"Агым", 05.02.08 - 5-бет: Тџз байланыш...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Түз байланыш

Миграция жана калкты жумуш менен камсыздоо комитетинин төрайымы
Айгүл Рыскулова:
"Кош жарандуулук жакында чечиле турган маселе эмес"
Бакыт Азизбек уулу, Бишкек: - Саламатсызбы, Айгүл Маратовна! Четте жүргөн кыргыздардын коопсуздугун, укугун коргоп, баскан-турганын тескөөчү атайын уюмдар барбы?
- Чынындале бүгүн биздин 250 миңден ашуун мекендештерибиз, булар - эмгекке жарамдуу курактагылар башка мамлекеттерде жумуш иштеп, акча табуунун, оокат кылуунун аргасын кылып жүрүшөт. Ошол эмгек мигранттарыбыздын укугун коргоо боюнча мамлекет тарабынан көңүл бурулганына мына эки жыл болуп калды. Ага чейин миграциялык кызмат ТИМде же Эмгек министрлигинде департамент болуп жүрчү. Албетте, ал учурда да көп аракеттер жасалды. Бирок, бөтөн мамлекеттердин түзүмдөрү менен теңата сүйлөшкөнгө, маселе чечкенге биздин бул кызмат да бул жакта чоң баркка ээ, өз орду бар болушу зарыл болду. Ошон үчүн президент 2005-жылы жарлыгы менен биздин мамлекеттик комитетти түзгөн. Эң биринчи биздин алдыбызга коюлган маселе - бул биздин эмгек мигранттардын укугун коргоо. Ушул жаатта көп аракет болду. Эки жыл ичинде жакшы жетишкендиктер болду. Бүгүнкү күндө ТИМ кызматынан башка биз Россияда өзүбүздүн комитеттин өкүлчүлүгүн ачтык. Ал жерде сегиз адамдын кызмат орду бар. Эң көп мигранттар Москвада. Андыктан, ал жерде төрт адам иштейт. Андан башка Самарада, Красноярскиде, Санкт-Петербург, Ростов шаарларында иштешүүдө. Алардын иш-максаты - эмгек мигранттарыбыздын укугун коргоо, жергиликтүү бийлик, жарандар менен иш жүргүзүү. Дагы ошол жакта жүргөн кыргыздардын башын кошуу үчүн диаспораларды түзгөнгө жардам бердик. Себеби, кыргыздар өз алдынча эзели баш бириктиришпейт. Ал жакта да Түндүк-Түштүк, Ош-Нарын болуп алгандары бар. Улуттук-маданий борбор деп да коебуз. Аларды ошол жерде иштеп калган 21 жигитибиз жетектейт. Аларга биздин коомдук өкүл деген укук менен расмий күбөлүгүбүздү бердик. Алар менен бирдикте биз эмгек мигранттарыбыздын укугун, коопсуздугун коргоочу иш-аракеттерди жүргүзсөк деп жатабыз.
- Дин агенттигинин башчысы Каныбек Осмоналиевдин уулунун Россиядагы шылуундугу тууралуу кеп тарады. Ушул боюнча эмне айтасыз?
- Бул окуяны кечээ уктум. Мен Москвага көп барам. Ал жакта биздин элчиликтин короосунда эки кабат имарат бар. Ошонун бир кабинетинде кыргыз диаспорасы олтурат дегенди уккам. "Кыргыз биримдиги" деген диаспора дешкен. Көрсө, ошол диаспоранын алдында ортомчулук кылуучу фирма түзүлүптүр. Ага өткөн жылда ал орус өкмөтү чыгарган токтом себеп болот. Ал токтомдо базарда соода кылгандар Россиянын гражданы болбосо иштей албайт деп жазылган. Ошондон бери булар бизнес жасай башташкан. Себеби, Россия менен Кыргызстандын ортосунда үч айдан соң жеңилдик катары ал жактан граждандык алса болот деген келишим бар. Ошондон улам фирма түзө сала ортомчулукка өтүшкөн. Учурда алардын бети ачылды. Бирок, али өздөрү кармала элек. Элди алдап алган иштеринен болгону миграцияга 14 паспорт тапшырышкан. Калган 170тей паспорт тапшырылган эмес. Ошол паспортторду бир үйдөн табышты. Учурда элчиликтин атайын комиссиясы иштеп атат. Менимче, ушулар паспорт ээлерине жардам беришет. Бирок, бул да болсо биздин жарандарыбыздын шалаакылыгы. Эгерде өздөрү кичине тыңыраак болуп, тапшыра турган жерге тапшырышса, эч кандай акчасы жок эле убагында алышмак.
