Түз байланыш

Бегалы Наргозуев, ЖК депутаты:
"Көңүл-көмөкөйдө көлкүлдөп турган максат көп"
( Жылдызбек Турсунбаев, Кыргыз-Түрк "Манас" университети:
- Бегалы Молдогозуевич, сиз бизнес адамысыз. Саясатта мурда-кийин урунуп-беринип көрбөгөнсүз. Бизнесте жүрүп саясатка өтүп кетүүңүзгө не себеп болду?
- Адам бир долбоорду иштеп, аны аягына чыгарарда дагы бир бийик, жакшы долбоор баштагысы келет экен. Ошо сыңары мен бизнесте жүрүп, азыноолак үзүрүн көргөн соң, мага анын да кызыгы кетип калгандай болду. Саясатка мурунтан кызыгып жүрчүмүн. Досторумдун баары саясатчы. Ошолор менен аралашып жүрүп саясатка да аралашып кеттим. Атургай парламентти карап олтуруп ийгиликтерине кубанып, жаңылыштыктарына кадимкидей кейичүмүн. Ошол тээ, бир мандаттуу округдук шайлоо системасында деле депутаттыкка аттануу арзуусу менде да болгон. Бирок, ал учурда интеллектуалдык деңгээл, же тажрыйба, иштин көзүн таба билүүчүлүк эмес, шайлоолордо байлык жарыштын жүрүшү жакпагандыктан катышкан эмесмин. Качан гана партиялык система келгенде менде да "чындап эле Кыргызстанда акыйкат орнойбу, партиялык система өнүгөбү?" деген үмүт оту тутанып, "ушуга мен да салымымды кошоюн" деп чечип, саясатка аттандым. Саясат мен үчүн азыр деле бузулалек дың экени ырас.
- Депутат болуш үчүн чоң каражат керек экени чын. "Акжолдон" депутат болуш үчүн баланча жүз миңдеген доллар менен тизмеге кириш керек экен" деген кеп тараган. Жашыруун болбосо, сиз канча бердиңиз?
- Бир жагынан айтканың деле туура. Бирок, биздин "Акжол" партиясынан "бирнерсеси" жок эле көптөгөн карапайым, жөнөкөй адамдар да депутат болуп келишти. Мектептин директорлору, медиктер, ЖОЖ мугалимдери, спортсмендер, жаштар бар. Бир жактуу пикир болбошун мен каалайт элем. Чындык дайыма ортодо. Сенин айтканыңда да чындык бар. Бирок, бул акыркы инстанциядагы чындык эмес. Себеби, мен жогоруда мисал келтирген көп тармактын өкүлдөрү эч каражаты жок эле депутат боло алышты. Мен каражат берип эмес, менин ишимдин натыйжасын, Аксы жергесиндеги азыноолак кадыр-баркымды салмактап көрүп, "Акжолдун" тизмесине кирип депутат болууга чакырык түштү. "Каражат берип, же мандатты сатып алды" дегендер болбогон кеп.
- Жогорку Кеңеште сиздин партиялаштар депутаттардын жарыш сөзгө чыгуусуна тыюу салуу маселесин көтөрүшүүдө. Депутат деген өлкөнүн, элдин көйгөйүн, мыйзамдын мыкты-чалалыгын айтышы, талкуулашы керек. Эгер аквариумдагы балык кейпин кийсеңер, депутаттыктын кереги барбы?
- Сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн маселе менин да жүрөгүмдү аябай өйүтөт. Бул маселе боюнча парламентте мен да каршы оюмду айттым. Мен буга түп-тамырынан каршымын. Фракциянын же комитеттин төрагалары гана сүйлөйт деген туура эмес. Депутат деген сөзсүз сөз эркиндигине, сүйлөө укугуна ээ болушу керек. Себеби биздин сөзүбүз мыйзамдарды кабыл алып жатканда таасир бериши керек. Эгер мыйзамдарды кабыл алып, кол көтөрүп жатканда өз сөзүбүздү айтып талкуу кыла албасак, анда парламенттин да кереги жок. Буга көптөгөн депутаттар каршы. Мисалы, Рашид Тагаев, Ибрагим Жунусов, Алишер Мамасалиев, дагы да көптөр. Эгер бул маселе кайра-кайра козголуп, же күчтөп кабыл алына турган болсо, менин коллегам Ибрагим Жунусов айтмакчы, "дудук" депутат болгончо, депутат болбой эле койгон оң. Андале парламентаризм институту кыйрайт. Менимче, буга жетпейт го. ("Түз байланыш" кечээ регламент тартиби кабыл алынгандан мурда болгон. - Ред. )
( Тимур Караев,
Сокулук району:
- Сизди аябай бай адам дешет. Эки самолетуңуз бар экен. Деги канча байлыгыңыз бар? Ачык айта аласызбы?
