Мирослав Ниязов, коомдук жана мамлекеттик ишмер: "Оппозициянын бети ачылганы жакшы болду" - Мирослав Ниязович, конституциялык реформаны ишке ашырсак, жыргап кетебиз деп бийлик да, оппозиция да билегин түрүнө шымаланган. Чын эле жыргап кеттикпи?
- Менимче, бул Башмыйзамга да эл ишенбей калды. Эгемендүүлүктөн бери 7-8 конституция кабыл алдык. Биз конституцияны мыйзам катары эмес, ким бийликке келсе, ошого ылайыкташтырат экенбиз. Мына, 17 жылдан бери президенттердин аракети эле бүт бийликти бир колго - өз колуна алуу. Дүйнөлүк тарыхта бүт бийликти колуна уучтап, элди жыргатып жиберген падыша болгон эмес. Мындай мамлекеттик түзүлүш бул кылымда жок. - Анда 17 жылдан бери кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө доо кетип жатыптыр да.
- Учурдагы Башмыйзам менен кайра биз эски СССРге кайтып баратабыз. Ошол түзүлүштө деле бийликтин баары БКнын биринчи катчысында болгон. Азыр базар экономикасы же демократия деген түзүлүш каптады. Бирок, эски Союз мезгилиндеги калыптанып калган саясат жана аң-сезим менен жашап атабыз. Ал эми экөө таптакыр карама-каршы нерсе да. Ошондуктан, биздеги араңжан конституциялар белгилүү убакыттан кийин жарабай калат. Бул Башмыйзамга да таптакыр ишенбейм. - Ошентсе да, жаңы, жакшынакай Башмыйзамдын негизинде парламент келип, өкмөт дайындалды. Өнүгүүнү сезип жатабыз дешет.
- Парламент дегенде эл өкүлдөрүн түшүнөбүз. Депутат өз элинин көйгөйүн өкмөткө, президентке айтып турушу керек. Бала ыйлабаса, эмчек кайдан дегендей эле нерсе. А бирок, бул парламент элинин көйгөйүн кимге айтат? Же болбосо аларды ким угат? Бул парламент өзү ыплас технологиялар менен түзүлгөн. Анан элдин көпчүлүгү бул парламентке каршы болуп туруп, кантип арыз-муңун айтат? Ошондуктан таянычы жок парламенттин келечеги да бүдөмүк. - Оппозиция деле ушундай абалда эмеспи. Тараза салмагы кимисине оойт?
- Оппозициянын бети ачылганы жакшы болду. Оппозиция тазалануу жолуна түштү. Арасынан айрымдары кетет, айрымдары саясаттан четтейт. Бул табигый көрүнүш. Оппозиция мурда бүдөмүк болчу. Жеке кызыкчылыктары көбүрөк эле. Иргелгени жакшы көрүнүш. Мындайды башынан өткөрбөсө, дале бүдөмүк бойдон калмак. - Кыргыз оппозициясы биротоло тынчыдыбы?
- Андай эмес. Турмуш тескери жагына кеткенде, коомдон суурулуп чыккан эр азаматтар жол таап кетет. Ошолор оппозициянын ордун толтуруп, улам жаңылантып турат. - Анда оппозициянын лидерлери эсептелип жүргөн Ө.Текебаев, А.Атамбаев, Ф.Кулов, Р.Отунбаева, Т.Сариев сыяктууларга эл ишенбей калдыбы?
- Оппозициянын туруктуу туруму жана мамлекеттин түзүлүшүнө өзгөчө көзкарашы болушу керек. Көчөгө кыйкырып чыгып, үнүн бийик чыгарып койсо эле оппозиция эмес экенине көзүбүз жетти. Ал эми тиги ысымдары аталган адамдар боюнча айтыш кыйын. Аларды эл өзү таразага салат. - Оппозицияга жаңы адамдар келбесе болбойт деп жатышпайбы. Сиз да ушул пикирдесизби?
- Эскилерденби же жаңылардан болобу, мындан аркы оппозиция туруктуу, биртоп такшалган болот. Мына биз, сезимталдык менен Акаевди тандап алдык. Ал киши калп жылмаңдап 15 жылдын ичинде сызга отургузуп кетти. Анан Акаев болбосо болду, ким келсе келе берсин деп Бакиевди шайлап алдык. Эмне өзгөрдү? Демек, булардын баары биз үчүн сабак болду да. Ошондуктан, абайлаганды үйрөнүп баратабыз. - Азимбек Бекназаров оппозицияны бириктирем, бийликти Акүйдөн кууп түшүрөм деди. Оппозиция чын эле бириккенди үйрөнүп баратабы?
