ПАРТИЯЛАР ПАРАДЫ

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ
Реваншисттер
Жерге сиңип кеткен жети ата, жетимиш ата эмес, жети жүз ата өтсө да, учтан түпкө өрүлүп, жебе болуп жеткизер учугубуз, уучубуз ушул; атуул, бүлө, үй, түтүн, урук, уруу болуп, улут, эл катары мамлекетибиздин келечек тагдырын аныктаар шайлоого аттанышты бардаркерлер, жигердүүлөр. Күлкүсү күн батырып, тамашасы таң атырган бир айлык сыноо башталды. Аркы жумада Президент алдында го партия төбөлдөрү "шайлоонун талаптарын бузбайт" деген этика кодексине кол коюп жатып, айталы, аркы- беркиден тажрыйбалуу Темир Сариев, Өмүрбек Бабановго түз "атылды"- шайлоо баштала электе эле элге акча чачып баштадың" деп. Ушинтип туш-туштан тиреш, күрөш тике башталды.


Кыргыздын саясый жаңы тарыхынын азыркы тилкеминде реваншисттик, кыргызча айтканда, өч алуучулук болот го, саясый партиялар азканакей убакытта уюшуп - тирелип чыга келди. Өзүн мамлекеттин келечек эгеси катары сезине баштаган Текебаев токуган текебер мыйзам уруксааты менен кыргыздар тайлуудан таяк калбай 149 партия түзүп, калтасында акчасы аз партиялар ирилерине сиңишип, азыр 29 партия шайлоого чыкты.
Акыркы жумада гезиттерге да чыгып кетти - тезарада уюшулуп, пробийликтики деп эсептелген партия баштыктарынын убайын козгоого тез арада жетишкен "Ата Журт" саясый партиясынын теңтөрагалары А.Келдибеков, К.Ташиев жана С.Жапаров өз ара "каңкылдаша" кеткенин жазышты. Эл түгөл билет, бул үч жигиттин ачуусу тумшуктарынын учунда экенин. Ошондон го, тар чөйрөдө "силер келечекки спикер менен олтурасыңар, так что..." деп мактанып жатат" деген сөз илээшкен. Садыр Жапаровду Ахматбек мырза "Биз түштүктүн элин бүт өзүбүзгө буруп жатабыз. Силер кыймылдабай олтурасыңар" деп "сөккөн" экен, ачуусу андан да чукул Садыр мырза "Эмитен эле төш кага бербе" деп "кырылыша" кетишкенин өздөрүнүн эле чоролору сыртка чыгарып беришти. Ар партияга мүнөздөмө түзгөнүбүз шайлоочуларга тоскоол эмес, тыянак багыт болот го дейм. Анын үстүнө бул саясый партиянын лидеринин бири К. Ташиев мурда "Немецкая волна" радиосунан: "Эгер бийлик партиялары административдик ресурстарга таянып, жеңет десе жаңылышат," биз аларга каршы чараларды колдонобуз, балким митинг, балким жаңжал болушу мүмкүн" деп кыйкырып чыкты. Ушул саясый уюшмадан сөз баштаган эп го дейм. Эмитеден эле жаңжалды каңкуулап атпайбы?!.
Өлкөдө реваншист маанайындагылар аз дейсизби, жок арбын. Кечээ эле бийликте туйтунуп олтуруп, ал ырыскысынан алекисаатта кол жууп калгандар көп, ушулардын баардыгы түгөлү менен кайра ошол жыргализм турмушуна баргысы келет, көксөп турушат. Анткени булардын колунан арык казып, картошка чабыш деген иш келбейт. Булар бийликте булаңдап, парламентте чунаңдап, теледен теминип турганга гана маш. Бул кастанын колунан башка иш келбейт.
Тизме башына ИИМ ардагери Мыктыбек Абдылдаевди чыгарышканын түшүнбөгөндөр бар. Партиянын чыныгы эгелери - Бакиев тарап, анан түштүктүк экөө - А.Келдибеков менен К.Ташиев аймактык тең салмакты сактаганы дешет. Бул партияда бакиевчил, акжолчул түндүктүктөр жетишерлик; теңтөрага С.Жапаров, экс-вице-мэр Э.Иманалиева (4), экс - губернатор А.Кангелдиев (4), экс депутаттар Ж. Кудайбергенов (9), Д. Исаева (12), Н. Молдобаев (13) ж.б бар. Мыктыбек мырза - К.А.Керимкуловдордун кичүүсү, Бакиевдин администрациясынын башчысы, баш прокурор боло келген, Үсөнов "түбүнө жеткен" бул мыкты парламентте болочок жүз жыйырма "хандын" бири болуп олтуруп калаары көрүнөө.