- Тимур, өзүңүз айткандай, эки самолетум, турмуш-жашоомо, үйбүлөмө жетишерлик байлыгым бар. Кудайга шүгүр, кембагалмын дебейм, өтө бай дагы эмесмин. Бирок, эң негизгиси байлык адамдын ички дүйнөсүндө болуш керек. Ошондо гана адам баймын деп айта алса керек.
- Сиз "Агымга" кожоюн болгону гезит "Манас" аэропортунун президенти Бакыт Сыдыков тууралуу материалдарды байма-бай чыгарууда. Бир жагынан сиз да авиация адамысыз. Экөө-ңүздөрдүн ортоңуздарда эмне ичкүптүлүк, аласа-бересе бар?
- Мен кожоюн болгучакты эле "Агым" ал маселеге кайрылып жүрчү. Кийин да журналисттик изилдөөнү журналист жигиттер ошол тармакта жүргүзүшүп, ал адам тууралуу жазып жүрүшөт. Андыктан буга менин эч тиешем жок. Сиз айткандай, аласа-бересем да жок. Болгону, мен "Агымдын" кожоюну болгондуктан менин заказым катары көрүп жүрүшөт. Бул туура эмес.
( Зулпукар Сапанов, "Апта" гезитинин башредактору:
- Бегалы ага, "Агымдын" позициясын сурайын дедим эле. Өзүнүн жолу, өзүнүн ойу дегендей, "Агымдын" өз агымы бар эле. Азыр караманча тетири кеткендей. Деги өз позициясына келеби же дале эки тоонун чөбүн эңсеп, аржакка бир, бержакка бир секире береби?
- Иним, "Агымдын" позициясы мындай. Мурункудай биржактуулук эмес, ортодо калыстык тутунуп, эки жакты бирдей чагылдырып, бирдей берүүгө аракет кылып жатабыз. Албетте, кээде жаңылыштык, кээде ийгиликтер болуп жатат. Муну тез эле жолго коюп жиберүү мүмкүн эмес экен. Ошол себептүү айрымдарга жакса, айрымдарга жакпай, сизге окшогон айрым адамдар сынга алып жатат. Бирок, биз жогоруда айткан ортомчул позицияда гана өз ишибизди уланта беребиз. Мындан ары "Агым" эч убакта бир жактуулукка жол бербейт.
- Парламентте мандатты таштоо адат болуп бараткандай. Эгерде сиздердин сүйлөө мүмкүнчүлүгүңөрдү, талаш-тартыштарда ой айтууңарды тыйып кое турган болсо, массалык мандат таштоо болуп кетиши мүмкүнбү?
- Азырынча айтуу кыйын. Менимче, кызуукандуулукка алдырып андайга деле жетпейбиз. Сиздин суроону жогоруда да беришти. Мен ойлойм, сөз эркиндигине тыюу салышпайт. Эгер андай болсо, албетте, мандат жөн эле бизди куурчак кылып коеру анык.
( Эмил Таштанбеков, Ысыккөл:
- Жогорку соттун экс-төрагасы К.Осмоновдун кызматтан кетишин кандай кабылдадыңыз?
- Туура эле болду деп ойлойм, эми ал киши иштебеген иш деле калбады, жабыша бергени уят го. Элдин баары эле билет, ал киши 2002-жылы Аксы окуясы боюнча комиссияга кирип, Акаевдин кызыкчылыгын коргоп, жактап атып кызматтан кызматка көтөрүлгөн. Аны тарых унутпайт. Шайлоо учурунда да өзү үчүн, бийлик үчүн жакшы эле иштеп алды, байлыгы артты, эми аман болуп, бейгам өмүр сүргөнү оң.
- "Атамекен" партиясынын Жогорку Кеңешке келбей калышы эмнеден болду дейсиз?
