Мураттын муңу
Мурат таң менен кошо ойгонду."Күү-шаа" түшкөн шаар тиричилиги кайра башталды. Каяккадыр шашылган адамдар. Кай бири -экиден жетелешсе, дагы бири уйкусураган балдарын бала бакчага алып баратышат.
Көпчүлүк сыяктуу эле шашылып Мурат да өз ишине келе жатты. Көзгө тааныш таштанды таштоочу челекти көргөндө тык токтоду. Анын иши мына ушaул таштанды челектен шам-шум этип алгандан кийин башталмак. Таштандыны аңтарды, ары-бери жагын карады, бирок эч нерсе таппаганына нааразы боло өткөн-кеткендердин бактысына суктанып, өзү жетпеген бакыт кушуна кимди күнөөлөрүн билбей бир топко отуруп калды. Анан барып эсине келгендей, элеңдеп эки жагын карап, тамтыгы кеткен баштыгынан жалмалаганга бир нерсе издей баштады. Колуна катыган нандын үзүмү урунганда, энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп кетти. Обочороок барып нанды кемиргенче тээ жайлоодогу балалыгы, абасы таза, аскасы асман тиреген айылы эсине түшүп, баары көз алдында тизмектелип өтүп жатты.
Өзү теңдүү уландардын арасынан көзгө сүйкүмдүү, элпек Муратка айылдагы кыздардын көбү ашык болчу. А тургай мектептеги оюн-шоок, кечелердин бири да Муратсыз өтчү эмес. Онунчуну аяктап, мына баардык тилегим орундалат, бир кесиптин ээси болсом, анан бир үй бүлөнүн ишеничтүү кожоюну болом деген Мураттын тилеген таш каап, кылмышкер атка конгон.
Шаарга келип окууга аракет кылып, бирок сынактардан өтпөй калды. Айылга окубай калдым деп баргандан уялып, арак заводго жумушка кирди. Айылдагы балдардын алды болгон Мурат бул жерден арак ичкен балдардын алды болду. Азгырыкка азгырылып, ой-максат, үмүт-тилегин бүт унутуп, ар намысын аракка алмашты. Ичип жеңем деген арак аны жеңди. Иштегилер Мурат эмес, "мас" деген ысым ыйгарышты. Ошентип жүрүп иштен да чыкты. Мастыкка салып, бирөөнү тоноп, торго түштү. Сот залынан ата-энеси, "эми сендей балабыз жок, бизди уят кылдың" деп чыгып кетишкен. Ошол бойдон катташпайт. Бир канчалаган күнөөнү мойнуна алып, 12 жыл абакта отуруп үмүт-тилегин талкалап келген. Андан кийин да милицияга көп түштү. Түрмөгө түшкөндө баарын башынан баштайм деген Муратты турмуш калчап, сенин ордуң көчөдө, дегендей багыт көрсөттү.
"Муратым, мураскерим" деген ата-энеме керегим жок болсо эч ким менен катышпасам жашоонун кызыгы канча деп таштанды чогулткан "бомжго" айланды.
Ойлоп оюнун аягына чыга электе, жолдошу экөө 5-6 жашар баланы жетелеп келе жаткан биринчи махабаты Бурманы көрүп, өзүн таанып калгансып уялып кетти. Таштанды челектин далдоосунан өзү жетпеген бакытка суктана карап, "туура кылгансың, мен сени бактылуу кыла алмак эмес экенмин" деп ойлоп, алардын карааны көпчүлүккө аралашып кеткенче кирпик ирмебей карап турду. Бурма бир кездеги кылмурут, кыздардын көбү ашык болгон Муратты тааныган жок.
Бурманы көргөндө өзүнүн азыркы кебетесинен, ушу абалынан корунуп турду. Эх, тагдыр, тагдыр! Ташбоорлугуңду карачы! Балким азыр бала экөөңдү жетелеп жаныңда кетип бараткан киши мен болмокмун... деп ойлоду.
***
Кантсе да сезим деген ыйык окшойт. Ичинен ойлор удургуп, өлүп бүткөн намысына жан кире баштагансыды. Кайдан-жайдан: "Мен оңолом, Бурма! Оңолом да, сени менен акыр бир көрүшөм! Сага сөз берем!" деген сөздөр келип жатты башына. Ал күнү шаардын четиндеги арык жакка барып, бети-башын жууду да бет алды эле баса берди. Бир иш таап, акча тапкысы келди. Көп кабаттуу үйдүн подъездин жууп жүргөн ичкич аялга жардам берип, 100 сом тапты. Ошол 100 сом ага абдан чоң акча көрүндү. Өмүрү минтип "тирүү акча кармабай калган. Нечен жылдан бери көчөдө жатып, жедеп сасыган денесин мончого барып, жышты. Бир кездеги Мураттын деми кайрыла баштагансыды.