Тизмеде экинчи, Ташиев Камчыбек 42де. Мунай бизнеси бар, анысы иштейт. МЧС министри кезинде миллиондорду жеп, үстүнөн кылмыш иши козголуп, эси оогон. Бакиевдик (бригаданын) туу мүчөлөрү К.Ташиев, М.Султанов, А. Жапаров учурунда Жанышка кулдук урушуп, ач күсөн Максимдин каарына калып, кызматтарынан кол жуушкан болучу. Камчы мырзанын интеллеги ирээнжитип тураарын депутат кызматында өзү аныктап көрсөткөн. Начар депутатты министр кылышкан бийликке ал ушуга чейин ыраазы. 7-апрелден кийин жаңы бийликти "кулатып" жиберчүдөй "сүзгүлөп" атыр. "Жалалабадда эки тарапты элдештирдим", "20 миң кыргыз чогулганда мен ыйлап, алардын өзбек тарапка барбоосун сурап, БТРге тизеледим" деп упай топтоп, "Байболов бул жакта чоочун, аны эч ким укпайт" деп убактылуу бийликтегилерди кемитип сүйлөп, "герой" болуп чыга келген жигит. Азыр агасы Сузакты "тейлеп", жинине тийген экен, таластык "республикачылар" булардын штабын өрттөйбүз деп ызырынып отурушат. Үчүнчү - Ахматбек Келдибеков. 44 жашта. Борбордо бир канча эс алуучу жайлары, менчик кабат үйлөрү, виллалары бар дешет. Партиянын "мозговой көзүрү". ЖКнын бюджет, финансы комитетин башкарып турганда депутаттарга 75 "Тойота-Камри" машинесин сатып берип, ортодон түшкөн ири "магарычты" мыкчыганда, депутаттар "мыжып" киргенде, Бакиев аны Салык комитетинин төрагасы кылып олтургузуп койгон. Бул жерде да далай "иштери" ачыкка чыкпай калды, Максим Борборуна деп АУБ банкына которгон 71 млн. доллардын дайынын иликтеп көрсө, Келдибековдун "керегеси" кулап түшөөр эле дешет. Чоңалайлык үчөө: Акматбек, "акшумкарчы" А.Эркебаев жана "Ата Журттан" тизмеде 14 - Марат Султанов алакандай кичи мекенинен кимиси канча добуш алышаары кызык.
Тизмеде 5 - болуп Маскөөдө качып жүргөндө эле "Ата Журтка" катталган, акыркы убакта коомчулуктун бүйүрүн кызыткан экс-мэр Нариман Түлеев (атасы Төлөн эле) шайлоого аттанды. Эң бай адамдардын бири. 47де. Ал бизнесин Кытайга калай, алюминий, темир сатып баштап, байып, кийин Бакиевдин тушунда эки ирет "Кыргызтемиржолуна" башчы болуп медаль тагынып Бишкек мэрлигине олтуруп "маарып, Курманбек Бакиевди - Закиржанды атамдан артык атам деп айтып, уккан элди уят кылган, өлкөнүн борбордук аянтына Коңурбайдын, Шыпшайдар, Жолой, Нескара душмандарыбыздын айкелин орнотуп, анын маанисин азыркыга дейре түшүнбөгөнүн, "ЦУМдун тегерегин тазалаганында дүкөн ээлери 150 миң долларлык машине тартуулаганда албаганын" айтып, калпты ышкыртканын, көп көмүскө иштеринин бири, Кытайдан Бишкек шаардык МАИсине патрулдук 25 автомашина сатып алууда мыйзамсыз тендер жасап, 84815 доллар "навар" жасаганы билинип, прокуратура кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райсоту аны камакка алууга чечим чыгарганда, өлкөдөн качып жоголгон болчу да, "Күнөөсүз болсоң эмнеге качтың?" дегендерге "7-апрель түнү үйүмдү криминалдар аткылаганынан качкам" дейт. Ал Президенттин "экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс" жарлыгы менен Бишкекке түшүп, ИИМде үч саат бою А.Бекназаров экөө калып, Нариман Минскиден ала келген Батьканын арагынан "сахарым бар эле" дегенине болбой Азимбекке ичирип, Азимбек аз өтпөй ууланып ооруканада дарыланып чыкты. Наримандын арагы ууландырганы - жогу эмнегедир жашырылып айтылбай турат. Түлеевдин "ажалы" жок экен - шайлоо кодексинин 28-статьясы аны соттон сактап калды. Кодекс боюнча ал каттоодон өткөн талапкер катары шайлоо жыйынтыгы чыкканча жоопко тартылбайт, камакка алынбайт. Ошентип ал кечээ райсоттон кадимкисиндей мыйыгынан жылмая басып, шаардын чоң ортосундагы тирелген жаңы "Ата Журттун" офис штабына төрт жан сакчысын тегеректете кирип кетти...

