Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 2
 "Адилет press" мейманы

Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:
"Мекенибиздин тагдыры-элдин колунда"
Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков бул маегинде Кыргызстандын келечеги, башкаруунун алгылыктуу жолу тууралуу ойлору менен бөлүшөт.

- Ишенбай агай, Кыргызстандын келечеги кандай болот, ошол тууралуу ой бөлүшсөңүз?
- Бул суроого жооп кайтарыш кыйын. Өлкөнүн тагдыры жүрөктү кантип түпөйүл кылбасын... Алдын келишинче ойлогон оюңду, керектүү деген сунуштарыңды, кеңеш сөздөрүңдү айтып туруш ар кимибиздин парзыбыз. Бирок аны уккан адам да болуш керек да. Угуп эле тим болбой, иш жүзүндө колдонсо, анда күчкө күч кошулуп, кайратың курчуйт. Чет өлкөдөн кайтып келгенибизге 16 жылча болуп калды. Эгемен өлкө болгонубузга 20 жылга аяк басты. Ушул убакытта канчалык жакшы иштерди жасаса деле болот эле. Канча кеңеш, сунуштар биринчилердин өзүм билемдигинен улам кулактарынын сыртында калды. Аткарылбаган ант, курулай убада, түпсүз ачкөздүк адамды ирээнжитпей койбойт экен. Айткан сөздөрү бир, жасаган иштери башка. Өлкөнү бийликтин төбөсүндө отургандардан куткарабыз деп буулугуп келгендердин көбү бийик орунга келе элек жатып, опуза жолуна тез эле түшүп, өздөрү арам акча жыйнай баштаса, мурункулардан айырмасы барбы? Кетирилген каталыктарды оңдой албаган, кылмыштын жолун торой албагандарга үмүт артуу кыйын го. Ошентсе да бу дүйнөдө өзгөрбөй турган эч нерсе жок. Турмуш аккан суудай аңтарылып, бууракандап өтүп баратканын биз байкабай да калабыз, күнүмдүк оокат менен алпурушуп жүрүп арзыбаган көп нерсеге азгырылат экенбиз. Өмүрдүн нукура керемети кайда экенин аңдабай жүрүп, көз ачып-жумгуча акыркы станцияга жакындап калганын интуиция сигнал кылат окшобойбу. Кээде ой кетет, деги биз, адам баласы бу дүйнөгө ченелүү убакытка сыноодон өтүү үчүн келет окшойбуз. Адамдык шарапат деңгээлине жеттиңби же макулук шекилдүү ичип-жегенден башканы билбей дөгүрсүп жүрөсүңбү деген суроого жооп бербей туруп, түбөлүк дүйнөгө кетет экенбиз. Ошол дүйнөдө өкүнбөгөндөй болсок кана.
Мына, бу жылдагы Рамазан айы аяктады. Элдин көбү орозо тутту. Ритуалды сактоо, дуба кылып жүргөндөр көбөйдү, а бирок коомубуз адеп жагынан өзгөрүлгөнү көп байкалбайт. Уурулук, ушак, зордукчулдук, паракорлук, алдамчылык ж.б. адамдын касиетин кетирген ыплас иштер токтолмок тургай, айрым учурда , тескерисинче күчөп баратат. Мына, кийинки эле окуялар буга күбө.
Кыргызстаныбыз эмне болот деп камтама болуп жүрөбүз. А бирок анын пайдубалын чыңдамак тургай, бошотуп аткан ким? Биз, өзүбүз. Кайсы бирөө айткан экен: Биз Мекенибизди энебиздей сүйөбүз, энебиз өтүп кеткенде эле ыйлап калабыз деп. Мекенибиздин тагдыры- элдин колунда. Анын келечеги эл ичинде ак ниет, тунук ой, таза аракет өңдүү баалуулуктар сиңип, жаратман күчкө, улуттук рухка айланабы же жокпу- ушуга байланыштуу.
- Бийликтин жакшы жолу кайсы деп ойлойсуз?
- Орустун ойчул акыны, кыраакы дипломат Ф. Тютчев айткан бир пикир эсиме келип турат. Ал мындай дейт: бул дүйнөдө бир парадокс бар-канчалык бийлик (укуктары) көп болсо, жоопкерчилик ошончолук аз болот. Албетте, абсолюттук монархия жөнүндө айтылган. Бул тангыс чындык. Муну даанышмандар тээ атамзаманда эле байкашкан. Ошондон улам мыйзам келип чыккан. Мыйзамдын негизги максаты-бир адамга ыйгарылган бийликти чектөөдө турат да, антпесе баягы "Мамлекет деген-мен" дегендей, эч ким менен эсептешпей, өзүн-өзү билемдикке айланып кетээри табийгый иш. Ошондон улам парламент келип чыккан. Ошондон улам коомдук пикирдин таасири күчөгөн, сөз эркиндиги канат жая баштаган. Бийликте тең салмак болсун үчүн , анын бутактары бири-бирин көзөмөлдөп турушу үчүн. Практика жетиштүү далил берет: бийликти мыйзамдын кынына салыш үчүн эл өзү, биринчи кезекте жарандык коом, сергек, кайраттуу, демилгечи болушу шарт. Антпесе, түрктөр айтмакчы, күнөөлүү күчтүү болсо, күнөөсүз күнөөгө калат. Бизге уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат сыңарында. Бийликтин чыныгы ээси эл да. Ал эми президент, өкмөт, парламент ж.б.-элдин кызматкерлери. Алар өз ордун таасын билиши керек.
