сармерден

Өмүрбек Абдрахманов:
"Кыргызстанда чоң жаңылануу, тарыхый мезгил өкүм сүрүүдө"
- Кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарына улутчулдар деген жарлык тагып жаткандар аз эмес. Ушул көрүнүш эмнеден келип чыгууда?
- Кыргыздын ар бир жараны патриот болуп эсептелет. Ал патриоттордун кимиси кандай көрүнөт? Кээ бирөөлөр "мен мекенчилмин" деп ачыктан-ачык чыгып жүрүшөт. Көчөдө антип куру кыйкырып жүргөндөр булар жарма патриоттор. Алардын жасаган ишин карап көрсөң, коомдун өнүгүшүнө салымы жок, баатырдык эпосторду, элдик баатырларды даңазаламыш болуп, Салижан Жигитов айтмакчы, "көзүн желкесине тагып алгандар көбөйүп кетти". "Мекенчил" деп айтканга татыктуу боло турган эч нерсе жасашпайт, биздин келечегибиз каякка баратат, канткенде өнүгөбүз деген сыяктуу суроолор менен баш оорутушпайт.
Азыр Кыргызстанда чоң жаңылануу жүргөн тарыхый мезгил өкүм сүрүүдө. Бир коомдон экинчи коомго өтүп жатабыз. Мурунку диктаторлук коомду да баштан кечирдик. Ал коом кандай коом эле? Тээ компартия заманында камчы менен камчылап келишти. 10 млн. ашык адамдын, кыргыздын нечендеген кыраандарынын өмүрү кыйылбадыбы. Андан бери келип, Акаев да, Бакиев да диктатордук мамлекет курабыз деп аракет кылды. Бакиев диктатордук эле эмес, канкор бийликти түздү.
Акыры минтип элдин жеңиши орноду. Бирок бул жеңиш кандай гана кыйынчылык менен келди. 100 дөй адам курман болду, Оштогу окуя канча өмүрдү кыйды. Чырдын аягы эмгиче басыла элек. Бүгүнкү күнү мекенчил дегенибиз - азыркы замандын салтын, техникасын коомдук өнүгүү мыйзамын билген жана аны ишке ашырган адам деп атасак болот.
- Кыйын күндө башка өлкөлөрдө ар кандай акцияларды уюштурушуптур. Мисалы, Кореяда алтын, күмүш буюмдарын мамлекеттин казынасына чогултушуптур. Кыргыздар да, балким "Кыргызстанга мен эмне жасай алам?" деген акцияны уюштурушса кандай болоор эле?
- Корея элинин мамлекетке алтын тапшырганы бир эле учурдун окуясы. Биз мындай мисалдарды тереңирээк карашыбыз керек. Түндүк Кореяда авторитардык бийликти куруп, азыр да адамдардын теңи ачка олтурат. Түштүк Кореяда болсо демократиялык коом түзүлдү. Түштүк Корея дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кирди жана алар накта патриоттор болушту.
Биз жарма патриоттуулуктан кутулушубуз керек. 3-4 жыл мурун ХИПИК программасына киребиз дегенде, мен ал программага кирүүнү жактаган элем. Ошол учурда кыргыздар мени ташбараңга алабыз дешкен. "Бөйрөгүбүздү сатсак да, ХИПИКке кирбейбиз" деп көпчүлүк кыйкырып чыккан. Бакиевдин бир кошоматчысы мамлекетке 1 млн. сом төгүп берген, башка эч ким ал программага кирүүдөн сактанууга акча которгон эмес. ХИПИКтин негизги максаты эмнеде болгон? ХИПИК программасы кыйналып жаткан мамлекеттерге жардамы болмок. Алар коррупцияны жоготсоңор, (Ширшов, Балкыбеков уурдагандарды) бардык тармактагы коррупцияны, бюрократияны жоготсоңор бир миллиард долларга чейин карызды кечебиз деген. Адегенде биздикилер сүйүнүп кеткен, эсиңиздерде барбы, Бакиев, Кулов да жактаган, Бакиев негр болсом да ошол программага киребиз дешкен. Кийин алар мурунку айткандарына кайра каршы чыгып, коррупцияны жоготсок өзүбүз акчасы жок калат экенбиз деп, элге сөөктү ыргытып койгон.
Мына ошентип кыйкырып атып, андан куру калдык. 1 млрд. долларды азыр чөнтөгүбүздөн төлөп беребиз. Азыр "мекенчилдер", "улутчулдар" курултай, саяктардын, солтолордун курултайы,оң канат, сол канат деп бөлүнүүгө өттү, биз феодализмге кайра баратабызбы? Биз идеологиялык жактан өсүп-өнүгүү жагына багыт алышыбыз керек. Парламенттик өнүгүү жолун тандап алганыбыздан кийин, ошол нукта, саясий партияларга артыкчылык беришибиз керек.
- Азыр бизде жайнаган саясий партия түзүлүп калды, сиз көрүп келген Америкада деле 2-3 эле саясий партия бар да…
- Жайнаган партия түзүлгөнү жакшы. Маселен: ат чабыш уюштурулса, анда жүздөгөн аттар чыгышы мүмкүн, ошонун ичинен күлүктөрү гана тандалып калат. Америкада деле башында эки-үч эмес, андан да көп партия болгон, азыр деле партиялардын саны көп, бирок алдыңкы эки партия бири-бирин алмаштырып, бирине-бири атаандаш болуп келатат. Европада деле 2-3 негизги партия ат салышып келет.
Бизде болсо бүгүнкү күндө 150 дөн ашык партия болсо, алардын 20сынын гана шайманы келип, анык шайлоодо 15и эле калат го, анан 3-4 партия эле парламентке өткө керек. Калгандары эленип олтуруп, өзүнөн өзү жок болот.
- Азыркы өкмөттүн деле кемчиликтери кезигет, мурдагыдай эле кымбаттоолор болуп атат…
- Азыркы техникалык өкмөт эптеп эле, реформа кылбай эле, шайлоону өткүчө, үч айга келген өкмөт эч нерсе өзгөртө албайт. Шайлоодон кийинки өкмөт элге программасы менен чыгып, элге өз сөзүн айтат. Демократиянын шартына ылайык элге кызмат кылат. Оппозиция күчтүү болот, аларга да көзөмөлдөөчү кызматтар көп берилет.
Көп гезиттер майда ушактан башы чыкпай атат, төртүнчү бийлик катары сиздер өкмөттү сынга алып, тазалагыч болуп турушуңар керек. Өсүү-өнүгүү ошондо башталат.
- Сиз Америкада жүргөнүңүздө сизге байма-бай телефон чала берчү эмес белем. Бир жолу сиз "Америкадан жан дүйнөм жай алып калды" дедиңиз эле. Биздин жан дүйнөбүз ошондой абалга качан жетет деп эсептейсиз?
- Ошондо Кыргызстандан жаңы эле түрмөдөн чыккан кезим эмес беле. Балаңды, өзүңдү ким, качан, каякка алып кетет деп коркуп турчусуң. Ал жакта эл коркуу менен жашабайт экен, "кандай машина алам, кандай үй алам" деген эле проблема. Дээрлик баары эле бактылуу. Биз дагы ошол тарапты көздөй басып, аракет кылышыбыз керек. Америкада "жан дүйнөм жай алып калды" деп ошондон улам айткан болчумун.
Бул дагы табигый нерсе. Америкага да андай жашоо асмандан түшүп калган эмес. Эркиндикке алар да кармашып атып жеткен. Биз дагы эки революция жасаган элбиз, элдин күчү жетип, ошондой турмушка жетишишибиз керек. Шайлоонун чыр-чатаксыз өтүшүнө баарыбыз биргелешип аракет жасашыбыз керек. Эгер баарыбыз биримдикте аракет кылсак эле, тынч өтөт.
Маектешкен Айгүл Бакеева