- Жогорку Кеңешке келбей калганы өкүнүчтүү, бирок, мыйзам деген мыйзам да, айла жок. Алар айрым жерлерде үгүт иштерин жүргүзүүдөн аябай эле аксашты. Айрым жерлерде аябай катуу иштешти. Биз болсо баардык жерде тегиз иштедик. Ошол себептүү алар начар иштеген региондордон 0,5 пайыздык барьерден өтө албады. Болгону ошол.
- Текебаев менен мамилеңиз кандай?
- Мамилем түз эле, бирок көптөн бери жолуга элекмин. Ал кишинин кыргыз саясатында өз жүзү, өз орду бар.
( Бурул Элчибек кызы, Токмок шаары:
- Сизди боорукер адам дейт. Боорукерликти, жардамды адамдарга эмне үчүн жасайсыз?
- Боорукерлик адамдын өзүнүн канында болот го, же боорукер болуп төрөлөсүң, же карамүртөз болосуң - ал жаратылыштан.
- Кайсы динге ишенесиз? Себеби, сиз, Эшимканов, Кубат аке үчөөңөр доссуңар да. Кубат аке динге ишенбесе керек?
- Мен мусулман баласымын. Кубат аке менен Мелис да Кудай деген кишилер, бирок бул суроого өздөрү жооп беришсин.
( Бакыт Кулканов, студент:
- Жаш муундагы ырчыларга кандай пикирдесиз?
- Жакшы пикирдемин. Аларга өсүш каалайм.
- Сиз ырдай аласызбы?
- Ырдай албайм, Кудай ушундан мени кур койгон экен. Көңүлүм ачыкта досторго "Он сегиз жаш" деген эски ырды окшошпосо да эптеп ырдап берем.
( Эрнис Ботояров, Каракөл шаары:
- Сиздин төрт аялыңыз барбы?
- Бир эле аялым бар, эми андай ушактар жүрө берет экен. Сиз айткандай ушактар мен тургай өлкөнүн көп аттуу-баштуу таанымал кишилерин ээрчип жүрөт…
- Ичкиликке кандайсыз?
- Ичкеним - француздардын же Чилинин кызыл кургак шарабын аз-аздан татымай. Алар жок болуп калганда достордун көңүлүн кыялбай арактан ооз тием. Бирок мага жакпайт, өзүмдү зордоп гана ичпесем…
( Нарынбек Кудайбердиев, Балыкчы шаары:
- "Агым" газетасы сатылат деген имиш уктук. Ушунун чын-төгүнүн өз оозуңуздан угалы дедик эле?
- "Агымдын" сатылышы боюнча тараган имиштин анча-мынча чындыгы бар. Жашырбай эле ачык айтсам, "сат" деген сунуштар түшүүдө. Бирок муну али карай элекмин. Бул маселе боюнча жакында эле саясаттагы дагы бир чоң фигурадан сунуш түштү. Менимче, ушул имиштер сизге жетсе керек.
( Динара Эркегулова, Бишкек шаары:
- Бегалы мырза, депутат болушуңуз менен куттуктайм.
- Ыракмат.
- Мен сизге Свердлов районунун жашоочуларынын атынан кайрылып жатам. Мэрия таптакыр иштебегендиктен бүгүнкү күндө көчөлөрдө таштандылар аябай толуп кетти. Ушуну мэрияга кулак кагыш кылып, эсине салып коесуздарбы?
- Мен бул абалды өзүм деле көрүп, күбө болуп жүрөм. Буга чейин бир топ адамдар ушул маселе боюнча телефон чалышты. Шаар тазалыгы үчүн мэриянын көңүл бөлбөгөндүгү, албетте өкүнүчтүү. Сиздердин өтүнүч боюнча мэрге кат жөнөтүүгө убада кылам.
- Бизде дагы бир талаш маселе бар. Бир чиновник биздин райондогу кадимки көчөнү бууп, "Таалай" аттуу базар салып алган. Же анысы иштебейт. Же көчөнү ачпайт. "Тез жардам", такси чакырсак, өтүүгө жол жок деп алар келбейт. Түнкүсүн аны мастар, бомждор ээлеп алат. Адам өткөндөн коркот. Ушул маселеге да жардам берсеңиз?
