Бектер кетет...
Курманбек Осмонов эчкимге таарынбайт, оппозицияга өтпөйт
Жогорку сот төрагасы К.Осмоновдун күтүүсүз кызматтан кетирилиши калк арасында аркандай айың кеп жаратты. Биз анын аныгына жетүү үчүн экс-төрагага эптеп жолуктук.
- Курманбек Эргешович, "отставкаңызды" кандай кабылдадыңыз? Өтө эле күтүүсүз окуя болгон жокпу?
- Эртедир-кечтир боло турган окуя катары кабылдадым. Ар түрдүү "интригалар" уюштурулуп жатканы күн мурунтан мага маалым эле. Бирок, парламент эч кандай талкууга койбой, ал гана эмес профилдик комитеттер мени чакырып, материалдар менен тааныштырбай кызматтан алышы өтө эле опурталдуу болуп калды. Кызматтан алуунун эрежеси сакталган жок.
- Комитет төрайымы Лейла Сыдыкова трибунада жергиликтүү соттордун 50дөн ашыгы сизге нааразычылык билдиргенин окуп бербедиби. Ал эмне болгон нааразычылык?
- Ал жердеги менин негизги күнөөм: парламентте жана ММКда президенттин алдындагы сот адилеттиги боюнча түзүлгөн кеңешке сын пикир айтып койгондугум. Мурдагы жылы ноябрь айында мөөнөтү бүтелек 100 судьяны бошотушуп, алардын ордуна башкаларын дайындашкан. Ага чейин Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү мыйзамдын 20-беренесин, төраганын президентке сунуш киргизүүгө болгон укугун алып салышкан эле. Ошентип, Жогорку сот төрагасынын укугун чектеп отурушуп, бардык маселелер ошол улуттук кеңеште чечиле турган болуп калды. Муну былтыр жокко чыгарылган декабрдагы Конституцияга да, учурдагы Башмыйзамга да киргизишкен. Ошол кеңешке сын пикир айтканым үчүн жергиликтүү соттор нааразычылык жазышкан имиш.
- Жогорку сот төрагасын бошотуунун тартиби кандай?
- Конституцияда соттордун статусу жөнүндө деген атайын мыйзам бар. Ал жөнөкөй органикалык мыйзам эмес. Ошондогу 11 негиздин бирөө аталган болсо, сотту бошотууга мүмкүн. Бул соттордун көз карандысыздыгы үчүн укуктук гарантия катары конституциялык мыйзамда каралган. Ошондуктан сен бизге жакпай калдың деп бошотууга же парламентте талкуулоого эчкимдин акысы жок. Мыйзамды түшүнгөн Исхак Масалиевге окшогон депутаттар "бизде мыйзам иштейби же иштебейби, бул кылганыңар туура эмес" деп айтып чыкпадыбы.
- Жергиликтүү соттордун нааразычылыгы 11 негизге кирбейби?
- Таптакыр кирбейт. Ал кайсы негиздер. Эгер, өлүп калса (анын бетин ары кылсын), ооруп, ишке жөндөмсүз болуп калса, сот аркылуу жөндөмсүз деп табылса, айыптоо өкүмү күчүнө кирсе, же болбосо башка мамлекетке кетсе, же башка мамлекеттин атуулдугун алса, же болбосо соттун иши менен айкалышпай турган башка ишке өтсө, ошондо гана сотту бошотууга болот. Анан жергиликтүү соттор ишеним көрсөтпөгөндүгү үчүн деген айып, мыйзам менен тааныш адамдын күлкүсүн келтирет. Кала берсе, жергиликтүү сотторго мен администратор эмесмин. Аларды мен иштен алып, ишке койбойм. Сунуш киргизе турган укугумду да алып салышкан.
- Парламентке таарынычта кеткен турбайсызбы?
- Андай деле эмес. Мыйзамды билгендер өз пикирлерин билдиришти. 63 депутат токтомдун долбоорун колдоп, 14 депутат калыс, 5 депутат каршы болду. Бирок, ошол добуш берүүдө да менин күмөнүм бар. Анткени, электрондук системаны пайдалануу менен компьютерде отурган жигиттер кандай цифрага тапшырма алса, ошол цифра чыгат да. Азыр мага көпчүлүк депутаттар келип жатышат, биз мындай добуш берген эмес элек деп. Мен ошол жерде президентке да, парламентке да ыракматымды айтып, эч кандай таарынычым жок экенин билдирдим. Бул иштер былтыртан бери уюштурулуп келаткан. Уюштургандар ким экенин да билем.
- Сөзүңүз ынанымдуу болуш үчүн конкреттештирбейсизби?
- Аты-жөнүн айтпай эле койоюн. Учуру келип, сааты чыкканда өзү эле билинет.
