Биздин катарга кошул, замандаш!

"Замандаш" шайлоочулары менен жолугууда
16-сентябрда "Замандаш" саясий партиясынын лидерлери Токтогул районунун тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Райондун борбору Токтогул шаарчасынын борбордук аянтында уюштурулган жолугушууга райондун 3000 дей тургундары менен меймандары катышты. Партиянын лидери Муктарбек Өмүракунов өз сөзүндө партиянын максаттары, буга чейинки жасаган иштери тууралуу кеп салып, "Замандаш" партиясы уюшулгандан тартып эле мигранттарды колдоп келгенин айтты. Эмгек мигранттарынын улам өсүп, кеңейип бара жаткан көйгөйлөрүнүн масштабы мамлекеттик деңгээлде аракеттерди көрүү зарылдыгына алып келгендигин, шайлоого катышуу ниети ошондон улам чыккандыгын билдирди. Жолугушууга келген шайлоочулардын көпчүлүгүнүн жакындары да каражат табуунун айынан мамлекеттен сырт жүргөндөрүн эл арасынан сөз алгандар билдиришти. Жолугушуу учурунда Россиянын Магнитогорск, Казань, Екатеринбург шаарлары менен атайын он-лайн сүйлөшүүлөр уюштурулуп, келген эл алыстагы уул-келини, кыз-күйөөсү менен кабарлашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жолугушуу кыргыз эстрада чеберлеринин концерти менен аяктап, келген эл жылуу маанайда тарады.
Талас аймагына болгон жолугушуу "Манас Ордо" тарыхый комплексинде ата-бабалардын, апрель жана июнь айларында шейит кеткендердин арбагына багышталып куран окутуу менен башталды.
Талас шаарынын борбордук аянтында өткөрүлгөн жолугушууга беш миңден ашык аймактын тургундары партиянын лидерлеринин сөздөрүнө назар салып, республикадагы азыркы саясий, экономикалык кырдаал, өлкөнүн келечеги тууралуу пикирлерин билдиришти.
Жолугушуу учурунда Улуу Атамекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жакындары сөз алып, Россиянын Воронеж шаарына баатырдын эстелигин орнотуп берген "Замандашка" ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалашты.
"Замандашчылардын" кийинки сапары Теңир-Тоого багытталды. Шатырап төккөн жаанга карабай, 2 миңдей чогулган теңиртоолуктар жылуу маанайда тосуп алышты. Чаек, Кызыл-Жылга, Байзак айылдарында өткөн жолугушууларда аймактын көйгөйлөрү айтылып, айрыкча жол, отун-суу, чек ара маселелери талкууга алынды. Баарынан кызыктуусу - чаектиктер Россиянын Воронеж шаарындагы жердештери менен ошол эле замат түз байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Таза, туруктуу позицияда бара жаткан, реалдуу иштерди жарата алган "Замандаш" саясий партиясын Манас Атанын, Теңир- Тоонун урпактары жылуу тосуп алып, ак батасы менен узатышты.





Кыска кабарлар
Отунбаева Обама менен жолугушат
Президент Роза Отунбаеванын 19- сентябрдан 26- сентябрга чейин болгон БУУнун Генералдык ассамблеясынын 65- сессиясына барышы триумфалдык жүрүш болгону жатат. АКШын президенти Барак Обама менен , БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, белгилүү филантроп Жорж Сорос ж.б. менен жолугушканы турат. Отунбаева котормочусуз өзү англис тилинде сүйлөгөндө Каримов, Рахмон, Назарбаев эле эмес, америкалыктардын баары оозун ачып жатышат.
Күлүйпа Кондучалова - баатыр байбиче
Турдакун Усубалиевдин тушунда узак жылдар маданият министри болуп иштеген Күлүйпа Кондучаловага президент Роза Отунбаеванын указы менен Кыргыз эл баатыры деген наам ыйгарылды. Буга чейинки президенттер Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев дагы Күлүйпа Кондучаловага көз кырын салбай келди эле, эми баатыр байбиче болду.
Кайсы партия өтөт дейсиз?
АКИ- пресс агенттиги Кайсы партия өтөт дейсиз деп 13-сентябрдан 20-сентябрга чейин сурамжылоо жүргүзгөндө, парламентке 7 партия өтүшү мүмкүн деген божомол жыйынтык чыкты. Бирок сурамжылоодо бир дагы партия 50 пайыз добуш ала албай, өкмөттү түзүүгө катышмак эмес деп чыгарды.
Сапар Аргымбаевге жооп беришет
Петровка окуясы деген жаңжал менен Бакиевдин башкаруу убагында бир жылдай түрмөдө жаткан Сапар Аргымбаевдин иши Биринчи май райсотунда каралууда. Сапар Аргынбаев эми андагы күнөөкөрлөр-ИИМдин мурдагы жетекчилигинен 75 миллион сом моралдык компенсация сурап жатат.
Бүгүн- Кыргыз тил майрамы
Быйыл тил майрамы парламентке ат салышуу катуу жүрүп жаткан кезде майрамдалууда. Кыргыз тил комиссиясы дегенде президенттикке талапкерлерден экзамен алуу комиссиясы жана башка улуттардын кыргызча ыр концерти деп түшүнчү элек. Жаңы жетекчилер эми кандай иш алпараары тууралуу Кыргыз тил комиссиясынын азыркы жетекчиси Азимжан Ибраимовдун маеги, Кыргыз тил коомунун төрагасы Раимжан Курбановдун маеги 6-бетте.
Адилет press





