Эскерүү

Жалындуу акын Жалил Садыков
Кыргыз эл акыны Жалил Садыков дүйнөдөн өттү. Саясий өңүттөн алганда, Жалил Садыков Кыргыз Республикасынын Гимнинин автору катары таанылды. Ал эми жалпы адабият дүйнөсүнө Жалил агай жалындуу акын, котормочу, драматург, жакшы акындан мурда, жакшы адам катары таанылыптыр. Тажиясына барып, көпчүлүктө турсак, кайсы бир акын "Баатыр" деген наам Жалилге жарашмак деп өкүт айтып турду. Анан да акын кыздар кайсы бир акын кызга ашык болду эле, нике кайып азыркы жубайына кабылтты, жубайдан мындай мыктыны чанда кезиктирдик деп жатышты. Ырас эле Жалил агай ооруп жүргөндө ооркунадагы дарыгерлер "кароосу жакшысынан эле өмүр улап келатат" дешти эле. Ар кимге ушундай камкор жар берсин, ал эми Жалил агайга торко жай берсин деп, анын замандаштарынын, кесиптештеринин, курбу- курдаштарынын эскерүүлөрүнө учкай сөз бердик.
Кеңеш Жусупов, Кыргыз эл жазуучусу:
- Жакем илгертеден бери жакшы замандаш. Ага-ини болуп жүрдүк. Чыгармачылыкта да, адамгерчиликте да бул киши тубаса мыкты эле. Таланттуу акын, драматург. Ошол касиетин өмүр бою сактап өттү. Алгачкы жазган ырлары кийинки толук жыйнагына да кирди. Бул анын тырмак алды ырлары дагы мезгил сынынан өткөнүнөн кабар берет. Деңгээли, чеберчилиги көзгө көрүнүп турат. Анын адамгерчилик жагынан да мага берген сабагы бар. Жаш айырмабыз 4-5 жаш эле. Бирок, ошого болбой көп сырдаш болчубуз. Көлдө бирге эс алчубуз, анын Бостериде үйү бар. Кошуна турдук. Жакем сууга бутту салып коюп отурчу эле. Жанында дайыма он чакты небере-чөбөрөлөрүн жетелеп жүрөт. Тынч жагдайды атайын түзбөсө деле өз ишин кылып иштей берээр эле. Пьесаны деле элден обочолонуп, бөлүнүп жазган эмес. Ошол балдарынын чуулдагын жакшы көрүп, кошо аралашып, өз ишин жаза берчү. "Мага кайра ушул жакшы"деп калчу. Айрыкча "Манастын" трилогиясын айтсам. Кыргыздар, казактар жакшы кабыл алды. Бу кишиге "Баатыр" деген наам берсе деп ойлочу элек. Заман алмашып кетти. Ошентсе да элибиздин эсинде баатыр эле кадыры менен калды. Баатыр акын, адамгерчилиги да баатыр инсан.
Жакемдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз эл акыны:
- Кийинки муундар биздин сөзүбүзгө анчалык кулак салбай баратат. Убагында биз улуу муундардын сөзүн жерге жаткырбай укчу элек. Жалил Садыковдун жалындуу акын болгонун баарыбыз белгилеп айта алабыз. Ичибиз аябай ачышып турат.эстесек, көзүбүзгө жаш айланат. Кайран акын! Алп акын!

Сагын Акматбекова, акын, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
- Улуу муундагы кишилер кийинки өсүп келе жаткан муундар менен иши жок эле. Ал эми Жалил агай жаштарга камкордук көрчү, жок дегенде жылуу сөзүн айтып: "Эмне жазып жатасың?" деп сурап турчу. Андан тышкары бул чоң акын эле. Бир топ ырларына обон жаралып, эл арасында ырдалып жүрөт. Ырлары музыкага элпек, уккулуктуу. Уйкаштары жакшы, чын жүрөктөн чыккан. "Сүрөтүңө", "Алма гүлү" деген ырларын элдин баары жатка билет болушу керек. Кыргыз адабияты үчүн көп эмгек сиңирген инсан. Нарктуу, салттуу киши эле. Мындай адамдар кыргызда кийинки учурда сейректеп баратат.

Осмонакун Ибраимов,
адабиятчы, коомдук ишмер:
- Жалил Садыков Чыңгыз Айтматовдон кийинки эле могикандардын бири,Чыкем баштап кеткен могикандардын бири деп эсептейм. Экинчиси, бул кишини жоготконубуз чын эле орду толгус жоготуу. Себеби Жалил Садыковдун акындыгы өтө күчтүү эле. Азыркы көзү тирүү акындардын эң алдыңкыларынын бири. Жалил акындын пейзаждык, сүйүү лирикасы, кыргыз эли-жери жөнүндө жазгандары өзүнчө чоң тема. Албетте, Жалил Садыковдун Кыргыз Республикасынын гимнин жазганы - бул өзү өтө чоң нерсе. Үчүнчү жагы Жалил Садыков чоң драматург эле. Эпикалык драмадан баштап,комедияга чейин укмуштуудай жазчу. Айрыкча "Манас" эпосун сахнага алып чыгууда зор эмгегин баса белгилебесек болбойт. Анткени Жалил Садыков "Манастын уулу Семетейди" биринчи жазып, кыргыз драма театры койгондо, триумф деген кандай болоорун ошондо көргөнмүн. Эл туруп алып кол чаап, такыр токтобой койгон. Токтобой кол чапканы - "Манасты" окуу өзүнчө, ал эми аны сахнага алып чыкканы, аны көрүш такыр башка нерсе экендигинде.
Кыргыз Республикасынын жаңы түптөлүп жаткан кезинде Жалил Садыковдун депутат болушу элине чоң салым кошкону болчу. Ошол легендардык парламентте акылман, абройлуу, кеменгер депутаттарыбыздын бири эле. Мына ошол кишиден айрылып отурабыз. Жакемдин поэмалары, драмалары, ырлары эч качан өлбөйт. Себеби анын чыгармалары накта чыгармалар. Накта лирика, накта драма, накта ырлар. Кыргыз адабияты, маданияты, эли аман болот деп ишенем. Андай эле болсо Жалил Садыковдун чыгармалары дайыма биз менен чогуу жашай берет.
Кош бол, жан агам Жалил!

Айгүл Бакеева
Айсулуу Көкөева