Алло, алло... Бул сенсиңби, кандай, салам!
Урматтуу окурмандар! Сиздер үчүн ушундай рубрика ачтык. Эгер каалоо-тилек, көйгөйлүү маселеңиз болсо, анда 59-19-44 телефонуна чалыңыз. Эскерте кетчү нерсе: бирөөнүн дарегине акараат сөз айтмай, бирөөнү сөкмөй жок.
А-01. Бишкек шаарынын тургуну Турдуманбетов Алмазды жана анын уулу Нурсултанды кош келген туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Силерге бардык жакшылыктарды каалайбыз. Ар бир баскан изиңерди ийгилик коштосун. Ар дайым бар болгула.
Жазгүл, Нурайым, Жазайым, Назгүл, Кундуз

А-02. Элдин ээсин оодарган партия утушка келгенине кыжырым келгени менен, менин колумдан эмне келет?! Ошентсе да, жеңилдеп алайын деп айтчумду айтайын деп жатам. Элди алдаштыбы же эл алдандыбы, айтор, түшүнүксүз нерсе болуп кетти. Кыскасы, кыргыз дагы утулду. Шоруң шорподой катпаса дагы, шоруң көп экен КЫРГЫЗЫМ.
Кочкордон Азирет

А-03. Кандайча "Ата Журт" партиясы алдыга озуп чыкты, өзүнчө эле табышмак. Канчадан бери элдин ысык-суугуна чыдап келип, 7-орунда калган Темир Сариевге "жалко". Азыр деле кыргыз эли шок болуп олтурушат.
Жети-Өгүздөн, Самара

А-04. ПАТРИОТ байке аман бол!
(Болот ШЕРге арнайм. Атам түшүмө кирип, ага арнап ыр жаз деп аян берди)
Ар дайым атам айтчу эле,
"Улутчул дешет билбеген
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кызыл эт кезден торолтуп,
Кыялым көккө күүлөгөн.
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн"
Атамдын ошол сөздөрүн,
Болотбек байкем жолдоду.
Каркыра сыздап турганда,
Жардамга "Эрлер" жок болду.
Коргойбуз деген бир гана,
Өмүрбек, Болот Шер болду.
Жардамсыз шордуу Каркыра,
Ажырап бизден жок болду…
Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Улутун сүйгөн Шер Болот
Улутчул эмес - ПАТРИОТ!
Болоттой эрлер көбөйсө,
Бакубат жашоо тез болот.
Аман болсун ар дайым,
Арстан жүрөк эр Болот!
Карлыгач Сарногоева

А-05. Салам сага, гезит жамааты
Окурманыңар көбөйсүн.
Элдик гезит болгула, анан дагы,
арнаймын жакшылыкты.
Назар салып эл, жериме,
Сапар алгын жер бетине.
Болгонун жазып,
Керегиң тийсин элиме.
Кудайым колдосун,
Жолуңар ачык болсун.
Ар маселе ишке ашырып,
Эл берген соболдорго жооп табып.
Келгиле, силер дайым элге жагып,
Ар пенде назарын салып.
Мен болсо кулунумун
жөпжөнөкөй кыргызымдын.
А Х. Бадро




Учкул ойлор
Индира Ганди:
"Чоң атам айтты эле: адамдар эки топко бөлүнөт, бир бөлүгү чеке тердетип иштегендер, экинчи бөлүгү болсо, ошол эмгекти өзүнө ыйгарып алгандар. Сен кызым, биринчи тобуна кошулуп жүр, анткени ал жакта конкуренция азыраак болот".

Нэнси Астор:
"Бул турмушта баарын өзгөртөм дегендер жана эч нерсе өзгөртө албайм дегендер өзгөчө коркунуч туудурат".

Кэрол Бернет:
"Комедия бул трагедия менен убакыттын кошундусу"
Амброз Бирс:
"Бир жыл бул 365 ирет көңүл калуу мезгили"

Бойл:
"Ишиң оңолуу жолунда баратканда эле орто жолдон бирөө чыга калып, кандайдыр бир эксперимент баштап жиберет да, ишиңдин баарын ойрон кылат"

Александр Вампилов:
"Ишке ашкан нерселер кыял болуп саналбайт, ал -план"

Вейлер:
"Адамдын колунан келбеген нерсе жок, эгер ал ишти башка бирөө жасай турган болсо"

Генрих Гейне:
"Дүйнөдө адамдарга караганда, акмактар көп"

Геррольд:
"Кичинекей ката узакка кетчү натыйжа бериши мүмкүн"

Шарль Де Голль:
"Бейиттер алмаштырылгыс кишилерге толгон"

Декаприо:
"Ар бир нерсе үчүн көбүрөөк убакыт жана акча керек"

Зиммерман:
"Баары жайында болсо, ал ишти эч ким байкабайт"