Айсулуу Көкөева
Аялдын күндөлүгү
19-май
Менин тааныштарым ажырашкан, жесир, токол, кара далы, ойсоке, анан абдан эле үлгүлүү аялдар. Жесири тыңсынып, "тиги кара далы курбуң үчүнчү кабаттагы Райгүлдүн боюнда бар кезинде күйөөсүн үйүнө чакырып эле шыйпактай берчү экен го? Мамиле түзгүсү келип" - дейт. Мен анда: "Дагы кимдин боюнда бар экен? Эрин чакырып алып эрмектеп турайын" - деп койдум. Ак да дебей, көк да дебей мени карап эле калды.
10- июнь
Телевизордо болуп жаткан дискуссияга кошула албай жатканда тил кытышканда, аны зеленка менен сыйпаш керекпи же иод мененби…
Эки аял алыш керекпи же албаш керекпи? Эй, эгер аял тийсе тие берсин. Экинчи номур, үчүнчү номур болуп. Ар бир адам кайталангыс. Мен өз убактымда эримдин жалгыз сүйгөн аялы болуп жашагым келет. Жалгыздык - эрктүүлөрдүн шыбагасы.
13-июнь
Таң атаарда жер титиреди. Шак тура калып, шифоньердин үстүнөн учуп түшкөн сызгычты, жылып келе жаткан китептерди карап, калдырап жаткан идиштерге кулак түрүп коюп турдум, үйдүн так ортосунда. Балам таежемдикинде, ал аны жакшы көрөт. Эрим бирөөнүн койнундадыр, сүйкүмдүүдүр. Мен болсо мени менен ушул үй урап калсынбы же жокпу, ошону ойлоп, жада калса жаныбарчалык да жашоого тырмышуум калбай калганына кейип турам. "Келбей деле, кетпей деле койсом не" (Омар Хаям). Бирок, жердин солкулдаганы тынчымды алды. Кийин эмне болсом да сызгычты ордуна коюп коеюн. Китеп кулабай, идиштер калдырабай бир аз баары орду-ордунда тура турсунчу. Анан көрөөрбүз. Бирок, кантип эле, уялбай, күндөрдүн бир күндөрүндө жашоомо, ушул күндөрүмө ыраазы болуп калайын? Андай болбойт. Болбой калды го…
15-июнь
Гүлхан жоолугуп калды. Концерке баратыптыр, мен дагы. Улам жашоомду сураштырып коет. Дасторкондой жайылып бердим.
Концертте отуруп алып, телевизордон эки жыл мурда дүйнөдөгү президенттердин үй-бүлөлөрү, аялдарына жазган каттары жөнүндө болгон берүүнү эстедим. Эми мага эч ким, антип кат жазбайт. Ошондо камыр жууруп жаткам. Камыр колдорум менен дубалды чапкылап ыйлаганымды эстеп, өзүмдү кармай албай дагы ыйлап, көз жашымды бетаарчым жок болгондугуна байланыштуу бетиме шыбап коюп, мурдумду шыр тарттым. Өзүмдү ушундай аяп кеттим дейсиң. Ии, ичим ачышат. Гүлхан мага салфетка берди. "Да брось ты".
16-июнь
Бүгүн дагы жыргап рецепт жаздым. Эмне үчүн рецепттерди көчүргөндү жакшы көрөөрүмдү өзүм билбейм. Бирок, көрсөм баса калып жазам. Тамак жасоо, бактылуу болуу, кир жуу, кудайга жалынуу, бала багуу, адамды сыноо, дарылануу, сүкүт салуу, жакшы адам болуп, кишиге жагуу, китепти тез окуу, жасануу, кемчиликтерди жашыруу, көнүгүүлөрдүн түрү, төлгө тартуу, узун өмүр сүрүү, аз иштеп, көп пайда табуу, аутогендик машыгуу боюнча. Анан ошонун бирөөсүн жасасамчы?
Бир китеп таптым. "Парадокстор театры" Ежен Ионеско. "Уулум менин, сен мен бул дүйнөнү жардырайын деп жатканымда төрөлдүң. Аны сенин төрөлүшүң сактап калды. Эмне болсо да мен согушту каалабай калдым. Сен мени адамдар менен элдештирдиң. Алардын тагдыры, бактысыздыгы, кылмышы, үмүтү, өкүнүчү менен байлап салдың. Мен алардын тагдыры үчүн корктум, жана сенин дагы…"
Мен дагы. Баламды карап отуруп көп нерселерге макул болдум. Мындай нерселерди жазыш үчүн кайсыл жерде туулуп, кантип жашап, кантип ойлонуп, эмне тамак жеп, канча уктап, канча сүйүнүп-кайгырыш керек?
Иштеген жеримден курортко жолдомо алганы калдым. Кийимдеримди сорттоп көрсөм эки эле жакшы көйнөгүм бар экен. Бири чаар, бири көк. Кызымды кошо ала кетем.
17-июнь
Үйдө нан жок. Баягында каткан лепешканы ыргыткандан эринип, бурчка жыйып койдум эле. Ошону алып, кайнаган сууга чылап жедим. Курсагым тойбосо да көңүлүм тойду. Кудайга аябай жалынып-жалбарып кечке ыраазы болуп жатып, бата кылдым. Демейде колумду желп эттирип туруп кетчү элем. Күлкүм келет. Мына ошондой… Эми үйдө катуудан туз, жумшактан суу гана калды. Бир окуган чыгарманы эстедим. С.Беккет.
"-Эмнеге сен муну токтоткон жоксуң? (жашоону)
- Кээде жолум болуп жатты.
- Ошентсе да эмнеге мунун баарын токтоткон жоксуң?
- Мен да бул жөнүндө ойлондум.
- (таарынып) Бирок кылбадың.
- Мен аягына чейин бактысыз болгон жокмун.
Бул дайыма менин шорум эле: бактысызмын, бирок аягына чейин эмес.
- Антсе да сен күн өткөн сайын бактысызыраак боло беришиң керек болчу.
- (Жаны кашайып) Аягына чейин бактысыз боло албай жатам!" Мага окшогон любопытный неме го.