(Уландысы 6-бетте)
(Башталышы 5-бетте)
Таза кандуу кыргыз тайгандарын эркелетип эс алган бай жигит экс-спикер, экс-министр Марат Султанов илгери Жайсанбаевге жанашып, казынанын 18,5 млн долларын жиксиз "жоготкону" эмдигиче эл эсинде. Ал эки режимде тең майлуу кызматтарда олтуруп, майкандап жашай келди. 50 жаштагы Марат мырзанын форель бышыртып саткан кафеси, ар кимге бактырган түмөн малынан башка эчтекеси жок деп коюшат. 12- орунда экс-ак жолчу депутат, Данчиктин бизнеси бирге келинчеги Динара Исаева. Араб өлкөлөрүнөн, Түркиядан тынбай товар ташып байыган. Менчик "Асман тур" авиаагенттигинин кожейкеси. Күйөөсүнүн бардак бизнесин ирээтке салып турат. Ансыз Данчик куруп калат дешет. Бул өжөр айым мыйзам токугандан көрө акча токуганга эптүү дешет. Бакиевдин таламын талашары турулуу иш. Азыркы бийликтегилерге атаандаш чириген байлар бул партияда жетишерлик топтолгон. Кезинде "Кыргызалтындын" президенти кызматында оорудан көз жумган Камчыбектин уулу "акжолчу" Жаныш Кудайбергенов бай жигиттин автобазары, бир нече соода түйүндөрү бар. Мунай сатат. Акчасын калың төлөп 9-катарга илинген. ЖК депутаттыгын жедеп кесип кылып алган карачай Хаджимурат Коркмазов (30) өткөн үч чакырыкта кыргызга күйгөнүн көргөнүбүз жок. Корейлерден курулуш материалдарын ташып иштетет. Бийликке жагынгандын классикалык амалдарын терең өздөштүргөн. Тизмеде 19 - Роман Шин. Пайгамбар жашына барып калган бул ири көпөстүн бир нече казиносу, ресторандары бар. Кытайдан шулерлерди жалдап келип иштетип, эскертүү алган. Парламентте ал өз кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам долбоорун өткөрүп ала келди. Ушунун айынан казына казино тармагынан жылдар бою миллиондогон сом салыктан куру калып келатат. Ал коммунисттер партиясынын катарынан кабагым-кашым дебей чыгып, Бакиевчилер тарабына ооду. Үстүндө Рысбек Акматбаевге байланышкан кылмыш иши илинип турганына карабай ал шайлоо кодексинин "калканычы" менен шайлоо талашына чыкты.
Дагы бир кылк бай, транспорттун экс-министри 17 - кезектеги Нурлан Сулайманов элүүнүн кырына келгенче коммуникация жана Бакиев режиминин аркасы менен байып алганга үлгүрдү. Коммуникация жана транспорт тармагынын бюджети эң ири, жалган отчет жазып балкылдата жегенге өтө ыңгайлуу. Күйөө баласы Н.Акматов бажы тармагын башкара келген. Ал ичип-жеген 204 млн. сомду бюджетке толук төгүп бере элек. Экс-министр Курманбек Осмоновдун (22) кызы Нурзат (28) коштоп, экс-министр Курмантай Абдиев (26) жана дагы 20га чукул жеке менчик ири ишкана ээлери алдыңкы сапта каттоодон өткөн. Демек, партия акча жагынан карк, интрига, чыр чыгаруу жагына белен бул саясый топ чийинден чыга агитацияга өтсө, чекесинен чертип коё турган, ооздуктама күч көрүнбөйт. Реваншисттик маанайдагы "Ар намыс", "Бүтүн Кыргызстан", "Республика", "Содружество", ж.б. өчү өтүндө кайнаган топтор мандат талашта азыркы расмий бийликти жамандап, элди экиге бөлүп атып, акырында мамлекетибиздин жашашына кооп туудуруп жибериши мүмкүн. Шайлоо тынч, калыс тейинде өтүп кеткен күндө да анын жыйынтыгын, мисалы "Ата Журт", айталы К.Ташиев, моюндап, макул болооруна шегим бар.
Партиянын саясый кеңеши т.а. А.Келдибеков К.Ташиев жана С.Жапаровдун Роза Отунбаевага кат жөнөтүп, анда алар Президентти коркутуп-үркүтүүнү көздөшүптүр. Бакиевди ушулар кубалашкансып Р.Отунбаевага булар "Бакиевдин тагдырын кайталап калбаңыз" деп айтканы адеп-күлкүңдү келтирсе, арысында ойго салат. Бирок үчөө "Ата Журттан" депутаттыкка атсалыша турган дагы эки эренди - Н.Түлеев менен Р.Шинди коргоп, алардын акчүштө-апакай адалдар экенин айтышат.
Экономиканы өстүрүү унутулуп, эки көзү бийликтен агып аткандарга Президент "чатак чыгарсаңар шайлооңорду жаап салам" деди, ИИМ баштыгы К.Байболов акча берсең атасынын өкүмүн да баса берген гезиттерге кулак кагыштап, "шайлоодо бөлүп-жарма чырбаштарга 6-8 жылга чейин камак статьясы бар экенин" эскертти. Кесиптешибиз Р.Момбеков өз гезитинде ("Форум" 07.09.10) "Шайлоо деген бул саясый майрам. Ал майрамдык маанайда өтүшү керек" дейт. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери акыл айтат: "Я исповедую совет одного древнего мудреца - историка: "Если осел тебя лягнул, не отвечай ему тем же". Дурус акыл. Кудая тобо, эмне деген элбиз. Карапайым шайлоочулар аман-эсен калар бекенбиз?..
Жолдошбек
Зарлыкбеков