азил-чыны аралаш

Акылыңан айланайын, акем-ай...
Акыркы күндөрү шайлоонун шарданы менен эшигимди тыкылдаткандар, эдиреңдеп кирип келгендер көбөйдү. Ата-Мекен үчүн, Ата-Журт үчүн, Замандаш үчүн, Республика үчүн, Мекен ынтымагы үчүн, деги койчу, бул аз келсе Ак Шумкар үчүн, Ар-Намыс үчүн, Ак Тилек үчүн, кыскасы бир шылтоону таап чыгышат да, иштеп бер дешет, тим эле мен иштебей жүргөнсүп. "Айлыңызга барып бериңиз, адамдарды билесиз, акча жагынан кам санабаңыз, алдыңызда машине болот. Айтканыңызды эки кылбайбыз..." дешкенде, оо, кудайым, түшүмдө көргөнүм чын эле жүзүмө чыккандай сүйүндүм. Эгерим эшигин сагаласам: "эртең келиңиз, бүгүн кабыл албайт" дечү, тыкылдаган кызы жок, жанына барсаң, сүрөткө түшчүдөй кекирейбей, өзүлөрүнүн келгенин карасаң, ак көңүл жаным жибип кеттим. Берерге эч нерсе таппай, "өйдө өткүлө, сыйымды көргүлө" деп жибергенде, адатта, акшырайып карап калчу аялымдын жүзүндө күлкү, идиш-аягын калдыратат.
Бирок, менин жүрөгүмө бир нерсе тык эте түштү. Байкасам, араларында баягы эле берендер. Элди тоноп жегендер. Акаевде да, Бакиевде да ушинтишкен, кой-айга болушпай. Эл-жерди, бала-чаканын эртеңки күнүн бетке кармашат. Артында эмне жатканын мен жакшы билип калдым, жыйырма жылдан бери төбөлдөр менен карапайым элдин ортосуна ортомчу болуп жүрүп. Алты ай өтпөй, атаңдын башы дей турган, Ар-Намысын жей турган, мага эле болсо деген антурган экенин көрүп турам. Ага карабастан, "эми атайы киши деп келип жаткандан кийин" көңүлүн калтырбай, сыпайы узатып коёюн дедим, салтты кармап. Анын үстүнө аялым да үйрүлүп түшүп, ушунчалык берешендигин көрсөтүп жатат, карачечекей күйөөсүн көзгө илбей. Албууттугунан абысындары коркот, "обон" созо коймою бар, агыткан иттей.
Аткез кылуунун амалын издейм. Акыл кошчу ашыналарым да мээсин эбак аракка алдырып коюшкан. Болгону алардын ашказаны алтын, боору болот, жүрөгү жез. Ашыгын кусуп салып, кайра эле алкаш атыгышат. Атаң гөрү, ушундайда көзүмдү умачтай аччу агам болсочу. Эмне кылаарымды билбей турам, бир жагынан акчалуу болгум келет, бир жагынан абийирим айламды кетирет. Ак да дей албайм, көк да дей албайм. Акыры, анча-мынча акылым бар эмеспи, ал жардамга келип, "эртеңке чейин ойлоноюн" дедиртти. Өх, дедим, эс ала түшүп. Эптеп аялымдын арты менен келген мейманды узатып, убактысынча "дөңгөч эс алат" болдум. Тобокел, эртеңки күндү да көрө жатаарбыз...

Аңгыча кудай айдап келгенсип, эки ата өтүшкөн акем кирип калбаспы үйгө. Ал киши кичине аяр эле, болду-болбоду аңдып турса керек. Анан кантет, эшик алдында элде жок машине токтоп, бөрсөк курсак, мойнунда кооз каргы, башында кымбат шылаапычан бараан - коштогон караандар менен инисинин үйүнө кирип жатса. Акеме деле кызык да. Ким экенин билип, кабар алып койгону келиптир, кайран киши. Чай үстүндө жарылып кеттим. Уят-сыйыты жоктор, кара беттер, ыймансыздар бизди башкарып атат деп, бир кыйла эле ачууга алдырып салдым. Качан гана менин бугум чыгып, алдыга келген ашка караган кезде, акем сурап калды:
- Айылга бара элегиңе канча болду?

