талкуу

Жаштар жеңдик деген партияларга нааразы жана Конституцияны өзгөртпөөнү талап кылат
2007-жылы 17-декабрда түзүлгөн "Мен ишенбейм!" кыймылынын өкүлдөрү - Мирсулжан Намазалиев, Наргиза Абдылдаева, Жоомарт Сапарбаев, Айсулуу Алымбек кызы, Мирзат Аджиев, Каныбек Сарымсаков жана Гүлшайыр Абдырасулова - өз ойлорун ачык, түз айткан жаштар катары эл эсинде. Бул жаштарды, алар менен катар "Ак шумкар" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Атыр Абдрахматова жана ал партиянын жаштар канатынын лидери Эрнис Автандилди талкууга чакырганбыз. Бир гана Жоомарт иштери чыгып келе албады. Калган конокторубуз менен максат кылган темабызга ылайык кызыктуу баарлашуу болду. Элдин көбүн таңкалтырган шайлоо жүрүшү жана анын жыйынтыктары, өткөн партиялардын лидерлери, дегеле келечек маселеси кызуу талкууга алынды. Жаштар не дейт? Өткөн партиялар утушка эмес, утулушту дешти. Шайлоо жыйынтыгы толук билинип-билине электе 4 партиядан өкүлдөр жеке шылтоолор менен Россияга барып келгенине нааразылыктарын билдиришти. Алар партиялар чынында аталган тарапка отчет бергени барып келди, иш жагдайын элге ачык айтпай, эмитен калп айтып башташты деген ойдо. Эл болсо күнүмдүк жыргалчылыкка алданып калышканы айтылды. Калктын басымдуу добушун алды деген талапкерлердин арасында эл-жер деп иштеп бере турганы кимдер экени, кимиси сырткы таасирдин алдында иш алып барары көрүнүп калганы баса белгиленди.

Шайлоо жыйынтыгы
Кабарчы: - Сөздү дароо эле шайлоо жыйынтыгынан баштай берели. "Мен ишенбейм!" кыймылы көптөн бери угулбай кеттиңер эле, азыр деле арсар ойдо тургандайсыңар. Парламенттик шайлоо жыйынтыгын тааныдыңар десек болобу?
Каныбек: - Биринчиден, таза өттү дегенге болбойт. Экинчиден, ат салышкан партиялардын аталышын эле алалычы. "Ата Журт", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан". Алардын рекламалары да мыкты болду. Банерлери, үндөө-чакырык сөздөрүн эске салалычы. "Ар-намыс" элге "темир калкан болом" десе, "Ата Журт" "Токтоткула. Мындан ары жер сатылбайт" деди. "Республика" болсо, "7 пайыздык кредит берем" деген, дагы бир катар убадаларды берди. Ошондой болсун. Бирок жаман жери "жеңиш үчүн бардык ыкма ыңгайлуу" деген иш-аракет күчтүү болду. Партиялардын басымдуусу "бар же жок" деп, болгон дараметин картага койгондой иш алып барды. Элим эстүүлүк кылса, алардын ар бир убадасын кагазга жазып алып болсун, эми аткарылышын тыкылдатып талап кылсын. Себеби, алар сунуш кылган "жаркын келечек" өзүбүздүкүбү же таңуулаганбы, парламент ишине кылдат, тыкыр коомдук байкоо абдан зарыл болот эми.
Мирсулжан: - Мурунку, баарыбызга маалым ыплас шайлоолорго салыштырмалуу тазараак өттү. Албетте, туура, тышкы саясаттын таасири зор болду. Ички саясат болсо, ал да туураланды, баягы эле көнүмүш адаттар: акча таратуу, коркутуу-үркүтүү, "карусел" (селкинчек) өкүмүн жүргүздү. Бул жөнүндө "Ак шумкардын" жаштары жакындан жакшы билсе керек. Үгүт иштерине аралашышты, көбүрөөк далилдери барбы дейм.
Атыр: - Катыштык, көрдүк. Бийлик, БШК таза шайлоо өткөрүп берди. Бирок бул сапар партиялар жеке айла-амалдарын болушунча ишке салды. Анан да жер-жерлердеги участкалык комиссиялар кошумча тизмелердин жардамы менен протоколду бурмалап, мыйзам бузуулар болду. Партиялар жактан таза, адилет атаандаштык сакталган жок.
