сиздин пикир...

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору:
"Эл дагы алданды"
- Сиздин жеке пикириңизде шайлоо кандай өттү?
- Албетте, ар ким ар кандай болжолдоп айтып атышат. Менин жеке пикиримде, бул жолку шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болбогону менен канчалаган жарандарыбыз шайлоого катыша албай калды. Бул өкмөттүн күнөөсү десек болот. Ар бирин туруктуу жашаган аймактагы каттоосуна карабай, анын ким экендигин ырастаган документине карап, шайлоого катыштырса жакшы болмок. Тилекке каршы, андай болгон жок. Эл акчага, аракка алданды деп атабыз. Ошондой жол менен шайлоого катышып, келечегин аракка, акчага саткан атуулдарыбыздын өз убалы өзүнө.
- Шайлоодо алдыга оозуп чыккан беш партиянын келечектеги кадамдары кандай болот?
- Кодексте көрсөтүлгөндөй, кайсы партиянын добушу көп болсо, мамлекеттик бийликтин негизин түзөт. Партиялар коалиция болот же болбойт дегенибиз менен, алардын ар биринин өз көз карашы бар, электораттары теңирден тескери. "Ата Журт" партиясын кай бирлер улутчул десе, дагы бири кылмыш дүйнөсүнө аралашкандар дешүүдө. Чындап кылмыш дүйнөсүнө аралашкан болушса, анда алар жоопко тартылышы керек.
Кундуз ИСМАИЛОВА




Шайлоо таза өттү
Айнура Усупбекова баш болгон "Таза шайлоо " ассоциациясы парламенттик шайлоонун таза, административдик ресурс колдонбой өткөнүн белгилешти. 1600 байкоочу 800 шайлоо участкаларында көзөмөл жүргүзгөн.
Шайлоонун жүрүшүндө бир катар шайлоо участкаларында кемчиликтер байкалды. Алсак, Баткен областында бюллетендер салынуучу урналар толуп кетип, башка колдо болгон нерселерге салууга туура келген. №1130, 1139 шайлоо участкаларында маркировкадагы ультрасыякөк лампалары иштен чыгып атты, Түп районунда 220 чакты жалган талон беришкен, №1035 участкасында "Ар-Намыстан" Акылбек Жапаров документсиз добуш берди. Кант шаарында "Республика" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары акча тараткан. Ушул жана башка мыйзам бузуулар катталган. Бирок алар массалык мүнөздө болгон жок, дешти "Таза шайлоо" байкоочулары.

Нобухико Суто,
Япон парламентинин өкүлдөр палатасынын депутаты:
"Көп улуттуу Кыргызстандын Чүй тарабындагы шайлоого баа бердим"
Япониялык депутаттар Нобухико Суто менен Наото Сакагучи Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын өтүнүчү менен Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго байкоочу катары катышып, өздөрү көргөн участкалардагы шайлоонун жогорку деңгээлде өткөнүн билдиришти.
Япониялык депутаттар Бишкекте жана Чүй областынын 11 шайлоо участкаларында байкоо жүргүзүшкөн.
"Аталган шайлоо участкаларынын ачылышында жана жабылышында, ошондой эле Маевка айылындагы добуштарды саноого да катыштык.
Июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылышуудан кийин биз көп улуттуу аймактардагы участкаларга өзгөчө көңүл бөлдүк. Токмок шаарында дунган, өзбек, орус, немис, корей жана башка улуттар жашаган жерлерде болдук, ал тарапта эч кандай укук бузуулар болгон жок. Биз мониторинг жүргүзгөн участкаларда шайлоолор демократиялык мүнөздө өттү. Биз шайлоо комиссияларынын жана Кыргызстандын элинин аракеттерин жогору бааладык. Ал эми биз катышпаган шайлоо участкаларында ОБСЕ ж.б. уюмдардын бааларынан таанышууга болот.
Белгилеп кое турган бир жагдайды байкадык: айрым участкаларда шайлоочулар бюллетенге белги коюп жатканда арттан карап тургандар, алардын кимге добуш берип жатканын байкап кое ала тургандай болушту. Ошондой эле шайлоочулардын так тизмесин түзүү керек, айрым шайлоочулар тизмеден өздөрүнүн фамилиясын таба албай жатышты.
Биз Кыргызстандагы бул шайлоо демократияга карай кадам болооруна ишеним билдире кетели" дешти япониялык депутаттар.
Айгүл Бакеева




