"Агым", 01.02.08 - 21-бет: Эродром...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


  Эродром

Дүүлүктүргөндү билесиңби?
Адамдын жыныстык дүүлүктүргүч жерлерин зодиак белгиси аркылуу да билсе болот экен.
Токту - бул белгидеги адамдардын жыныстык дүүлүгүү сезими башынын айланасында. "Токтуларды" чачынан сыласа эле жетишет. Сексуалдуулугу дароо ойгонот.
Букачар - о-о, мындай адамдардын жүрөгүнө моюну аркылуу гана жетесиз. Анткени, "букачарлар" моюнунан өптүргөндү абдан жакшы көрүшөт.
Эгиздер - өтө эле тээжик келишет. Бирок, колунун учунан тарта ийинине чейин алдап-соолап эркелете өпкүлөп койсоңуз эле болду...
Бөйөн - булардын дүүлүктү-рүүчү жери көкүрөгүндө. Көкү-рөгүнөн сылап, эмчегинин үрпүнөн аяр тиштегилеп эркелетсеңиз, жыныс сезими тез ойгонуп, дапдаяр болуп калат.
Арстан - булардын эң сезимтал дүүлүктүргүчү - аркасында. Аркасынан сылап-сыйпап, ийнинен акырын тартып өптүргөндү сүйүшөт. Ошентсеңиз эле, дүүлүкпөгөн жерин дүүлүк-түрөсүз.
Бийкеч - көкүрөгүнөн, ичинен назик сылап, акырын өпкүлөсөңүз, эстен танып, даяр болуп калышат.
Тараза - бул белгидеги адамдардын эң сезимтал жери жыныстык мүчөлөрү. Жыныстык мүчөсүн аяр кармап койсоңуз эле болду, даяр болуп калат…
Чаян - жыныстык сезим түйүнү эрининде, жыныстык мүчөлөрүндө ж.б. Эгерде көңүлүн таап эркелетсеңиз, эзели каршылык көрсөтпөй, жыргалга батырат.
Жаачы - булар жай кыймылдап, көпкө эркелеткенди жактырышпайт. Жамбашынан, белинен аяр кармаладыңыз дегиче….
Текечер - тээжиктенбеген, койдон жоош адамдар. Баарынан да назиктикти өлө сүйүшөт. Текечер менен төшөккө кантип жатам деп башыңызды оорутуп, убара болбой эле коюңуз. Эркелете салып, анан чечинип ийип, жылаңач денеңизди көрсөтө койсоңуз эле кантип бериле калганын өзү да билбей калат.
Суу периси - буларды аста-секин, аяр эркелетишиңиз керек. Эң сезимтал жери - бутунда, манжаларында, санында жайгашкан. Бутунан сылап барып, этегине жеткенде эле эсинен танат.
Балыктар - моюнунан өпсөңүз эле сезими ойгонуп кетет. Сууга чогуу түшсөңөр андан бетер жакшы - максатыңызга ыкчам жетесиз.
Эми, өнөктөшүңүздүн жыныстык дүүлүктүрмө дүрмөтү кайсы жерде жайгашканын билдиңизби? Анда жыргалга батыңыз.




  Андигидот

Эротикалык "эзмелер"
Айылдан келген эки жигит биринчи жолу порнофильм көрүшөт. Аябай таң калган бирөө экинчисинен сурайт:
- Эй, булар чыныгы эле адамдарбы?
- Жо-ок, циркачтар...

Кайненеси менен күйөө баласы сотто олтурушат. Кайненеси:
- Балдары барбы деп сурайсыңар да, каяктагы бала! Бул деген импотент! Менин кызым аликүнчө "кыз" бойдон.
- Ким? Мен, импотентминби! Мына, доктурдан справкам бар.
- Справкаңды коюп, "башкаңды" көрсөтчү, кыйын болсоң! - дептир кайненеси кыйкырып.