  Азыркы замандын макалдары

Ким эрте турса, ага жумуш болот.
Банк берет - банк алат.
Акылдуунун башында болсо, акылсыздын депозитинде.
Кылым жаша - эгер кылымдык кредит алган болсоң.
Саясий анекдоттор

Эгер сиз жумуш, акча, ипотекалык кредит - ушулардын баарын соргон кризиске каршы эч нерсе жасай албасаңыз, анда андан ырахат алыңыз!
***
Кийинки жылы жыл жакшы болуш үчүн балатыга дагы кандай жасалга илсе болот?
- Президент менен премьерди илип көргөн жок белеңер?

Карышкыр-токойдун санитары.
Кризис турмуштун санитары
***
Глобалдык финансылык кризиске байланыштуу эми капканда сыр бекер болбойт.
***
Олигархтар заказ кылат, саясатчылар жол көрсөтөт, окумуштуулар далилдейт, журналисттер айтып берет, телевизордон мунун баарын көрсөтөт. Элди болсо жазалашат.


Эки чиновник жолугушуп калышат:
- Уктуңузбу, эми чиновниктер кирешесин эле эмес, чыгашасын да декларация кыла башташты.
- Эмне себептен?
- Эмне үчүн дегенде мамлекет НДСти компенсациялап бериши үчүн.
***
Маймыл токойдо минтип кыйкырып жүрөт:
- Кризис, кризис каптап келатат…
- Карышкыр чыга калып ага минтип айтат:
- Кризис болсо эмне экен,

кризис болсо, болбосо деле, баякыдай эле эт жегеним жеген.
Маймыл андан ары кыйкырып жөнөйт:
- Кризис, кризис каптап келатат…
- Анда түлкү чыга калып, мындай дейт:
- Эмне бакырасың, кризис болсо эмне экен, кризис болсо- болбосо деле баягыдай эле тонум жонуман түшкөн жок.
Анда маймыл:
- Айткандай, кризис, кризис деп эмнеге кыйкырам, кризис болсо-болбосо деле мен баягыдай эле жылаңач жүрбөймбү.