм, көчөдө маршруткада жүрө берем. Салык системасында иштегендиктен, көбүнчө байкелер менен иштейм. Баарына чай куюп берем. Кичинемден эркектер менен ойноп, алардын арасында чоңойгондуктанбы, менде кыздардагы кылыктануу деле жок. Коллективдеги байкелер кандай жүрсө, мен деле алардай тарсылдап жүрө берем.




  ГҮЛАНДА

Курагы: 24 жашта
Жерлиги: Акталаа району, Нарын облусу
Кесиби: инженер
Зодиак белгиси: балык
Ишенгени: ата-энеси, биртуугандары жана өзү
Сүйүнгөнү: жакын адамдарынын амандыгы
Кызыкканы: стиль, дизайн
Кыялданганы: ар дайым ата-энесинин жанында болуу
Өзүнө жаккан сапаты: боорукерлиги
Өзүнө жакпаган сапаты: көкбеттиги
Ыйык тутканы: Кудай
Сүйгөн ыры: "Менин сүйүүм", "Өзүңө гана"
Сүйгөн тамагы: куурдак
Сүйгөн жаныбары: күчүк
Кумири: атасы




  Көңүл бургула: Конкурс!

14-февраль. Кумир менен эсте каларлык кеч!..
Адам башкадан куттук күтпөй, ар качан өзүнө-өзү майрам куруп жашаганы оң. Мисалга, ушул айдагы махабат майрамын алалы. Эгер жүрөгүңүздүн ээси азырынча жок, бул майрамда дагы жалгыздык күтө турган болсо, келгиле, бир айласын табалык. Жок дегенде кумир туткан адамыбыз менен кезигип, баарлашып, сырдашалы. Жандүйнө сырларын ачып, жарпыңызды жазып, эсте каларлык кеч өткөрүп дегендей. Окурман, балким, сизге мурда асманда жанган жылдыздай алыс сезилген кумириңиз менен эртең сырдаш достордон болуп каларсыз. Анүчүн сизден көп деле күч талап кылынбайт.

Султан менен жолугууну самап жүрдүңүз беле?
Урматтын сырын билгиңиз келеби?
А балким, окурман, Ильяздын бетинен сүйөрсүз...

14-февраль - махабат майрамына карата уюштурулган конкурстун калыстар тобу - шоу дүйнөнүн сиздер сүйгөн ушул өкүлдөрү: Султан САДЫРАЛИЕВ, Урмат УСЕНОВ жана Ильяз АБДРАЗАКОВ. Ал эми конкурс ушул үч жылдыз мырзанын дарегине, махабат майрамына арналган оригиналдуу открыткалар, ("валентинка" деп коет эмеспизби), арасында жүрөт. Эң оригиналдуу үч открытканын ээлери ушул үч жигиттин ичинен өз "валентинкасын" багыштаган ырчы менен редакция тарабынан уюштурулган романтикалык кечки тамакка барат. Анда, чамдайлы, окурман! Открыткаңызга өз сүрөтүңүздү кошо тиркесеңиз андан бетер жакшы.
Открыткалар редакциянын Чүй проспектиси 132 дареги боюнча жайгашкан кеңсесинде кабыл алынат. Почта жана Интернет кызматын пайдалансаңыз да болот. Конвертке сөзсүз түрдө телефон номуруңуз көрсөтүлүүсү шарт!

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы









??.??