Шайлоонун жыйынтыгын кабыл албаган партиялар Улуттук конгресске биригишти
"Аки-пресс" маалымат агенттигинде 12-октябрда өткөн жыйында "Замандаш" , "Каганат","Ак-Санат", "7 -апрель кыймылы", "Акыйкат" партияларынын лидерлери шайлоонун жыйынтыгына ыраазы болбой , бул шайлоонун жыйынтыгын кабыл албастыгын билдиришти.
"Замандаш" партиясынын лидери Муктар Өмүракунов " биздин партияга добуш берет деп ишенген 188 миң адам бар болчу. Тилекке каршы, ошол добушубуздун жыйынтыгы да жок болуп атат. 10 -октябрда шайлоо түшкө чейин өз нугунда мыйзам бузуусуз өтсө, түштөн кийин мыйзам бузуулар болду" деп айтты.
"Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов буга чейинки өткөрүлүп келген шайлоолор салыштырмалуу таза өттү деп эсептейт. Бирок түштүк аймакта биздин үгүтчүлөрдү коркутуп, сабап, күч колдонушту. Ошто шайлоо учурунда криминалдык элементтер аралашты. Биз бул шайлоону тааныбайбыз.
Жогоруда аталган партиялар Жаңы улуттук конгресс түзүштү. Мына ошонун негизинде биз Кыргызстандын келечеги үчүн мыйзам чегинде иш алып барабыз. Биз шектенген участоктордогу добуштарды кайра санатып, далилибиз так чыкса өлкөнүн бардык аймагындагы добуштарыбызды санатабыз. Биз мандат үчүн эмес, кыргыз элинин келечеги, чындык үчүн ушул кадамдарга баруудабыз. Буга чейин бизди жеке амбициябыз бириктирген эмес, эми биригип жаңы күч "Жалпы улуттук конгресстин" алкагында иш алып барабыз. Баарыңарды ким лидер болот деген суроо кызыктырып аткан болсо, бизде бир лидер эмес, теңтөрага болуп иштешебиз. Роза Отунбаевага да бул тууралуу маалымат бердик дешет.




"Ата Мекен" социалисттик партиясынын кайрылуусу
10- октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоолор өттү. Ошону менен өлкөдө парламенттик башкаруу системасынын механизмдери ишке киргизилет.
Жалпысынан бул шайлоолор тынч кырдаалда өттү. Мурдагы жылдардагы шайлоолорго караганда бул шайлоо ачык жана чынчыл болду. Албетте, өткөндүн адаттары менен салттары бир заматта жоюлуп кете албады. Айрым участоктордо айрым тартип бузуулар катталды. Бирок алар массалык мүнөздө эмес жана шайлоонун жыйынтыгына чечүүчү таасир тийгизе алган жок. Шайлоодо борборлоштурулган мамлекеттик бийликтин алсыздашынан криминалдык жана финансылык ресурстарды пайдалануу кеңири жайылтылды. Тилекке каршы, тышкы кийлигишүү да болду-Өлкөнүн атаандаш партияларына жана шайлоочуларына саясий -маалыматтык кысым көрсөтүү болду. Ошого карабастан, шайлоолор өттү.
Учурда, Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи болуп революциялык Убактылуу өкмөттөн жаңы чакырылыштагы парламентке мыйзамдуу бийликти ыктыярдуу, күч колдонбой өткөрүп берилет. Ошол себептүү, шайлоолордогу жана добуш берүү учурундагы жогоруда айтылган терс көрүнүштөрдү белгилеп кеткенибиз менен, биз бул шайлоонун жыйынтыгын кабыл алабыз. Парламентке өткөн партиялар Кыргызстандын тагдыры үчүн жоопкер экендигин сезет деп ишенебиз. Алар өлкөнүн мамлекеттик курулушун жана социалдык- экономикалык өнүгүшүн партиялык кызыкчылыктардан жогору коет деп жана натыйжалуу парламентти түзүүдө бир чечимге келет деп ишенебиз.