- Ар кимдин өз ою бар да. Бирок ошол бириктиргенге жараша өзүнүн тартылуу күчү, элдин ишеними болушу керек. Эл эки жолу адашты. Үчүнчү жолу адашууга таптакыр жол жок. Эл акылына кирди. Канча кыйкырсаң да, жети өлчөп, бир кесип, өз баасын берет. - Өткөндө оппозиция биригип, "Акыйкат" деген уюм түздү. Сизди да ошол жерден көрүп калдык. Алардын пикири элдин кызыкчылыгына шайкеш келип жатат деп ойлойсузбу?
- Алар эмоцияга алдырып, андай-мындай кылабыз дешти. Мен атуулдук көзкарашка бекем кишимин. Бирок, чындык, тазалык болгон жерге менин да кошулуп калышым ыктымал. Мен ал жакка киргенимди да, чыкканымды да билбейм. Мунун канчалык келечеги бардыгын да айталбайм. - Оппозиция мындан ары кандай кадамдарга барат деп ойлойсуз?
- Сөзсүз мыйзам диалектикасы менен сандан сапатка өтүү башталат. Тажрыйбалуулар айтып жатышпайбы, биз момундай жол менен жакшы жакка баралбайбыз деп. Ошондуктан, булар чогулуп, бийликке айтар сөзүн айтышат. Бийлик укса жакшы, ал эми укпаса, мындай "Акыйкаттан" дагы бир нечеси түзүлөт. Оппозициянын катарына жаңы адамдар кошула берет. - Бийлик электр өнөржайын сатууга ниеттенерин билдирип келген. Ал ушул парламент аркылуу ишке ашырганы туру. Бирок, коомчулук мындай аракетке каршы экенин билдирип жатат.
- Бизде энергетика жагы абдан олуттуу көйгөйгө айланган. Мамлекеттик деңгээлде каралып, системага салынышын колдойм. Карап көргүлө, өзүбүз өндүргөн электр кубатын кайра өз элибизге кымбатка сатабыз да, 40-50 пайыз жоготуу болду деп, ошол жоготуулардын ордун толуктай албай жатабыз. Электр тармагы таптакыр колдон чыгып, ботко болуп калган. Электр энергиянын борбордук линияларын берүүгө болбойт. Гидроэлектр станциялары жана суу сактагычтар - мамлекеттин түбөлүк байлыгы. Учурда элден электр акысын чогултуу мамлекеттин колунан келбей жатат. Анда айрым компанияларга квота бөлүп саттырыш керек да, электр энергиянын көлөмүн аныктоо зарыл. Мисалы, 2 млрд киловатт берип, мамлекетке мынча сом төгөсүң, бааны өстүрбөйсүң деген келишимдин негизинде. - Айтыңызчы, тышкы саясатыбыздын абалы кандай?
- Кечээ, "тегерек үстөл" болуп, тышкы саясатыбызды талкууга алдык. Тышкы саясат деле ички саясатка байланыштуу да. Өлкөдө туруктуулук болбой, ички саясат бүдөмүктөнө берсе, тышкы саясат жемишин бербейт. Азыр Кыргызстан катуу сыркоодо. Ошондуктан, тышкы саясатыбыздан кеп кылайын десең, колго илинер эчнерсе жок. Демек, абал жакшы эмес. Өлкөбүз тышкы саясатта түз жүргөн мамлекет катары таанылышы керек. Таптакыр көзкарандысыз саясатты кичинекей мамлекет жүргүзалбайт. Ошондуктан, алыбызга жараша саясат тутунбасак, жарытылуу деле дос өлкөлөр жок.
Англияда "Биздин түбөлүк досубуз жок. Түбөлүк касыбыз да жок. Биздин түбөлүк кызыкчылыгыбыз бар" деген учкул сөз айтылат. Бизге да ушул жол төп келип тургансыйт.
Мына биз, сезимталдык менен Акаевди тандап алдык. Ал киши калп жылмаңдап 15 жылдын ичинде сызга отургузуп кетти. Анан Акаев болбосо болду, ким келсе келе берсин деп Бакиевди шайлап алдык.
Оппозициянын бети ачылганы жакшы болду. Оппозиция тазалануу жолуна түштү. Арасынан айрымдары кетет, айрымдары саясаттан четтейт. Бул табигый көрүнүш.