Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?

Мухтар Өмүракунов,
"Замандаш" партиясынын төрагасы:
"Парламент Акүйдүн кареги менен тең айланат"
Чоң саясатчылардын каны алмашып,
жаңы муундун келиши учурдун талабы. Элибиздин уучу кур эмес. Саясаттагы кийинки төбөсү көрүнгөн азамат-тарыбыздын бири - Мухтар Өмүракунов. Биз учур кырдаалына жараша учкай аңгеме курдук. Байкап көрүңүз.

- Мухтар мырза, үнүңүз угулбай кетти да. Дегеле, массалык маалымат каражаттарынан көрүнбөйсүз.
- Мен башынан гезит-телеге чыгам деп умтулчу эмесмин. Бирок журналисттер келсе, көңүлдөрүн сындыргым келбейт. Эми азыр басылмалар бир тараптуу болуп кетпедиби. Айрымдары мени ашыкча пиар кылып алабыз деп чочулашы мүмкүн...
- Партияңыз жөнүндө айтсаңыз, шайлоого жетпей "жыгылып" калдыңар эле.
- Ооба. Биз парламенттик шайлоого катышсак жетишерлик добуш алмакпыз. Бул жагы жалпы элге маалым.
- Азыр "Замандаштын" абалы кантип атат?
- Шайлоо бүткөндөн кийин партиябыз ортодогу саясый күч катары стабилдүүлүктү кармоону чечкен. Анүстүнө элибиздин ичинде нааразылык көп болуп, радикалдуу кадамдарды күчөтпөйлүк дедик. Ортодо болгондон кийин туруктуу позицияны кармоону чечкенбиз. Азыр саясатчыларга кызмат берип койсо бийликти жактап, кызматка илинбегендер оппозиция болуп кыйкырып атышпайбы. Мен табиятыман мындай жат нерселерден алысмын. Принципиалдуулук керек го... Ушу кезде партиябыздын саясый багытын бекемдеп, мындан ары прогрессивдүү жол менен алдыга өнүгүүгө, түптүү күч катары жанданууга кириштик.
- Жаңы куралган Жогорку Кеңештин депутаттарына өтө чабал мааниде баа берилүүдө. Сиз кандай пикирдесиз?
- Менимче, эгемендүүлүктү алгандан берки эң алсыз парламент катары түптөлдү. Төрт-беш адамдын гана саясатынан чыгалышпайт. Негизинен Акүйдүн кареги менен айланарын жашырганда не? Алардын арасында депутаттыкка татыктуу жыйырмадай адам болсо, калгандары адашкандар...
- Анда кыргыз элинин ой-мүдөөсүн, кызыкчылыгын коргой албайбы?
- Баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Акүйдөн кандай чечим айтылса, ошону колдошот. Өзгөчө деле ашкан идеяны, элдин көйгөйүнө жараша демилгени көтөрүп чыгышат деп ишене албайбыз.
- Оппозицияга өтөйүн дейсизби?
- Жогоруда позициямды айтып кетпедимби, азырынча андай деле радикалдуу кадамдарга оюм жок. Саясый агымга жараша көрөлүчү...
- Сизди Айгүл Рыскулованын ордуна барат деген имиштер тарап кетти эле...
- Мага бир эмес, бир канча ирет чакыруулар болду. Бирок мен партияда эле отурбаймынбы. Сунуштарынан баш тарткам.
- Бийликтин кадыр-баркы кеткенин көрүп атабыз. Ушундай шартта эстүү киши министрликкеби, же башка кызматтарга иштебеши керекпи?
- Тилекке каршы, бийлик саясатында ырааттуулук болбой атпайбы. Парламент да, Өкмөт да улам отставкага кетет, туруктуу саясатты көралбайсың. Мындайда мамлекеттин башчысы баш болуп, калган саясый күчтөр төш болуу менен стабилдүүлүктү ойлошу кажет. Бүгүн же эртең ыргып кетем деген министр, губернаторлор өз миссияларын жыргатып аткаруусу кыйын да. Бийликтеги адамдар өз креслолорунан чочулашып, кайпактагандан башка эмнени кылып атышат?
- Акыркы кездеги күйүүчү майлардын, азык-түлүктөрдүн негизсиз кымбатташы алдыдагы саясый толкундоолорду күчөтүп, жазындабы же күзүндөбү саясый башаламандыктарга негиз түзбөйбү?
- Мындай пикириңе кошулам. Элдин нааразычылыгы азыр билинбесе да, жарыла турган кез келиши мүмкүн. Бирок мекендештерибиз кандай кыйын жашоо-шарт болсо да чыдап, баш көтөрбөй оокаттарын кылып атышат. Азыр өкмөттөн карапайым калк үмүт кылбай деле калды. Азык-түлүк кымбаттап аткан шартта алдынала өкмөттүн ишбилги саясаты көрүлүүсү зарыл.
- "Замандаш" партиясынын саясый багытына да токтоло кетсек. Сиздер "Акыйкат үчүн" кыймылы менен бирге иш алпарбайсыздарбы? Саясаттагы жолуңуздарда кандайдыр оппозиция тарапка биригүүгө ниетиңиздер жокпу?
- Биздин позициябызга, көзкарашыбызга туура келсе сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Эскертип коеюн, өзгөчө радикалдуу жүрүштөргө, куру кыйкырыктарга кошула бербейбиз.
- Саясатчылардын түпкү багыты радикалдуу чараларга такалат эмеспи. Кандай дейсиз?
- Андай кырдаалга жетпейбиз деген үмүт бар. Акүйдүн өтө ыплас кадамдарга барбасына ишене туралычы...
- Партиянын саясый багыты бийликке жетүүнү көздөйт. Сиздер деле ушуну ойлоп атасыздар да.
- Бийлик эмне үчүн керек? Мамлекеттин ички-тышкы аброюн көтөрүү, элдин оор турмушун жеңилдетүү үчүн аракеттерибизди кылмакпыз. Мындай мүмкүнчү-лүктөрүбүзгө ишенебиз. Биз көпчүлүк өлкөлөргө чыгып, алардын саясатын, жашоо-турмушун аныктап жүрбөйбүзбү. Эмне үчүн мекенибиз башка мамлекеттерден кемсинип, алардын алдында алсыз болот? Жеке менин максатым депутат болуу, же башка кызматка отурууда эмес. Эң негизгиси, элдин жашоо-шартын оңдоо, мамлекетибиздин аброюн көтөрүү ниетинде саясатка киришүүдөбүз. Ал эми бийликтин кумарынан, ага манчыркоо дегенден мен алыс турам.

Маектешкен Асланбек САРТБАЕВ