митинг

"Ата-Журт" партиясынын парламентке келишине каршы болгондор
Шайлоо жалпысынан таза өттү деген менен, шайлоонун өтүшүнө нааразылыктар да болбой койгон жок. "Айкөл-Ала-Тоо" аттуу коомдун мүчөлөрү шайлоону тааныбайбыз, кайра өтсүн деп, парламентке өтпөй калганына жана шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор митингге чыгышты.
Эски аянтта, Ак үйдүн алдында туруп, кайрадан шайлоо өтүшүн талап кылган "Айкөл-Ала-Тоо" коомунда 7-апрелде курман болгондордун тууган-туушкандары, жакындары жана жарадар болгондор чогулган. Жалпы жонунан 1500гө жакын мүчөсү бар. Мындан тышкары аларга тилектеш 12 кыймыл чогулган.
Коомдун жетекчилеринин бири
Дүйшөнбек Шейшекеев:
- Биздин негизги максат болуп өткөн шайлоону жокко чыгаруу жана кайрадан парламентке шайлоо өткөрүү. Анткени мурунку "Ак Жол саясий" партиясы "Ата Журт" болуп парламентке келди. Ал жерде жерин саткан, ичип-жегендер, мурунку бийликтин куйруктары. Мисалга алсак мурунку шаардын атасы болгон Нариман Түлеев жана Камчыбек Ташиев, Ахмат Келдибеков, Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева ж.б. (Д. Исаева партиядан чыкты-Ред.) Эмне үчүн мындай болуп жатат? 88 бала жон эле каза болдубу? Биз аягына чейин турабыз, алар мобул артыбыздагы Ак үйгө келсе , биз аларды киргизбейбиз.
Мындан тышкары, бул коомдун негизги талаптарынын бири болуп мыйзамга люстрация законун киргизүү экендигин айтышты. (Люстрация деген латын тилинен которгондо "lustratio - очищения посредством жертвоприношений" - политическая практика, состоящая в законодательном ограничении прав некоторых категорий лиц-Ред.)
Коомдун мүчөсү
Казиев Абдыжалил:
- Шайлоо таза өткөн жок. Көпчүлүк т.а. эл акчага сатылып кетти. 1-2 ай аралыгында түзүлгөн партия кантип өкмөттүн курамын түзө алсын? Биз Суталинов, Конгантиев, Балкыбеков,Түлеев келсин деп шайлаган эмеспиз. Азыркы учурда бул жерде миңден ашык адам чогулду. Эртеңден баштап жер-жерлерден келишет. Биз аягына чейин турабыз,- деген оюн билдирди.
"Айкөл-Ала-Тоо" кыймылынын
мүчөсү "7-апрель"
кыймылынын лидери
Өндүрүш Токтоназаров:
- Шайлоодо регионализм жана акча чоң роль ойноду. Шайлоону кайрадан өткөрүш керек. Акчага добушун саткан адамдарды кылмышкер катары жоопко тартыш керек. Мындан тышкары, люстрация законун киргизип, Бакиевчил, Акаевчилдерди шайлоодо өткөрбөй коюш керек. Бийликке келген "Ата-журт", "Ар-намыс" партиялары парламенттик башкарууга каршы. Эгер алар өкмөттүн курамын түзүп, бийликке келе турган болсо,Конституцияны өзгөртүп президенттик башкарууну алып келет. Ал үчүн референдум жарыялашат. Анын баарына чоң акчалар коройт. Ошондой эле шайлоодон жеңип чыккан партиялардын лидерлери БШК жыйынтыгын толук чыгара электе эле Москваны көздөй жүгүрүшү бул туура эмес. Кыргыз калкым кимди шайлап койгонун түшүндү, эми алар туура тандоо жүргүзөт деген ойдомун. Эгер кетпесе, 5 жыл болсо беш жыл мен ушул жерде каршылыгымды билдирип жүрө беремин. Бул элге каршы партия деди.
Акыйкатчы Турсунбек Акун
Нарынга болгон жүрүшүн
токтотуп, элдин алдына
келгенин айтты.
- Мен "Айкөл-Ала-Тоо" коомунун азыркы учурда жүргүзүп жаткан иш-чарасын колдойм. Жер-жерлердеги участкаларда сатып алуулар, бирөөнүн ордуна салуулар боюнча арыздар түшүп жатат. Мындан тышкары, административдик ресурсту колдонгону тууралуу да маалыматтар бар. Алардын баарын чогултуп, кылмыш ишин козгойбуз. Кимиңерде ошондой арыздар бар болсо, бизге бергиле. Биз мониторинг жүргүзүп жатабыз. БШК шайлоонун жыйынтыктарын так, принципиалдуу чечип бериш керек. Мен ар дайым эл менен болуп келгенмин. Мен силер мененмин" деди.
Эл тараптан жеке эле шайлоо тууралуу эмес, Азиза Абдырасулова, Төлөйкан Исмаиловага да суроолорун жаадырышты. Митингчилер "Ата-журт" партиясына каршы болгондордун колдорун топтошууда. Ошол жерде кол топтоп отурган, 7-апрелде күйөөсү окко учкан, үч баласы менен калган Жайнагүл Давлеткулованын айтымында, учурда 10 миңге жакын кол топтолду. Жалпысынан 300 миңге жакын кол топтой тургандыктарын билдиришти.
Кайрат
КЕНЖЕБАЙ уулу