"Агым", 05.02.08 - 12-бет: Жолтикен...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жолтикен

Кыямат кайым
Үстүбүздөгү жылдын январь айында Бишкек шаарында адам баласынын жүрөгүн титиреткен бир шумдук окуя болду. Көпчүлүк кыргызстандык-тардай эле Россиянын Астрахань калаасында күйөөсү менен соода-сатык жасап иштеп жүргөн, 1968-жылы туулган Естебесова Суусар 6-январда Бишкектеги үйүнө келет. "Жал" кичирайонунда үч бөлмөлүү квартирасында 1990-жылы туулган уулу Ынтымак жалгыз жашачу. Алпештелип өскөн бала эле.

Энесин өлтүрүп, өрттөп ийген макоопес
Көптөн бери көрелек баласын сагынганын айтып, Россиядан алып келген базарлыгын дасторкон үстүнө жайнатып, эне-бала маңдай-тескей ал-жайды сурап отурушту. Сөздөн сөз чыгып, Ынтымак апасынын канча акча алып келгенин сурайт. Энеси 25000 АКШ доллары дейт. Аны укканда уулунун көздөрү жайнап, көптөн бери эңсеп жүргөн машинасын сатып берүүсүн өтүнөт. Ынтымактын буга чейин айдап жүргөн жеңил машинасы болгондуктан, энеси анын өтүнүчүнөн баш тартат. Анын үстүнө ал акчалардын өз орду бар болчу. Каалаганын алып, саттырып көнүп калган эрке бала энесинин айткан сөзүнө көнбөй, өз оюн бербейт. Ошентип отуруп, эне-баланын ортосунда уруш чыгып кетет. Энеси безилдеп ары айтса да, бери айтса да уулу түшүнбөйт. Акыры жанатан бери кыжылдап, наалып аткан энесинин машина сатып бербесин түшүнгөн Ынтымактын ачуусу келип, сыртка жөнөйт. Классташ курбусуна барып болгон ишти төкпөй-чачпай айтып берет. Анан экөөлөп апасын өлтүрүп, 25000 долларды алуунун планын түзүшөт.
Ошентип, эчнерседен капарсыз Суусарды балка менен башка чаап өлтүрүшөт. Ынтымак энесинин кыймылсыз жатып калганын көрүп, анын чөнтөктөрүн аңтарып-теңтерип, баягы каргашалуу 25000 долларды таап чөнтөккө уруп, досу экөө кылмыш изин жашыруу амалын ойлоно башташат. Жерде суналып жаткан энени сумкага салып эшикке алып чыгышып, машинасынын багажына салышат да, Аламүдүн районуна караштуу Башкарасуу айылына жакын тоонун этегине ээн жерге алып барып, мурдатан даярдалган канистрадагы бензинди эненин жансыз денесине чачып, өрт коет да, эч нерсе болбогондой досу экөө кайрадан шаарга келишет.
Эртеси жолдошу экөө машина базарга барып, көптөн бери кыялданып жүргөн машинасын сатып алат. Жолдошунун жасаган ишине ыраазычылыгын билдирип, ага да өзүнүкүндөй кымбат машина сатып берет.
Суусардын Россиядан келгенин угушкан шаардагы тууган-туушкандары уулу Ынтымактан энең кайда деп сурай башташат. Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин Ынтымак туугандарына энеси 6-январда эле келгенин, түштөн кийин үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айтып, издөө салдыра баштайт. Кылмышымдын бети ачылып калбасын деген ниетте Ынтымак Астраханда калган атасына телефон чалып, энесинин дайынсыз жоголуп атканын кабарлайт. Атасы Суусарды Карасуу шаарчасына товар алганы бармак, ал жерден Медер анан Салима Балтаева деген тааныштарына акча бермек, мүмкүн ошол жакка кеткендир дейт. Суусардын туугандары Медер менен Салима Балтаевадан сурашса, алар да аны көрбөгөндүктөрүн айтышат. Акыры Суусардын биртуугандары Ленин райондук ички иштер кызматкерлерине эжесинин дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз жазууга аргасыз болот. Милиция кызматкерлери адегенде эле Суусардын жакын адамдарын суракка алып, анын качан келгенин, кайсы убакта сыртка чыгып кеткенин такташат. Сурак уулу Ынтымакка да жетет. Ынтымак улам бир сөзүнөн жаңылып, акыры жасаган кылмышынын бети ачылат. 11-январь күнү Ынтымак милиция кызматкерлерин энесинин сөөгүн өрттөгөн жерге алып барат. Тоо этегинде сөөгүнөн башка эч нерсеси калбай өрттөнгөн энесин көрсөтөт.
Азыр энесинин өмүрүнөн да акчаны өйдө көргөн мыкаачы уул темир тор артында башын мыкчып отурган кези. Машина сатып берген жолдошу экөө 25000 доллардын 15 миңине машина алып, калганын көңүл ачып, шапар тээп, майрамдап жок кылышкан имиш. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында, 10 миң доллар каякта экени азырынча белгисиз.
Айбан да өз энесин билет экен, ал эми жарык дүйнөгө жараткан, өмүр берген апасын өлтүрүп, акчаны артык көргөн мынабул мыкаачы уулду кимге, эмнеге салыштырсак болот?! Айтууга сөз жетпейт...

