Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 2
Чокчолой баатыр
Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары ("Голос Америки", "Независимая газета") кызмат ордунда калтырылган Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун Бишкектен Ошко триумф менен кайтып келишин сүрөттөп жазышты. Мэрдик ордунан козголоор алдында элди көтөрүп атып, ордунда калышынын салтанатын "Мен кетпейм! Мен силер мененмин! Мен эл мененмин!" деген сөздөрүн, борбордук бийликке баш бербей жатканын айтып жана жазып чыгышты.
Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы Алик Орозов Мелис Мырзакматовдун кызматтан кетээри тууралуу жарыя айтып жиберди эле, аягында Мырзакматов эмес, Орозовдун өзү кызматтан кетүүгө мажбур болду.
Ошто анын ордунда калышын жактап чыккандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Мелис Мырзакматов минтип айтканы маалым:
- Мени Бишкекте үч күн кармап "Токой чарбасына барасың, матрезервге барасың, элчи болосуң" дешип, мен макулдугумду бербей, Азике өзү жандап, силердин алдыңарга келип олтурат. Кудай буюрса Ош биздики. Ошту гүлдөтүп, өркүндөтөбүз. Борборду Ошко көчүрүп келебиз. Мен дайыма "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түркүгү Чүйдө, Нарында, Таласта эмес, так ушул Ошто" деп келгем. Силерге эсептеп берейин: Ала-Бука, Чаткалды алалы, Азиз Турсунбаевди жамандап атышат. Жалал-Абадга келели, Камчы Ташиевди, Марат Кайыповду, Өзгөнгө келели, Элмурза Сатыбалдиевди, Адахан Мадумаровду, Улук Ормоновду, Алайда Марат Султановду, Темиралы Исаковду, Ошто -Мырзакматовду, Искендер Гаипкуловду жамандап атышат. Биз баарыбыз эле акмак болуп, баарыбыз эле Бакиевчил болуп калыптырбызбы?
Мырзакматов мындан тышкары Убактылуу өкмөттүн чечимдеринин түштүктө күчү жок деп чыкты.

Кыргыз саясатчылары Мелис Мырзакматовдун мындай ишмердигине кандай баа берээрин сураганыбызда, алар мындай оюн билдиришти:

Орозбек Молдокасымов,
Коммунисттер партиясынын Ош областтык комитетинин катчысы:
- Мелис мырза бүгүн Кыргызстандын элдик баатыры. Экинчиден, ал саясатта терең телчиге элек. Бирок өндүрүш, курулуш иштерине көзү жеткен жетекчи. Эки элдин келечегин айкалыштырып, жуурулуштуруп уюштурчу жигиттерден. Эл ичинде анын кадыр-баркы чоң экен. Шаарды тартипке салып, эл менен тил табышып иштеп жатат.
Буга чейин канча мэр иштеди? Акыркысы Жантөрө Сатыбалдиев болду эле. Баары эле азыркы мэрчелик иштеп бере алышкан жок. Мырзакматов "элим, жерим" деген чыгаан жигиттерден.

Өмүрбек Абдрахманов,
"Ата-Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
- Демократия деп жатканда, эл ишенимине ээ болгон, бир топ адам колдогон жигит экен. Аны оң жагынан эле баалайм. Бирок ошол эле убакта ал мамлекеттик кызматтын өкүлү. Азыркы бийлик менен бир идеяда болуп, Мекенибиздин гүлдөп- өсүшү үчүн биргелешип салым кошушу керек.

Эдил Байсалов,
"Айкөл эл" партиясынын лидери:
- Мелис Мырзакматов түштүктөгү окуяда өзбектер автономия бергиле деп чыгат экен дегенге каршы болгом дейт. Менин оюмча Мырзакматовдун азыркы "автономиясы" андан кем болбой калды. "Азыркы бийликке баш ийбейм, аларды тоотпойм" деп Маскөөнүн "КоммерсантЪ" гезитине интервью берип жатат. Бул эмне дегендик? Июнь окуяларында биз андай Чокчолой баатырларды көргөнбүз.
Акаев, Бакиев деле кыргыздын желегине баш ийип келген. Эгер Мелис Мырзакматов башка желекке баш ийе турган болсо, анда аны да теске салып кое тургандар бар экенин унутпасын. Бишкектик болобу, оштук болобу, биз баарыбыз Кыргызстандын жараны экенибизди эске ала жүрөлү.
Айткандай, Ош шаарынын мэри тууралуу ушундай оң-терс пикирлер тынбай айтылып келет. "Голос Америки" радиосу Азимбек Бекназаровдун мэрди колдоп, Ошко коштоп барганында, өзү "Арачыга алты таяк болуп, чогулган элден муш жегенин да жарыя кылды.

Айжан
АЙТЫШЕВА





"Пресс.kg" гезитинин башкы редактору
Бакыт Сакыбаев мырзага
Ошондой эле кыргыз тилинде чыгып жаткан
башка гезиттердин редакторлоруна, редакциялык жамааттарына

Урматтуу Бакыт мырза,
Урматтуу журналисттер!