Канымжан Кулбаракова, Балыкчы: - Мындан төрт-беш жыл мурда "Түштүк Кореяга жиберебиз, адегенде 2000 киши барып келет, шарты аябай жакшы" деген сөздөр болду эле…
- Бул маселе чечилген. Бүгүнкү күндө 22 киши кетип жатат.
- Эмне үчүн мынча аз?
- Бул маселенин өз талабы, шарты бар. 4,5 жыл боло элек. Былтыр эле кол коюлду. Алардын талап-шартына ылайык корей тилин билүү зарыл. Эгер тил билбесе, өлкөгө кирүүгө болбойт экен. Ошон үчүн 824 адам учурда корей тилин окуп бүтүштү. Ошонун 777си сынактан өттү. Сынакка Сеулдан атайын комиссия келип алат. Бүгүнкү күндө ошол 777 киши Кореяга кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ошонун 22си кетип жатат. Андан кийин 34 кишиге чакыруу келип жатат. Себеби, тесттен өткөндөрдүн анкетасын ал жактан иш берүүчүлөр карап көрүп, анан өздөрүнө керегин чакыртышат. Ошон үчүн ачык түрдө Кореяга бир да киши кете элек. Эми гана кетүүгө даярданып жатышат.
- Эже, мен өзүм мугалиммин. Маянабызды, бизге бурулган көңүлдү жакшы билесиз. Ошондон улам ылайык болсо, мен да кетсемби дегем. Ал үчүн эмне документ жыйнасак болот?
- Анүчүн биздин маалымат борборубузга барышыңыз керек. Токтогул жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анда шарттары жазылып, көргөзүлүп турат. Баарын ошол жерден алсаңыз болот.
Рейна Досалиева, студент: - Кореяга баргандардын аткара турган жумуштары кандай экенин билейин дедим эле?
- Кореяга барып иштеш абдан кыйын. Ал жерде каражумушка гана чакырылат. Саламаттык начарлайт. Сөзсүз кыйынчылык болот. Түшүнөм, албетте, бул жерде да кыйын болуп жатат. Өзүбүздүн жерде деле ылайыктуу иш карасаңыз болот деп кеңеш берет элем. Буюрса экономикабыз көтөрүлүү жолуна түшүп, маяналар көбөйүп жатат.
- Ал жакка баруу үчүн кандай шарттар коюлат?
- Биринчиден, жашы 35тен жогору болбошу керек. Экинчиден, мурда Кореяга барып, ал өлкөдөн чыгарылган болсо (депортация) кайра кирүүгө болбойт. Соттолбогон, саламаттыгы таза болушу керек. Корей тилин билүү зарыл.
- Жолкире маселеси кандай?
- Жалпы чыгым - 1200 доллар. Мунун ичинде учак билети, визасы, экзаменге төлөмү бар. Муну кетем деген адам өзү төлөшү керек.
- Эже, ал жакка сиздер гана жөнөтөсүздөрбү же башка да фирмалар барбы?
- Кореяга мамлекет аркылуу гана кетет. Ал ишти биздин гана комитет алып барат. Бүгүн да Оштон телефон чалышты. Ал жерде "ОНОН" деген компания бар экен. Алар "1000$ бере койсоңор эле жөнөтөбүз, ал жактан квота алдык" деп алдамчылык кылып жатышыптыр. Биз ал компанияны иликтеп, текшерүү үчүн УКМК менен ИИМге тиешелүү документтерди бердик. Мындай жеке компанияларга ишенбегиле. Биздин комитеттен башка бир да жеке компания Кореяга киши жөнөтүүгө укугу жок.
Айдана, 6-класстын окуучусу (Кочкор): - Эже, саламатсызбы, бүгүн менин туулган күнүм.
- Саламат, Айдана, туулган күнүң кут болсун.
- Айгүл эже, мен сизди абдан сыйлайм. Келечекте сиздей болгум келет. Эже, мен компьютерлүү болгум келген. Ушул кыялымды сизге айткым келди.