- Биз "коррупцияга малындык" деп канча жылдан бери эле айтып келатабыз. Деги коррупцияны жеңүү мүмкүнбү?
- Калк арасында бийликке карата нааразычылыктын түпкүрүндө коррупциянын кесепети жатканы белгилүү. Жыйырма жылдын ичинде өткөндөгү эки президент бул жугуштуу ооруга каршылык кылуу керектигин жарыя айтып, ал эле эмес, аны менен күрөшүү милдети жүктөлгөн органдарды, коомдук уюмдарды да түзүмүш болушту. Бирок андан майнап чыкпады. Жомоктогу жети баштуу желмогуз сыңарындай, ал азаймак түгүл, кайра күчөдү, жогору жактан төмөнгө жайылды, көлөмү көбөйдү. Эмне үчүн? Себеби көп. Анын негизгилери: жарыяланган күрөш ооз учунан айтылды, чыныгы аракет болбоду, ошол саздын ичине өздөрү да жакын- жааты менен кирип кетишти. Андай учурда күрөш болбойт, күрөшкө жумшалгандар өздөрү аралашып кетет, коррупция деген түшүнүктү пара алуу же берүүнүн тар алкагында чектеп, укуктук нормалар толук да, так да болбой калганы , сот бийлигинин адилетсиздиги. Ошону менен катар -а балким, эң негизгиси ушудур- коррупциянын кесепетинен өлкө алсырап, эл жарыбай жатканын жеткире түшүндүргөн аракет болбогондуктан коррупцияга малынгандарга карата мыйзам боюнча кылмышкер, адеп-ахлак жагынан абийирсиз, күнөөкөр деп эсептеген жек көрүү сезими калыптанбай, аларга каршылык кылуу айбаты да, эрки да алсыздыгынан- коррупция кабагым- кашым дебей, терисине батпай, эттенип келатат.
Бийлик чекесинен сылап турса коомчулук аларды колго чапканга даабайт экен да. Бирок "карга карганын көзүн чукубайт" дегендей, көнүмүштөн четтеп, бийлик эки жүздүүлүк кылбай, күрөшүн ачык жарыялап, күнөөлүүлөрдү жазалап, калың элге таянса, бул оорудан айыкса болот. Рак оорусун деле дарылап жатышпайбы.
- Эми Кыргызстан, кыргыздар тууралуу "кыйроого баратышат" деген сыяктуу сөздөрдү башка мамлекет өкүлдөрү, аттуу- баштуу адамдар айтып жатышат...
- Кийинки кезде биздеги масс- медиада өздөрүн политолог деп эсептеген оозу бош аалым сөрөйлөр Кыргызстандын келечеги жөнүндө көзү ачыктык кылып, ар кыл прогноз жасап жүрүшөт. Мурда четин кылайтып, каңкуулап жүрүшсө, жакынкы окуялардан кийин ачык эле айта башташты. Аларды жалпылап төмөнкүдүй топко бөлсөк болот: кыргыздар улут болуп калыптана албайт, алдыга жылып, бириккендин ордуна кедери кетип, илгерки ууручулдук, регионалдык инерттиги күчөп баратат. Бул тенденция улана берсе, Кыргызстан мамлекет болуп аягына тура албайт. Ал түндүк-түштүк болуп, экиге бөлүнөт да, коңшулаш эки чоң өлкөнүн курамына кирип, жок болот. Алар Кыргызстандын келечекте эгемендүү мамлекет болуп кетерине шек келтиришет. Айрымдары муну мыйзам ченемдүү көрүнүш дешет. Көрүнүш эле эмес, ага окшогон бир кыйла өлкө жакынкы жарым кылымдын ичинде эле жок болот, себеби, дешет алар, Кыргызстан кичинекей мамлекет болуп калыптанып-чыңалууга дарамети жетпейт, экономикасы чабал, элинин саясий маданияты төмөн, мыйзам өңүтүндөгү аң-сезими өксүк, титулдук улут- кыргыздар эгемендүүлүк жөнүндө көп сүйлөйт, бирок ал жөнүндө аз кам көрөт, жетекчилери, мамлекеттик кызматта отургандардын көбү өзүмчүл, коррупцияга малынган, "круговая порука" терең тамыр жайган, аны чектөөгө аракет жок, ошондуктан коррупция мамлекеттин экономикалык кан-тамырларына тромб болуп, аны алсыратат, буларга каршылык көрсөтө турган жарандык али алсыз. Ошол эле убакта кылмыш чөйрөсү кеңейип барат дегендей аргумент айтышат.
