"Акыйкат" ала жазда жарылабы?
Кечээ "Акыйкат үчүн" кыймылы "Хаят" мейманканасында форум өткөрүп, ага 15 партия, 27 бейөкмөт уюмдар катышты. Коомдук ишмерлерден А.Муралиев, М.Ниязов, Д.Сарыгулов сыяктуулар болсо, ал эми депутаттардан Б.Бешимов, Р.Отунбаева өңдүү лидерлер келишти. Негизги маселе: Референдум, парламенттик шайлоо жасалма жолдо өткөндүгүн айтышып, мындан аркы мамлекеттин келечеги туурасында кызуу сөз болду. Кыймылга үч координатор: А.Жекшенкулов, Т.Сариев, А.Эркебаев сыяктуу белгилүү саясатчылар шайланышты. Жазга даярдык башталдыбы?

Түштүгүң түнөргөндө
Ош электронун гендеректири Т.Толубаевдин алешемдигинен Төлөйкан, Учар, ХБК микрорайондору менен Карасуу районунун көпчүлүк айылдарында тынымсыз жарык өчүп, элдин жашоосун ого бетер итке минүүдө. Убагында электр акысы чогултулбагандыктан, техникалык мүчүлүштөр көбөйгөндөн абал оорлогон.

Тажыкан айым ийин куушурганда
Жогорку Кеңештен финансы министриТ.Калимбетова 468 млн.сом "Кыргызстан аба жолдоруна" которулганын айтып чыгып, сөзүнөн жама-ан жаңылды. "Кыргызстан аба жолдору" банкрот болгону качан? Анан депутаттар жарга такаганда "Кыргызстан" авиакомпаниясына жаңы самолет алганбыз" деп кутулду. Бирок "Кыргызстан" авиакомпаниясынын вице-президентине кайрылсак, самолет албаганын балп эттирди. Ушул маселенин айланасында Т.Калимбетова кыйла чайналып, эл өкүлдөрүнөн кагуу жеди. Эми 468 млн.сомдун дайыны кайда? Көзкөрүнө жоголуп, Тажыкан айым ийин куушуруп кутулабы?

Оппозиция кадамы дагы бир адамга толукталабы?
Соңку учурда дымы чыкпай кеткен А.Атамбаев президенттикке тымызын даярдана баштаганы боюнча имиш тарады. Оппоненттери "К.Бакиев итке сөөк ыргыткандай орден берди" деп табалап атышты эле, эми ооздору жап болобу? Түркияга да элчи болору кандайдыр себептерден жокко чыгарылыптыр. Эми Алмаз мырзаны оппозициядан көрөбүзбү?

Дубайдан баш көтөргөн Урмат мырза
Алыскы мусулман өлкөлөрүндө, Дубайда бизнесин жүгүртүп жүргөн У.Барыктабасов оппозициянын ынтымагына кызыгып, бириксе чоң суммадагы каражат бөлөрүн кыйытыптыр. Бирок, өзү азырынча келери белгисиз.

Чымчык аталбаган И.Гаипкулов
Эсеп палатасынын төрагасы И.Гаипкулов, ЖК вице-спикери А.Турсунбаев шаан-шөкөт менен Токмок тарапка мергенчиликке барышып, кыргоол эмес чымчык да аталышпады. Бирок, бай-бача сымал катта чартаңбай тебишкени болду. Искендер мырзанын мылтык аталбай калганы эртең кызматтан шыпырылып калуу төлгөсү эмеспи?

ИИМ ат алмаштырганда
ИИМдин анабашы Б.Ногойбаев ыргып, ордуна үка М.Конгантиев дайындалды. Бир апта мурда ант берген Болот мырзанын сөзү суу кечпей калдыбы? Анттын да кадырын кетирдик...

Э.Арсалиевдин кылмышы козголбойбу?
"Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн" бирөө бар. Эрик Арсалиев деген. Кезинде М.Акаеванын этегине эрмешип, "Кыргызстан аба жолдорунун" коммерциялык деректиринин орунбасарлыгына шайланып, кийин шылуундук (алдамчылык) жасап, Болот Акаев тарабынан кызматтан куулган. Анан өкчөсө эле кайра турган адатына салып, Манас эларалык аэропортуна вице-президент, президенттигине чейин көтөрүлөт. Кошолек атка конот. 2004-жылы Кыргызалтын концернинин вице-президенттигине орношот да, көп өтпөй 2005-жылдын төңкөрүшү болуп кетип, Э.Арсалиев УККнын түрмөсүнө түшүп, кылмыш иши козголгон. Агездеги Э.Арсалиевдин ишин караган Башпрокурор А.Бекназаров бирдеме алганбы (?), айтор бошотуп ийет. Андан соң экинчи Башпрокурор К.Конгантиевдин колуна түшүп, ал дагы Эрик мырзаны эзген. Кайра камалган. Кудай жалгап дагы бошонуп, ал ортодо М.Садыркуловдун тилин таба коюп, Кеминден депутаттыкка Б.Акаевага каршы ат салышат (өзүнүн мурдагы уюгуна каршы чыгып). Анан административдик ресурстун күчү менен депутат болуп чыга келген. Эми да "Акжол" партиясынан депутат болуп, атургай эларалык байланыштар комитетинин төрагалыгына секирди. Бу жерден да оркоюп иш билбестиги далилдене баштады. Деги ушундай фигуранын үлгү болорлук комитетке келгенин түшүнбөйбүз. Башпрокуратурада "бакыйган" кылмышы жатат. Козголбойбу (бу боюнча дагы сөз кылабыз)?

Миллиарддар агымы
Мамлекеттин казынасына салык менен бажыканадан миллиарддар куюлуп атканы айтылууда. Бирок, КР Салыктар жана жыйымдар комитетинде өткөн жылдагы кирешенин так саны эсептелине элек. Азырынча канча миллиард түшкөнү белгисиз. Мандем жокпу? Т.Курманбеков не дейт?

"Агым-пресс"