- Сиз мага телефонуңузду калтырып, ал жердин жашоочуларынын колу коюлган кат алып келиңиз. Мен ал катыңарды мэрияга киргизип, жогоруда айткандай бул ишти көзөмөлдөөгө, чечүүгө көмөктөшөйүн.
( Мелис Укуев, Бишкек шаары:
- Бегалы мырза, бир кездери "Кыргызфильмде" иштедиңиз эле. Азыркы кыргыз киносунун абалы кандай?
- Өтө оор. Бизге окшогон кичинекей, аз калкта кино рыногу болбойт экен. А кино рыногу болбогондон кийин кинонун өсүшү чектелүү болот да, жалаң энтузиасттардын эсебинен өнүгөт. Ошондуктан биздин кино бүгүн "стихийно" өнүгүп жатат. Акыркы учурда кыргыз киносунун бир чебери Актан Арым Кубатты өзүнүн мекенинде жөнөкөй көрүүчүдөн тартып, кээ бир киноишмерлер да түшүнбөй сындап жатышканы өкүнүчтүү. Актандай таланттар кыргызга элүү жылда бир келет. Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевден кийин эми Актан менен Эрнест келди. Калганы ортосаар режиссерлор. Балким, булардан да өткөн режиссерлор чыгышы мүмкүн. Аны көрө жатабыз, күтө туралы.
- Сиз качан кино тартасыз?
- Мени "кино тартат экен" деп бир жолу маалымат чыгып кеткенден кийин ушуну көп сурашчу болду. Көп интервьюларда бул суроого жооп бердим. Чынын айтсам, уялып атам кайра-кайра эле ушуну сөз кыла бергенден. Тартарын тартам, буйруса, бирок азыр дүрбөтпөй турайынчы, убактысы келер.
( Акылбек Турусов, Аксы, Кербен:
- Эмне үчүн тоого чыкканды жактырасыз?
- Эми кыргыздын баары эле тоо жандуу эмеспи. Өзүм тоодо чоңоюп-өскөм, ошондуктанбы, негедир колум бош болсо эле ошол жакты көздөй тартып турат. Анан тоого чыгып келгенден кийин өзүңчө эле тазарып, күч-кубат кошулуп калат.
- Дүйнөдө сиз кыдырбаган мамлекет жок экенин "Агым" жазды эле, чынбы?
- Көп эле жерди кыдырдым, бирок, көргөндөн көрөлегиң көп дегендей, мен барбаган жерлер көп. Мисалы, Латын Америкасы же Австралия менен Жаңы Зеландия.
( Гүлзада, Бишкек шаары:
- Алгачкы миллионду качан жана кандайча таптыңыз?
- Биринчи миллионду, туризм бизнесинен тапкан пайдамды кыймылсыз мүлккө салып жүрүп чогулткам…
( Гүлнара Кулуева,
Көкжардын тургуну:
- Саламатсызбы, Бегалы Молдогозуевич, биз сиздин кошуналарыңызбыз. Сизди депутат болушуңуз менен жалпы кошуналардын атынан куттуктайбыз.
- Чоң ыракмат.
- Сизден эми көптү үмүт кылабыз. Жаңы конушта абал кандай экенин билесиз да.
- Билип жатам. Күндө жарык өчөт. Суунун басымы жок.
- Сизге бир сурообуз бар эле. Биз тараптан маршруттук таксинин баардыгы Алматы көчөсү менен ылдый кетет да, Ахунбаев көчөсү менен бири да каттабайт. Эл айланып каттап кыйналууда. Ушул көчөгө бир маршруттун каттамын ачууга көмөк көрсөтө аласызбы?
- Мен бул маселе боюнча мэрияга кайрылайын. Сиз айтып жаткан көйгөйдү мен өзүм да көрүп жүрөм. Бул көйгөйдү чечсе болот.
( Алимжан Моңорбаев, Ош шаары:
- Саламатсызбы, Бегалы Молдогозуевич, сиз шайлоо алдында айыл жергесин кыдырып жүрүп күбө болгондурсуз. Азыр айыл жерин сакал коюп, дамбал кийген, эзели мончо көрбөгөндөй шалтактап, көргөн адамдын көңүлүн айнытар кейиптеги "даабатчы" деген молдочалыштар басып кетти. Жогорку Кеңеште ушу маселени тыюу боюнча атайын маселе көтөрүп чыгып, кескин мыйзам кабыл алсаңар болобу? Антпесеңер булар элдин баарын өздөрүндөй кылмайга өттү.
