Дүйнөдөгү аял - башкаруучулар
Кийинки кездерде дүйнөдө аял башкаруучулардын саны арбып баратат. Борбордук Азия өлкөлөрүндө биринчи болуп, биздин өлкөнү да аял президент башкарууда. Анда эмесе, дүйнөнүн кайсы өлкөсүн кайсы айым башкараары туурасында маалымат бере кетсек.

Ирландиянын президенти Мэри Макэлис
59 жашта. 46 жашына чейин ал колледждерде жана университеттерде криминологиядан сабак берип келген. 1997-жылы элге белгисиз бул мугалим президенттик постко ат салыша баштаганда, анын жеңишке жетээринен көпчүлүк күнөм санаган. Ирландиянын биримдигин сактоого болгон аракети абдан чоң болгондуктан, Түндүк ирландиялык айым ийгиликке шайлоолордо жетип, элдин баарын айран-таң калтырды.

Коста-Риканын президенти Лаура Чинчилья
52 жашта. Ал саясатка жаш кезинен эле кызыккан. Коста-Рика университетинде политологияны изилдеп, АКШдан чечендикти, элге чыгуунун чеберчилигин өздөштүргөн. 1994-жылдан баштап ал Коста-Риканын коргоо министри, юстиция министри болуп иштеген. 2010-жылдагы шайлоолордон жеңип чыгып, Коста-Рикадагы биринчи аял президент болуп калды.

Швейцария конфедерациясынын президенти Дорис Лойтхард
46 жашта. Шайлоолордо жеңип чыкканга чейин өлкөнүн экономика министри жана вице-президенти болгон. 2009-жылы Россияга жумушчу сапар менен келгенде бажыкана кызматкерлери анын бут кийиминен бери чечиндиришкенде, ал чатак чыгарган.
Россия тышкы иштер министри бул окуядан кийин андан кечирим суроого аргасыз болгон. Аялдардын журналдарынын көбү Дорис Лойтхардды табит менен кийине билген саясатчылардын бири деп эсептешет.

Индиянын президенти Пратибха Патил
75 жашта. Аны индиялык саясаттын чоң энеси деп аташат. Англиялык колонизаторлор убагында төрөлүп, өлкөнүн көз карандысыздыгын алган күндү да эсинен чыгара элек.
Юристтик диплом алгандан баштап эле саясатка аралашкан. Махараштра штатынын өкмөтүндө 30 жылдай иштеген. 2007-жылы өзү мүчө болгон партия аны президенттикке көрсөткөн.

Пратибха Патилдин президент болгондогу негизги программасы - аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшөт.
Литванын президенти Даля Грибаускайте
53 жашта. "Саясий экономия" адистиги боюнча Ленинграддагы мамлекеттик университетин аяктаган. Ленинграддагы мех фабрикасында эмгектенген. Университетти аяктагандан кийин КПССке мүчөлүккө өткөн. Каршылаштары аны КГБ менен кызматташ болгон деген айып тагып келишет.
2009-жылдагы президенттик шайлоого чейин ал Брюсселде еврокомиссар болуп иштеген. Күйөөгө чыккан эмес, балдары жок. Каратэ спорту боюнча кара поястын ээси.

Либериянын президенти Эллен Джонсон-Серлиф
71 жашта. Африка өлкөлөрүндөгү аялдардан чыккан биринчи президент. Өкмөт өз эсебинен АКШдан окуткан бактылуу студенттердин бири болгон. Гарвард университетинин диплому каржы министринин жардамчысы болууга көмөк берип, андан соң министрликти жетектеп калган. Мурдагы президент Чарльз Тейлорго элдешкис оппозицияда болуп, ал отставкага кеткенден кийин шайлоолордо жеңип чыгып, мамлекет башчысы болуп калды.

Бразилиянын президенти Дилма Роуссеф
Бразилиядагы президенттик шайлоолордо Түштүк Африкада биринчи болуп 62 жаштагы Дилма Роуссеф шайланды. Дилма Роуссеф буга чейин өлкөнүн энергетика министри, президенттик аппараттын башчысы болуп иштеп келген. Болгариялык коммунист - иммигранттын кызы өткөн кылымдын 60-70-жылдарынан баштап аскердик режимге каршы чыгып келген. Бүткүл элдик шайлоолордо көпчүлүк добушу менен жеңишке ээ болду

Германиянын канцлери Ангела Меркель
56 жашта. Мектепте орус тилинен ийгиликке жетишкендиги үчүн Москвага саякат кылуу укугуна ээ болгон. 1989-жылы, Берлин дубалы кулагандан кийин саясатка аралашкан. 2000-жылы ХДС партиясын жетектеген. Эки ирет канцлер болгон.

