Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
  Менин пикирим

Сапар ОРОЗБАКОВ
Түштүктөгү коогалаңды ким уюштурган?
(Башы гезиттин 5-августтагы №1 санында)

3. Дос болумуш этип аркадан сайгандар бар
Ош окуясын териштирүү үчүн улуттук жана эл аралык деп бир эмес, эки комиссия түзүлдү. Бирок алар өз ишинин жыйынтыгын чыгара элек. Ал эми массалык маалымат каражаттары жөнүндө айтсак, алар бул темада көп жазышкан менен, алардын арасында биз сөз кылып жаткан үчүнчү күч жөнүндө бир пикир жок. Орусиянын гезит, журналдары, радио-телевидениелери жана Интернет сайттарынын айрымдары үчүнчү күч деп ислам экстремисттерин айтса, экинчилери табышмактатып, сөөмөйүн батышка, тагыраак айтканда Америкага кезейт. Ушуну да көрбөгөн кандай сокур немесиңер дегенсип. Жашырганда эмне, кыргыздардын көпчүлүгү дагы эле Орусиянын массалык маалымат каражаттарын чындыктын акыркы үлгүсү катары тутуп, ал жактан чыккан үндү жантыгынан жата калып тыңшайт. Ошол себептен ОБСЕнин полициясын киргизбейбиз дегендер көп болуп жатпайбы, ОДКБга ишенип.
Батыш болсо июнда эле эмес, апрелде эмне болуп кеткенин түшүнбөй башы маң. Башында ал Орусия көңтөрүш жасап жибердиби деп шекшип, Кыргызстандын бийлигин бир жумадан кийин гана тааныды. Ал эми август, июнь окуялары алар үчүн дагы эле түшүнүксүздөй сезилет. Мындан үч жума мурда Хьюман Райтс Вотч "Акыйкаттык кайда? Июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык кагылышуу" деген ат менен килейген докладын жарыялады. Эгерде Оштогу кагылышууну уюштурган ислам кыймылы болсо, ага байланыштуу кичине шек-шыбаа болсо, ошолор айтат эле го, сакалчан көрсө итатайы тутулган. Докладда ислам кыймылы жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр. "Хьюман Райтс Вотч известно о разнообразных версиях относительно организаторов насилия, но они здесь не обсуждаются, поскольку нам не удалось найти неопровержимых доказательств какой-либо из этих теорий" - деп жазат аталган эл аралык уюм. Кыязы Кеңешбек Дүйшөбаев аларды өз версиясына ишендире албай койсо керек.
Белгилүү себептерден улам мени чек аранын ары жагындагы өзбектердин пикири өзгөчө кызыктырат. Буга байланыштуу мен Интернеттен эки кызык нерсе таптым. "Ушул жылдын июнундагы Кыргызстанда болгон конфликт аргасыздан менин эсиме мындан 20 жыл мурда болгон кагылышууну салат" -дейт 90-жылкы окуя боюнча эки тасма тарткан Абдулазис Махмудов "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда. Ал анда да, азыр да номери жок машинелер болуп, чагымчылар маска кийип жүрүшкөндүктөрүн белгилейт. Өзбек кинодокументалисти: "Я считаю, что в ошских событиях есть прямая рука спецслужб Москвы. Спустя 20 лет те же самые спецслужбы, подогреваемые сумасбродной идеей жириновцев помыть сапоги в Индийском океане, продолжают ту же экспансионистскую политику" - деп жыйынтык чыгарат.
Өзбекстандын коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, майор Икрам Якубов да ошондой эле ойдо. Бу киши Абдулазис Махмудовдон айырмаланып кагышууну геноцид деп баалайт жана Орусия менен кошо кыргыздарды - Убактылуу өкмөттү да күнөөлөйт. "За резней и геноцидом против узбеков стоят российские спецслужбы и нынешнее временное правительство Кыргызстана. В 90-х годах ХХ века был устроен аналогичный геноцид против узбеков, и тогда И.Каримов также бездействовал. Тогдашний геноцид также был организован Лубянкой и осуществлен руками кыргызов" - дейт Икрам ака.
Макаламдын башында өзбек президенти ислам экстеримисттеринен көрбөстүгүн айттым. Ал Бухарага барып сүйлөгөн сөзүндө муну дагы бир жолу ырастады. "В нынешней сложной обстановке как никогда важны бдительность, выдержка и умение трезво оценивать ситуацию. В ближнем и дальнем зарубежье есть и те, кто выдает себя за наших друзей" - деди Ислам Каримов ал жердеги эл менен жолугушканда. Байкап жатасыздарбы, өзбек президенти дос өлкөлөр жөнүндө кыйытып, ал эми душман деп эсептелген ислам кыймылына кенедей да жылчык калтырган жок. Ал өз сөзүндө "дальнее зарубежье" деген терминди колдонгону менен, контекстте кеп "ближнее зарубежье" жөнүндө жүрүп жатканы даана байкалып турбайбы. Ислам Каримов Ош окуясы улут аралык конфликт, эгерде анын күнөөкөрлөрүн издеп, териштирүү жүргүзсөк, жараны ого бетер ырбатып алабыз деген ойго таптакыр кошулбасын билдирди. "Я категорически против подобных утверждений. В этом не виноваты ни узбеки, ни кыргызы. Это подрывные действия, организованные и управляемые извне. Силы, организовавшие диверсию, стремились втянуть Узбекистан в это противостояние" - деди Ислам Каримов.
4. Бир ок менен эки коен