Эзелтеден элибиз "Ушак айтпа, ууру кылба, бирөөнүн акысын жебе, кыянаттык кылба, кайрымдуу бол" деген дөөлөттөрдү ыйык тутуп келген. Журттун уюткусу бузулбай, элибиз эл болуп сакталып келе жатканынын бирден бир негизи да улуттук нарктын сакталышы. "Нарк бузулса эл бузулат" дейт. Кыргыз эли эзелтеден Сөзгө жогору маани берген, "Сөз улук"деп, кандай шарт болсо да Сөзгө конок берген. Менин жеке баамымда кыргыз тилиндеги гезиттердин көбөйүшү менен Сөздүн баасы, баркы көтөрүлмөк тургай, кайра төмөн түшүп кетти. Гезит беттеринде таамай, таасын айтылган ой, курч айтылган сынга караганда майда ушак, ачыктан-ачык эле каралоо, ойдон чыгарылган жалаа, карасанатайлык менен жасалып жаткан чагым көп болуп бара жаткандай сезилет. Силер Сөз булагынын башатында турасыңар, Сөз маданиятынын абалы, анын туура же туура эмес калыптанышы силердин колуңарда. Ошондой эле силер өтө кубаттуу куралга ээсиңер. "Сөз өстүрөт, сөз өлтүрөт" - дейт. Ошол себептен менин силерден суранарым - сөзгө аяр мимиле кылсаңар, мыйзам алдында болбосо дагы Кудай алдындагы жоопкерчиликти сезсеңер, бөөдө жерден эле бирөөлөргө күнөө артып, алардын жакындарынын жүрөгүн оорутпасаңар.
Бул айтып жаткандарыма мисал катары акыркы эки-үч айдын ичинде мен жөнүндө гезит бетинде жазылган ушак-айыңдарды көрсөтө алам. Бир гезит мени "ашынган коррупционер" катары көрсөтүп, "200 миң доллардан пара алып жатат" деп жазса, экинчи гезит "сарт-калмак" экен дейт, үчүнчүсү болсо Кыргызстанда болгон чатак окуялардын артында мен тургандай кылып көрсөтүүгө аракет кылат. Көздөгөн максаттары - эптеп эле жаманатты кылуу деп ойлойм.
"Пресс.kg" гезитинин 19-августундагы санында "Жумуртка кимдин идеясы?" деген кичине материал басылып, карандай калп аркылуу менин кадыр-баркыма шек келтирүү аракети жасалып жатат. Ал жерде Отунбаева менен Каптагаевдин балдары дос экен, алар биригип алып көп иштерди жасап жатышат деген карандай калп жазылган. Менин уулум менен эженин баласы бири-бирин тааныбайт, көрүшкөн да эмес. Экинчи жагынан, "жумуртка менен койгулоо" идеясын мени ойлоп тапты деген жалаа жазылган. Мен Ысык-Көлдө губернатордун биринчи орун басары болуп, андан кийин Жети-Өгүз районунун акими болуп иштеп жүргөндө оппозиция мүчөлөрүнө же башка адамдарга карата эч кандай чийинден чыккан иштер болгон эмес, оппозициябы же башка адамдарбы, облустун же райондун аймагына келгени болсо баары менен адамгерчиликтүү эле мамиледе болууга аракет кылып жүргөм. Эч качан алардын эл менен жолугуп, сөз сүйлөгөнүнөн корккон эмесмин.
Менин ошол кездеги ишмерлигим жөнүндө ал заманда оппозиция катарында болушуп Көл жакка келип-кетип жүрүшкөн Жыпар Жекшеев, Мелис Эшимканов, Турсунбек Акун, Эркингүл Иманкожоева, Арслан Малиев жана башкалардан деле сурасаңар болот. Ошол кездеги оппозиция айтып жүргөн ойлордон да курч пикирлерди кызматта туруп деле коркпой-этпей эле Өкмөттүн отурумунда же башка жыйындарда айтып жүргөмүн, муну деле эл билет.
Ошондой эле Топчубек Тургуналиев экөөбүздүн ортобузда дагы, Өмүрбек Текебаев экөөбүздүн ортобузда дагы эч кандай чыр-чатак жок, иштеги ар кандай маселелер боюнча талаш-тартыш болушу мүмкүн, бирок тирешүү, күрөшүү жок. Муну да мен ачык эле айтып коюшум керек, экөө тең мен сыйлаган саясатчылар.

Урматтуу журналисттер!
Мен "кызматка жетсем жеп-ичейин" деп башымды сайып коюп Бакиевдердин диктатурасына каршы күрөштө жүргөн эмесмин, бирөөдөн пара алып же бирөөнүн ырыскысын уурдап бала-бакырамды багайын деген оюм да жок. Эгерде мага карата, менин өмүр жолум же иштеги ар кандай жагдайлар боюнча суроолоруңар болсо түз эле кайрылып өзүмдөн сурасаңар болот, мен бардык суроого так жана убагында жооп берүүгө даярмын.
Мен жөнүндө ар кандай ушак-айың таратып жаткан гезиттер менен соттошуп, урушуп талашайын деген да оюм жок.

Эмилбек Каптагаев







кыргыз тилиндеги гезит "Адилет press"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 67

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 67

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 67


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 67

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 67

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 67


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 67

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 67

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_4.htm on line 67