Бир киши сексопатологго келет.
- Доктур, мен аялзаты менен жаткандан кийин эле он мүнөттөй кулагыма ышкырык угулуп калчу болду.
- Канча жаштасыз?
- Алтымыштан аштым.
- Ой, кокуйкүн, анан эмне, сиз ышкырыкты эмес, кол чабууну уккуңуз келип атабы?.. - дептир баш чайкаган сексопатолог.




  Жомок ушинтип жаралат

Аял минтет, эркек тигинтет
Эркек менен аял таптакыр эки башка көзкарашта жаралган адамдар эмеспи. Ошондуктан алардын ортосунда бири-бирин жакшы түшүнүшпөөчүлүк, биринин сырын биринен жашырган учурлар өтө эле көп кездешет. Ал тургай эркек менен аял бири-бири жөнүндө артүркүн жомокторду да ойлоп таба беришет. Психологдор муну изилдеп чыгышып, төмөндөгүдөй тыянакка келишкен.
Аялдар жөнүндө эркектер кандай ойлошот
Аялдар - бул дүйнөгө идиш жууп, тамак жасап, үй жыйнап, кыскасы эркектер жасагысы келбеген жумуштардын баарын жасоо үчүн гана жаралышкан.
Достук эркектердин ортосунда гана болот, а аялдардын арасында достук болушу мүмкүн эмес.
Аял өзүнө бир нерсе керек болуп калганда гана эркекке көңүл бура калат.
Кандай гана аял болбосун сүйдүрүп алууга болот, тек гана ар кимисинин көңүлүн таба билиш керек.
Аял эркек сакал алганчалык убакыттын ичинде боенуп, кийинип бүтүшү керек. Боенгонго караганда сакал алган алда канча жагымдуу.
Эгер каалашса, аялдар өтө тез арыкташат.
Эмчегинин чоңдугу менен бутунун узундугу аялдын акылынын кыскалыгын айгинелеп турат.
А эркектер жөнүндө аялдар кандай ойлошот
Эркектердин каалаганы бирөө гана - аял менен тезирээк төшөккө жата калыш керек.
Кичинекей баладан эркектер аял менен төшөккө жатканы, махабат жыргалына батканы, анан акча таап келгени менен гана айырмаланышат.
Аялдар эркектерге караганда алда канча таланттуу, акылдуу келишет. Ал тургай мамлекетти да эң мыкты башкара алышат.
Үйбүлөнүн нукура башчысы аял, а кээ бир эркектер болсо туура эмес ойлоп, өздөрүн аялдардан жогору койгулары келет.
Аялдарсыз бир дагы эркек жашай албайт, ачкадан өлөт, акылынан адашат, үйдүн кутун кетирет. А сиз кандай ойлойсуз?



Кесиптин секске тийгизген таасири
Сексопатологдор ар кайсы кесиптеги адамдардын секске карата темпераментин аныкташкан. Мисалы: жумушчулардын секске күчү жетпейт, көңүлү да чаппайт. Анткени, оор жумуш иштеген адамдардын нерв системасы тез чарчап, сексти каалоосу төмөндөп, интимдик кошулууга анча көңүлү келбей калат экен.
Финансисттер болсо, эсеп-чотко өтө так адамдар. Жашоо-турмушка да ошондой так мамиле кылышат. Ошондуктан өнөктөшүнүн мамилесинин стабилдүүлүгүн жогору баалайт. Секске физиологиялык каалоо катары гана мамиле кылышат.
Психологдор сүйүүгө келгенде да өтө аяр мамиле кылышат. Алар үчүн сүйүү - диагноз, партнер - пациент, а секс - адамдын оюн түшүндүрүп, кеңеш берүүчү тест катары кабыл алынат.
Компьютерщиктер негизинен чанда-чанда гана боло калуучу сексти жактырышат. Демек, алар темпераменттүү деп эсептелишпейт.
Программисттер жыныстык байланышка математикага мамиле кылгандай мамиле жасашат. Жандуу адамга караганда виртуалдуу программа аркылуу байланышуу жеңил деп эсептешет.
Окумуштуулар ишине баш-оту менен берилген адамдар. Төшөк кумары алар үчүн убакытты жана күчтү бекер кетирүү катары эсептелинет. Жыныстык байланыш илимге болгон кумарларына тоскоол болот имиш.
Жогоруда айтылган мүнөздөмө бир нече кесиптин ээлерине гана тийиштүү. Ал эми башка кесиптегилердин сексуалдуу жөндөмдүүлүгүн медиктер кантип аныкташты болду экен?..