Өзбек президенти жаңжалга Өзбекстанды тартуу аракети жөнүндө бекер айтып жаткан жок. Орусия Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык жаңжал чыгарып бир ок менен эки коен аткысы келген. Албетте, ал бутага биринчи кезекте Кыргызстанды алган.
Орусиянын массалык маалымат каражаттары 7-апрель алдында Бакиевдин бийлигин бир ооздон жамандап чыгып, ансыз да араң турган элге түрткү болгон. Алар муну бийликтин айдактоосу менен атайын жасашканына менде эч кандай күмөн саноо жок. Орус бийлиги аны менен эле чектелип калбастан алдамчы Бакиевге каршы башка да чараларды пландаштырган. Мисалы Москва ошол кездеги оппозиция өкүлдөрүнүн айрымдарын өзүнө чакырып, Бакиевге каршы тукуруп турган. Атамбаевдин Форумунун алдында 7-апрелде кыргыз коопсуздук кызматы курал-жарак калтырып кеткен деп жатышпайбы. Мен ага да Орусиянын атайын кызматтарынын тиешеси бар деп ойлойм. Бирок менин оюмча Орусия Бакиевдин бийлигин кулаткысы келген эмес. Жөн гана аны какыс-кукус кылып коркутуп коюуну гана көздөгөн. Анын үстүндө орустар да, америкалыктар да Бакиев өз бийлигин оңой менен өткөрүп бербестигин, керек болсо курал алып коргоп каларын жакшы билишкен. Орусия артык кылам деп тыртык кылып алганын кыргыздар жамгырдай жааган октон коркпой Ак үйгө кирип барганда гана сезген сыяктуу.
Жаңы бийликтин демократия курабыз, парламенттик республикага өтөбүз дегени башкаларды кубандырса да, Орусиянын авторитардык бийлигин кубандыра албайт болчу. Орусия үчүн ар кошкондон бир кошкон, бири-бирин укпаган, бирөөсүнүн айыбын экинчиси атайылап чукуп чыгарган он-чакты партияга караганда Кыргызстанды каалагандай калчап жалгыз билип турган бир президенттин бийлиги жакшы. Анткени аны алдап-соолап, алданбаса коркутуп, ар кандай шантаж жасап өзү каалагандай чечимдерди чыгартып алууга жеңил. Акаевди алдап орус тилин расмий тил кылып алгандай. Мени кыргыз саясатчыларынын мурдунан алыс эч нерсени көрө албаганы таң калтырат. Мен, мисалы, Атамбаев Москвага барып, бизди Орусия өлө колдоп жатат, Бакиевге бербей катып жүргөн акчасын бизге бермей болду деп келгенде "ай ушунда бир мандем" бар деп анча ишене берген эмесмин. Айткандай эле болуп чыкты. Бул бир деп туруңуз.
Экинчиден, оппозиция, аны менен кошо бийлик алмаштырмай аракет орус бийлигинин өз башында да бар. Кийинки кезде, өзгөчө дүйнөлүк финансылык кризис болуп, экономика төмөндөп мурдагыдай боло албай калганда, элдин турмушу начарлай баштаганда Орусияда оппозиция кадимкидей баш көтөргөнү байкалат. Сыныктан башканын баары жугуштуу дегендей Кыргызстан демократиялык өлкөгө айланса, Орусиянын эли да жөн жатпайт болчу. Ошондуктан Кыргызстандагы демократияны колдоо Путин менен Медведев үчүн өз бийлигин каршылык көрсөтпөй өткөрүп берүү менен барабар. Орусия бизде түндүк-түштүк, кыргыз-өзбек жаңжалын уюштуруп, өз элине мына көрдүңөрбү демократия эмнеге алып келерин деп өз элин коркуткусу келген. Кыргызстандын парламенттик республикага өтүшүн жактырбасын Орусиянын президенти жашырган деле эмес. Анын Кыргызстан парламенттик республиканы көтөрө албайт, Афганистан болгону калды деп эч нерсе боло электе эле айтып жүргөнү калппы? Жардам беребиз деп коюп ушул күнгө чейин жардам бербей жүргөнү да ошол себептен. Орус бийлиги Кыргызстандын оңолуп кетүүсүн таптакыр каалабайт.
Орусиянын экинчи мээлеген нерсеси Өзбекстан. Ал кыргыз менен өзбектерди кагыштырып, жаңжалга Өзбекстанды да тарткысы келген. Анткени кийинки учурларда Москва менен Ташкенттин ортосун кара мышык аралап, тил табыша албай келгени белгилүү. Ислам Каримовдун өз өлкөсүн ЕврАзЭСтен чыгарып кетүүсү, ОДКБ менен ШОСтун жыйындарына кааласа барып, каалабаса барбай коюп жатканы буга күбө. Орусия да аны колдон чыгарбоонун аракетин көрүп келген. Ош окуясына чейин эле ал Өзбекстанды күч менен эпке келтирүү үчүн Кыргызстандын түштүгүнө база жайгаштырам деп жүргөн. Орусиянын Камбарата ГЭСин курууга кызыга баштаганы да ушуга байланыштуу болчу. Сууга кожоюн болуп, Өзбекстан менен Казакстанды кыңк дедирбей кармап турууну көздөгөн.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда согуш чыгып кетсе, эки мамлекет тең Орусияга жалдырап бармак. Орусиянын максаты ошол болчу. Тилекке жараша анын бул арам ою ишке ашкан жок. Ооба, Ош окуясы ансыз деле миңдеген адамдардын өмүрүн алып кетти же аларды майып кылды. Үй-жай өрттөлүп, мал-мүлк тонолуп өлкө миллиарддаган долларга зыян тартты. Эгерде эки мамлекеттин ортосунда согуш чыкканда, Кыргызстан эмне болорун элестетүү кыйын эле.
(Уландысы 7-бетте)
(Башталышы 5-бетте)
Бул үчүн кыргыздар Ислам Каримовдун көрөгөчтүгүнө жана кеменгерлигине баа берүүгө милдеттүү. Ал Отунбаевага берген убадасына бекем туруп, Кыргызстанды карай чек арадан бир дагы өзбекти өткөргөн жок. Ошону менен ал бүтүндөй Борбор Азияны алоологон чоң өрттөн сактап калды.
5. Соңку сөз