- Чынында сиз аябай маанилүү маселени көтөрдүңүз. Бул маселе боюнча атайын дин агенттиги бар. Мен ошол агентчиликке кайрылайын. Албетте, даабат жакшы нерсе. Бирок, сиз айткандай бити мойнунан агып, адам жанына баралгыс абалда элди аралоо элди динге тартмак тургай кайра иренжитип, көңүлүн айнытып жатканы ырас. Буга өзүбүз деле күбө болгонбуз. Чынындале бул маселеге өкмөт да, парламент да, анан эң биринчи дин агенттиги чара көрүүсү зарыл.
- Бегалы мырза, азыр бир талуу маселе туулуп жатат. Биз, Кыргыз мамлекети эгемендикке, мамлекеттик тилге ээ болгон соң балдарыбызды "уулу" кылып жаздырып жаттык эле. Эми Россияга барганда муну кабыл албай, "ов", "ова" дегендерди талап кылып, элдин баары ошого өтүп жатат. Россия тээтиги армян, грузиндердин "швили", "надзе", "яндарын" кабыл алып, эмнеге кыргыздын "уулу", "кызы" дегенин кабыл албайт. Ушуну чечсе болобу?
- Бул сурооңуз дагы кыргыз үчүн абдан жүрөк өйүтө турган собол экен. Мен бул маселени парламенттен атайын көтөрүп чыгайын. Балким, Россия өкмөтүнө кайрылабызбы, же атайын мыйзам менен бекитебизби, кыскасы бул маселени токтоосуз кечеңдетпей, акырына чыгаруу керек.
( Балтабаев Замир, Кант шаары:
- Бегалы байке, сиз авиация тармагын жакшы билип өздөштүргөн адамсыз. Учурда бизде бул тармак аябай эле чалды-куйду абалда. Ушул тармакты билген, түшүнгөн киши катары оңдоого, түзөөгө атайын пландарыңыз, ойлоруңуз барбы?
- Эми мен авиация тармагын жакшы билем. Бул тууралуу чакан программам да бар. Жогорку Кеңешке келгендеги бирден-бир көтөрө турган маселем да ушул тармак. Эгерде Кудай буюруп биз ойлогон максаттар ишке ашса, бул тармакты толук көтөрүүгө болот. Анткени бул тармак жаңы башталгыч тармак эмес. Мурда-кийин түп-орду бар тармак. Менимче, жакшы билген адис болсо - аны оңдоо, жолго коюу анча деле оор эмес.
( Жанаалы Эшалиев, Бишкек шаары:
- Ассалоом алейкум. Сиздин эки "Боинг-737" самолетуңуз бар эмеспи. Жашыруун болбосо, ушуларды алганга канча каражат сарптадыңыз?
- Самолеттун баасы кымбат. Ошонүчүн өзүмдүн 20 жылдан берки бизнесимдин жыйынтыгына, жетпегенине кредит алып кошуп, эки самолет алгам. Бул бирнече миллион сомдун башын чапчыган иш. Муну айтууга болбойт. Коммерциялык сыр деп коелу.
- "Агымда" чыгып аткан айрым курч материалдардын "уландысы болот" дейсиңер да, аягы жок. Ушулар болобу же коркутуп коюп, ичара "бүтүшүп" коесуңарбы?
- Бизде андай болбойт. Эгер уландысы болот деп жазылдыбы, демек болот. Бүтүшүп алат деп бүшүркөбөй эле коюңуз.
( Мирлан Самыйкожо, "Калемгер" адабий клубунун төрагасы:
- Саламатсызбы, Бегалы мырза, сизди чыгармачыл адамдарга көп жардам берип, колдоо көрсөтөт деп угабыз. Мүмкүн болсо кимдерге, канча жардам бергениңизди айтып бербейсизби?
