Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 2
  Гайд-парк

Александр Лукашенко Жаныш Бакиевдин аялынын туулган күнүнө барыптыр дешет
"О, касиеттүү Ала Тоо
Ак булут түнөп өткөн жер,
Ата -бабам өскөн жер"
Мекенге мындан артык эмне деген жалыныч айтса болот. Өңгөчө, көккашка булак суусун ичкенге, таптаза абасын жутканга куштар болуп, тиричилик айынан кыргыз чегинен убактылуу сыртта жүргөн уул-кыздарыбыз акыры Алатоосуна - Манастын элине келээр. Акыры келээр да, чөгөлөй олтуруп көккашка булак суусун даамдап, көөдөн керип актемир таза абасын жутуп, өмүр ырахатын сезээр. Мындай ырыскы элин кордоп атып, жеп качкан адамдарга - үй бүлөсүнө, тукумуна буюрбас.
Аскар Акаев, мисалы, акыркы жылы Бакиевди поктоп, өзүн чүштөдөй актап, Интернеттен кыргыз улутуна акыл айтып, суроо салат - "Келейинби?"- деп кайтып. Акаевге таңданса да болот - тышы - жаркыраган жакшы эле киши, ичи...
Курманбек Бакиевдин (чын аты -Закиржан экенин билээрсиз) күнөөсү төө көтөргүс. Көзүн май басып - өз ордуна уулу Максимди белендеп, улуттук сыймыкты денине жуутпаган, байлык-бийликке жетиш үчүн тартынбай баардыгын жасоого даяр болчу баласын бүтүн кыргыздын көзүнчө Ак үйдүн жетинчи кабатында өз тагынын оң ыптасына отургузуп, колуна өлкөнүн экономикалык рычагын карматты. Эл жеке бийликке каары кайнаган кезде тагын талкалап салаарын анда кайдан ойлосун. Акыры эл анын былгыган бийлигин кулатканын, Ак үй алдында 90дой жигитти аттырып, жоонтоп бир туугандары менен качып жок болгону бүтүн дүйнөгө маалым болбодубу.
Бакиев азыр Беларуста баш калкалаганын билебиз. Закиржан зериккенде токойго чыгып, каз-каман атаарын Интернетте өзү билдирди. Ак үй алдында аттырган 90 адамдын, түштүктөгү кырылган 370 адамдын арбагын бакиевдик чөйрө тоготпойт окшойт. Кыргызстандын мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 12 -статьясы боюнча 8 кылмыш иши козголгон: "Алдоо же ишенимге кирүү жолу менен мүлккө зыян келтирүү" (173-ст.), "Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу" (304-ст.), "Ачык соода, аукциондорду же тендерлерди жүргүзүүдө атайлап тартип бузуу" (189-ст.), "Акча талап кылуу" (170-ст.), "Коррупция" (303-ст.), "Кызмат адамына өзү билемдик менен наам же бийлик ыйгаруу" (343-ст.), "Пара талап кылуу" (313-ст.), "Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу" (308-ст.), "Ишкерлик кызматына мыйзамсыз кийлигишүү" (309-ст.), "Сыйлык алып бергени үчүн пара алуу" (310-ст.), "Кызматтык укуктарын кыянаттык менен колдонуу" (305-ст.), "Коммерциялык же башка уюмдардын укуктарын кыянаттык менен колдонуу" - (221-статья) менен ага кылмыш иштери козголгон.
Жаныштын каякта жашынып жүргөнү да белгилүү болду. Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда, ал азыр эки баласы жана граждандык аялы Орозгүл Токторбаева менен Белоруста т.а. экс-президент агасына кошуна менчик үйдү ижарага алып жашап жатат. Адыл Бакиев жана Кыргызстандын Германиядагы мурдагы элчиси Марат Бакиев да ушул жерде жашап жатышат.
Айтмакчы, Урмат Барктабасов 23-июлда Жаныш Бакиев менен телефон аркылуу 2-5-августта Кыргыз Республикасындагы расмий бийликти күч менен тартып алуу планын талдап-аныкташкан. Ошол эле убакта Минскиде Жаныш Бакиев Казакстандын тургуну, Урматтын биртууганы Мурат Барктабасов менен жолугушуп, бийликти тартып алуунун материалдык-техникалык жана финансылык жактан каржылоо жолдорун талдап чыгышкан. Жаныш Бакиев Урмат Барктабасовго 1 млн. АКШ долларын берерин убадалап, ал каражаттын бир бөлүгү Клара Кабилова аркылуу берилгенин да ал булактар айтып беришти.
Качкын экс-президенттин үй бүлөсүнүн ар бирине Максим 100 миң доллардан жөнөтүп турат экен. Айткандай, Марат Бакиев "башкаларга 100 миң, а мага эмнеге 70 эле миң доллар бөлөсүң" деп инисине нааразы болгонун да кеп кылышат.
Баса белгилей кетели, Жаныштын аялынын (жаш ырчы) 12-августтагы туулган күнүнүн урматына белорусь батька президент Александр Лукашенко да катышып, ырдап-чоорлоду.
Экс-президенттин үй-бүлөсү, жакын бир туугандары Максим Бакиев Улуубритания жарандыгын алаары менен, "Англияга түгөлү менен көчүп барып жашайбыз" деп күтүп турушкан учуру дешет.
Ал ортодо Жаныш Бакиев Кыргызстандагы башка адамдардын аттарына жазылган там-тарактарын, т.а. Бишкектеги квартирасын, Чоң-Арыктагы жана да Чолпон-Атадагы особняктарын, Чалдовар айылындагы казино-ресторанын сатуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп, жыйылган акчага Беларуста өз бизнесин ачууну ойлонуштурууда.
25-августта Жаныш мырза граждандык аялынын бир тууганы Токторбай уулу Жаныбек менен жолугушуп, сентябрь этегинде Орозгүлдүн энеси М.Райимкулованы, кызы Токторбай кызы Гүлдөй менен Минскиге чакырганын билдириптир. (Айтмакчы, Жаныштын мурунку аялынан беш баласы бар).
Жаныш Бакиев, августтагы төңкөрүш жасоо аракети ишке ашпай калган соң, эми ал, айталы, реваншисттик маанайда түптөлгөн "Ата-Журт" жана "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиялары, алардын лидерлери аркылуу алдырган бийлигин кайра тартып алуу аракетин көрүп жатат. Аныгында, бул эки партия тең БШК талабын - кайдан каржыланаары тууралуу ачык-айкын айтып бере алышкан эмес.
Жолдош АСАНОВ