Каныбек: - Анткени "Ак шумкар" өтпөй калды дебейсиңби…
Атыр: - Депутаттыкка талапкер катары үгүт иштерине активдүү катыштым. Ысык-Көл областында болуп, айылдарды кыдырдым. Жергиликтүү тургундар күндө бир партия менен жолугушуп, программасы, тизмеси менен кеңири таанышып жатышканын айтышкан. Парламентке кимдер келатканын шайлоого чейин эле жакшы билишкен, бирок, кайдыгерликпи же кыстаган турмушпу, тандоо мамилелери ойлонулбай жасалды. Күнүмдүк оокатка алданышты. Жаш-кары дебей ичимдик ичилген учурларды көп байкадык. Шайлоо күнү да кайталанды ал. Соолуккандын эртеси "Кандайча "Ата Журт" өтүп кетти?" деп чок баскандай чочуп жатышпайбы... "Кечээ Кыргызстандын, балдарыңардын келечегин болбогон акчага сатпадыңарбы" десем, "Эчтеке болбойт, дагы бир жолу төңкөрүш кылып коебуз" дешет. "Ойносоң да, ойлонуп сүйлө" деп эмне үчүн айтылган? Төңкөрүш эмне, оюнчукпу? Башынан "жети өлчөп, бир кеспей", күйөсүң да анан.
Эрнис: - "Төңкөрүш", "кетсин" дегенден арылышыбыз абзел. 7-апрелде кырчындай өмүрлөр кыйылып, ынтымагыбыз жоктугунан Ош окуясы болуп, канча деген бир боорубуздан ажырадык. Эмне, аздык кылдыбы?! Канча бир жылдарга эстен кетпес зак болду го. Алар сабак болушу керек эле. 7-апрель окуясынан кийин башка өлкөлөрдө нааразы адамдар "Не будите во мне кыргыза" деген сөздү да кошуп алып көчөдө турганын көрүп, ошондо эмнегедир аны сүйүнүү менен кабыл алгам. Азыр өкүнөм. Басынткандай сезилип калды. Биз жөнүндө башкалар жаман айтпасын десек, жаман ойлордон тез арылышыбыз керек. Антпесек, улут катары жок болуп кетүү коркунучу турат. Күнүмдүк оокатыбызды ойлобой, келечекти кең караганга үйрөнүшүбүз керек. Шайлоо жаркын келечектин таразаларынын бири. Бул жолкусунда утулуштар көп болду. Жадагалса, жеке байкообуз боюнча да, маркировкага да ишенбей эле койсо болот. Аны "кола" менен жууп койсо, кетип калат экен. Бир киши беш жолу кирдиби, анан кантип аныктайбыз? Маркировка текшерилиши керек болчу… Андан тышкары, открепительный талон ашыкча таралган. Беш жыл мурун каза болуп калган адамга да билдирме барган.
Каныбек: - Эрнис, бийликти ооздукташ үчүн "Кетсин!" деген туура эле. Ушул сөздү укканда гана коркуп иштейт.
Атыр: - Эрнис айткан ашыкча таралган открепительный талондор текшерилген жок. Анан, "Ата Журт" партиясы алдын- ала элди билинбей бөлгөнгө жетишти. "Бизде түндүктөн мынча, түштүктөн түкүнчө" деген маалымат таратышып. Ага акча кошумча болду. Алар ошон үчүн өтүп кетти. "Ар-намыс" партиясынын лидери Куловду 9-октябрда, үгүт иштеринин токтогонуна карабай, Россиянын 1-каналы түн бир оокумга чейин жакшы эле рекламалашты. Ал киши болсо, Медведев менен түшкөн сүрөтүн көчөлөргө мактанып илип алды. Анысы аз келгенсип, шайлоонун эртеси эле алдына чуркап барды. "Республика", "Ата Журт", СДПК лидерлери да барышты. Жеке иштерибиз менен бардык деп танып жатышат. Мындай адамдардан эмнени күтсө болот? Булар заманды өзгөртпөйт. Дегеле айрым саясий серепчилердин божомолунда келечегибизди начар нерселер күтүп турат. Башталды десем болот. 7-апрелдеги каза болгон балдардын ата-энеси, бир туугандары "Ата Журтту" өткөрбөйбүз, Ак үйгө кийрибейбиз, анткени Бакиевдин "Ак жолу" келип алды" деп ызаланышууда.