Мен оң колумдун беш манжасын ачып көрсөттүм эле:
-Ии, көрдүңбү, сен айыл-ападан алыстап кеткениңди билбей калыпсың, алды-артыңды карабай эле адырандай бересиң. Өздөрү эл алдына баралбайт, беттери күйгөн, ошон үчүн сени жиберип жатат да, эмнесине арданасың, бир колдонгон эмедей кылып эле жүрүшпөйбү жыйырма жылдан бери?! Сага кудай өзү берип жатпайбы. Акчасын ал да, айылга жөнө. Жок дегенде арбактардын алдында беткат болбой, беш жылдан бери көзү өтүп кеткендердин үйүнө кирип, бата кылып кел. Тели-теңтуштарыңды сен сагынбасаң, алар сени сагынып калгандыр, бирден бөтөлкө алып берип, көңүлүн ал. Сыйын көр, ооз толтуруп бешбармак жебегениңе, мен билгенден беш-алты жылдын жүзү болду. Көк шорпо менен эле келатасың. Классташтарың бир сыйлаганга жараар. Айылдын зээри бар, айран-сүт ичип, бооруңду агарт, сары сууга эле семире бербей. Алган акчаңдан кам санаба, ал акчалар элдики, сен аларды адалдап, кайра элге берип жатасың. Андыктан Алла-Таала алдында аксың, кудай өзү кечирет.
Акемдин айткан жүйөөсүнө эмне дээримди билбей калдым. Аныкы бир эсептен абдан туура, айылдагы ага-туугандан кол үзгөнү калгам. Ишке шылтоолоп, аш-тойду мындай кой, топурак салганга барбай калганымды моюнга алам. Акылыңан айланайын, акем-ай. Менин алдыма жөнөкөй чындыкты далилдеп койдуң. Адам укугу, таза шайлоо, жаркын келечек жөнүндөгү ак ниетим, аракетим кыял бойдон калып кетти. Арыба, менин таттуу ой-тилегим, кош бол, кол жеткис кыялдарым, мен силерден башымды ийип, кечирим сурайм. Мен деле бир байкуш пенде экемин. Андан алыстай албайм, Таза коомго тазалануу жолу менен барууга бүгүнкү күнү кыргыз кыртышында мүмкүн эмес дегендерге каш кайрыш кайда, менде...
Ишенбек Осмонтегин




Партияны коштогон ырчылар
" Нан болсо, ыр да болот" деп бекеринен айтылбаса керек. Ырчылар шайлоо учурунда талапкер партиялардын төлөгөн акчасына жараша, үгүт иштеринде ырдап жатышат. Анда эмесе, ким кайсы партияга ырдап жатканын тизмелеп көрөлү:

"Ата Мекен" партиясына: Асылбек Өзүбеков, Замир Арыкбаев, Нурлан Насип, Нэна, Асел Турдалиева, Гүлзинат Суранчиева.
"Республика" партиясына: Бактыгүл Бадыева, Мирбек Атабеков, Омар, Ома.
СДПК партиясына: Элмирбек Иманалиев, Юрий Бобков, Ырыскелди Осмонкулов, Сапар Сопубеков, Алтынбек Сапаралиев, Абдылда Иманкулов.
"Замандаш" партиясына: Ынак Осмоналиев, Мухтар Атаналиев, Каныкей Эралиева, Асема, Жамбыл Камчыев, Каныкей Эралиева, Бекчоро.
"Акыйкат" партиясына: Күмөндөр Абылов, Табылды Актанов, Нуриза Абазова.
"Ар Намыс" партиясына: Айбек Карымов, Темир Назаров, Айпери Кубанычбек кызы, Зарина Хасанова, Алтынай Нарбаева, Кундуз Канатбек кызы, Акбар Сүйүнбаев.
"Ата Журт" партиясына: Тынар Курбаналиев, Айдин Шер, Сыймык Бейшекеев, Айгерим Расул кызы, Расул Маматкулов.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясына: Бек Борбиев, Чынгыз Мырзаев
"Мекен Ынтымагы" партиясына: Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Жеңишбек Токтобеков.

Калбек Бейшен

Тата Улан:
- Тата Улан, сизди бир да партиянын үгүт кампаниясынан жолуктура алган жокпуз…
- Партиянын үгүт кампаниясында ырдаган жокмун. Албетте, мага деле эл катары акча керек. Ырдоого чакыргандар да болду. Өзгөчө менин ырларымдын саясий мааниси бар эмеспи. Бирок мен партиялардын үгүт кампанияларында ырдоодон баш тарттым. Анткени кайсы бир партия үчүн ырдасам, мени сыйлаган угармандарым мени ошол партияны колдойт экен деп ойлоп, билип-билбей ал партияны колдоп калышы мүмкүн.
Азыр кыргызстандыктар бир да партияга толугу менен ишеним артышпайт. Тигил же бул партияны тандаса, ал да салыштырмалуу болууда. Ошондой тандоону да эч кимдин кийлигишүүсүз жүрөгү менен тандаса экен деп ойлодум.
Ырчы катары акча табуунун башка жолдорун издештирип жатам. Шайлоого өзүмдүн граждандык укугум менен, шайлоочу катары гана катышууну туура көрдүм.
Айжан Айтышева