- Менин билишимче, 2004-жылкы март төңкөрүшүнөн кийин сизди Үсөн Сыдыков аркылуу кетирүүгө аракет кылышты эле.
- Кет дешпей эле, күчкө салып кетирүүгө аракет кылышкан. Уюштурулган топ Жогорку сотту басып алышканын эл аралык каналдар көрсөтүп, дүйнөгө бир топ шерменде болгонбуз. Ошондо 2 ай бою ИИМ, УКК же Башкы прокуратурадан 1 адам басып келген эмес. Мен президентке, өкмөт башчыга жана парламентке үч жолу кайрылуу жасагам. Ошондогу парламент Жогорку сотту бошотуу боюнча үч жолу токтом чыгарган. Анан акырында президентке кирип, ачык эле айттым. "Урматтуу президент! Маселе Осмоновдо болсо, арыз жазып берейин. Карабайсызбы, Си-Эн-Эн телеканалынан көрсөтүп, дүйнөгө шерменде кылып жатат". Ошондо президент бир "звонок" менен Жогорку соттун алдын бир сааттын ичинде тазалатып койду.
- Анда сиздин "отставкаңызга" президент өзү кызыкдар экен да.
- Антип айталбайм. Президент өзү жасамак беле. Ал кездеги администрация башчысы ушундай жолдорго барган. Мен президентти эч качан күнөөлөбөйм. Президентке туура эмес маалыматтарды берип жаткандар жок эмес.
- Ушул маселелер боюнча президент менен сүйлөшүү-лөрдү жүргүзбөдүңүзбү?
- Президентке расмий кат жазып, эки канал менен киргизүүгө аракет кылдым. Бири спикер, бири президенттин иниси. Бирок кабыл алган жок. Катым жеттиби же жокпу, аны да билалбайм. Президентке жазган катың өзүнүн жол жобосу менен кирсин десең, анда жооп күтпөй эле коюшуң керек.
- "АКИпресс" маалымат агенттигине мөөнөтүм 2014-жылы бүтмөк эле депсиз. Анда президенттин сунушу менен парламенттин чечими мыйзамсыз экен да.
- 21-октябрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясында жазылып турат. Ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган соттордун ыйгарым укуктары сакталат деп. Мен мурдагы эки палаталуу парламенттин Эл өкүлү жыйыны аркылуу 10 жылга, 2004-жылдын 6-февралында шайлангам.
- "Акжол" партиясын колдоп, кичи мекениңиз Каракулжа районун түрө кыдырганыңызды билебиз. Анан эмнеге?..
- Ооба, жериме барып, "Акжол" партиясына добушуңарды бергиле деп өтүнбөсөм да, президент бүгүн момундай иштерди кылып жатат, муну колдоого алышыбыз керек дедим. Мен бул кишинин президенттигинде да кыдырып жүргөм. Экөөбүздүн студент кезибизден бери мамилебиз бар. Мен аны азыр деле колдой берем. Адамдын табияты ушундай экен, миң жолу жакшылык кылсаң билинбейт да, бир эле жолку өтүнүчүн аткарбай койсоң, жамандап чыгышат. Күнөө ал кишиде эмес, анын айланасында. Аппараттагылардын интригасы бүгүнкү күнү көп нааразычылыкты туудуруп жатат.
- Депутат Роза Отунбаева сизди март төңкөрүшүнөн кийин кетиш керек эле, анткени бул киши Аскар Акаевдин мыйзамсыз иштерине көп ирет жол ачкан дебедиби. Сиз ушуну кандай кабылдадыңыз?
- Анын сөзүндө да чындык бар. Кайсы бийлик келсе, ачык айтышым керек, биз, соттор ошол бийликке көзкарандыбыз. Эгер мыйзамдуу нерсени суранса, аткарып бересиң. Ал эми таптакыр мыйзамсыз нерсени суранса, муну жасаганга мыйзам жол бербейт десең эле сенден кынтык таап чыгышы мүмкүн. Мен Аскар Акаевдин үчүнчү мөөнөткө барганын мыйзамсыз деп эле айткам.
- Кызматты аман-эсен тапшырып алдыңыз. Эми кандай пландар бар?
- Өзгөчө пландарым деле жок. Уктайм, жакшылап эс алууга убакыт жетти. Китеп окуйм. Үйбүлөмө көбүрөк убакыт бөлөм, анан калганын көрөбүз да.
- Кыргыз интеллигенциясы кызматтан кетсе эле оппозициянын дарбазасын кагат эмеспи?
- Мен соттошпойм, бирөөгө айып төңкөрүп, жалаа жаппайм. Кудай турат, эл турат, баарын байкаган эл - калыс. Оппозицияга өтпөйм. Турмушта карманып жүргөн принциптеримен тайбайм.
- Кызмат сунуштап калышат деп ойлойсузбу?
- Аны билбейм.
Маектешкен Манас ОСМОН