Менин пикирим

Сапар Орозбаков:
Куру убада менен курсак тойгузган партиялар
Конституцияны өзгөртүп жатканда айтышты эле, парламенттик республикага өтсөк идеялардын жарышы болот деп. Азыр партиялар телевизордон, радиолордон, гезит беттеринен өз платформаларын жарыялап жатышат. Көчөлөр плакаттарга толуп кетти. Бирок мен ӨмүрбекТекебаев айткан бир дагы идеяны көргөн жокмун. Аны мен "Ата-Мекенден" да издеп таппай койдум. Мен муну айтып жаткан себебим, биздин өлкө андай идеяга чыны менен эле өтө муктаж. Эгемендик алгандан бери жыйырма жыл бою Кыргызстан дүйнөлүк финансы уюмдарынын жардамы менен экономикалык реформа жүргүзүп келет. Бирок экономика көтөрүлүп, элдин турмушу жакшырып кеткен жок. Эмгекке жарамдуу калктын бери эле дегенде 20 пайызы өз өлкөсүнөн иш таппай, башка жерлерде тентип жүрүшөт. Иштеп жатам дегендери деле жарытылуу акча алышпайт, эптеп күн көрүшөт. Көп адамдар жакшы турмуштан үмүтүн үзүп, башка өлкөлөргө биротоло көчүп кетип жатышат. Ачуу чындыкты жашырбай ачык айтканда Кыргызстан жок болуп кетүү коркунучу алдында турат. Эмне үчүн реформа күткөндөй натыйжа бербейт? Эмнени туура жасап, кайсы жерден ката кетирип жатабыз? Канткенде экономиканы көтөрөбүз? Мен мезгил кабыргасынан койгон ушул суроолорго партиялар жооп издеп, туңгуюктан чыгып кетер жол табабы дедим эле. Үмүт акталчудай эмес. Мен байкабай, көрбөй калып жатамбы деп партиялардын сайттарын да карап көрдүм. Бул тармакты минтип өнүктүрүп, тиги тармакты тигинтип өнүктүрүп, ички дүң продуктыны баланчага, бюджетти түкүнчөгө жеткирем деген бир дагы толук кандуу, ынанымдуу жазылган программа таба албадым.
Парламентке өтөт деген "Ата-мекен", СПДК, "Ата-журт", "Республика" платформа иштеп чыгып, ага экономика жаатында жасай турган иш-аракеттерин тезис түрүндө кошуптур. Ал эми "Акыйкат", "Замандаш", "Ар-намыс", "Бүтүн Кыргызстан" мурда эле жарыялашкан жалпы партиялык программаларын жетиштүү дешкен окшойт, атайын программа же платформа иштеп чыгышпаптыр. Калгандары жөнүндө айта турган болсом, алардын жада калса сайты да жок болуп, оюнда эмне бар экенин билүүгө мүмкүн эмес. Мындан жалгыз гана "Ак-шумкар" "7 кадам" деген ат менен программага окшош бир документ иштеп чыккан экен. Бирок аны толук кандуу программа деп айтууга ооз барбайт. Анда кыргыз экономикасынын талуу деген бир нече проблемалары көтөрүлгөнү менен, чын эле ушундай эмеспи деп айткыдай бир дагы жаңы ой жок. Баягы эле Акаев менен Бакиевдин учурунда далай жолу айтылып, ашмалтайы чыккан эски ойлор.
Партиялар идеяларды жазбаганда эмне жазышкан дейсизби? Илгери Акаев жаңыдан президент болгондо Экономика министрлигине барды эле, ошол жерде иштеген адистердин ой-пикирин угам деп. Мен анда ошол министрликтин алдындагы инститтутта иштечү элем. Бирок мен командировкада болуп жолугушууга катышпай калгам. Президентке көрүнүп калалы дешкенби, коллегаларымдын айтымында, сүйлөөчүлөр көп болуп, бирок бирөө да конкретүү бир нерсе айта албаптыр. Биздин институтта экономика илимдеринин бир доктору бар эле. Ал дагы чыгып сүйлөп, өз сөзүндө туризмди өнүктүрүш керек деген экен. А кезде туризмди кыргыз баласы уга элек кез болчу. Окумуштуу жаңы идея айтып жатам деп ойлосо керек. Акаев аны да ошол туризмиңди кантип өнүктүрүш керек , конкреттүү айтпайсыңбы деп каккан дешет. Биздин партиялардын программалары да бир нерсе айтам деп аракет кылганы менен так ушундай механизмдери так көрсөтүлбөгөн, декларативдүү чакырыктарга толтура.
СПДК, мисалы, өзүнүн шайлоо үчүн даярдаган платформасындагы айыл чарбага тиешелүү бөлүмүндө фермердик чарбаларды ирилештирүү үчүн мамлекет стимул түзүш керек деп эсептейт. Ал кандай стимул -маселе ушунда болуп жатпайбы. Бирок ал жөнүндө платформада эч нерсе жок. "Ата-Журт" партиясы өзүнүн бийликтеги оппоненттерин эмне кыларын билбейт деп туура сындайт, а бирок өзү деле конкреттүү ой айтпай, жеке ишкерликке эркиндик берүү, бийликти борбордон ажыратып, региондорго өткөрүү, өнөр жайды өнүктүрүү, керектөө бюджетинен инвестициялык бюджетке өтүү өңдүү жалпы нерселер менен чектелет. Мен бул партиялардан мисал келтирсем эле, ушулардын программасы жаман турбайбы деген ойдо калбагыла. Мындай "чала бышкан аш" шайлоого катышкан ар бир партиянын программасында бар. Чала болсо да, бир ой айтса дагы жакшы го, айрымдары болсо, экономиканы кантип өнүктөрүү жөнүндө эч нерсе айтпай эле, ойду омкоруп, тоону томкоруп жатышат.
СПДК партиясы башты оорутуп ойлонуп отурбай эле кошулган наркка салыкты жана социалдык төлөмдөрдү 15 пайызга чейин, соода жүгүртүүдөн алынуучу салыкты 1 пайызга чейин төмөндөтүп, дагы эки салыкты түбү менен жоюп салам деп опурулуп жатат. Анын ордун эмне менен толтуруп, мугалимдерге жана врачтарга айлыкты кайдан акча таап берери жөнүндө бир дагы сөз жок. Булар бюджеттин тартыштыгы 20 млрд сомго жеткенин билишпейби деген ойдо калдым. Бу дагы эчтеке эмес. Куру убада берип, кулак сүйүнткөн жагынан "Республика" алдыга эч кимди салчудай түрү жок. Өмүрбек Бабанов чү деген эле жерден кредитти 7 пайыз менен таратмай болду. Анысы аз келгенсип электр энергиясын да өздүк нарк менен эле сатам деп жатат. Акаев менен Бакиев кутуруп кеткени үчүн эле тарифти көтөрүп салыптырбы? Бул "саясий жылдыз" Бакиевдин учурунда вице-премьер болуп иштеди эле, эгерде электр энергияны өз наркы менен сатуу, өзү азыр айтып аткандай, реалдуу болсо, ошондо жасабай кайда жүрдү эле? Ушундай партияга да ишенсе болобу?





