Адахан Мадумаров Жаныш Бакиевге камчы берип...
Азыр депутаттыкка өтө албай жаткан Адахан Мадумаров Бакиевдердин убагында жакшы эле иштебеди беле. Алар менен ниеттеш, табакташ болуп дегендей. Бир эле фактыны алсак, Жаныш Бакиевдин 50 жылдык мааракесинде "16 жашка чыктыңыз" деп ага комплимент айтып, ширин сөз сүйлөп, башына суусар тебетей кийгизип, үстүнө чепкен жаап, колуна камчы тапшырганы баарына маалым. Ошондо Мадумаров Жаныш Салиевичке камчы тапшырып жатып: "Бул баягыдай күч. Ошону чапкылаганда жолдуу болсун. Ал баягыдай ийгиликтер менен келсин. Мен эмнени айтып жатканымды сиз эң сонун түшүнөсүз" деп айткан экен. Экөөнүн ошондо эмне билгени болду экен?


"Ата Журттун" жаштары кимди коркутту?
"Ата Журт" партиясынын жаштары Жаштар министри Алиясбек Алымкуловго телефон чалып, "ордуңду бошотуп кой" дешкен экен" деген кептер чагылгандай тарады. Аны тактоо үчүн жаш министрге телефон чалсак, ал мындай маалыматты ырастабады. Камчыбек Ташиев болсо УТРК кабарчыларынын суроосуна "эки жумадан кийин Оторбаевди жумуштан алам, ошондон кийин силер менен сүйлөшөм" дептир. Парламентке бара электе минтип жатса, баргандан кийин эмне болот, билбейбиз.


Жапаров туура айттыбы же Жекшенкуловбу?
УТРКдагы "Эл билгиси келет" берүүсүндө Садыр Жапаров Аликбек Жекшенкуловго "Эч кимге айта элек элем, эми айттырып атасыз, Каркыраны Казакстанга берилишин колдоп коелу деп Жекшенкулов министр кезинде мага айткан. Ал эми Каркыранын берилишине мен кол көтөргөн эмесмин, ал убакта депутат эмес болчумун" деди. Садыр Жапаров ошондой эле "бизди Бакиевчил дейсиңер, андай болсо Бакиевдин тушунда иштегендердин баарын, Айгүл Рыскулованы, Өктөмхан Абдуллаеваны... баарын кызматка жолотпой койбойт белеңер" деп айтты.


Татьяна Бакиева Кыргызстанга келип кеттиби...
Бизге жеткен, бирок такталбаган маалыматтын биринде Курманбек Бакиевдин байбичеси Татьяна Бакиева шайлоодон кийин Кыргызстанга келип кеткенин айтышат. Казакстан аркылуу келип, Кыргызстандан тез арада чыгып кеткен дешет.




Чөнтөк телефон: зыяны жана пайдасы
Кыска убакыт ичиндеги зыяндары
o Көрүү аймагынын кыскаруусу;
o Жүрөк клапандарынын бузулуу кор-кунучу;
o Стресс жана чарчоо;
o Көңүлдү бир жерге топтоого тоскоол болот;
o Кулактын чымырашы жана ысышы, угуунун начарлашы;
o Баш ооруп, көңүл айланышы;
10-12 жылдан кийинки зыяндары:
o Генетикалык түзүлүштүн бузулуусу;
o Ак кандуулукка алып келет;
o Кан жана мээнин барьерлеринин бузулуусу;
o Жүрөк ооруга чалдыгуу;
o Эске тутуунун начарлашы;
o Угуунун бузулуусу;
o Эмбриондун калыптануусуна терс таасирин тийгизет;
o Боюнан түшүү коркунучу;
o Кан клеткаларынын бузулуусу;
o Иммундук системанын иштешинин начарлашы;
o Кан басымынын жогорулашы;
o Тери рагы;
зыяндарынан коргонуунун айрым жолдору:
o Мүмкүн болушунча кыска сүйлө-шүү;
o Өтө зарыл убакыттан сырткары жаш балдардын колдонуусуна тыюу салуу жана алардан алыс кармоо;
o Кош бойлууларга мүмкүн болушунча аз колдонуп, өчүрүп же болбосо жанында алып жүрбөө сунуш кылынат;
o Телефонду кулакка салып уккуч менен колдонуу. Бул радиациянын мээге жетүүсүнө бир аз бөгөт болот;
o Сүйлөшүүдөн сырткары кошумча аксессуарларын пайдалануудан качуу (коңгуроосуна койсо да түнү бою башыңызда туруп биологиялык ритмди бузат);
o Кыска маалыматты SMS менен эле кабарлоо;
o Уктап жатканда телефондун өчүрүүсү зарыл;
o Телефондун радиацияны эң көп жайган учурлары: бирөө чалганда жана терген номериңизди байланыштырып жаткан убак. Бул учурда телефонду баштан алыс кармоо сунуш кылынат;
o Телефон чалаары менен сүйлөшүү үчүн алысыраак кармап, ачкан соң гана кулакка жакындатуу;
o Лифт же машинага окшогон жабык жерлерде сүйлөшпөө, себеби, аппараттын тартуусу кыйын болгондуктан электромагниттик радиация көбүрөөк жөнөтүлөт;
o Радиациядан көбүнчө жаш балдар, кош бойлуулар жана улгайгандар жабыркайт;
o Мүмкүн болушунча антеннасы бар аппарат колдонуу;
o Телефонуңузду мүмкүн болушунча өзүңүздөн алыс кармап, сумкага, же болбосо сырткы чөнтөккө салганыңыз оң;
o Жүрөккө жана жыныстык органдарга жакын болбогон жерлерде кармоо зарыл;
o Көкүрөгүнө асып, бөйрөк тушуна тагып алган абдан зыян.




Чөнтөк телефон сиз үчүн кандай кызмат аткарат?
Эмир, окуучу:
- Мен айылдан Бишкекке окуганы келгем. Айылдагы апам, атамды, туугандарымды сагынганда телефон менен байланышам. Бирок өзүмдүн чөнтөк телефонум жок. Апам "оюндарын ойнобо телефон бузулат деп" эскерткени менен өзү бардык жумушун ошону менен бүтүрөт.

Майраш, мугалим:
- Убакыт өткөн сайын чөнтөк телефондун түрү чыгып атат. Чынын айтсам жаштардын көбү мода менен көтөрүп, анысын бири-бириникине салыштырып көрүшөт экен. Бирок мен ага деле кызыкпайм. Болгону тууган уруктун саламаттыгын сураганга, ишимдин тездешине жардам болсо болду. Утур телефон жаңыртып, номерин алмаштырганга кызыкпайм.

Мадина, студент:
- Албетте, каражат маселеси жол берсе утур жаңы үлгүдөгү телефон колдонгонго неге болбосун. Ар бир тарифтин өз баасы бар. Кай бирде симкартаны алмаштырганга туура келет, бирок айрымдар муну туура эмес кабылдашат. Менин турмушумда чөнтөк телефон зарыл дебесем да керектүү экенин жашыра албайм.
Даярдаган:
Кундуз ИСМАИЛОВА