эсен болуп, эстей жүр

7-апрель каармандары
Ажыманбетов Акылбек Жаныбекович
(1984-жыл, 29-сентябрь)

Ажыманбетов Акылбек 1984-жылдын 29-сентябрында Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Ал айылдагы Эргеш Иманов атындагы орто мектепти аяктаган.
Акылбектин колу жөн билги, устачылык өнөрү бар эле.
7-апрель күнү, кийин баамдашса, Акылбек өзү каза болоор алдында, жан берерге жарым сааттай калганда эле экен, Бишкекте көпчүлүк арасында, ордо калаанын кан күйгөн аянтында жүрүп, алыстагы айылындагы атасы менен апасына телефон чалган. Алты бир туугандын баарына баш-көз болчу, баарынан улуусу ушул Акылбек эмес беле. Уулунун үнүн угуп, анда ата-эненин санаасы тынчып калган. Андан дагы алдыда аларды жакшы кабар күтүп жаткан. "Буюрса, бир ай өтүп-өтпөй, үйгө ак көшөгө тартып калаарсыңар. Мен силерди келиндүү кылганы турам. Бапыратып, той берип калабыз" деп айтты эле тун уулум, - деди атасы жашып.
Ошол сүйлөшүүдөн жарым саат өтүп-өтпөй эле, Акылбектин Нурлан аттуу досу телефон чалды. "Алоо, Акылбек бул жактан жарадар болуп, ооруканага жатып калды". Үйдөгүлөр бир заматта чакчелекей түшүп калышты. Бишкекке тезинен жөнөө керек.
Ал эми ушул учурда Акылбек ооруканада жатып, жанында жан алакетке түшүп жүргөн бир туугандары жана досу Нурланга ар нерсени айта берди. "Минтип жараланып жатып алып, баарыңарды убайымга салдым, бир туугандарымдын баарын бөөдө кыйнап кое турган болгонумду карачы".
Ата-энесин, бир туугандарын кыйнаса деле, жарадар болуп жата берсе эмне!
Акылбектин жарат алганын уккан атасы айылдан борбор шаарга шашып-бушуп жетип келгиче, алардын уулу атылган ок тийген жаратынан жакшы боло албай, жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылындагы бир үйдө тартылчу ак көшөгөгө олтурчу бир кыз, ошентип келин болуп келбей калды.
Бир туугандары алардын агасы Акылбектин адамдык жакшы сапаттары жөнүндө айтып беришти: "Бирөөгө жаман айтпаган, жароокер, ак көңүл. Жаз күнүндөй жаркылдап, дайыма жылмайып жүрчү өзгөчө бир сапаты бар эле" дейт карындашы Махабат.
Каргашалуу 7-апрель күнү снайперлер аткан ок Акылбектин жамбаш тарабына тийип, ошол жараттын кесепетинен жарык дүйнө менен коштошуп кете берди.
Анын сөөгү Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына коюлган.

Айылчиев Азиз Турсунбекович
(1980-жыл, 31-август)

