Эл эмгектен эскерсин

Доке
1959-жылдын сентябрь айы башталып, медициналык институттун 1-курсунда жаңы эле окуп жаткан кез эле. Лекциядан кийин химия сабагы өтөөр маалында биз окуй турган аудиториядан жогорку курстун студенттери сабагын аяктап чыгып жатышты.
Чыгып жаткан бир студент менден сурап калды:
- Анатомия окуп жатасыңарбы?
- Ооба.
Китепканадан анатомиялык атлас сага тийдиби?
Жок. Биздин группада бирөөндө гана бар.
- Анда сен анатомиядан кыйналат турбайсыңбы. Анатомия кафедрасынан адамдын скелетин жаздырып алып келип, койнуңа алып жатпасаң болбойт. Ошондо мээңе баары түшөт. Антпесең анатомиядан зачётту, экзамен тапшыра албай каласың - деди, күлбөй эле. Мен биртике абдаарып турдум. Дагы бир аздан соң: - Силерге Шеров айткан жокпу?
- Жок, бизге Саралинов деген ассистент сабак берет, - дедим.
Скелетти коюнга алып жатпасак да, анатомия кафедрасынан адамдын ар кыл сөөктөрүн, формалинге салынган мээни, адамдын жана башка мүчөлөрүн өзүнчө портфелге же атайын баштыкка салып барып, китептегиге салыштырып окуганда тез өздөштүрүп, эске көпкө сакталат экен.
Ал жигит айткан Шеров деген, кафедра башчысы, азыркы Кыргыз Республикасынын Баатыры атактуу хирург Мамбет Мамакеевдин алгачкы мугалимдик ишинде устаты болгон. Ал бизден сөөктөрдүн кыргызча аталышын сурадыбы, билбегенибизди айтып турду. Шеровдун мыкты мугалимдиги бир жолку баарлашууда эле билинди.
Кийин 2 -курска келгенде октябрь айынын башталышы болушу керек. Медициналык институттун студенттери даярдаган спектаклди, Кыргыз драмтеатрында болот дегенинен кирүү билетин институттун комсомол комитетинен алдык. Спектаклди студенттер мыкты даярдашыптыр. Кадимки артисттерден кем калышпайт. Кыргыздрамтеатрынын артисти А.Көбөгөнов спектакль бүткөндө мыкты даярдашканын айтып, студент-артисттерге ийгилик каалады. Алардын жетекчиси, спектаклди коюуга жооптуу, башкача айтканда режиссеру, баягы мени тамашалаган студент, аты- жөнүн ошондо билсем, Дооронбек Садырбаев экен. Алар спектаклдин артынан концерт беришти.
Студент- артисттер жайкы каникулда жер-жерлерди кыдырып, спектакль, концерт беришип медициналык институттун кассасына акча топтоп келишкен.
Кийинчерээк Дооронбек Садырбаевди мединституттан көрбөй калдым. Кийин окууну таштап жөндөмүнө жараша башка иште иштеп, Ленинградга окуганы, кудай берген талантты таптаганга киришиптир. Ар жактуу талант: акын, жазуучу, киночу Д.Садырбаев ар түрдүү чыгармалары менен элге көрүндү. Мындай мыкты инсанды кыргыз эли республиканын Жогорку Кеңешине бир нече жолу депутаттыкка шайлашты.
Кийин, анда-санда теле-радио комитетте жолукканда сүйлөшүп калчубуз. Баарлашууда кызыктуу окуяларды камтыган, кыргыздын нукура төл сөздөрү менен, арасына куйкум сөздөрдү аралаштырып, аңгеме- дүкөн куруучу. Чукугандай сөз тапкычтыгы менен айырмалануучу. Мындай эң жогорку деңгээлдеги таза жан дүйнөдөгү адам менен баарлашканда жан дүйнөңдү эргитип, адамдын аурасын тазартып койгонун сездим.
Дооронбек Садырбаевдин көзү өткөндө Кыргыз Республикасынын Баатыры болгонуна кубандым. Бир өкүнүчтүүсү, тирүү кезинде берилгенде жакшы болмок, атаганат! Бирок, Бакиев бермек эмес. Аны "Үкө, жакшы иш кылбай жатасың!" - деп, ар бир кемчилдигин тайманбай айткан, президентти көзгө сайгылап турган, жолборс жүрөк ушул Докем эмес беле.
Дагы далай арстан мүнөз адамдар
Республиканын өз алдынча болгонун бир жагдайы, Республиканы бир убакта жетептеп турган, КПССтин кеңсесин бир нече жыл эмгектенген, кыргыздын мыкты уулу Апсамат Масалиевге Кыргыз Республикасынын Баатыр наамы да көзү өтүп кеткенде берилбедиби.
СССР мезгилинде кызара бөртө мээнеттенген Кыргызстандын чыгаан адамдары: К.К.Юдахин, И.К.Ахунбаев, К.Карасаев, Саякбай Каралаев, Муратбек Рыскулов Социалисттик Эмгектин Баатырына тете болсо да, эмнегедир аларга берилбеди.
Орто Азия боюнча атагы чыккан түрколог, Кыргызстан гана эмес, Өзбекстандын айрым жерлерин кыдырып, өз илимин өркүндөтпөдүбү. Анын орусча-кыргызча, кыргызча -орусча сөздүктөрү, кыргыз тили боюнча табылбас, энциклопедиялык тармактагы сөздүк эмне деген эмгек. Ал сөздүк Оштун Ала-Букасын, Ысык-Көлдүн Балыкчысын, Нарынды, Сокулукту кыдырып, мени ээрчип жүрдү. Азыр дагы зор пайдасы тийип турат. 20- кылымдын жетимишинчи жылдары Балыкчыда иштөчүмүн. К.К.Юдахиндин юбилейи жакындап калган. Күн сайын газетаны карап, орустан чыккан мыкты "Кыргызды" социалисттик эмгектин баатыры болот деп, ойлоп да, күтүп да жүрдүм. Бир күнү газетада : " Эмгек кызыл туу" ордени менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкты көрдүм. Ошондо, менин маанайым пастады.
Мурдагы Орто Азия чөлкөмүндө жүрөккө биринчи операция жасаган И. К. Ахунбаев болуучу. Кыргыз Илимдер академиясынын, 1954-жылы уюшулгандан тартып, биринчи президенти болгон. Ак ниет эмгеги, андан ашык орден, медалдарга татыган эле. Республиканын мамлекеттик сыйлыгына да татыган. Жогорку даражадагы наамдарды, башка сыйлыктарды да алды. СССР Жогорку Советине депутат болуп, далай коомдук иштерди аткарган. Бирок, анын иши эмгек баатырына тете эле. Ал убактагы чоңдорго бетине түз айтып коймок жайы бар болгондуктан, арстан жүрөк мүнөздөгү Ахунбаевди жактырышпай, калппы же чынбы, аны Кыргызстан КП БКнын - катчысы бердиртпей койгон дешет. Жиберилген сыйлоо баракчасы архивде бардыр.
Жашоосу жана иши легендага айланган кыргыздын чыгаан инсаны өз ажалынан эмес, жол кырсыгынан көзү өтүп кетти. Тирүү болсо, кийин эмгек Баатырын алмак беле.

Тобокел КАНЫМЕТОВ,
Сокулук району, врач.