Буларды тереңирээк чечмелеген кошумча ойлор да бар. Биринчиси- Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Эгерде беш жылдан бери өнөкөткө айлана баштаган башаламандык улана берсе, европа тектүү көп улуттар барган сайын тынчыраак башка өлкөлөргө ооп кетет да, кыргыздар өздөрү айрым кошуналары менен калат. Андай шартта регионалдык, уруу аралык араздашуу, кагылышуулардын чыгып кетиши жеңилдейт. Жергиликтүү башка улуттардын саны көбөйөт, алардын талаптары күчөйт. Бул да, эгерде чебер чечилбесе, кризистин угуту болушу ыктымал. Кыргызстан көп конфессиялуу өлкө. Диний кагылышуу болбойт деп кепил болуу мүмкүн эмес. Бирок, эң негизги коркунуч башкада. Өлкөдө, азырынча элетте (светский) билим берүү деңгээли төмөндөөдө. Ошол эле мезгилде коомго ислам дини кандайча таасир кылат деген суроого бир жактуу жооп бериш кыйын. Эгерде салттуу ислам, башкача айтканда элди илим-билимге, таза ниетке, ак эмгекке, адилетчиликке багыттаган ислам агымы тарбия- таалим берсе, бир жөн, ал эми догматикага таянган талибдер шекилдүү радикал топтор күч алса, анда да чоң проблема чыгат. Ушул чөйрөнү туура жолго салууга мамлекет менен коомчулуктун эрк-аракети жетеби, жокпу-бул да маанилүү маселе.
Апрель окуяларына байланыштуу, ошол эле политологдор, алар эле эмес айрым мамлекет башчылары да кескин тыянак чыгара башташты. Чын-чынына келгенде (Кыргызстанда) азыр мамлекетти кайрадан түзүү керек. Учурда мамлекет кулады, "ал жок" дегенге чейин жетти. Буга да кошулуп, Кыргызстандагы абал аны менен чектеш мамлекеттердин бардыгына коркунуч туудурушу мүмкүн. Мындай окуялар перманенттүү (кайра-кайра кайталана бере турган) мүнөздүн бар экенин көрсөтөт маанисинде кошуналар кооптонуп отурганы белгилүү болду.
Эмне дейбиз? "Мамлекет жок" деген кесе айтылган тыянакты политологдор айтса мейли, ал анын жеке ою деп тим болот элек, а бирок ири мамлекет башчысы өз оозу менен айтканы. Бир жагынан таң калдырат, экинчи жагынан түркүн ойлорго түрткү берет. Бул бекеринен айтылган сөз эмес, төркүнү башкада.
Кандай болгондо да, мындай сөздөрдү эле эмес, бүткүл дүйнөдө болгон реакцияны оболу биз өзүбүз сабырдуулук менен талдап, тийиштүү жыйынтык жасашыбыз парз. Шүгүрчүлүк дейли, мамлекетибиз жок эмес, бар. Бирок чынын айтсак, мамлекетти башкаруу системасы аласалып кетти. Муну терикпей моюнга алышыбыз керек. Ошону менен катар өткөн окуяларда дүйнөдө ар башка, бир түшүнүк менен, экинчиси кубаттап, үчүнчүсү жийиркенип, төртүнчүсү сестенип кабыл алганы да чындык. Улутубуз, өлкөбүз жөнүндөгү пикир, биздин портретибиз түрдүү боектор менен боелуп калды. Ошол пикирлерди оң жагына оодарып, дүйнө алдында кыргыздардын, Кыргызстандын аброюн аруулантуу -улуттук ар-намыстын негизги озуйпасы катары кабыл алганыбыз оң. Элибиз эркиндик, адилеттик үчүн, керек болсо, кан төгүлгөн майданга да чыгууга кайраты жетет, а көздөгөн максатыбыз- мыйзамдуулук, укуктун улуулугу, элибиздин асыл мүдөөсү, ошону үчүн кан төгүлдү, ал эми ошондой асыл ниет менен жасалган аракетке кылмыш чөйрөсү аралашып, айрым учурда тополоң чыгып кеткени өкүнүчтүү, алар да бара-бара акыл калчап, аракет кылуу ар бир жарандын көкүрөгүндө болоор. Кылымдар бою элибиз көксөп, акыры дүйнө алдында жүзүбүз жарык болгондон өйдө турган максат болушу мүмкүнбү? Бул ыйык милдет. Ошону үчүн оор, өтө жоопкерчиликти талап кылат. Албетте, муну аткарууда Убактылуу бийликтин миссиясы зор. Анын жетекчилери өткөндөн сабак алаар. Алардын кетирген каталачылыктарын кайталабай, көр пенделик өзүмчүлүктөн жогору көтөрүлөөр өңдүү үмүт эл ичинде кеңири таралган. Алардын ар бир кадамы көзөмөлдө. Алардын ишине жараша баа берип, туура жагын колдоп, адашып баратса ачыгын айтып оңдоого аракет кылса, тагдырдын бүгүнкү сыноосунан абийир менен өтөбүз деген арзуу-тилек бар.
Маектешкен Айгүл Бакеева








кыргыз тилиндеги гезит "Адилет press"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 39

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 39

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 39


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 39

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 39

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 39


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 39

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 39

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_6.htm on line 39