18-июнь

Бир аял мага бир телефон берди. Оюңа келгенди ушул телефондун кулагын бурап алып оттой бер, угуп турат каалашыңча, кризистик борбор дейт. Кабинеттин эшигин жаап алып номурду бурап алып саламдаштым. Эмне болду деп сураганда эле мен баштап жибердим. Көз жашыма жуунуп, креслонун жапкычын сыйрып алып, бет аарчы кылып бырылдап жатам. "Жүрөгүңүз жеңилдедиби?" дейт. "Кайдаан. Огоо бетер, чукулуп калды жарасы"- десем ошол офиске бир аз жашаганы чакырды. Үйдө нан жок. Бардым. Кризистик борборуна. Баары эринен, жашоонун катаалдыгынан качкандар экен. Сырын бири-бирине айтыш керекпи бул да талаш маселе.
Айтчусу өзү айтып берди. Айтпагандарынын тагдырын бири-бирибизден сурап билип алдык. Эми жүрөбүз баарыбыз, наалыганыбыз коендой окшош жана окшош эместер. Мен булардын түйшүгүн заматта чечип коймокмун. Мына меники оор. Баягыда Нурлан деген таанышыма жолуктум.
- Ии, мына, эми өзүңө келип калыпсың, оңолуп. Ажырашканың жакшы болуптур. Тигинин жаздыгы начар неме турбайбы. Деги жыргаган деле жок элең - дейт. Мен өзүмдү күнөөлүү сезип, актана баштадым. Ага болушуп жүрүп көнүп калыпмын. Ойлосом Нурлан ага деле ушуга окшогон кеп айтты да.

19-июнь

З. деген келин сүйлөшүп отуруп: "Иним келет аскерден жакында. Сиңдим үйдөн чыгып кетиш керек. Аны иним зордуктап жүрүптүр. Апам инимди жакшы көрүп, сиңдимди күнөөлөйт" - дейт.
Кейип-кепчип, ыйлап-сыктап жаткандардын бирөө ваннадагы тиш пастаны согуп кетиптир. Демек, жашоо уланууда…
Дарылануу убакыты бүттү. Кризистик борбордо ушунча убакыт гана кармашат экен. Үйгө келдим.

21-июнь

Кызым келди, таенеси менен. Араң өбүштүм. Адамдын жытын жактырбайм, боюмда барда.
Кызым эшикте ойноп жаткан. Мен болсо жатам жаным кашайып, бүрүшүп, жалгыздык жазданып. Апам отурат ылдыйыраак. Мени муңайым карап туруп бутуман сылап коет… эми эмне кылалы экөөбүз тең. Сырдаш эмес болчубуз. Сырдаш эмес. Көнгөн эмеспиз сырдашканы. Ушинтип бут сылашып калдык. Сезимибизди ушинтип билгизебиз. Мен деле эми ал кейигенде бутун сылап коем. Ошол эле жетет. Кайсы бирин айталы? Айтсак эле бири-бирибизге акыл айтып, сынашып, күнөөлөшүп кирет болушубуз керек. Ошондуктан ушул эле бут сылоо ыңгайлуу болуп калды көрүнөт.