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Шумдугуң курган, сурзаман

Жанжерге урулган бычак. Карыздын каргышы. Туулбай туна чөктү
Субаналиевдин "сюрпризи"
Ушу кезге чейин Өмүрбек Субаналиевдин Нарынга эмне үчүн губернатор болуп барганына көпчүлүк түшүнбөй жатты эле, акыркы кездерде бияктагы криминалдык абалдан кабары бар адамдар анын келишин кошколдоп кабыл алды. Мурда Токмок криминалдашкан шаар катары эсептелип келсе, эми Нарын биринчи орунга чыкты. Өзгөчө мектеп окуучуларынын арасында бычакташуу, өлтүрүүлөр учурда ата-энелерди эле эмес, укук коргоо органдарын да катуу ойлонтуп жаткан кез. Жогорку класстын окуучулары "разборканы" облустук төрөткананын артында жасаары, ал эми кыздары болсо паркка барып мушташаары нарындыктар үчүн жашыруун эмес. Ушу тапта баласы чоңоюп калган ар бир ата-эне кечинде баласынын же кызынын баскан-турганын кайтарып турат. Жаңы губернатор келгени кечки саат алтыдан кийин көчөдө жүргөн мектеп окуучуларын милиция кызматкерлери кармап, үйүнө же милиция бөлүмүнө тапшырууда. Субаналиевдин өңүн жакшы тааный элек айрым нарындыктар үчүн ал бир топ "сюрприздерди" жасады. Кечкисин айрым ишканаларды текшерип, жумуштан кийин арак ичип отурушкандардын үстүнөн чыгып, айтор, ээн-жайкын көнүп алгандар жүдөп жатышат.

Бычакташуу "сабагы"
Мектеп окуучуларынын арасында бири-бирине салык салмай абдан күчөгөн. Кыр көрсөтүү, акча талап кылуу, талабы орундалбаса сабап коюу, керек болсо бычактоо жогорку класстардын арасында адаттагы көрүнүш. Жаңы жылдан кийин облус борборундагы мектептин эки окуучусу адаттагы акча талап кылуу чатагында биринчиси экинчисин бычак менен өпкө тушка сайган. Бычак жеген бала ооруканага учурунда кабылып, дарыгерлер анын өмүрүн араң дегенде сактап калышкан. Мындан эки жыл мурда тогузунчу класстын эки окуучусунун бири экинчисинин жанжерине бычак уруп, бала кансырап өлгөнүн нарындыктар унутуша элек.

Дуся кемпирдин өлүмү
Нарындагы базарда соода кылып оокатын өткөргөн Дуся аттуу кемпирди көпчүлүк жакшы тааный турган. Аты орустукуна окшош бул аял жашы бир топко барып калганы менен соода-сатыктын жайын жакшы билген, тааныштарынын арасында кадыр-баркы да бир топ эле. Себеби ал өзү ишенген адамдарга жүз миң, элүү миң сом суммасында акчаны пайызы менен карызга берип, мындан да жакшы пайда көрүп турчу. Жаныбектин (аты өзгөрүлдү - ред.) атасына да акча карыз берип, бирок көптөн бери анысын кайтара албай жүргөн. Жаныбек базардан көрүнгөн сайын акча доолай берип, экөө далай жолу жаман-жакшы айтышкан. Бир жолку беттешүүдө Дуся катуу кетип, жигитти элдин көзүнчө ата-энесин, өзүн кемсинтип жаман сөэдөр менен тилдейт. Ачууга ууккан неме тиги кемпир жалгыз калганда аңдып туруп өлтүрүп салган.

Нарын дайрасына чөккөн кыз
Тирүү ата-энесинен ажыраган Кыялдын (аты өзгөрүлдү - ред. ) тагдырын бала аттууга бербесин. Энеси арактын артынан сая түшкөндө атасы эки кызын, аялын таштап кеткен. Күйөөсүнө күйүтү күчөгөн аял арактын аркасынан таптакыр кууп кетип, кыздары кароосуз калат. Көрүнгөн жерде жатып, ким менен жатып-турганына көңүл бөлбөй калган аял болгон венерологиялык оорулар менен ооруйт. Энесинин сифилис менен ооруп жүргөнүн Кыял укса да, анын эмне оору экенине түшүнбөйт. Адам кейпинен кеткен аялдын биртуугандары акыры эки кызды бири-биринен бөлүп, багып алышат. Кыял тайэжесинин колунда жүргөндө да далай азапты тартты. Бойго жетип, тогузунчу класста окуган кыз жаңы үйбүлөдө оту менен кирип, күлү менен чыкса да жакпады. Кенедей нерсе үчүн ачуу тил эле эмес, далай таяк да жеди. Ушундан уламбы, жүрөгү өлгөн бечара бу жарыкчылыкка келгенине да нааразы болуп жүрчү.
Анатомия сабагынан адамдын дене түзүлүшүн, кандай ооруга кабылса эмне болорун укканда энеси эсине түшөт. Сифилис менен ооругандардын бара-бара кулагы, мурду түшүп каларын уккан кыз, чогуу окуган кыздарга энеси ушу оору менен ооруганын айтып, огобетер тынчы кетет. Ошондой күндөрдүн биринде сабакка баргыча картошка кууруп кой деп тайэжеси бир жакка кетет. Кыял сабакка кетер учурда келген тайэже казан түбүнө күйүп калган картошканы көрүп, "сениби, шашпа, сабактан келчи, мен сага эмне кылар экемин" деп заарын чачкан немеден эптеп сабакка кеткен кыз, жанында бирге окуган классташы менен келатып, ага бүт арманын төгөт. Нарын дарыясына жакындап калган кезде колундагы сумкасын берки кызга бере коюп, чуркап барып күркүрөп агып жаткан дайрага боюн таштайт. Кыялдын башы ташка тийип, дароо эле жан бергенин аны суудан алып чыккандар айтышты.

Гүлбара СЕРКЕБАЕВА