Алик Орозов:
"Многие из временщиков проявили себя дилетантами…"
- Алик Карыбаевич, с чем связана Ваша отставка? Многие в недоумении, что Вы покидаете свой пост в трудное для страны время.
- Чтобы предупредить различные кривотолки, сразу поясню. Президент предложил мне пост посла в республике Пакистан и я согласился. Пакистан - находится совсем рядом, почти наш сосед, туда можно экспортировать электроэнергию, государство имеет открытые выходы в океан. Пакистан имеет развитую легкую промышленность, особенно текстильную, а у нас, как Вы знаете, тоже сильна развита швейная промышленность. Туда, в жаркую тропическую страну, можно продвигать наши великолепные прохладительные напитки, чистую питьевую воду - главнейший товар в ближайшем будущем. В исламских университетах Пакистана учатся наши студенты. С запада находится беспокойный Афганистан со своими опийными плантациями. Т.Е. Пакистан во всех отношениях для Кыргызстана интересная страна.
- А как же безопасность страны? Ведь, многие связывали с вашим приходом в Совбез надежды именно с обеспечением безопасности?
- Пакистан - это тоже вопрос безопасности Кыргызстана. У правительства этой страны и у нас, в плане обеспечения безопасности имеются общие точки соприкосновения. Религиозный экстремизм, терроризм, талибы и наркоэкспансия - общая угроза для наших стран.
Вторая сторона вопроса, подтолкнувшая меня согласиться с предложением Президента, это то, что в новой Конституции, которую мы приняли на референдуме 27 июня, Совет безопасности, как конституционный орган не предусматривается. Вместо СБ и Конституцию ввели - Совет обороны, как вы догадываетесь, быть не должно, в принципе. Рабочим органом Совета обороны, по логике вещей, должен являться - Главный штаб Вооруженных сил КР.
- Однако, Совет обороны, тоже по логике вещей, должен создаваться в условиях, когда государство находится в состоянии войны. От кого же мы собираемся оборонятся?
- Конечно же, Совет обороны в мирное время - нонсенс. Представьте себе - заседание Совета обороны - что они должны обсуждать? Положение дел на фронтах? Или на заседании секретарей Совбеза ОДКБ, обсуждающие вопрос информационной безопасности от нас будет присутствовать начальник Главного штаба ВС КР? Думаю, что Совет обороны создавался конкретно, под Исмаила Исакова, на тот момент - национального героя. Каждый революционер нарезал себе свою долю пирога, нарезал себе участок деятельности. Многие из временщиков проявили себя дилетантами, как в политике, так и в государственной деятельности.
( "Лозунг" гезитинен 25.08.2010г)




Апрель майыптары камкордукка алынабы?
Өткөн жумада "Айкөл-Ала-Тоо" коомунун мүчөлөрү Ак үй алдына чыгышып, Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушууну талап кылышты. Алардын талабы - статус алуу жана люстрация мыйзамы.
7-апрелден бери өкмөткө жолдогон каттардын жоопсуз калуусу, кайрылууларынын аларга жетпегени нааразычылыкты туудурган. Ошол жерде тургандардын көбү ошол каргашалуу окуянын залдарын дагы да тартып келишүүдө. Албетте, капилет кырсыктан, байкоосуздуктан алган жарат башка, ал эми 7-апрелдеги окуяда окко кабылып жарат алган башка эмеспи. Көптүн иши, жакшы жашоо, келечек үчүн кыйын кезде бел байлаган адамдарды колдоого алып койсо келечек, башкаларга үлгү үчүн да керек экенин баары эле түшүнүп турса керек.

Шейшеке ДҮЙШӨНБЕКОВ,
"Айкөл-Ала-Тоо" коомунун төрагасынын орун басары:

- 7-апрелдеги окуядан кийин "Айкөл-Ала-Тоо" деп өзүбүзчө коом түзгөнбүз, 500дөй адам бар. Албетте, өкмөт тарабынан жардамдар болууда. Ал эми азыркы биздин талабыбыз - азыркы өкмөт биз менен жолугуп, биздин ким экенибизди, бизге кандай наам, статус берилет ошону аныктап беришсе. ВТЭКтен өтүп, кадимки майып катары каттоого өтүү каралып жатат. Көчөдөн кокустук болуп, бутун же колун сындырып, жыгылган адамдардын деңгээлинде мамиле кылганы жатышыптыр, биз аны туура эмес деп эсептейбиз.
Атка минерлер, дагы эле убадаларын берип жатышат. Бирок, баягы убадалардын бири, аткарышаарына ким кепил боло алат?
Баягы эле эки бийликте чардагандар келип, кайра орун-очок алышып жатышат. Топчубек Тургуналиевдин мындай сунушуна толук кошулабыз. Мен дагы 8 мүчөбүз менен Көлдү кыдырып келдик. Люстрация мыйзамын алууну туура көрүшүүдө. Эмне дегенде биз да, бизден башкалар да кайра ушул жерге келип кан төгүп, шейит кетип, майып болбосун. Өлкөбүздүн келечеги кең болсун. Жакшы жашоого келишибиз керек.

Ормон Мусабеков, 7-апрель окуясынын катышуучусу:

- Мен "Айкөл-Ала-Тоо" коомунун мүчөсүмүн. 7-апрель күнү жаракат алганмын. Өзүңөр көрүп жатасыңар, ал каргашалуу окуядан бери 4-5 ай өтүп кетти. Бизге өкмөт тарабынан убагында көп убада берилген эле. Көңүл бурулат, жардам берилет, камкордукка алабыз деп. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин алар аткарылбай келет. Бизге өкмөт мүчөлөрү жаракат алган жигиттердин статусун аныктап берсе дейбиз. Ар бирибиздин үй бүлөбүз бар. Ден соолугубуз начар.
- Азыр кантип жан багып жатасыздар?
- Мурда алган жардамдар менен эле жашап жатабыз. Балдарыбыздын окуусужакын калды. Астыда кыш.

Таалайгүл Жумабекова,
Нарын шаары:

- Биз революцияда катышканбыз. Мага ок тийген. Өкмөткө кайрылганыбыз - статус, жеңилдиктер берилсе деп жатабыз. Өкмөттө отургандар биз менен жолугуп, жоопторун беришсе дейбиз. Бийликке келгендердин тууганы же өзүлөрү ушундай жагдайда болушса башкача сөз болмок. Арабызда баатыр энелер, 7-апрелге чейин эле майып болгондор да бар. Жашоо кыйындап калганда биз да эч нерсеге карабай, башыбызды өлүмгө сайып коюп келген болчубуз. Бийлик адамга карамдуу болсо деп ошого умтулдук эле.
Даярдаган
Бүбү ТОКОЕВА