дил маек

Ишенбай Абдуразаков,
коомдук ишмер:
"Аламанга 3600 адам түштү!
Бул тарыхта болбогон сан"
Кандай болгондо да бул шайлоо өтө курч кырдаалда өтөт. Оң жагы - өткөн шайлоодогулардай административдик ресурс өзүм билемдик кылып, каалагандай добуш санап, жасалма жыйынтык жасай албай калат.


- Ишенбай агай, саясий партиялардан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин тизмеси боюнча кандай комментарий берээр элеңиз?
- Алдыда боло турган шайлоо мурдагылардан көп жагынан өзгөчө болорунда шек жок. Отуздай партиянын ар бири 120 дан талапкерди аламанга салды. 3600 адам! Биздикиндей чакан өлкө үчүн бул тарыхта болбогон сан, ал эми сапат жөнүндө сөз башка. Талапкерлердин тизмесине назар салсак, оң-тетири жактары дароо байкалат. Жобого ылайык, этнос, гендер, муун факторлору жакшы эле эске алыныптыр. Кимдин кайсы эмгеги, кандай баркы же каражат кошумчасы үчүн тизмеге кирип калганы өзүнчө анализди талап кылат. Бирок шайлоочулар аны ойлонуп, аңдап билгенге чолоосу деле жетпейт.
Биздеги саясий абалдын өзгөчөлүгү ушундан даана көрүнүп турат. Партия бизде көбүнчө саясий, идеологиялык, моралдык көз караштан эмес, айрым төбөсү элге көрүнүп калган, каражаты бар адамдардын айланасында түзүлөт. Ошондуктан шайлоо компаниясы да өзгөчө болору бышык. Кандай болгондо да бул шайлоо өтө курч кырдаалда өтөт. Оң жагы - өткөн шайлоодогулардай административдик ресурс өзүм билемдик кылып, каалагандай добуш санап, жасалма жыйынтык жасай албай калат. Айрым жерлерде болушу толук мүмкүн. Бирок бардык жерде болбойт. Себеби отуздай партия бирин-бири аңдып, ар бир кадамын көзөмөлдөп, чатак салганга шылтоо эле керек болуп турганда, бийликтин туткасын кармап тургандар деле мурдагыдай батыл ишке анчалык даабай калышы ыктымал. Ал эми финансылык ресурска азырынча даба азыраак. Тизмеге биринчи ондукка кирүүнүн баасы жөнүндө сөз көп айтылып жүрөт. Ошондон улам эл ичинде нааразычылык да жок эмес. "Баягы эле ичмекей-жемекейлер, уят-сыйыттан алыстап калгандар дагы эле тизмеге кирип алышыптыр" деп кабагын түйгөндөр бар. Эми аларга кандай мамиле кылаарын шайлоочулар өздөрү чечет да.
- Алдыдагы шайлоонун өтүшү боюнча ар кандай божомолду айтып жатышат. "Сталинград салгылашына бараткандай эле баратабыз" дегендер бар. Шайлоо сиздин оюңузча кандай өтөт?
- Эл ичинде шайлоо дагы бир кагылышууга алып келиши да мүмкүн дегендей кооптонуу да бар. Андай түпөйүл сезимдин негизи жок деп кесе айтуу кыйын. Элибиз быйыл эки чоң трагедияны башынан өткөрүп, эми тынчыраак болсок экен деп көксөп турган кезде саясий лидерлер өлкө, эл жөнүндө ойлонуп, жеке кызыкчылыгына жеңдирип жибербесе экен деп тилейбиз да. Анткен менен, ачыгын айтыш керек, бул шайлоодо "өлбөгөн жерде калабыз", "жоготконду кайра табабыз" дегендей реванш маанайында жүргөндөр да жок эмес. Алардын куралдуу топтору да бар. Ошолор үчүн шылтоого шынаа боло турган кыңыр ишке барбоо учурдун эң маанилүү талабы десек жаңылыш болбойт.
- Кайсы партиялардын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк?
- Шайлоо тынч өтүп кетсе, өлкөдө саясий экинчи этап башталат. Парламент ишин баштап, мыйзамдуу өкмөт түзүп алса, чыныгы иш ошондо башталат. Албетте, шайлоого чыккан партиялардын баары эле парламентке келе албайт. Келген беш-алтоосу жөнү жок жерден көгөрүп, бири-бирине душман болбой, акылга таяна иш кылышса, көп маселени ырааттуу чечсе болот.
Биздин өлкөдө бакубат турмушка жетүү үчүн шарт жетиштүү. Аткаруу бийликти бекитүүдө ашыкча саясатташтыруунун да кажети жок. Дегеним, өкмөттүн же ага караштуу мекемелердин жетекчилигине сөзсүз эле парламенттеги партиялардын мүчөлөрүн дайындоо жарабайт. Бизге бүгүн ириде профессионалдар керек болуп турат. Тилекке каршы, шайлоого бараткан партиялардын тизмесинде интеллектуалдык элита өтө эле аз экен. Мамлекеттик кызмат деген өзгөчө чөйрө да. Бул сөздүн чыныгы маанисинде - өлкөгө, элге кызмат кылуу. Ал байлыктын булагы эмес. Мына биз эки жолу шайлап алган президенттерден кутулдук. Эмне үчүн? Оболу, алар элге ак кызмат кылгандын ордуна, берген антын бузуп, бийликти жеке өзүнүн үй-бүлөсү үчүн байлык топтоонун куралы кылып алган үчүн. Тарыхтан сабак алганды үйрөнбөсөк, кайра-кайра эле баягы таяк келип башыбызга тие берет.