- Мирлан иним, мен "баланчага, түкүнчөгө жардам берем" десем курулай мактануу болуп калат. Антип өзүмдү-өзүм рекламалагым келбейт. Эгер сен үчүн зарыл болсо, орчундуусунан бир-экини айтып берейин. Кубатбек Жусубалиев агайымдын бир китебин чыгарып бердим. Өткөндө дагы бир чыгармачыл фонд компьютер сурап кайрылыптыр. Аларга бүт комплектиси менен компьютер алып бердим. Башка чыгармачыл кишилерге да колдон келишинче акчалай жардам кылып келем.
( Алтынбек Карабай уулу, Ош шаары:
- Бегалы агай, "Агымды" толук сатып алгансызбы же канча бир пайызынын эле ээсисизби?
- Толук сатып алгам. Эч кимдин тиешеси жок.
- Депутат катары алдыда кандай максатыңыз бар?
- Шайлоо алдында элди кыдырганда көрдүм. Айыл жери 21-кылымда деле 20-кылымдын проблемасын чече албаган турмушта экен. Баягы эле таза суу, свет, чегара маселелери дале чиеленишип, түйүндөлүп жатыптыр. Ушуларды чечүү, көтөрүү боюнча албан максаттарга аттангам.
( Базарбай Кодоров, Бишкектин тургуну:
- Беке, өткөндө программаңда кыргыз тилине өзгөчө көңүл бурам деп айттың эле. Ошону тезирек колго алсаң. Болбосо сабатсыз, кыргыз тилин билбеген, кыргызга күйбөгөн премьерлерди алып келе берүү, кайра кетире берүү күчөдү. Ушуну качан токтотобуз?
- Базарбай аке, сиздин көкүрөгүңүздү ооруткан маселелер меникине да үндөшүп жатат. Кыргыз тили боюнча мен эле эмес, көпчүлүк депутаттар аракет кылып жатат. Шайлоо алдындагы эл менен жолугушууда эң көп берилген суроо да кыргыз тили боюнча болуптур. Атургай "Парламентке барганда орусча сүйлөгөнгө өтөсүңөр, кыргызча сүйлөйм десеңер гана добуш беребиз" дегендер да болуптур. Мага да ушул суроо көп берилди. Мен парламентке келгенде мага эле айтышты го десем, көбү бул маселени көтөрүп жатышат. Мен мүчө болгон комитет төрагасы Улукбек Ормонов да жалаң кыргыз тилинде иш алпарып, министрлердин каттарын, мыйзамдарын да кыргыз тилинде талап кылып жатат. Тил боюнча спикер Адахан Кимсанбаевич да катуу талап коюуда. Менимче бул маселеге Жогорку Кеңеш жапатырмак киришип, тил боюнча жазылган мыйзамдарды практикалык негизде ишке ашыра аларына ишеним бар.
- Ошол мыйзамдарды эл эмес, өкмөт, бийлик аткарбай, тебелеп жатпайбы.
- Туура айтасыз. Чынындале көп жылдан бери бул маселе ишке ашпай, көз жаздымда калып келет. Мунун объективдүү да, субъективдүү да себептери бар болсо керек. Чудинов маселеси боюнча айтсак, бизде парламентте Галина Куликова деген улуту орус айым бар. Парламентте да кыргызча сүйлөйт. Кыргызча ойу, сөзү жетпей калганда гана артын орусчалап кетет. Ошол депутат айым, "Чудинов мамлекеттик тилди билбесе кантип шайлайбыз?" деп ачык эле айтты. Биз эмес орус улутунун өкүлү биздин тилге күйүп жатканын караңызчы. Ошондо "Чудинов кыргыз тилин үйрөнөм, саясат менен эмес, экономика менен алпурушуп, калган убактымды кыргыз тилин үйрөнүүгө жумшайм" деди деп ишендиргенинен, азырынча аванс катары колдоп бердик.

"Түз байланышты" уюштурган Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ
P.S.: "Түз байланышыбыздын" эки сааттык убактысы өтө эле тар болуп калгандай болду. Белгиленген убакка чейин да, убакыт бүткөн соң да ондогон окурмандар байланышка чыкканы албетте ыраазы кылат. Гезит бети чектелүү болгондуктан, анүстүнө суроолордун басымдуу бөлүгү окшош болуп, айрым алыскы жерден чалган окурмандардын суроолору жарым-жартылайынан эле үзүлүп калгандыктан, баардыгын берүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Байланышка чыккандар арасында аты-жөнү гезит бетинен орун албай калгандардан кечирим сурайбыз.