22-июнь

Быйыл барам атама. Ага айтпай акырын коштошом.
Эптеп акча таап, путевка алдым. Кызым экөөбүз кетебиз. Шаардын таштандыларынын сассыгынан тажап кеттим. Дарыланбасам да таза абада жашай турам.

24-июнь

Курортко бүт баарын алып, паспорт менен жолдомону, күндөлүгүмдү унутуп калыпмын. Жолдон кайтып келип карасам баары бир топ болуп туруптур. Араң жеттик.

25-июнь

Эртең менен терезеден токойдун жыты келет экен. Жалаң кемпир-чалдар. Эми накта зеригет экенмин. Шаарда молдо, бакшы, көзү ачык, психологдордун башын айлантчуу элем. Эми врачтар бар. Кызым кийимин кирдетип салыптыр. Тарс эле бир чаптым. Өңгүрөп ыйлап калды. Тиги жакта кетип жаткан улгайыңкы эже кызыма басып келип: "Эмне ыйлап жатасың? Жакшы кыздар ыйлабайт" -деди. Кызым сооронуп алып: "Мына, мен соорондум. Менден да апам көп ыйлай берет. Жалаяк үтүктөп жатканда аябай ыйлайт. Ползунка үтүктөп жатканда деле ыйлайт" - дейт. "Эмне, сенин бөбөгүң барбы?" -десе "Ооба. Курсакта" деп менин курсагымды катуу чаап коет. Анан ал эже токтоп алып огоо бетер эле такып сурап туруп алды. Кайдан көрдүм эле дейм да. Көрсө Зуура Сооронбаева эже экен. Киришип чыгышып калдык.

26-июнь

"Жүрөгүм - оор жүгүм" деп ким менден "уурдап" жүрөт? Ашканада шорпо ичейин десем тамагыма такалып, көзүмдөн жаштар биринин артынан бири чууруп, чууруп кетти. Карманалбай калыпмын. Ушул жерде жөн эле отурсам болмок карманып. Завзал эмнегедир койуу тамактан дагы бирди коюп койду. Огоо бетер ийним бүлкүлдөп, үнүм менен ыйлап жибербеш үчүн кечке кылдаттык менен тамагымды жутуп жаттым.
Корридордо бир киши медсестраны сурайт.
- көрбөдүм десем
- Эмнеңди дарылаганы келдиң? - дейт.
- Нерв -десем
- Мен сага эң сонун кеңеш берем, амалын билем. Анан чык - деди.
Кызымды уктатып коюп эшикке чыктым. Аты Р.
- Күйөөң барбы?
- Эмне десем
- Муж объелся груш?
- Ошого окшош -дедим.
- Фигураң ничего экен- деп көзү менен сыйпалап коет. Ичиркене түштүм. Бар күйөөм деп койбопмун.
- Ушинтип суу жээктесең нерв бат эс алат. Бүгүнкүгө жетет. Конокко чакырып келиптир. Тамактандык десем болбойт. Досу бар экен койтойгон.

27-июнь

Шаарга барабыз дейт. Ээрчип алдык. Базарга кирээрде балмуздакка деп чөнтөгүмө 100 сомду шып эттирип салып койду. Бир балмуздак алып 95 сомун кайра шып эттирип чонтөгүнө сала койдум. Бул кылыгыма эси ооп, кафеге киргизди. Бөлмөгө жеткирип, бир пакет карматып койду. Ичинде кока-кола, чучук, клубника, алма бар экен. Кызым баса калды. Ырдап коюп жеп отурат.