Айылчиев Азиз 1980-жылы 31-августта Чүй областынын Аламүдүн районунун Таш-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Чоң-Таштагы Сүймөнкул Чокморов атындагы толук эмес орто мектепти 1994-1995-окуу жылында бүтүрүп чыккан. Ал мектептин жетекчилиги Азиздин жакшы окугандыгы тууралуу мүнөздөмө беришкен. Спортко, айрыкча футбол, волейболго кызыккан. Футбол боюнча курама команданын капитаны болгон. Бишкек шаарында күрөш боюнча секцияга катышып, көптөгөн мелдештерге катышкан.
Намыскөй, жоопкерчилиги жогору, таза, тыкан, айткан сөзүнөн кайтпаган жигит болгон. Көп бүлөлүү үйдө өсүп чоңойгон.
Иниси Бакыт агасы тууралуу айтып берип жатып, андан калган чөнтөк телефонундагы 7-апрель күндөгү митингден тартылып калган сюжеттерин көрсөттү, Азиз бийликтин коркутуп-үркүтүүлөрүн, газ чачкан, кадимки ок менен элди атканын көрүп туруп ушунчалык зээни кашайып, сөгүнгөнү да жазылып калыптыр. Анын чөнтөк телефонундагы тартылып жүргөн күчүктү көзү ачыла элек кезинен багып, шприц менен тамак берип чоңойткон, анын атын "Шприц" деп коюп алган. Ошол күчүк тез эле борсоюп чоңоюп калгандагы сүрөтү да жүрөт. Ал убакта Москвада үч иниси жашап, иштеп жүрүшкөн. Бакыт менеджер болуп иштечү. Жаныбек, Каныбек, Эсенбек, Бекболот, Бакыт, Жылдыз, Эрмек аттуу бир туугандары бар. Москвадан телевизордон Кыргызстандагы баш аламандыктар тууралуу көрүп жатышкан. Көптөн бери, бир жарым жылдан бери Азиз менен көрүшө элек болушчу. Бирок 6-апрель күнү телефон аркылуу сүйлөшкөн. Азиз август айында үйлөнөм деп жаткан. Андан улуу агасы да үйлөнмөй болуп жаткан.
Мына ушундай жагдайда алар бир тууганынан айрылып калышты. Азиз 7-апрель күнү БТРдин жанында каза болгон, аны канкор снайперлер көкүрөк тушка такап, атышкан экен.
Азиздин сөөгү Чоң-Арыкка коюлду.

Айылчиев Эмилбек Турдубекович
(1983-жыл, 25-февраль)
Айылчиев Эмилбек 1983-жылы 25-февралда Талас шаарында туулган. 1990-жылы Талас шаарындагы №6 орто мектептин 1-классына кирип, ал жакта 1998-жылга чейин окуган. 1999-2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетине тапшырып, аны 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2007-жылга чейин борбор шаардагы Биринчи май жана Ленин райондорунун прокуратурасында иштеген. Андан кийин ишкерлик менен алектенип кеткен.
Эмилбек үч бир туугандын улуусу болучу. Карындашы Борбор азиялык Америка университетин аяктап жатат. Иниси Мирлан туризм академиясынын студенти. Ата-энеси Турдубек менен Кишимжан билимдүү адистер.
Эмилбекти алды жакта кубанычтуу кабарлар күтүп турган. Кош бойлуу жубайы, бир жашар кызы Элизага жолдош кылып, мүмкүн уул, а балким дагы бир кыз төрөп берип, аны кубандырмак болучу. Дагы бир кубанычтуу кабар - жакын арада өзү чет өлкөлөрдүн бирине кызматка орношуп кетмек болуп камынып жүргөн эле.
7-апрелдеги Бишкектеги митингде Эмилбекти көргөндөр көп экен. Алгач жездеси Эмилбекти аянтта жүргөнүн көрүп, да бир кырсыкка кабылбасын дегенби, "бул жакта жүрбө, үйгө бар" деп айткан. "Макул кетейин" деп койгону менен, кайниси үйүнө жөнөп кеткен эмес.
Аянтта атышып аткандарды эч ким укпасын дегенби, айтор соткасын өчүрүп салган. Таластагы ата-энеси, инилери "Евроньюстан" Бишкектеги аянттагы ошол күнкү козголоңду, атышууларды көрүп, бийликтин кылыгына кыжыры келип жатышкан. Ошол тушта борбор шаардагы аянттагылардын арасында аларды уулу да бийликке айбат көрсөтүп жүргөндөрдүн катарында экенин кайдан билишти…
Ак үйдөн атылган ок Эмилбектин жүрөгүнө, ичине тийип, аны көтөрө албаган бейкүнөө жигит шейит кетти.
Кечээ жакында ошол эле Ала-Тоо аянтынан ата-эне, бир туугандар болуп, бактылуу көз ирмемди кармап калганын кара. Сүрөттө күлмүңдөп турган алардын кулуну эми ата-энесин, бир боорлорун, аны уккандардын баарын кейишке салып, элинин баатыр уулдарынын катарында калбадыбы.
Жакында жарык дүйнөгө келчү перзенти да атасын көрбөй калды.
Элдин уулу Эмилбектин сөөгү Талас шаарына коюлган.
("7-апрель каармандары" аттуу китептен)