Ажы сапар
Тууганбай Абдиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти:
"Мухаммед пайгамбар 1,5 миң жыл мурда туризмди чечиптир"
- Тууганбай аба, ажылыгыңыз кабыл болсун!
- "Адамдын оозунда болсо, кудайдын кулагында" дегендей, тилегим кабыл болуп жетимиштен өткөндө Меккеге барып келдим. Менин таңгалганым, биз го самолет менен жыргап учуп барып келдик, илгеркилер жөө-жалаңдап кантип барышкан? Мекке менен Мединанын ортосу эле 650 чакырым экен, көпчүлүгү ошо ортодо эле кала беришкен окшойт. Мухаммед пайгамбар мындан бир жарым миң жыл мурда эле туризмди чечип койгон экен. Байкашымда, эли текши байлыкка тунган. Көзгө урунган айырма бул болду: биздин байлардын, чиновниктердин балдары мектепке барса кийимдин жакшысын, машиненин мыктысын минип өйдөсүнүп турушат го, аякта бардыгы бири-биринен айырмаланбай жүрүшөт. Жылыга миллиондогон адам ал жакка барып атса, өздөрү тейлеп үлгүрө алышпайт экен. Быйыл эле Сириядан жетимиш миң айдоочу келип акча таап кетсе, келгендерге тамак-аш жасап бергендер Бирма, Шри-Ланка, Индонезиядан келип иштегендер болду. Ошондо кайырчылар да, уурулар да аябай көп болот. Угушубузда, еврейлер аларды атайын жиберип, мусулмандарды жаманатты кылуу үчүн жасашат. Арабдар илим-билимге европалыктарча жок окшойт, бирок беш убак намаз окуп, ыйманды бекем кармашат. Айдоочулардын орточо айлыгы биздин акча менен эсептегенде 120 миң сомдой болот экен. Базарынын баары биздегидей эле кытайдын товары.
Ооруганыма карабай, жасай турган нерсенин бардыгын аткардым. Бүткөндөн кийин он литр замзам суу, күбөлүк берип, ажы болдуң дешет. Эли бир кылка окшош кийинишет. Биз ошолорду эле туурай бербей, өзүбүзгө керектүүсүн алсак болот. Аларда жылкынын эти арам делет, кыргыз жылкынын этин жебесе, өлүп калышы мүмкүн. Арабдарды туурашып, ак көйнөк-дамбалчан, баштарына чалма оронушуп, денесине чыккан жүндүн бардыгын саксайтып кое беришкен жаштарды түшүнбөйм.
- Меккеге барышыңызга кызыкдар адамдар болдубу?
- Бир топ убакыт мурда Токтогул районуна Сыймык Бейшекеевдин кайниси мечит куруп, ошонун ачылышына баргам. Сүйлөңүз дешкенинен оюмдагы бир топ нерселерди айттым. Беш маал намаз бул - гимнастика, беш убак жуунсаң - таза болосуң. Кыргыздын түбүнө арак жетпесе болду. Мени менен тең аксакалдардын сакал-муруту агарган менен ооздорунан арак буркурап тураарын, жанагы "жинди" тойлорду айттым. 400-500 кишини бир жерге жети-сегиз саат камап алышып, тост айт дешип арак ичиргенди "жинди" той деп коем. Мындан башка ыймансыздыктан келип чыккан нерселер жөнүндө айтып берсем, бир түрк жигит "он мечиттин имамынан бу кишинин сөзү артык экен" деп мени Меккеге алып барды.
- "Жинди" той дебатпайсызбы, тойлорду араксыз кантип өткөрсө болот?