Баш-аламандыкты ким уюштурган жатат?
Буга чейин 14- сентябрда Бишкекте баш-аламандык уюштурулат экен деген сөздөр болуп келди. Ишенимдүү булактардан маалымдагандай, алдын-ала даярдык жүрүп, Үсөн Сыдыков ал топту башкарып жүргөнү, ага белгилүү партия лидерлери, Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү да арасында болгону айтылат. Алар 2 миң куралчанды даярдап, Өкмөт Үйү сыяктуу маанилүү объекттерди алууну максат кылышкан.
Бул айткандарга ишенбейин десең, вице- премьер Азимбек Бекназаров кадрдык өзгөрүүлөргө нааразы болуп, ал тургай чечкиндүү кадамдарга барабыз деп айтканы Интернет-сайттарда маалым болду.
Ырас, 14- сентябрь тынч өттү. Бирок арада ушул сыяктуу иш- аракеттерди жасап, азыркы бийликти басып алып, Отунбаеваны ордунан шыпырып, Бакиевдерди кайра алып келүү аракетин көргөндөр да арада бар экенин угуп жатабыз.
"Азияуниверсалбанкты" ким алмакчы?
Дагы бир булактын берген маалыматына караганда, Азимбек Бекназаров бийлигине таянып, рейдерлик менен "Азияуниверсалбанкты" басып алууга аракет кылганын айтышат. "Азияуниверсалбанк" мурдагы "Промстройбанкты" тартып алган деп сотто 2.5 млрд. доллар сурап жаткан Муратбек Мукашевге, "Азияуниверсалбанкты" алып берем деп Бекназаров сотторду мажбурлаганын кеп кылышат.
Эгер ушул сөздүн чындыгы болсо, анда банкта аманаты бар 47 миң киши кур жалак калып, мамлекеттин банк тармагына эбегейсиз залал келээр. Балким, Азимбек Бекназаровдун кечээ жакындагы Башкы прокурордун дайындалышына жана кадрдык өзгөрүүлөргө каяша келтиргени ушул маселеден улам келип чыкпасын деген божомол ойго келет.
Калбек БЕЙШЕН





Саясий анекдоттор
***
Үч кыргыз бул төрт саясий партия, беш саясий блок, алты өкмөттүк эмес кыймыл, беш бөтөлкө арак жана кимдин уруусу байыркы экени же хандын тукуму экенин талашып- тартышуу.
***
Кишинин буту баргыс аралда үчөө кыялданып жатышат. Орус минтип кыялданат:
- Элге жетсем эле эч убакта ичимдикти оозума албай, чочко багып, эт-май сатып, жакшы тирлик кылам.
Өзбек минтип кыялданат:- Элге жетсем эле тандыр салып, нан жаап сатып, оокат өткөрөм.
Ал эми кыргыз унчукпайт. -Эмне унчукпайсың? Кыялыңдагы нерселерди сен да айтпайсыңбы?-дешет жанындагылар. Анда кыргыз:
- Элге жеткенде мен силерге салык инспектору болом,- дептир.
***
"Том байкенин кепеси бир жарым кылымда Барак Обамага чейин өсүп жетилди.
***
Кыргыз уйгурду конокко чакырат. Устукан тартып аны жакшы эле коноктойт. Кезек уйгурга келет. Манты, хошан берип ал да жакшы жооп кайтарат. Кыргыз ооз тийген боюнча жебей олтурганынан, анын себебин сурап уйгур суроо салса, кыргыз айтат:- Этти уурдап алдың беле? Эмнеге жакшынакай этти көрсөтпөй камырга кошуп койгонсуң?








кыргыз тилиндеги гезит "Адилет press"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 66

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 66


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 66

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 66


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 66

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0916_5.htm on line 66