Гүлшайыр: - Мыйзам бузуу болду деп баары эле оозеки айтып жатышат. Кагаз жүзүндө сотко тапшырган эч ким жок. Укугу бузулса, ага далили бар болсо, сотко бериш керек. Иш сотко ашса, эл да ишенет. "Эл аралык байкоочулар эмне үчүн "шайлоо таза өттү" деп жатышат, мыйзам бузуулар көп болду го?" деп мага суроо узаткандар болууда. Эл аралык байкоочулар бийлик жактан болгон мыйзам бузууларды гана карашарын баса белгилеп айтаар элем. Ал эми жеке өзүм шайлоонун жыйынтыгына таңкалган жокмун. Ушундай болоорун билгем. СДПК, "Ата Мекен", "Ак шумкар" партиялары биригип, чоң күч болуп келсе, жеңишке жетет деп ойлогом. Бирок андай болгон жок. Ар биринин амбициясы күчтүү болду. Анын үстүнө 29 партияга деп эл чачылды. Мурунку оппозиция бүгүн бийликке келгенин унутуп, эл дагы эле бизди колдойт деген ишеничте болгон. Бирок жакшы адамды да бийлик талкалайт. Анткени, адам баласы бийликке келген кишинин жаман жагын эле көрөт. Айрыкча бизде. Калыстык менен айтканда, азыркы бийлик эл менен иштебей койду. Айткан сөздөрүнө турган жок. Айрым өкмөт мүчөлөрү дагы эле бийликте отурушат. 6 айдан кийин кетебиз деген сөздөрү кана? Кабыл алган Конституциябыз иштеген жок. Ушундай катачылыктан уламбы, айтор, өзгөчө түштүк тараптын азыркы бийликке ишеничи аз. Бул- биринчиден. Экинчиден, марага келген партия деле эрте сүйүнбөшү керек. Анткени, эки революциядан кийин шайлоочулар алардын ар бир кадамын карайт. Кылган ишин сындап, тескери иш кылдырбайт. Андыктан, элге берген убадаларын аткарып, ак, так, таза иштеп бериши керек. Үчүнчүдөн, утушка ээ болгон 5 партия чогуу иш алып кете алабы деген суроо бар.
Каныбек: - Беш кочкордун башы бир казанда кантип кайнасын?!
Гүлшайыр: - Учурда ызы-чуулар болуп жатат. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы өтпөй калдык деп аянтка чыгышса, "Мекен шейиттери" кыймылы "бийликке кайра эле "Ак жол" партиясы келип алды" дешүүдө. Туура, "Ата Журт" партиясынын тизмесинде "ак жолчулар" бар. Алсак, Динара Исаева. "Данияр Үсөновдун аялы келди" деген телефон чалуулар болгон. Азыртадан алдыга келген партияга нааразычылык болуп жатат. Динара айым элдин нааразылыгын туура кабыл алды окшойт, арыз жазып, партиядан чыгып кетти. Элдин тынчтыгы үчүн туура кылды деп ойлойм.
Наргиза: - Антпесе, эл андан Данияр Үсөнов кайда экенин сурап, шайманын кетирмек да. Эркектик кылып калган "ак жолчулар" да кетип калышса жакшы болмок. Азыр чын эле кырдаал оор. 7-апрелдеги окко учкан балдардын ата-энесин, бир туугандарын туура түшүнсө болот.
Мирсулжан: - Менин да жүрөгүмдү эки нерсе оорутат: эл тынчтыгы, биримдиги жана 4 партиянын лидерлеринин эмитен эл менен эсептешпей жатканы. Кыргызстандын ишин Россиянын сценарийи менен жүргүзө турган болсок, анда эмне эгемендикти алдык? Анда эмне, 20 жылдан бери кимдин кетменин чаап жүрөбүз? Эмнеге 7-апрелде кыргызымдын жигиттери окко учту? Эмнеге Ош окуясы болду?
Айсулуу: - Эң туура, эмитен элди алдап жатышат. Марага келген партиялар уттук деп жатышат, алар утулду. Биринчиден, партиянын ана башчылары референдум учурундагы 90 пайызды тим коелу, бардыгы биригип 50 пайызды да багындыра албады. Болгону 30 пайызды алышты. Жеке ала келгенде, 10 пайыздык көрсөткүчтү да жарата алышкан жок. Ага себеп көп. Элдин көбү шайлоого барбай койду. Ошентсе да, Роза Исаковна элге таза шайлоо өткөрүп бергенге аракет кылды. Бирок амалдуу партиялар финансылык ресурсту колдонушту. Анысы аз келгенсип, президентибиздин башын аттап, эртеси эле 4 партия Россияга чуркап кетти. Демек, алар бийликке келбей жатып, эл кызыкчылыгынан башканыкын жогору коюп жатат. Бирөөнүн кол баласы болгондон кийин Кыргызстан оңолобу? Билген кишиге бийлик башына коррупцияга малынган адамдар, криминалдашкан, улутчул партия келди. Мындан ары коррупция, криминал ого бетер күчөйт. Айтор, келечегибиз бүдөмүк.
