Саясый рекламанын таасири канча?
Калайык калк, калыс бойдон калгыла!
Эгемендик элге келген жылдары,
Эл кубанып эркиндик деп ырдады.
Ажо деле шымаланып киришип,
Акырындап жүрдү турмуш ыргагы.

Анан билбейм, акырындап бузулду,
Татып келип татпагансып тузуңду.
Үйбүлөлүк башкарууга тушугуп,
Үйбүлөсү элди бийлеп кутуртту.

Акаевдин тушунда бир алдандык,
Ачуу менен кирип барып Ак үйгө.
"Алла талаа акыл бер деп ажого,
Айла кетип жаканы бек кармадык".

Анан көрдүк Бакиевдин караанын,
Ал бекемдеп, аздан туш-туш тарабын.
Тандем менен такты ээлеп кууланып,
Тартуулады тууганчылдык талабын.

Элге берген убадасын унутту,
Элди эзип тезек терип курутту.
Үйбүлөсү, инилери сайрандап,
Бөлүп алды майлуу сүттүү жумушту.

Так ошондо элим калды чыдабай,
Эркиндикти эңсеп турдук, кудай ай!
Снайперлер элди атты жалданып,
Элим калды экинчи ирээт алданып.

Калыс болгон байга дагы, жардыга,
Калкым кыргыз асыл максат алдыда.
Калбайлычы баягыдай алданып,
Калайык калк калыс бойдон калгыла.
Талапкерлер таңдан кечке жүгүрдү,
Татыктуусун тандап шайлап алгыла.

Асанкул Буудайчиев,
Нарын областы




Парламентке шайлоо алдындагы өнөктүк улам катуу жүрүп баратат. Мыйзамга каршы келгенине карабастан, көпчүлүк партиялар үгүт жүргүзүү мөөнөтү баштала электе эле өздөрүн түркүн ыкмалар менен элге таанытууга шашылды.