- Мен арагы жок үч-төрт тойго катыштым. Той болот дегенде акындар, манасчылар айтышат экен, балбан күрөш, эңиш болду деп калышчу да илгеркилер тойдон келгенде. Азыр эми отуз-кыркы ортого чыгып алып, "Алайдан, Атбашыдан келсем, мага тост бербей койдуңар" деп таарынгандарды көрүп жүрбөйбүзбү. Сөз берсе, башындагылар эмнени айтышса, ошону эле кайталап атат. Сегиз саат бою каңкылдаган музыкадан же жаныңдагы адам менен тыңгылыктуу сүйлөшө албайсың. Бу "жинди" той эмей эмне?
Өткөн жылы жетимиш жылдыгымды белгилеп кече берейин десем, жолдошторум "бул кууланып атат, биздикин ичип алып, эми өзүнүкүндө бергиси жок" дебатышпайбы. Ушунча жылдан бери арактын пайдасын эмес, зыянын эле көрүп келатабыз. Мен да ичкем, мас болгом, бирок жаныңдагылардын ичип бузулганын, иштен куулганын, үйбүлө бузулганын көрүп арактын эч пайдасы жок экенине эчак көз жеткен. Арак жаш-карыны теңтуш кылып коет экен, мунун уят жагы канча...
Аккан суунун баарысы
Арак болуп калсачы.
Астындагы таштары
Тамак болуп калсачы.
Кытайлардын баарысы
Саяк болуп калсачы - деген учур небак өткөн.
Биринчи вице-премьердин атасы Рысбек Айдаралиев деген көсөм киши өткөн. Ал Таластын жогору жагындагы Каракол колхозунда башкарма болуп турганда, эртең менен радиодон беш мүнөт өзү сүйлөп, үйбүлөдө чайды, тамакты кандай идишке бериш керек, ошондон бери кийлигишип айтып турчу. Менин оюмча азыр да жетекчилер жөнөкөй жүрүм-турум маданиятынан тарта киришип, элдин аң-сезими үчүн өздөрү үлгү болбосо, биздин эл эл болуудан калып кетиши ыктымал. Айылда деле ичкен кишинин үйүндө гана оокат өтпөй калган, ичпегендер тырмалаңдап тың жашаганга аракет кылып жатышат.
- Кыргыздын жакшылыгы эле эмес, жамандыгы да азап эмеспи...
- Баягы жылдары Тяньшанда жазга маал кадырлуу бирөө өлүп, барып калдык. Сегиз бээ союшса, сегизи тең арык экен. Ушунча малды неге кырышты, түшүнбөдүм. Негизи кыргыз менен казактан башка элде өлүктө кан чыгарбайт. Бизде өлүккө малды эптеп таап келип союшуп, бери жактагылар кан жутуп отурушса, тияктан бирөөлөр саксаңдап чуркап "казысы канча чыкты?" деп атканын көрөсүң. Туугандарын кайгы басып отурса, бери жакта балчаңдап эт жеп, санжыра айтып отургандын эмнеси жакшы? Илгери алыстан келгендер айылда мейманкана, ашкана жок аргасыз түнөп калышчу. Бир үйдөн өлүк чыкса, тегерек-четтеги кошунанын бардыгы өлүккө келгендерге сөзсүз казан асып тейлемей эмеле чыкпадыбы. Өлүккө көп мал союп, атагын чыгаруу илгерки ак өпкө байлардан калган. "Манастагы" Көкөтөйдүн ашы атак чыгарыш үчүн жасалган да. Байлар өлсө көп мал союлуп, кедей өлсө жөн кала турган кылбай, ошону теңдеп коюшса жакшы болор эле. Өлүк менен тирик бири-бирине барабар.
- Меккеден Бишкекке келип түшкөндө кандай айырма көзгө урунду?
- Биз адамгерчилик, маданият жагынан көп артта экенбиз. Тигил жакта бырыйган- тырыйган машинелерди көп минишет экен, көрсө, бир машине келип эле бери жактагы бирөөнүкүн каңк дедире сүзсө, сүзгөн киши "сабыр, сабыр" деп ийилип коюп кетип калат, беркиси унчукпай кала берет экен...
Маектешкен Аскер САКЫБАЕВА