Мирзат: - Жакшылыктан үмүт үзбөй туралы. Бул жолку шайлоонун айырмачылыгы таасир кылуу жагынан орун алмашты. Мурда бир партияга административдик ресурс менен добушту жасап беришсе, бу жолу тескерисинче эл өзү акча берген партияга добушун берди. Көз карашын өзгөртүп, ушул жолду тандап алган эл эми кейибей жашашы керек.
Мирсулжан: - Эл качан гана ысык көмөчкө колу тийгенде чочуп, "апей, аны мен бекер шайлапмын" деп бармагын тиштейт. 7-апрель окуясын деле алсак, эл үй-бүлөлүк бюджетине зыян келгенде гана көтөрүлдү. Эми кандай жол менен өтсө да "Ата журт" алдыга келди. Аларды чынында түштүк аймагы жакшы колдоп берди. Анткени, алар июнь окуяларында ал аймакка биринчилерден болуп барып, курал таратышкан. Эл ошондо аларга ыраазы, бийликке нааразы болуп калышкан. Ошондогу таарынычы дагы эле күчүндө.
Наргиза: - Бул шайлоодо эл өз жүзүн көрсөттү. Алар бүгүнкү тамагын, кийимин ойлошту. Бирок, "медалдын эки жагы бар" дегендей, аларды жаман көрүүгө болбойт. Анткени, 20 жыл ичиндеги бийлик элди итке мингизди. Шайлоо алдында жаштар жакшы эле жер кыдырып, түшүндүрүү иштерин колдон келишинче жүргүздүк. Бирок эл кол шилтеп койду.
Эрнис: - Мирсулжан, эл үй-бүлөлүк бюджети үчүн чыкты деп жатасың. Анан эмне кылат элек. Абага да акча төлөйүн деп калбадык беле. Социалдык жарылуу болду да.
Айсулуу: - Революцияны жасаган да, начар турмушунун соңку айыпкерлерин кайра эле алып келип алган да эл. "Ата Журттун" кээ бир өкүлдөрү Ош окуясында курал таратып, өздөрүнө упай топтоп алышты. Бирок, эл бир нерсени түшүнүшү керек болчу. Куралды алар кайдан, кимден алды? Курал эмне үчүн алдын ала пайда болуп калган?
Эрнис: - Анан эмне кылышат? Элдин колунда таяк, күрөк болсо. Мен деле болсо, үй-бүлөмдү коргоо үчүн курал издемекмин. Ал убакта ким эмне таратпасын, ал киши коркунучтан көздөрү алайган адамдарга периштедей эле жакшы көрүндү да. Азыркы бийликтегилер дароо барбай, коркуп отуруп алышса, алар барбаганда ким барат?
Атыр: - Эми ошол убадаларына, жигиттик сөздөрүнө турушсун. Шайлоонун эртеси эле биздин президентке, элге эмес, Россияга барып отчет берип жаткандары жигитчиликке жатпайт.
Мирзат: - Ал партиялар мындай мамилеси менен деңгээлинин төмөн экенин көрсөттү.
Айсулуу: - Негизи биздин мамлекетке парламенттик башкаруу эрте болчу.
Президент жана Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн катачылыгы
Айсулуу: - Азыркы бийликтегилердин амбициясы оппозицияда жүргөндө эле күчтүү болчу. Анысын бийликке келгенде ого бетер күчөтүп алышты, "мен биринчи атаман, сен экинчи" деп. Шайлоонун жыйынтыгы эмне болду? Гүлшайыр айткандай, үлкөн партиялар амбицияларын жыйыштырып шайлоого чейин бириксе болмок. Дегеле бийликке келгени Роза Исаковнаны колдогон командасы жок болду. Командасы болгондо 7-апрель, Ош окуясы болмок эмес. "Мен, мен" дей бергендиктен, ушундай акыбалга такалдык, криминалга жол ачтык. Аны да "кел, шайлоого катыш" деп эки колдоп чакырып алдык.
Атыр: - Роза Исаковнанын дагы бир катачылыгы экономикалык мунапысты кийригени болду. "Революциялык укук" деген боюнча кармап турса болмок. Экономикалык мунапыс сазайын берип жатат го, баары баш көтөрүп алды. Мисалы, издөө салынып жаткан Нариман байкебиз келип, шайлоодо ат салышып, кайра депутат болуп турат.