Беш жылдай илгери: "Бизде партиялардын аты бар, жыты жок, шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү аларды тааныбайт. Ушундай шартта парттизме негизинде шайлоо өткөрүүгө эртелик кылбайбы?" - деген суроого азыркы көрүнүктүү саясатчылардын бири мындай жооп берген болчу: "Байге коюлмайынча, күлүктөр жарышка чыкпайт. Саясый күрөштө да БИЙЛИК деген байге койсок, партиялар бат эле көбөйүп, ирденип, майдалары чоңдоруна кошулуп, коомдо таасирдүү атаандаштарга айланат". Чын эле, жаңы системага өтөрүбүз аныкталган соң, саясый уюмдар жамгырдан кийинки козу карындай жамырап чыга келди. Бирок катарынын калыңдыгы, белгилүүлүгү, эл ишеничине жетишкендиги менен азыр саналуу эле партиялар мактана алат. Ошондуктан көпчүлүгү элге таанылуу (же анча-мынча белгилүүлөрү - кадыр-баркын калыбына келтирүү), атаандаштарын "өчүрүү" аракетинде.
Телеканалдар, радио жыштыктары, гезиттер, Интернет сайттары кыйыр түрдө саясый жарнама жүргүзүүгө киришкен. Имиш (ушак) сөздөр, социологиялык сурамдардын "ишеничтүү" жыйынтыктары да негизинен тигил же бул партияны көтөрмөлөө максатында жарыяланып жатат. Бир эле "каарманды" (партияны же анын лидерин) бирөө айга-күнгө жеткире мактаса, башкасы жерге житире каралайт. Көчөлөрдө күзгү жарышка камданган саясый уюмдардын аталыштары, ураан-чакырыктары батпай кетти. Ырас, алар амалкөйлөнүп, атына маанилеш сөздөрдү же өз аттарын эле тырмакчасыз беришет. Мисалы, "Өлкөнү өнүктүрүү - жалпы ишибиз" ("Республика" партиясын колдогула дегени), "Ар-намысың менен жаша!" ("Ар-намыс" партиясы), "Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн!" ("Бүтүн Кыргызстан" партиясы).
Жакшы сөздөр. Кайдыгер эмес ар бир жарандын дилиндеги ойлор. Баарынан да эчен жылдар бою Ала-Тоо аянтында жол четинде ташка чегип жазылган бойдон чаң басып жаткан "Асыл ой, ак сөз, адал иш" урааны чоң көчөлөрдүн кесилишине көрүнөө илинип коюлгандыгы мага жагат. Ушундай жакшы сөздөр шайлоо өткөрүлбөгөн жылдарда деле тийиштүү баалуулуктарга көңүл бургузуп турса, кандай сонун болмок!
Бир гана тактап коёр жагдай - ушул партияларды жактабаган жарандар деле өлкөнү өнүктүрүүгө, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоого зор салым кошуп, ар-намыстуу жашай алат. Анын үстүнө, тырмакчадагы жана тырмакчасыз сөздөрдүн кандай айырмаланарын кат-сабаты барлар жакшы билет эмеспи (мисалы, шарттуу аталыш жана түшүнүктүн өзү, сөздүн түз жана какшык мааниси ж. у. с.). Эң башкысы, эл саясатчылардын сөзү менен ишинин ортосунда ажырым жоюлушун каалайт.
Маанилеш сөздөр, каршылаш мүдөөлөр…
Көпчүлүк партиялардын программалары бир эле үлгүдөн көчүрүлгөн, айырмасы жокко эсе. Муну лидерлер өздөрү да көбүнчө танбайт. Ошондуктанбы же шайлоочулардын таанышып көргөнгө убактысы, каалоосу жок болгон үчүнбү, партиянын ишмердигинин негизги багыттары гана жазылчу платформа деген документтер, атүгүл жарым беттик кыска буклеттер да окулбай кала берет.
Ошондуктан эң чакан жарнама партиянын аталышында эле камтылат: "Ата мекен" менен "Ата журт"; "Мекен Ынтымагы" менен "Бүтүн Кыргызстан" (плюс "Биримдик", "Единство и содружество", "Содружество" - бешөөңөр ынтымакка келе албай, элди кантип бириктиресиңер?!); "ЭрК" менен "Эркин Кыргызстан", "Ар намыс" менен "Абийирдүү Кыргызстан", "Союз. Свобода. Справедливость. Родина" менен "Акыйкат" ж. у. с. Лексикалык мааниси дээрлик бирдей сөздөрдөн куралган бул жуп аталыштар саясый мүдөөлөрү көбүнчө такыр карама-каршы же дал келбеген партияларга таандык.
Көп партиялардын программалары, платформалары эле эмес, аталыштары да окшошкону менен, лидерлеринин дымагы биригүүгө мүмкүндүк бербейт. Кептин баары программада эмес, башчыларынын эптеп бийликке жетүү мүдөөсүндө деген элдин пикирин да төгүнгө чыгарыш кыйын. Байыркыдан күңгүрөнүп, архаика жыттанган "Каганат", "Туран", ак жоолукчан "Айымдар акыйкат үчүн" партиясы менен Кыргызстан аялдарынын жана жаштарынын "Жаңы күч" демократиялык партиясы, улан-кыздардын "Жаштар үнүн колдоо", "7-апрель жаштар кыймылы", аңчылык доорду эске салган "Ак шумкар", "Алгыр Кыраан", "Улуу Барчын", орок-балкалуу коммунисттердин эки партиясы…
Көпчүлүк партиялардын аталышында "элдик" ("демократиялык") аныктамасы бар. Бирок булардын кимиси эл бийлигин чындап жактайт? Кайсынысы ушундай мамлекет курууга күчү (интеллектуалдык, уюштуруучулук, саясый, маданий даремети) жетет? "Элдик-демократиялыгы" да кездешет экен - муну Түндүк Кореядагыдай бийлигин баласына гана мурастоочу Улуу Жолбашчы жетектеген, "эки эселенген элдик бийлик" деп түшүнөбүзбү?
"Ата журт" партиясынын аталышындагы "идеалисттик" деген аныктама немис философу И.Канттын "категориялык императивине" байланышканбы же материалдык чындыкты танган илгерки акылмандардын көз карашынабы?
Ырас, бул жерде аты аталган партиялардын кыйласы БШКга документ тапшырбай калды. Айрымдары башкаларга жуурулушуп кетти же шайлоого бирдиктүү тизме менен барууну чечти.
Тилекке каршы, дүңгүрөгөн кооз ураандар, күчтүү чакырыктар дайым эле кыйкырып чыккандардын чыныгы ниетине же айтканын аткаруу дареметине туура келе бербейт. Ошондуктан мен кыйын дегендердин оюнун асылдыгын (ниетинин түздүгүн) асыл (кооз) сөздөрүнө эмес, адал ишине карай тандашыбыз керек. Бирок бул да оңой эмес, анткени жаңылбай баа берүүгө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы бири-бирин жокко чыгарган мактоо жана каралоо материалдары абдан тоскоолдук кылат.
Жолдош Турдубаев