"Агым", 08.02.08 - 11-бет: Ањдар менен дєњдєрдє, чимирилет дєњгєлєк...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Аңдар менен дөңдөрдө, чимирилет дөңгөлөк

Россиянын шору - жолдор менен чиновниктер деген классик. Совет бийлиги бизге аны "падышалык Россиянын" деп түздөп окуткан. Аны азыркы, Акылбек Жапаров айтып атпайбы, капиталисттик Кыргызстан куруп атабыз деп. Ошол тырмакчанын ичиндеги "капиталисттик Кыргызстанга" айтсак, куп жарашат. Республиканын жан-жак, айыл-апасын айтпай-ак коелу, аякта жол десе дене дүркүрөйт. Атчан заманды эмес, дүйнөнүн азыркы абалын эске алганда.

Жолдор менен чиновниктер
Ошентип айылды айтпайлы. Борбор шаар дегенибизди алалы. Дени-карды соо, ушул заманга бап деген көчө жолдорун санап бериңизчи. Туура, өлкө президенти тууруна кете турган - Манас проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейинки жол. Шаар жетекчилиги жол десе ошону түшүнөт, жыл сайын жамап-жаскап турат. Анысы дүйнөлүк тургай, КМШ стандартынан алты эсе айлансын. Анан борбор. Бийликтин бийик бутактары, анын ичинен шаар администрация башчылыгы жайгашкан көчөлөр. Андан алты кадам, айталы, шаар мэриясынан эки аярдама алыс Ош базарынын айланасындагы, андан наркы жолдорду басып өт - мээң чайкалат. Борборду боортоктой жайгашкан жаңы конуштар жолунда жамгыр жааса бут кийимчен басуу кыйын, батиңкеңди баткак өзүнүкүндөй эле тартып калат. Эгемен кыргыз эпчилдери ашата сөгүп аткан совет бийлиги куруп берген борбордогу көптөгөн чакан район жолдору небак "жооруган". Шаар бийлиги анын жонуна "жалбырак" жапмак түгүл, жакын барып көрөлек.
Бул жолдор. Чиновниктер дегенибиз, алар жолго бөлүнгөн каражатты тарп аңдыган жорудай баса калып жеп салгандан ашалек. Транспорт министрлиги деген бар. Ага жыл сайын мамлекет бюджетинен жүздөгөн миллион акча бөлүнөт. Ал кайда кетип атканы белгисиз. Ушу тапта карапайым калк жонтерисинен тилинип төлөнүп аткан сырткы карыздын, четел гранттарында ушул министрликтин үлүшү көп. Мисалы, ПРООН өкүлчүлүгүнүн анализи боюнча республика 1992-2000-жылда алган четел кредиттеринин 9,3%и "Кыргызэнергого", 9,1%и айылчарба министрлигине, 7,2%и транспорт министрлигине берилген. 2 миллиардга жакын долларды булардын процентине үлөштүрүп көр. Башка бир дагы тармак булардан көп мамлекеттик жардам алган эмес. Алар кайда?
Ырас, Ош-Бишкек канжолун курдук дедик. Өлдүк-талдык дегенде бүтүрдү сыяктандык. Андан башка ал канжолго багытталып, ар жыл сайын бюджеттен атайын каражат бөлүнүп турду. Ага канча каражат кантип, кайдан жумшалды - так эсеби жок.
Бишкек шаар мэри Данияр Үсөновдун даңкылдак-дүңкүлдөгүнө ишенсек, Кыргызстанга, анын ичинен Бишкекке машине батпай кетти. Бирок алардан түшкөн салык жыйымдары канча? Эчким билбейт. Эсеби маселең, "Инвест" фондунун вице-президенти Татьяна Кимдин АКИpress журналына (№6, 2006) жарыяланган маалыматына ишенсек, анын 34%и гана чогултулат. Ичибизде илип алар бүдүр жоктугунан бүт машине сырттан келет. Алардын бажыкана куну кутургандай өсүп атканын далдал-айдоочулар айтып түгөталбайт. Ал миллиарддар кайда кетип атыр? Техникалык кароо жылына өтөт. Ар машинеден МАИ кудайды карабагандай акча алат. Бул кайда кетип атыр? Төө Ашуудан, экологиялык посттордон өткөн транспорттордон канча түшүп атат - эсеби жок. Ар тармак өз чөнтөгүнө салат. Мамлекетке сөөк сыяктуу бирдеме ыргытат. Ошонун бардыгы эң биринчи иретте жол үчүн төлөнүп атканы менен эчким эсептешпейт. Андан түшкөн акча баарына, анын ичинен мамлекет чиновниктеринин чөнтөгүнө жумшалат, жолго гана эчнерсе жок.
Кыргыз бийлиги айылчарбасына четел инвестициясын тартабыз деп жыл сайын төш кагат. Инвестиция, кредит качан, кандай шартта берилет - билмексен. Эптеп эле колго акча тийип, аны андан нары кулкунга узатып ийсе болду.
Инвестиция, кредит келишимибиринчи иретте жолго, байланышка, тейлөө инфраструктураларына басым жасалып түзүлөт. Жолу начар, телефону жок, мейманканасы, соода тармагы адам шекилинде тейлей албаган аймакка кай акылынан айныган инвестор барат? Майдалап отурбайлы, Кыргызстан айылчарбасына четел инвестициясын тартабыз деген азырынча жөө жомок. Жолубуз оңолмоюнча инвестиция келбейт. Экономикабыздын эчен жылкы абалы жолубузду кылымдап да оңдой албай турганыбызды айгинелейт.
Эмне кылуу керек? Бул маселеге өлкө президенти өткөн ЖКга билдирүүсүндө учкай токтолду. Жолго акы төлөй турган мыйзам токугула, жол фондусу ишинин жаңы концепциясын түзгүлө деди. Арийне аны аткаруу мүмкүнчүлүгү аныкталган жок. Жолдон акы алгыла дегенден башка финансылоо булагы тууралуу ишараа да болбоду. Менин оюмча, сөөгү саналган мамлекеттин денесине сүлүк курттай жабышып, канын соргон тармак - транспорт министрлигинен жолго багышталган каражатты жергиликтүү бийликтерге бөлүп, ошолордон жооп суроо зарыл. Анткени алардын конкреттүү адреси болот. Же болбосо, жол куруу жана эксплуатацияга берүү боюнча улуттук маанидеги уюм же ишкана түзүлсө дурус болмок.
Мен согуштан кийин Япония жолдорун кантип оңдогону тууралуу окуганым бар. 1952-жылдан баштап, айрым магистралдык жолдор акы төлөөгө өткөрүлгөн. Акы алуу үчүн биринчи иретте, албетте жолду оңдош керек. Экинчиден, жону жука жолдорубуз көтөралгыс жүк артынып, кыйма-чийме каттаган кытай машинелеринен эмне үчүн жолакы албайбыз?
Япония 1954-жылдан баштап бензинден алынган мамлекет салыгын түгөл жол оңдоого чегерген.1954-жылы жер байлыгы, инфраструктуралары жана транспорт министрлиги мамлекет бюджетинен каржылана турган беш жылдык программа иштеп чыккан. 1956-жылы ошол программанын алкагында Nihon Doro Kodan (NDK) корпорациясын түзүп, аны улуттук маанидеги акы төлөө автомагистралдарын жана регион жолдорун курууга багыттаган. NDK салыктын көп түрүнөн, анын ичинен киреше салыгынан бошотулган, устав капиталынан дивиденд төлөөгө милдеттендирилген эмес. Экинчиден өкмөт андан мамлекетке киреше талап кылбаган. Бирок министрлик катуу көзөмөл жасап, NДК жол курулушунун жаңы доолбоорлорун, жылдык бюджетин, бизнес-планын ж.б. бекитип, президенти менен аудиторлорун дайындаган. NДКда 8,5 миң киши иштеп, 2004-жылдын 31-мартына чейин 7,3 миң км улуттук магистрал, 0,9 миң км аймак жолдорун куруп берген. 55,2% финансы каражатын NDK он жылга эсептелген ички облигация чыгаруудан тапса, анын 76,2%ин мамлекет сатып алып турган.
2004-жылдын июнунан баштап NDKны приватташтырууга улуксат берилиптир. Анын бардык мүлкүн, бизнес, укук, милдетин үч менчик компания бөлүп алыптыр. Ошентип коомдун өтө көйгөй маселелерин чечүү үчүн Япония мамлекеттик корпорация түзүп, көрөңгө капиталы, анан мыйзамдык укуктар менен камсыз кылат экен да, корпорация андан нары жашап кетерине ишенген соң, рынок баасы менен менчикке өткөрөт экен.
А эмне үчүн ага биздин акыл жетпейт?