Мирзат: - Кыскасы, өз кызыкчылыгын ойлогон адамдар келди. Андыктан, "Мен ишенбейм!" кыймылы жашоонун жакшырышына ишенбейт.
Келечектеги план
Атыр: - Биз чоң саясатчылардын арасында жүрүп, команда керек экендигин түшүндүк. Келечекте буйруса биз, жаштар, лидердин эмес, команданын партиясы кылабыз, элдин аң-сезимин, кыргыздын баалуулуктарын көтөрөбүз, элди ынтымакка, биримдикке алып келебиз деп пландап жатабыз. Албетте, айткан жеңил болгону менен, аны ишке ашыруу оор. Бирок, бизде: "Учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа" деп коет эмеспи. Саясатка учкашып алгандан кийин аягына чыгыш керек!
Айсулуу: - Жашоону жакшыртыш үчүн биз, жаштар, биригишибиз керек да, тегерегибизге таза адамдарды топтошубуз керек.
Мирзат: - "Жаңы адамдар, жаңы кадамдар" деп койбойсуңбу…
Эрнис: - Таза адам бар, бирок аны система деген нерсе жеп салат. Орустарда мындай сөз бар: "В чужой монастырь со своим уставом не ходят" дешет. Системаны өзгөртүш керек. Өзгөргөндөн кийин, мамлекеттик идеология керек.
Айсулуу: - Ал системаны биз өзгөртпөсөк, анда ким өзгөртөт? Аны азыртан башташыбыз керек. Анткени, биздин артыбызда эч ким жок. Мурун мыкты оппозиция бар болчу. Азыр андай күч жок.
Наргиза: - Азыр мекенчил балдар жок. Мекенчил болуш үчүн эрк, күч, дух жана тарыхты жакшы билүү зарыл.
Эрнис: - Мындай кадамдарга барыш үчүн өзүбүз кийинки муунга, балдарыбызга үлгү болушубуз керек жана аларды азыртадан тазалыкты үйрөтүп, тарыхты айтып беришибиз абзел.
Атыр: - Эң башкысы кыргыз сатылбайт дешибиз керек.
Талаптар
Атыр: - Азыркы бийлик башына келген партиялардан шайлоого чейин берген убадаларын аткарышын талап кылабыз. 7 пайыздык кредитти беришсин! Өттүк деп бутун сунуп отуруп алышпасын, айткан сөздөрүн ишке ашырышсын! 90 пайыз менен кабыл алынган Конституциялык реформаны өзгөртөбүз деп чамынышпасын! Бакиевди алып келебиз деп ойлошпосун! Шайлоонун жыйынтыгы чыга электе эле Россияга чуркап барган 4 партиянын лидерлери ал тарап менен эмнени чечип келгендерин эл алдына ачык айтышсын.
Гүлшайыр: - Чындап эле Россияга эмне үчүн барышты? Эмнени убада кылышты? Кайсы стратегиялык объектилерди соодалашып келишти? Кыргызстандын келечеги шайлоонун жыйынтыгы менен эмес, Кремль жактан чечилип жатканына мен түшүнбөй жатам. Анда эмне үчүн шайлоо алдында "Келечек ишти Россия менен макулдашып алып барабыз" деп эл алдына ачык айтышкан жок? Эми барып келгендерин эл алдына ачык-айкын айтып беришсин. Элди алдашпасын!
Мирзат: - Азыркы бийлик биздин талаптарды аткарбаса, анда мурдагылардан эмне айырмасы бар?!
Гүлшайыр: - Шайлоого бир жума калганда Россиянын каналынан Кулов чыгып, "Шайлоону февралга жылдырабыз" деген демилгени бийликте отурган партиялар көтөрүп жатат. Мен ага жол бербейм" деди. Иликтеп көрсөм, антип бир дагы партия айтпаптыр. Куловдун мындай "кара пиарын" эмне үчүн бир дагы ММК изилдеген жок? Дегеле 4-бутак деп аталган ММКга нааразымын. Анткени, 7-апрель жана Ош окуясы боюнча коңшу жана чет мамлекеттеги ММК бизди каалаганындай калчашты. Туура эмес маалыматтарды кетиришти. Ошондо алардын мизин кайтарган бир дагы ММК болгон жок. Эгер мамлекет кызыкчылыгын ММК коргобосо, анда анын жоголгону ошол. Силер деген чоң күчсүңөр, андыктан өзүңөрдө жоготпошуңарды суранам.
Назира СААЛИЕВА