  Балакеттин баарын бала билет

Эжейим менен башкарманын эротикасын көрүп...
Мен 9-класста окуп жүргөндө айылга жапжаш кыз мугалим болуп келип калды. Жаш эжей бизге математика сабагынан берчү. Мен аябай жакшы окуган активист бала элем. Эжей мени сабактан тышкары да эсеп чыгартып, маселелерди аткартчу. Анын үйү биздин үйгө жакын болгондуктан, кээде кечинде барып, чогуу эсеп чыгарчубуз. Бир жолу да ошол эжейимдикине сабак окуш үчүн барып калдым. Эжей квартирада жалгыз бой жашачу.
Үйүнө кирип баратып, оозгу караңгы бөлмөсүнөн тык эле токтодум. Анткени, караңгы коридордо туруп, эжейимдин кыңкыстап, онтоп, бирөө менен сүйлөшүп аткан үнү угулду, мага. Же сыртка чыгып кете албай, же ичкери кире албай, ортодо бир кызыктай абалда туруп калдым. Анан эжей ким менен жатты болду экен деген ой башыма кылт дей түштү. Акырын эшиктин жанына келип, кичинекей жылчыкчадан шыкааласам, айылдын башкармасы экөө жыпжылаңач чечинип алышып, жыргап атышыптыр. Аны көрүп, аябай таң калдым...
Экөө көпкө чейин эзилишти. Мен да кетип калбай, атайылап аягына чейин карап турдум. Анан тигилердин "төшөк оюну" бүткөндө акырын артка жылып, чыгып кетейин деп баратып, жолдо турган кичинекей табуреткага чалынып жыгылбасмынбы. Жанында суу куюлган чака бар экен, ал да калдырап-шалдырап эле, ичиндегиси төгүлүп калса болобу, кашайып. Сууга тайгаланып, ордумдан не тура албай... Тим эле полго сулап калдым. Оозгу бөлмөдөгү калдыраган үндү угуп, экөө тең атып чыгышыптыр. Жерде оонап жаткан мени көрө салып, эжейим: "А-а, Бакыт, бул сенсиңби? Эмне болду? Качан келдиң эле?" деп кызарып кетти. Мен эчак эле келгенимди айттым. Ошондо башкарма менен эжейим экөө мени аркы бөлмөгө киргизип алышып, "Бакыт, сен чоң эле жигитсиң да, бизди көргөнүңдү эч кимге айтпа" деп, жалынып-жалбарышып, ой-боюма койбой, менин убадамды алышты. Ал кезде Союздун убагы болчу да, эгерде мен башкарма менен жаш эжейимдин кылыгын бирөөлөргө айтчу болсом, экөө тең "моралдык жактан бузулган" деп туруп, иштеген ишинен айдалып кетишмек. Ошондуктан, алар минтип, албарстыдай болуп жалынышып, алдыма түшүп олтурушпайбы. Менин убадамды алышкан соң, башкарма кетип баратканда колума көп акча карматты.
Ал окуяны эч кимге айткан жокмун. Жыйналыштарда эжейим мени аябай мактап, экзамендерде чуркап жүрүп жардам берди. Башкарма да сөзүнө туруп, шылтоо таап, ата-энеме бекер көмүр түшүртүп берип жүрдү.
Азыр болсо ал эжейим күйөөгө тийген, бала-чакалуу. А тиги башкарма пенсияга чыгып, эчак эле абышка болуп калган. Ошол окуяны эстесем, ушул кезге чейин күлкүм келет.

Бетти даярдаган Телибай ТЕНТЕК