Базарга барганда эми сатуучулар аны куубай калды. Кечке наар албай, жашылча-жемиш ташыды. Акыркы нечен жылдан бери биринчи жолу таштандыны кайталап аңтарган жок да, сасыган самогондон жуткан жок.
Эртеси дагы жашылча ташыганда, дагы бир аз тыйын тапты. Жүк көтөргөндөр, араба түрткөндөр аны жөөлөп кетип, кууп, тилдеп, жанына жолотчу эмес. Эми алар эч нерсе дешкен жок. Араба түрткөндөрдүн бири ага айтты "ылай чылап, кирпич куя турган жумуш бар. Тамак берет, сарайдын ичинде жатаар жер бар, ичи жылуу, барасыңбы?".
Мурат базарга барып, колундагы болгон акчасына көйнөк-шым сатып алды да, жедеп жаман жытка сиңген кийимин ыргытып ийди. Ошону менен шаардын сыртына иштөөгө кетти. "Аракты экинчи оозго албайм" дегени менен араксыз тура албай калыптыр. Колу-буту тырышып калып атты. Тиги аны жалдаган киши сездиби, минтип айтты: "Сен аракты акырындап ташта, болбосо өлүп каласың". "Өлүп калса, ал арзан жумушчу күчүнөн айрылат окшойт." Беш-алты жолу колу-буту тырышып, өлүп кала жаздады. Бирок Мурат такыр ичкиликти оозуна албай койду. Ылай чылап, бир үйгө жетээр ылай кирпичти жыйып салганда, үй ээсинин оозу ачылып калды. "Кичине эс алып иште, өлүп калсаң жооп берип олтурбайын". Антсе да эс албай койду. Түнкүсүн да иштеди. Ошентсе арак сураган оргнизми алаксып калып атты.
Бир кездеги устачылык өнөрү да ойгонуп кетти. Үй ээсине эми убактылуу, времянка үй салып бермей болду. Оюнда ошол үйдү Бурмага арнайм деп ойлоду. Ылай кирпичтер кургаганча ал жыгачты сүрүп, сонун оюуларды түшүрүп, аны Бурмага арнады. Анын жыгач оймосун көргөн үй ээсинин оозу андан бетер ачылып калды.
Времянка үйдү ушундай ынтаа менен салды дейсиң, тимеле жомоктогудай үй болду. Анын акысына үй ээси эски "Москвич" машинасын берди да, курулушка жумушка орноштуруп койду. "Москвичти" кайдан айдамак эле, же күбөлүк деген жок болсо. Анын акчасын алды. Үй ээси ага эски сарайына жатууга уруксат берди. Аз-аздап Мурат эми адамдык сезимине келе баштады.
***
Арадан бир канча жылдар өттү. Бурма өтүп баратса, "Фольсфаген" машинасы токтоп калды да, мына сага, андан бир кездеги Мурат чыга келди. Таптакыр өзгөргөн, ал тургай жашара түшкөн. "Бурма, деди ал, - менин сага айтаар сөзүм бар, эртең жолугалычы, бул мен үчүн аябай маанилүү".
Бурма көргөн көзүнө ишенген жок. Бир нече жылдар бою таштанды челегин оодарып, тамак жеп, талаада түнөп калган, түрмөгө да түшүп келген Мурат минтип анын алдында жолугуу күнүн белгилеп турат. Мына сага! Ары ойлонуп, бери ойлонуп, Бурма акыры макул болду. "Эмне сөзү болду экен, укса угуп коеюн". Жолугуу күнүндө Мурат ага болгон сезимин, сүйүү кантип адам кылганын, азыр Россияда курулуш фирмасын жетектеп атканын, үй-жай күтүп, балалуу болгонун, бул жолу атайын Бурманы издеп, ошонун баарына ыраазылык билдирип кетүүнү туура көргөнүн, эгер Россияга тарапка каттап калса, конокко кирип кетишин өтүндү. Заңгыратып там салган жатканын, ал тамды Бурмага арнап салаарын айтып берди.

Кундуз
Исмаилова