Сизге собол

- Президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жарандык паспорттун "улуту" деген жерине улутту көрсөтпөстөн, "кыргызстандык" деп жазуу тууралуу сунушу менен коомчулукка кайрылды. Бул кыргыз улуту жана башка улуттук топтордун келечекте бир элге айлануусуна, кагылышууларды болтурбоого алып келүүгө негиз берет деп айтты. Буга сиздин пикириңиз?

Жаныбек Жанызак, эркин журналист:
- Мындан 5-10 жыл мурда ушул маселеге байланыштуу оюмду жазган элем: менин оюмча, "кыргыз тектүү" деп жазыш керек, мисалы "кыргыз тектүү Жаныбек Жанызак", "орус тектүү Светлана Красильникова".
Топчубек Тургуналиевдин айтканы "Благими намерениями дорога вымышлена в ад" дегендей эле болуп жатат. Ал тозокко жол салып атат. Бул- этносту кемсинткендик.
Булар европалык, америкалык дегендей айтабыз деп жатышат да, туурабы? Америка деген сөздүн өзү жөн эле жердин аты. Кыргызстан деген кыргыздар жашаган жер дегенди билдирет. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Ошондуктан "кыргызстанец" деген сөз "Кыргызстанда жашаган кыргыз" дегенди эле билдирет. Менин пикиримде "улуту" деген сөздү алып салыш керек. "Улут" деген сөздүн аныктамасын карап көрсөңөр, террриториясы, экономикалык байланышы бир, тили бар, маданияты бир элдин жалпылыгы деген аныктама бар. "Манаста" деле "Курама куруп эл кылдым" деп айтылып жатпайбы. Кыргыздар бардык элди өзүнө сиңирип ала берген. Кыргыз аймагы унитардык мамлекет деп айтып атабыз, унитардык мамлекетте өзбек ж.б. башка улуттар автономия дебейт. Кыргыз улуту дегенди кыргыз-стандык деп эле түшүнүш керек. Казактар казакстанец дегенди киргизип алып, казак деген сөздүн өзү жоголуп баратат деп атышат. Кыргыздар 70 пайыз элбиз. Моноулут болсок, андан бетер сонун. Башкалар башка жерге кетип, ошол жерди жердеп алышат, биз болсо башка жерде жашай албайбыз, Кыргызстанда гана жашай алабыз.
Байкасаңар, басма сөздө, айтма сөздө "кыргызстандыктар", "кыргызстанцы" деген сөз көбүрөөк кездешип баратат. КТРдин 104.1 жыштыгынан такай эле минтип сайрап жатышат: "Кыргызстанская армия", "Кыргызстанские спортсмены" д.у.с. Мамлекеттин аты "Кыргыз Республикасы" болгондон кийин, "Кыргыз-ская армия", "Кыргыз-ские спортсмены" деп айтыш керек да.
Топчукем токой чарбаны "томолотту" эле, эми кеңешчиликке келди. Балким, ал киши адамдын бүйүрүн кызытып, "булар чыйралышсын" деп жаткандыр. Ушундай ыкмаларды кайсы бир өлкөлөрдө атайын жасатышчу экен.

Сооронбай Жусуев, Кыргыз эл акыны, Кыргыз эл Баатыры:
- Андай пикир туура эмес. Ар бир жарандын улуту көрсөтүлүп эле жазылган бойдон калышы керек. "Жумурткадан кыр издөөнүн" кереги жок. Ар бир улут, мисалы, кыргыздар "кыргыз" деп жазылгандан уялбашы керек. Советтик акын Владимир Маяковский "Суктангыла!.." деп ырга салгандай, жарандыгыбыз менен башкаларды суктандырып, улутубуз менен сыймыктанышыбыз салт.

Эрнис Турсунов, Кыргыз эл акыны:
-Дүйнөдөгү мамлекеттердин баары улуттардан турат. Ошол себептүү, мисалы, кыргыз дегендин ордуна "кыргызстандык" деп жазып коюу туура эмес болот. Кыргыз жери, кыргыз сөзү дегендей эле, бул тарыхый нерсе. Ал эми жарандыгы дегенге келгенде, "Кыргызстандын жараны" деп жазылышы керек.

Бейшенбек Бекешов,
ЭлТр каналынын директорунун орун басары:
- Топчубек Тургуналиев мен сыйлаган инсандардын бири, оюн тайманбай, түз айтат. Бирок тайманбай, түз айткан ойлордун баары эле туура боло бербейт.
Бул сунушту мен улутту жоготуу кадамы катары түшүнөм. Албетте, айрым өлкөлөрдө жарандык паспортто улуту жазылбай турган практика бар, мисалы Афганистанда "афгандык", Түркияда "түркиялык" деп жазылат.
Балким, качандыр бир кезде кыргызстандыктар да ошондой кадамдарды туура көрүп калышы ыктымалдыр. Бирок биз үчүн азыркы кезде бул маселе зыян гана алып келет. Кыргыз эместерге кыргыздын тегин, тазалыгын бузганга шарт түзүп коюшу мүмкүн. Кыргызды кыргызга кызмат кылдыра албай жатканда, башка улуттар кыргыздарды көчүккө тепкендей эле абалда калтыргандай болот. Жаш мамлекеттин эгемендигине зыянын тийгизет.

Тата Улан, ырчы:
- Улут болгондон кийин, улутка тиешелүүлүк көрсөтүлүшү керек. Паспортто улутун көрсөтүүнүн ордуна "кыргызстандык" деп жазылуу улут аралык ынтымакка алып келет деп айткандын ордуна, улуттар эмне себептен кагылышат деген суроого жооп издесек болоор эле. Кыргызстан мамлекетинин жери, эли, герби, желеги болгондон кийин, кыргыз деген атты да сыйлоого үйрөнүшүбүз керек.
Европа өлкөлөрүндө мультимедиялык маданият бар, бирок француз болсо, француз маданиятын, Конституциясын сыйлайт.
"Кыргыз" деген жазууну паспортто көрсөтпөсөк, биз улуттарды жокко чыгарган болобуз. Кыргызстанда улуттук кагылыш болбош үчүн, мында жашаган башка улуттар кыргыздарды, кыргыз тилин сыйлай билиши керек. Орус кыргызча сүйлөп турса, ал көзүбүзгө кандай жакшы көрүнөт.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
- Бул болбогон сунуш, мен антип жазылышын каалабайм. Кыргыздар миң жылдан бери Кыргыз мамлекети сакталып калышы үчүн канын- жанын аябай келген. Эми кыргыздын кыргыз экени билинбей, бардык улут "кыргызстандык" деп эле жазылып калыш керек бекен? Мен мамлекеттик катчы болуп турганда да ушул маселеге каршы чыккам. Бизде 69 пайыз кыргыз калкы жашайт. Кыргызстандын жерин жакшы көргөндөр, анын тарыхын да, тилин да жакшы көрүшү керек.
Башкаларга кошомат кылганда да башкача кылыш керек.

Суроо салган Айжан Айтышева