- Айдана, сен мага кат жөнөт. Сенин катың келгенде мен колумдан келген жардамымды берем. Жакшы оку, сага ийгилик каалайм.
Мелис Кадыралиев, Жайыл району: - Айгүл Маратовна, биринчиден сизге чың денсоолук, ишиңизге ийгилик каалагым келет.
- Рахмат, Мелис байке.
- Биз Жайыл районунун Жайыл айылынан бир кооператив түзгөнбүз. Ичинде 50 адам бар. 15 жылдан бери иштетилбей калган балабакчаны алганбыз. Тармактуу иш баштайлы деп бир жагына 2652000 сом инвестиция тартканбыз. Экинчи жагын тигүүчү цех кылсак дедик эле. Ошонун жабдуусуна жардам бере аласыздарбы? Себеби, биз айыл жерин иш менен камсыздайлы деп жатабыз. Сиздер бул багытта иш алпарганыңар үчүн түз байланышка чыктык.
- Байке, биз караштырып көрөлү, бизде тигүүчү цехтердин башын бириктирген ассоциация бар. Ошолор менен сүйлөшөлү. Андан башка чакан кредит системасы дегенибиз бар. Ошол жагынан да жардам берели.
Эсен Исаев, пенсионер: - Айгүл кызым, сага айтайын дегеним, менин кызым үч жылдан бери Италияда мыйзамсыз жүрөт. Ошону кантип мыйзамдаштырсак болот?
- Эсен байке, биздин өкмөт менен Италиянын ортосунда келишим жок. Италия Евросоюзга кирет. Алар эми жаңы тартипти киргизебиз дешүүдө. Мисалы, Америкага барып иштеш үчүн "жашыл карточка" деген керек. Муну ал жактан экзаменден өткөрүп гана алат. Европада "көк карточка" дегенди киргизгени жатат. Ошол экзаменге катышып, өтүп калса, мыйзамдуу иштей алат. Биздин өкүлчүлүгүбүз да жок, ал жакта. Болгону жардамды биздин ТИМдин Женевадагы элчилиги гана бере алат.
Айзада Акылбекова, Бишкек: - Айгүл эже, сиз аябай токтоосуз, сабырдуусуз. Дегеле музыка, ыр жаатында, чыгармачылыкка кандай ойдо экениңизди билсем болобу?. Кандай музыканы угасыз?
- Мага, биринчиден, кыргыздын күүлөрү абдан жагат. Акыркы беш жылдан бери мен күүлөргө аябай көңүл буруп, арбала баштадым. Экинчиден, заманбап музыкадан да маалыматтамын. Бирок, азыркы реп, рок-н роллду көп жактырбайм. Түшүнбөймүн. Тээ баягы жаш кезимдин музыкаларын ностальгия катары угам. Жакшы көргөн ырчыларым Крис Ри, Тони Эспозито.
- Кесибим стилист-визажист, парикмахер. Сиз стилиңизди өзгөрткүңүз келбейби?
- Сиз мени көрдүңүз беле?
- Дайым эле көрүп жүрөм.
- Анда кантип өзгөртсөм болот?
- Мисалы, чачыңызды.
- Айзада, экөөбүз макулдашалы. Сен өзүңдүн мага болгон сүрөттөмөңдү сүрөткө тартып, же компьютер менен жасалгалап алып келип көрсөт. Анан мага жакса, экөөлөп иштешебиз.
- Макул, эже.
Уриса, Бишкек: - Учурда Россия менен биргеликте кош жарандуулукту алууга мүмкүнчүлүк барбы?
- Кош жарандуулук деген кыйын маселе. Бүгүнкү күндө биз менен кош жарандуулукка бара турган мамлекет аз. Россия жөнүндө көп сөздөр болууда. Бирок, Россия бул маселени козгоо азыр эрте деп эсептөөдө. Анткени кош жарандуулук дегендин өзүнчө маселелери да бар. Ошон үчүн биздин Конституцияда кош жарандуулугу жок эле, Кыргызстандын жараны башка мамлекеттин жарандыгын ала турган болсо, Кыргызстандын жарандыгы сакталып калат деп киргизилген. Бул биздин жарандардын укугун коргоодо керемет чечим. Себеби, башка мамлекеттерде мындай жок. Мына ушул чечим биздин жарандарга көп жардам берүүдө.
"Түз байланышты" алып барган Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