саябан

Аида КУЛУЕВА, ырчы:
"Мындай кырдаалда эркектер президент боло алмак эмес"
- Аида, кыялыңдагы кесипке кайрылсак. Актриса болсоң кинодо ойномок белең же театрдабы?
- Театрда ролду дароо алып кетиш керек. Ал эми кино бул - монтаж. Андыктан, кинодо ойномокмун.
- Чыгармачыл адамдардан кимди жактырасың?
- Жакшы көргөн жазуучум айтылуу Чыңгыз Айтматов. Таттыбүбү Турсунбаеванын ойногону жана белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын бийлегени жакчу. Бул эки атактуу айымдын көзү өткөнү менен өнөрлөрү көөдөндө жашап келет. Ал эми ырчылардан Гүлнур Сатылганованын үнү жагат.
- Чыгармачыл кыз-келиндерге мамиле башкача эмеспи...
- Туура айтасыз. Бирөөлөрдүн мага карата мамиле кылганы эсиме түштү. Жигитим экөөбүз мына баш кошобуз деп калганда, анын ата-энеси "ырчы кыз экен" деп мени алдырбай коюшкан. "А эмне, ырчы кыз башка аялзатындагы сапаттардан куру адамбы? Бу да болсо Алла Тааламдан берилген талант да" деп алардын мындай мамилесине түшүнбөй калгам.
- Эгер кызың сенин жолуңду жолдойм десе, макул болосуңбу?
- Ооба. Апам кичинесинде кийин ырчы болом деп кыялданчу экен. Жетпей калган кыялы мен аркылуу орундалды десем болот. Ата-энемдин колдоп турганы мага күч-кубат берет. Ата-энеме ыраазымын. Себеби, алар мага бактылуу балалыкты тартуулашты. Кичинемде эле кайсы мамлекетке барууну эңсесем, ошол мамлекетке жиберишчү. Эл-жерди көп көрдүм. Ошондогу бактылуу көз ирмемдерди эстесем, ал менин биринчи жолу Түркияга барганым. Анда мен ооз комузда ойночумун.
- Эрке болгон турбайсыңбы?
- (Күлүп) Эркелигимден сиңдимди айылга бердиртип отурбайымбы. 6-7 жашта болсом керек. Сиңдим төрөлгөндө тамак ичпей, эч кимге сүйлөбөй, таарынып, абдан жаман болупмун. Анан аны айылга беришиптир. Бир күнү айылга барганыбызда: "Ии, ушул менин сиңдим турбайбы. Капкара, көздөрү чоң. Аны эмнеге бирөө көтөрөт? Ал биздин кыз да",- дейт имишмин. Кылыгы чыгып, колго жарап калган кези экен. Же эркелете албайм, бирөөлөр аны жумшаса же ага болуша албайм. Айтор, аны карап, ага боорум ооруп ыйлап келгеним эсимде.
- Кайсы кара жумушту жакшы көрүп жасайсың?
- Кара жумуштан жакшы көргөнүм - кийим үтүктөө. Шаарда кара жумушка ошол кирет да.
- Аялзаты эркектер жеткен ийгиликтерге жете алабы?
- Жете алат деп ойлойм. Болгону ага менталитетибиз гана жол бербей турат. Ага карабастан, учурда президентибиз аял киши. Отунбаеванын эрктүүлүгүнө, бекемдүүлүгүнө, чыдамкайлыгына баа берсе болот. Себеби, бул орунга оор кырдаалда келип олтурду. Көп эркектер мындай кырдаалда, оор шартта батынып президент боло алмак эмес... "Манас" эпосуна кайрылсак, Каныкей апа кандай гана акылман аял болгон. Ошол эле Арууке, Айчүрөк.
- Сенин оюңча, Роза Отунбаевадан башка да аялдардан президент боло алабы?
- Эртеңки күн эмес, бүгүнкү күнүбүздү аныктай албай жатабыз. Андыктан, алдын ала бир нерсе айтыш кыйын. Бирок жол салынган соң, стереотип бузулгандан кийин, мүмкүнчүлүк бар. Азыр болбосо да кийин чыгышы мүмкүн.
- Саясатка кайдыгер карабайт окшойсуң?
- Мурда кайдыгер карачу эмесмин. Азыр саясаттан көңүлүм калып, жүрөгүм ооруп калды. Мамлекеттик башкарууну бүткөндүктөн, анын механизмдерин ичинен билем. Атүгүл саясатчы болууну да каалагам. Бирок, эл үчүн ак дилден иштебеген, пейили, ниети бузуктар башкарганын көрүп, бул кесиптен аябай көңүлүм калып калган.
- Саясый өзгөрүүлөр чыгармачыл адамдарга пайдасын тийгизет деп ойлойсуңбу?
- Билбейм. Тийгизгендер тийгизип эле жүрбөйбү. Үй да, сыйлык да, бийлик да алып...Жалпы чыгармачылыкка кандай таасир этет, эми көрөбүз да.
- Азыркы заманда чыныгы дос да табуу кыйын. Достугуң, курбулугуң кайсы критерий менен ченелет?
- Киши тандап достошкон эмесмин. Пейили таза, ниети түз, чынчыл адам менен курбу боло алам. 1-класстан бери окуган классташтарым менен да катышам.
- Курбулуктун баасы карыздашканда, кыйчалыш мезгилде билинет эмеспи...
- Көп суммада бирөөдөн карыз алган эмесмин. Алсам да бергенче шашам.
- Сенден карызга сурашабы?
- Ооба, сурашат. Көп сурайт. Бирок, карызга кимге бериш керек, кимге бербеш керек, ал дагы чоң маселе да.
- Сени бүгүнкү күндө капа кылган эмне?
- Элибиздин түндүк-түштүк болуп бөлүнгөнү. Кечээ эле: "Чоң кыз, атың ким?",- деп таанышышса, азыр: "Чоң кыз, каерденсиң?" дешет. Эгерим, жадагалса ата-энемден түндүк-түштүк деген маселени укпапмын. Мен бөлбөйм, баарына тегиз мамиле кылам. Баарыбыз биригип, кыргыз улутун түзөөрүбүздү түшүнүшүбүз зарыл. Дагы сөздүн касиетине ишениш керек. "Согуш болот экен" дей берип, согуш да болду. Ал бизге жакшылык алып келдиби? Ойлонуп сүйлөп, ниетибизди түздөшүбүз керек.
Маектешкен
Бүбү ТОКОЕВА