Эл аралык кабарлар
Гаити
Гаитинин президентин шайлоо ушул жылдын 28- ноябрына белгиленген. Ат салышууга бардыгы болуп 304 арыз түшкөн, анын ичинен 19 талапкер катталып, 15и четке кагылды, эми 4 талапкер ат салыша баштады. Өлкөнүн келерки президентинин алдында чоң жоопкерчилик турат. 300 миң адамдын өмүрүн алып, 1.5 млн. адамды баш калкалаар жери жок калтырган н мындан 8 ай мурунку жер титирөөдөн кийинки абалды жөнгө салуу милдети моюнга илинет . Убада кылынган 5 млрд.доллар өлчөмүндөгү сырттан келээр жардамдын 9 пайызы гана түштү.
Словения
Катуу жааган жаан Словенияны бир топ түйшүккө салды.Үйлөр кыйрап, жолдор, электр линиялары бузулуп, 3 миң адам үйсүз, жарыксыз калды.
Бермуд аралдары
Саатына 160 чакырым ылдамдыкта жүргөн тропикалык шамалдын күчү экинчи категориядагы, оор шамал катары бааланды.
Нигерия
Нигериянын азыркы президенти Бутлаг Жонатан президенттик шайлоого катышаарын расмий түрдө билдирди. Шайлоо январь айында өтмөкчү.
Чили
Урандынын алдында калган 303 шахтердун өмүрүн сактап калуу үчүн куткаруучулар жерди казып, шахтерлорду сактоонун камын көрүүдө. Оптимисттик божомолдорго караганда шахтерлорго карай жолду октябрдын аягында- ноябрдын башында казып бүтүп калышат.
Афганистан
Афганистанда өткөн ишемби күнү парламенттик шайлоолор болуп өттү. Добуш берүүгө 3.5 миллион адам келди, ал эми добуш берүүгө катышууга 11 млн. дон ашык адам шайлоого чакыруу кагаздарын алган эле. 34 провинцияда дээрлик 6 миң чамалуу шайлоо участогу иштеди. 2.5 миң талапкердин ичинен 249 депутат жаңы парламентке шайланды.
Төмөнкү палатадагы талапкерлердин арасында 386 аял бар. Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы октябрь айынын башында белгилүү болот.
Оппозиция шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатканын айтып жатат.
Шайлоо өтүп жатканда талибдер кол салып, шайлоонун жүрүшүнө кайгылуу окуяны аралаштырды. Шайлоо учурунда Кундуз, Бадахшан, Газна, Кандагар, Нангахар, Багланда талибдар жардырууларды уюштурду. Расмий маалымат боюнча 14 киши каза тапты, расмий эмес маалыматтарга караганда 40 ка жакын адам каза таап, көпчүлүгү жаракат алышты. Каза тапкандардын арасында шайлоону көзөмөлгө алган аскер кызматкерлери да бар.
Швеция
Парламенттик шайлоодо Швециянын оңчул-центристтерине каршы социал-демократтар турушат. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болгон күндө дагы шайлоо тарыхый болоору, швециялык социализмдин модели сакталып калабы же жокпу деген өңдүү маселе күн тартибине чыгууда.
WWW Euronews. net.