28-июнь

Кызды күндө эшикке чыгарам. Ойнойт. Мен болсо кайгыруу боюнча милдеттеме алгансып жатам сулап. Эшикти жапкан эмес элем, Р. кирип келиптир шыпылдап. Соолуп, турганга да дарман жок. Бир нерселерди сүйлөп жатып "Сага палоо басып жатабыз" дейт. Бир убакта билегимден тарта калып, өпкөнү обдула калды. Колумду шарт эле күчүмдүн баардыгынча тартып алып, көздөрүм ала чакмак болуп, жаалданып кыйкырып жибере жаздап, дубалга сүйөнүп отуруп калдым. Таң калып эле "Палоого кел" деген бойдон кетип калды. Ойлоду го, жакшы мамилеме төлөп койгом деп. Э.Радзинскийдин "Смерть поэтов России" - дегенин көргөнү кетип калдым. Р.келип, эшигимди чертип, чыкпаганымдан кызымды эшиктен таап, колуна шоколад, алча берип, мени чакыртып жибериптир. Эл толтура залдын эшик жагына келип алып:
"Апа, жүрүңүз, сизди баягы бизди машинесине салып алып шаарга ойноткону алып барган байкелер чакырып жатат. Ошол киши мага доколад, алма берди. Апа! Карасаңыз!" - деп кыйкырат. Же кирбейт, же чыкпайт. Баары мени карап, аны карап угуп турушту.
- Ии. Болду эми. Бери кел - дейм.
- Сизди чакырып жатпайбы, палоо жейбиз. Жетип барып:
- Столовыйдан тамак жейбиз, жүр, ал жерде эки тамактан берет деп алдап, токой аралап жүрдүк.
Кошунам кечке ар нерсени айтат. Башымды ийкечү жерде чайкап, чайкачу жерде ийкей бергенимди байкады окшойт. Оюм оттоп кеткенин, унчукпай калды. Көз жашым бетимди ачыштырбаса деле ичимден ыйлай берип эзилип кеттим. Сыздай баштадым. Корридорго чыгып алып, ыйлай турган буйтка издесем жок. Дубалга жөлөнүп алып баштагам чыдабай. Зуура эженин бөлмөлөшү айтып барган окшойт. Зуура эже чыгып, мени бөлмөсүнө киргизип, отургузуп чай коюп, дасторкон жайып, каймак-сүтүн коюп алып сыйлады. Ар кайсыны айтып, сурап жубатат. Көпкө отурдук. Анын да жүрөгүн оорутуп койдум го. Бирок, анын шыбагасы ошондой. Бир гений өлүп жатып: "Кудай кечирет. Бул анын кесиби" -деген экен. Эмне жөнүндө ыйлап жаттым эле? Кантип башталды эле?

29-июнь

Кетип баратсам Р. турат. Сүткө тойгон күчүктөй болуп алыптыр мадырайып. Жетип келди. "Кече кайда болдуң? Тыкылдаттым бөлмөңдү. Сураштырдым. Эч жерде жоксуң"-дейт. "Ии" -деп-макул болуп койдум. Кызым, ал болуп дарыя жакка сүйлөшүп бара жатсак кызым улам сөзүбүздү бузуп, бир нерселерди сурайт. Же алдыга чуркайт, же артка басат. Тигини карасам жактырбагандай… Жат неме. Ошондой эле болот. Таштарда отуруп, дарыянын шаркырагын угуп кайра кайттык. Р. досуна: "Кел, кой сатып алып жейли" - деди. Анысы кыжырданат. "ичегини сен артасыңбы?" Р. мени карады. Мен ичегилердин жытын эстеп кумсарып, эсим ооп кала жаздадым. Р. эшикке чыкканда досу: "Сизди досум абдан сыйлайт. Эмнеге андан качасыз? Ушунча дос болуп жүрүп анын бирөөнү мынча жактырганын көргөн эмес элем". Тишимди кычыратып, жылмайып отуруп бердим. Кызым улам конфет, алма, кара өрүк, печенье көтөрүп келет. Кинозалда отурсам келип баягыдай: "Апа, баягычы, бизди машинеге.. үйүнө чакырган… Р. деген, үчүнчү кабатта жашаган кишичи, бизге палоо жасап, анан биз барганды унутуп калбадык беле, ошол байке ушуларды берди. Сизди чакырып жатат. Күтүп турат"-деп кабарлап келет. Эмне кылыш керек буга?





