сармерден

Темир Назаров
Турмуш, саясат туурасында
"Тынчтык жана өнүгүү" деген ураан алдында бир топ ырчылар - Г.Тойгонбаева, Нэна, Ы.Осмонкулов, Ома, С.Искеналиев, Ж. Бобкова, Г.Сатылганова, Т.Назаров, Ю.Руцкая, С.Абдылдаева, Замир Мырза болуп жакында эле Филармонияда концерт беришти. Концерт алдында айрым ырчылар маалымат жыйын өткөрүшкөн. Журналисттердин "Ош коогалаңында Жылдыз Усманованын ырына бир гана Сыймык Бейшекеев ыр менен жооп кылды. Муну кандай кабылдадыңыздар?" деген суроону "саясатташтырбай эле коелу" деп, андан көрө түндүк-түштүк, улутка бөлүнбүйлү деген тилекти бекем кармайлы. Концертибиздин да максаты ошол дешти. Жыйындан кийин, Темир Назаров менен азыноолак маек курдук.


"Согуш болбосун"
Бир катар ырчылар атайы Оштон келишкен. Алардын катарындагы Темир Назаров учурда үй-бүлөсү менен Ош шаарында жашайт. Кандуу окуяны өз көзү менен көргөн. Жакындарын жоготкондордун арасында өч алабыз дегендер болгонун да айтты. Свет, газ өчүрүлүп, дүкөндөр жабылып, эл бир топ кыйналган. Ошол учурда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов карайлаган калкка бир топ жардамын берген. "Жаш баланын ыйлаганын көргөндө жанына тура албайсың, тимеле зээнин кейийт. "Азыр баары артта калып, ордолуу Ош калыбына келе баштады. Зээним кейигени - ушактын бат тараганы болду. Кыргызстандын түндүгү Казакстанга, түштүгү Өзбекстанга карайт экен" деген болбогон кептер тарап, жүрөктү оорутту. Согушту көрүп, кейигенибиз аз келгенсип, ушул сөз дагы адамды арыктатып жиберди. "Туулуп-өскөн жеримден эч жерге жылбайм. Аны эч кимге бербейм. Ал үчүн кашык каным калганча салгылашам деп жинденгенимди жашырбайм. Мындан ары согуш болбосун, кол салган киши оңбосун" дейт ырчы.

Бир ыйлап, бир күлүп…
Темир Оштогу кандуу окуяга бардык областтан жардам берген мекендештерге ыраазычылыгын билдирип, "мен кыргызмын" деген сөз ар бир кыргыздын жүрөгүндө өмүр бою орноп калышын тиледи. Болбой эле сөзүбүз саясатташып кетти. Президентибиз Роза Отунбаева жөнүндө суроо узатсак, "эжекебиз" деп атап, ачуусу келгендей түр көрсөтүп отурду. "Азыр иштеген эч ким жок. Бакиевди, Акаевди эле жамандайбыз. Бирөө баласынын, бирөө аялынын запкысын тартты. Роза эжекебиз бир жыл отурат экен, ага чыдаса болот. Аял отургандан кийин, матриархат да. Негизи аял киши очоктун башында болушу керек. Жаман да болсо Бакиев бийлик башында болсо болмок. Жаманбы, жакшыбы, башчыбыз эркек болсо болмок. Ал эми "Ата Журт" партиясын эл шайлады. Ага ич күйдүлүк кылбашыбыз керек. "Ташиев Ош окуясында өзүнө упай топтоп алган" деген сөздү айткан адамдар биздин башыбызга кыйынчылык түшкөндө кайда эле? Эмне үчүн өз убагында барбайт ал жерге? Бишкекте туруп, упай топтоду дегени туура эмес. Ташиев ошол учурда сүйлөп гана тим болбой, кыргыздар үчүн мыкты иш кылды" деп саясатчыларга ачууланды.

Боор бербегендер бар
Эми түштүк-түндүк маселеси, балким, ал сөздүн өзүн колдонбой калганда жок болор дейм. Элде кеп жок, буга саясатчылар көбүнесе басым жасашат. Албетте, боорун бербеген боордоштор деле бар. Жакшыны жаман деп, жаманды жакшы деп, бирөөнү жакшы көрүп алса, оюнан кайтпай, ушакка ишенгендери да көп.
Нази БАЯН кызы