1. Мурдагы прокурор Байтемир Ибраев кандай прокурор болду?
2. Жаңы дайындалган прокурор Кубатбек Байболов
кандай прокурор болот?
сизге собол
Клара Ажыбекова,
Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери:
1. Байтемир Ибраев тыңгылыктуу прокурор боло албады. Мыйзамдуулукту орнотууга жасаган аракети байкалган жок. 7-апрелден бери жарым жылга чамалап баратат, бирок ошондон бери жасаган жарытылуу ишин көргөн жокпуз. 7-апрелде Аянттагыларды кимдер атканынын аягына чыгара албады. "Альфанын" балдары элге ок чыгарбаганын айтып келишүүдө, анда балдарды ким аткан? Ош окуясынын күнөөкөрлөрү кимдер? Айтор, ушул сыяктуу иштердин бирөөнө дагы жооп бериле элек.
2. Бир иште жаңы эле билек түрүп иштей баштаган кишини улам бир жерге жылдыра беришет. Байболов жакында эле келбеди беле, ички иштер министри болуп дагы иштей турса болмок. Министр катары анын пайдасы чоң болмок, азыр ИИМдин функциясы чоң.
Учурдагы Конституция боюнча башкы прокуратура мамлекеттик структураларды гана көзөмөлдөйт, функциясы мурункудай эмес.
Менин оюмча, шахматтын фигурасындай болуп эле, жетекчилер бир кызматтан экинчисине көрүнбөгөн бирөөнүн колу менен ары- бери жылдырылып жаткандай таасир калтырат. Байболовдун ИИМ министрлигинен Башкы прокурор болуп кетиши саясий махинация болду деп эсептейм.
Кубат Байболов теориялык жактан такшалган, прокурорлук ишти да жөндөп кете алат деп ойлойм.
Бейшенбек Абдразаков, "Үй куруучулар" партиясынын төрагасы:
1. Байтемир Ибраев кызматтан туура эле кетти. "Бекназаровдун курсташы экен, таанышынын күчү менен кызматка келиптир" деп жатышкан . Эми ушактар бир азга болсо да токтоп, иш алга жылат деген ойдомун.
2. Кубатбек Байболовду илим-билимдүү, ИИМде, УККда тажрыйбасы бар адам катары эл жакшы билет. Алдым-жуттумдар эмес, эл үчүн кызмат кылгандар бийликке келиш керек.
Өндүрүш Токтоназаров, "7-апрель" коомдук кыймылынын жетекчиси:
1. Кыргызстан олку-солку абалда турганда, ар кимди шахмат ойноткондун кажети жок болчу. Менин жеке пикиримде, иштеген ишинин аягына чыгарбай, иштен алып салган болбойт. Роза Исаковнанын буга чейинки иштерин колдогонум менен, бул жолку кадамы туура эмес деп ойлойм. Дегеним революция учурунда, андан кийин Азимбек Бекназаров менен үзөнгүлөш болуп жүрүп, тилекке каршы ага кеңешпей Байтемир Ибраевди кызматтан бошоткону туура эмес.
2. Кубатбек Байболов июнь айындагы Ош окуясында өзүнүн жоопкерчилигин мыкты аткаргандыгын далилдеген. Бирок ИИМден прокуратурага секирик жасаганы мен үчүн түшүнүксүз.

Тынчтык Алтымышов , "Акыйкат пресс " гезитинин башкы редактору:
1. Байтемир Ибраевдин кызматттан кетиши, ал кызматка Кубатбек Байболовдун келиши көпчүлүк үчүн күтүүсүз нерсе болду.
2. Шайлоолордо жаңжал чыгып кете турган болсо, ошол жоопкерчиликтен Кубатбек Калбековичтин качканы десек болот. Чекист катары тажрыйбасы болгону менен, бүгүнкү кызматында анын пайдасы болобу...
Кундуз ИСМАИЛОВА