Алым ТОКТОМУШЕВ




  Борбордо канча унаа бар?
Андан мамлекетке канча каржы түшөт?

Ушул суроолор менен Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын МАИБ мамлекеттик транспорт тескөөчүсү Шайырбек БОПОНОВго кайрылдык.
- Шайырбек мырза, учурда Бишкек шаары боюнча канча машина катталган?
- Борбор калаабызда жалпы 104595 унаа каттоодон өткөн. Анын ичинен 89268и менчик болсо, 15327си мекеме, ишкана, фирмаларга таандык. Жеңил автоунаалардын саны - 74937, жүкташуучу автомобилдер - 8708, атайын автоунаалар - 1294, автобус жана троллейбустар - 7690, мототранспорттор - 2490 болсо, прицеп жана полуприцептердин саны 6176ны түзөт.
- Мамлекеттик техникалык кароо боюнча да маалымат бере кетсеңиз.
- Мамлекеттик техникалык кароо жылына эки жолу өтөт. Биринчи этап жыл башынан 31-июлга чейин, экинчи этап 1-сентябрдан 31-октябрга чейин жүргүзүлөт. Бишкек шаарында техникалык кароо атайын жайларда:автостоянкаларда, кооперативдик гараждарда, диагностикалык станцияларда жүргүзүлөт. Ошондой эле ар бир райондун өзүнүн кароодон өткөрө турган жерлери бар.
- Автоунаалардан салык жыйноонун тартибичи?
- Биринчиден, машинанын түрүнө карайбыз. Албетте, андан кийин чыккан жылына жараша салык төлөнөт. Жеңил машиналарга беш жылга чейин кубуна 90 тыйын, 5 жылдан 10 жылга чейин 75 тыйындан, 10 жылдан 15 жылга чейин 60 тыйын, 15 жылдан жогору 45 тыйындан салык алынат. Оор жүк ташуучу автомобилдерге, автобус жана троллейбустарга 75 тыйындан 30 тыйынга чейин төлөнсө, мототранспортторго 15 тыйындан 9 тыйынга чейин төлөнөт.
- Негедир түшүнүксүз болуп атат. Кубуна 90 тыйын дегениңиз кандай?
- 2000 кубдагы жеңил машинаны мисалга келтире кетейин. Чыкканы беш жыл болсо, демек жылына 1800 сомдон салык төлөйт. Он жылдык болсо 1500 сом салык төлөнүшү керек.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ










??.??