Аргентинанын президенти Кристина Фернандес Киршнер
57 жашта. Юридикалык факультетте окуп жүрүп, болочок күйөөсү, өлкөнүн бир кездеги президенти Нестор менен таанышкан.
Кристинанын күйөөсүнүн рейтинги түшүп, экинчи турдан өтө албасына көзү жеткенде ал өз талапкерлигин коюп, шайлоодо жеңип кеткен. Ага чейин Санта-Круз парламентинде жана Аргентинанын сенатында иштеген. Кечээ жакында Аргентинанын мурдагы президенти, азыркы президент Кристина Киршнердин күйөөсү Нестор Киршнер инфаркттан капысынан көз жумду. Аргентиналыктар экс-президентин абдан сыйлашат экен, терең кайгыруу менен акыркы сапарга узатышты.

Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаева
Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин дүйнөдөгү аял президенттердин катарын Роза Отунбаева да толуктады. 60 жаштагы президент буга чейин бир катар жооптуу кызматтарды аркалап келген. СССРдин ЮНЕСКОдогу өкүлү, Кыргызстандын тышкы иштер министри, Грузин-абхаз чатагында тынчтык миссиясын аркалаган. Парламент депутаттыгына шайланган.
Буга чейинки эки президентке оппозицияда болуп, кийинки президенттин бийлиги кулагандан кийин президент болуп шайланган. Англис тилинде эркин сүйлөйт, андан башка бир нече чет тилин билет. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми Москвадагы мамлекеттик университетти артыкчылык диплому менен аяктаган.

Финляндиянын президенти Тарья Каарина Халонен
66 жашта. Жаш кездеринде солчул радикал көз карашты карманган, Че Геваранын тарапкери болгон. 36 жашында финн парламентинин депутаты болуп шайланган. 2000-жылга чейин үч министрликти башкарып келген.

ККанаданын генерал-губернатору Микаэль Жан
52 жашта. Мамлекеттин номиналдуу башчысы-англиялык каныша, бирок анык бийлик-генерал-губернатордун колунда.
Жан өлкөнүн биринчи кара түстөгү президенти болуп калды. Гаитиде төрөлүп, 11 жашында үй-бүлөсү менен бирге өлкөдөн качып чыккан. Билими боюнча филолог. Жети тил билет, анын ичинде француз, англис, испан, италия ж.б. тилдери. Президент болгонго чейин телевидениеде шоу программа алып барган.

Австралиянын генерал-губернатору Квентин Брайс
68 жашта. Ал аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшүп келген. 1968- жылы Квинсленд университетинин юридикалык факультетине өткөн кыздардын алгачкысы болгон.
Аялдардын укугу үчүн күрөшүп, ар кандай уюмдарда иштеп келген. 2003-жылы өлкөнүн премьери аны Квинсленд штатынын губернатору кылып дайындаган. Беш жылдан кийин өлкөнүн номиналдуу жетекчиси Елизавета II аны генерал-губернатор кылып дайындаган.

Исландиянын премьер- министри Йоханна Сигурдардоттир
68 жашта. Саясий карьерасын 1978-жылы исландиялык парламентке депутат болуудан баштаган. Өлкөдө кризис болуп турган убакта социологиялык сурамжылоолордо эң популярдуу саясатчылардын бири катары таанылган. 2009-жылы анын коалициясы шайлоолордо жеңип чыгып, өзү премьер-министр болуп шайланган.

Чилинин экс президенти Мишель Бачелет
58 жашта. Диктатор Пиночеттин башкаруу жылдарында Мишелдин атасын түрмөгө олтургузушкан. Генаралдын кызы да бир жыл түрмөгө олтуруп чыккан. Диктатордун бийлиги кулагандан кийин Мишель Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда, андан кийин өлкөнүн саламаттык сактоо министри болуп иштеген. 2006-жылы январь айында президенттик шайлоо убагында 53.5 добуш алып, оппозициядан талапкер, миллиардер Себьястан Пинеруну жеңип кеткен.

Бангладештин премьер-министри Хасина Авами Вазед
62 жашта. Анын атасы Муджибур Рахман 1972-жылы көз карандысыз Бангладештин биринчи президенти болгон. Ал убакта кызы Хасина Авами да көз карандысыздык үчүн күрөшүп келген. 1975-жылы анын атасын тактан түшүрүшкөндө, Хасина Авами оппозицияга кеткен. 1996-жылы партия уюштуруп, шайлоолорго катышып, андан жеңип чыгып, премьер-министр болуп калган. Экинчи жолу 2009-жылы премьер-министр болгон.

Филиппиндин экс президенти Глория Арройо
62 жашта. 14 жашында анын атасы президент болгон. 40 жашына чейин университетте экономика сабагын берип келген. 40 жаштан кийин саясатка аралашып, сенатор болуп шайланган жана жакырчылыкты жоюу боюнча министр болуп иштеген. Азыркы президент Бенино Акинього чейин президент болгон.

Айжан Айтышева