Жигиттердин мүнөзү
Кыз-келиндер өмүрлүк жарды тандап алаарда өтө кылдат болушу зарыл. Эркектер мүнөз, жүрүм-туруму боюнча төмөнкү турлөргө бөлүнөт: "козголоңчу", "кызганчаак", "түз жүргөн", "фанат", "тарбиячы", "энесинин эркеси" жана "жүрөк жаралагыч". Сиз сүйүп бирок анын кандай адам экендигин билбей жүрсөңүз, төмөндөгүлөрдү окуп, сиз жактырган адамдагы айрым катачылыктарды билип алганыңыз дурус болоор.
"Козголоңчу" - өмүр бою өзүнүн коллегалары, жоро-жолдоштору же ата-энеси менен тил табыша албай өтөт. Козголоңчулардын ою боюнча чогуу иштешкен кесиптештери да, жоро-жолдоштору да, ата-энеси да аны түшүнбөйт. Алар баарына киришет, өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүк бербейт. Козголоңчу; "мен силерге кичинекей бала эмесмин, мага кандай жашаш керектигин үйрөтпөгүлө" деп кыйкырып, ага жакшылык санаган жакындарынын баарын душман көрөт. Козголоңчуга баш кошкон кыз-келиндер да эртеби-кечпи, анын душмандарынын бирине айланат. Козголоңчулар - жоопкерчилиги жок адамдар .
Эгер сиз тандаган адамдын мүнөөзү "кызганчаактарга" кирсе, анда ал өмүр бою сизди өзүнүн жоро- жолдошторунан, кошунадан жадакалса, куурайдан да кызганып өтөт. Илгери сүйлөшкөн жигитиңиз тууралуу билип калса, балээге калганыңыз. Ошондуктан эч нерседен сыр алдырбаңыз. Кызтанчаактар - өзүнө ишенбегендер.
Эгер сиз тандаган эркек езүнүн жоро-жолдошторун сындаса, анда ал "түз жүргөндөрдөн" Интимдик мамилени өтө жоопкерчиликтүү деп эсептейт. Мунун эмнеси жаман деген суроо туулат. Себеби ал дагы турмушта кездешүүчү кыйынчылыкты, жоопкерчиликти өз мойнуна алгысы келбейт.
Эгерде сиздин жарыңыз музыкага, футболго, эстрадага кызыкса, анын кругозору дурус болуш керек деген ой пайда болот. Албетте, кандайдыр бир нерсеге кызыгуу жакшы деңизчи, бирок бир гана анын өзү үчүн жакшы. Жолуккан сайын өзүнүн сүйүктүү футбол командасы тууралуу айта берип сизди тажатат. Сүйгөн командасы утулуп калса, анда да жинденип, жөнсүз оройлонот.
"Тарбиячы" эркектер алардын өздөрүнүн пикири боюнча периштеден кем эмес таза адамдар. Өздөрүн бардык жагынан келишкен адам деп ойлойт. Акыры сизди да келишкен "периге" айландырууга бүткүл күчүн жумшайт. Сиз кийген кийимден, сиз ичкен чайга чейин сындап, "мага жолукпасаң, сени сенин алдагы кейпиң менен эч ким карамак эмес, сенде табит деген нерсе такыр эле жок турбайбы" деп тарбиялай баштайт. Мындайдан артка карабай качуу керек. Эгер тарбиячыга туш болсоңуз, ар бир кадамыңыз саналып, ошол эле учурда таразаланып турат. Маселе сиздин таразаңыздын ташы каякка оорунда.
"Энесинин эркеси" - айтып тургандай эле, энесинин сөзүнөн чыкпаган эркектер. Анын башкы авторитети - энеси гана. Энесине сиз жакпай калсаңыз, сизди дароо душманындай көрө баштайт. Мындай категориядагы эркектер өз алдынча эч бир ишти аягына чыгарбайт. Энесинин жардамын күтүп отура берет. Мындай эркекке жолуксаңыз өмүрүңүз өткөнчө эрдин да, аялдын да түйшүгүн өз мойнуңузга жүктөп өтөсүз.
"Жүрөк жаралагычтар" - эң коркунучтуу эркектер. Мындай типтеги эркектер көбүнчө сулуу келип, бал тилдүү болушат. Аялдардын башын айлантканга маш келишет. Аялды эс-акылы: "абайла, маңдайыңда накта Донжуан" турат десе, жүрөк кургур "жок, ушул менин тагдырым түбөлүгүм ",- деп чыккынчылык кылат. Алданып калбаш үчүн алардын аркасынан аңдыш керек. Мындайлар көңүлүңүздү сындырып кетиши мүмкүн.Эмнеси болсо да чебердеп мамиле кылыңыз, жүрөгүңүз жараланып калбасын.
Деспоттор - тандап алган жарын өмүр бою басынтып, кыйнап жүрүп өтөт. Дайыма үстөмдүк көрсөтөт. Колу да катуу, тили да ачуу болот.Каршылык көрсөткөн адамга меники туура деп, кежирленет. Албетте, сизди мындай жигитке кудай туш кылбасын. Эгер тагдыр буйруп калса арга жок, көнүп кетесиз. Себеби сиз аны сүйүп , күйүп жүрүп таап алгансыз.
Даярдаган Кундуз ИСМАИЛОВА