Макаламдын биринчи бөлүгү туура мындан бир ай мурун жарыяланган эле. Редактордун айтымында "эмне үчүн уландысын бербейсиңер, силерге кысым көрсөтүп жатышабы" деген телефон чалуулар болуптур. Кысым болгон жок. Кечиккеним үчүн окурмандардан кечирим сурайм. Анын себеби - макалага коюп алган темам татаал болуп, айткандарымды дагы бир сыйра электен өткөргүм келди. Өзүмө өзүм сын көз менен карагым келди. Чынымды айтсам, башынан эле мага бул макаланы жазуу оңойго турган жок. Колунан кармап алыптыр деп айткыдай далилим болбосо. Бир досум айткандай, мени өлтүрүп кетиши да мүмкүн эле. Анын үстүнө менин сөзүм орустарга эле эмес, аны дагы эле алдейлеп баккан энесиндей көргөн өзүбүздүн кыргыздардын бир даарына да жакпайт болчу. Жазбай эле коеюн десем, Орусия арам оюн дагы уланта бермек. Чоң оюн баштап алган Орусия Ош менен токтоп калат деп ким айта алат? Улут аралык жаңжал болбосо да, башка формаларда уланта бериши мүмкүн эле. Шекшигендер бар турбайбы деп токтоп калабы дедим.
Абалдын оордугун ушундан билиңиз, биз Орусияга экономикалык жактан көз каранды болуп, иш жүзүндө ага эч кандай каршылык көрсөтө албайбыз. Бирдеме болсо биздин товарды өткөрбөй коет. Казактар чек араны жаап салгандай. Эмгек мигранттарыбызды кууп чыгат. Менин байкашымча айрым адамдар Орусиянын күнөөлүү экенин жүрөгү менен сезип турушат. Бирок унчугушпайт. Эмне кылсаң өзүң бил деп колу-буту тушалган койдой жалдырап жата бергенибиз да туура эмес да. Мен бул макаланы жазып кыргыздар ойлонсун дедим. Ак-караны айрып, абайлап иш кылсын дедим.
Акырында айтаарым, мен бул макаланы бүтө жаздап калганда Орусиянын түштүктөгү жаңжалга тиешеси бар экенине далил болчу дагы жаңы фактылар пайда болду. Мага жеткен маалыматтарга караганда Орусия атайын өкүл кылып жиберген Рушайлонун жардамчысынын кыргыз менен өзбектерди кайраштырып жүргөнүн көргөндөр бар экен. Бул тууралуу аттуу-баштуу эле кишилер айтып жатышат. Анан дагы өзбек айылынан чыгып келе жаткан жерден Орусиянын бир тыңчысы колго түшүптүр. Аны кыргыз укук коргоочулары сабап, суракка алып жаткан жери интернетке чыкты. Ал өзү махаллаларда курал-жарак сатканын мойнуна алып жатат.

Сапар
ОРОЗБАКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Адилет press"




Яндекс.Метрика