Күнөө ошол жетекчилерде экени шексиз. Бирок ошолордукунан кем эмес күнөө өзүбүздө да болуп жатпайбы. Көпчүлүк эл бийликке талапты катуу коюп, ар бир кетирген кемчилигин, каталыгын аёосуз сындап, көзөмөлдөп турса, алар да сестенет эле да. Элибиздин эң коркунучтуу душманы - коррупция. Анын тамырын кесмейинче элдин турмушу да, адеп-ахлак, ыйманы да оңолбойт. Буга- дүйнөлүк тарых күбө.
Ошондуктан, мамлекеттик жооптуу кызматка аз дегенде төрт сапат керек. Биринчиси - акыл-парасат, экинчиси - терең билим, үчүнчүсү - моралдык тазалык, төртүнчүсү - мекенчилдик, өлкөнүн келечегине байланыштуу проблемаларды, кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору коюу.
- Өкмөт кайсы партиялардан куралышы мүмкүн?
- Учурдагы абалдын негизинде болжолдоп көрсөк, бир дагы партия басымдуу көпчүлүккө ээ болуусу, башкача айтканда, парламенттеги жарымынан ашык орунду ала албайт. Демек, коалициялык өкмөт түзүлөт. Анын курамын аныкташ үчүн партия аралык консультациялар болору турган иш. Компромисс болмоюнча иш бүтпөйт. Ал кандай маанайда өтөөрү, албетте, партия лидерлеринин саясий маданиятына байланыштуу.
- Келечекте парламенттик республика болуудан Кыргызстан кандай утушка же утулууга ээ болот?
- Менин жеке оюмча өткөөл мезгилдеги президенттик система ылайыктуу болмок. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, биздин саясий элита али быша элек турбайбы. Президент болгондор өзүнүн мамлекет алдындагы, элдин келечеги жөнүндө тарыхый миссиясын, парзын толук түшүнбөй жеке кызыкчылыгына жеңилип кетет экен. Ошондон улам саясий процесс бүгүнкүдөй парламенттик - президенттик жолго чыгарылбадыбы. Муну да көрөлү. Бул системанын оң жагы - бийлик, оболу президент менен өкмөт көбүрөөк көзөмөлдө болот. Илгери президент укуктун дээрлик бардык ээлегени менен, жоопкерчилиги жокко эсе болгон, ошол эле кезде өкмөттө укук аз, а жоопкерчиликтин бардыгын мойнуна алган.
Азыр ал абал өзгөрөт. Ошону менен бирге саясий маданият тайкыраак болгондуктан, партиялар арасындагы араздашуу күчөп кетсе, башкаруу механизмдер бошоп кетиши да ыктымал. Тажрыйба өзү көрсөтөт. Көч бара-бара түзөлөт демекчи, бул жолду да басып көрөлү. Эң негизгиси эл кайдыгер болбой, бийлик тепкичиндегилердин ишине калыс баа берип, чындыкты көзгө сая айтып турса оң багытка өтүшүбүз ажеп эмес.
- Сиз өзүңүз эмне себептен депутаттыкка талапкер болгон жоксуз? Же Кыргызстандын келечеги сизди ойлондурбайбы?
- Кыргызстандын келечеги менин турмушумда, - муну туура түшүнгүлө, - жүрөктүн толтосунда турган маселе. Бул жагынан мени идеалист десе да болот. Идеализм - тилек, арзуу, ал эми күнүмдүк практика адамды реалист кылып коет. Эгерде жеке адам катары талапкерлик мүмкүн болсо, балким, мен да байкап көрмөкмүн. Азыркыдай партиялык тизме менен барыш мен үчүн оорураак болду, анда ар кандайлар жүрөт, айрыкча акчалай кошумча бергенди шарт кылуунун өзү мени ирээнжитет. Эл үчүн башка түрдө деле кызмат кылса болот да.
- Сиз Бакиев өткөргөн ынтымак курултайынын №1 тизмесинде турдуңуз эле?
- Мен эч убакта бир жакка, кызмат болобу, уюм болобу, суранып же ортомчу салып көргөн адам эмесмин. Дайыма өздөрү суранчу. Ынтымак курултайына да сураныч боюнча баргам. Ага мен өкүнбөйм. Адам текеберлик кылбаш керек. Аттуу-баштуу адамдар суранып, ошол курултай аркылуу айта турган сөздөрдү айтып туралы, балким, оң жолго салуу үчүн анча-мынча болсо да салым болоор деп, таза ниет менен чакырганга барбаган кесир болот. Экинчиден, ошол эле курултайга келгендердин арасында пейли таза, калыс жүргөн адамдар көп эле болду. Ошолор орчундуу көп маселелерди көтөрүштү. Кошомат кылып, (Бакиевге-ред.) көзгө көрүнүп калайын дегендер да көп экен. Бүгүн так ошолор "апакай" болумуш болуп, кызмат сурап жан талашып жүрбөйбү. Же андай эмеспи?
Бакиевди мен көптөн бери билем. Анын оң сапаттарын да, терс жактарын да, баарын болбосо да, көпчүлүгүн туйчумун дегенге акым бар. Сындын да ар кандай түрү, ыкмасы бар да. Акаевдын убагында да, Бакиевдин убагында да алардын ишин, кылык-жоруктарын сындаган макалаларым, интервьюларымды жыйнаса, бир томдон чоң китеп болушу мүмкүн.
- Маегиңизге чоң рахмат!
Маектешкен
Айгүл БАКЕЕВА