Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 2
  шак-шак

Үсөн Касыбеков
Азимбек Бекназаровдун "революциялык" омуроосу
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин кол тийбестиги маселесин убактылуу өкмөттүн шашылыш карап, анын иммунитетин алып таштоо жөнүндөгү декретин чыгаруусу күйүп бараткандай иштерден деле эмес болучу. Убактылуу өкмөт бул чукул кадамы менен олдоксон ишке барып, орой ката кетиргенинде шек жок. Жоо кубалап келаткандай болуп шашылыш декрет кабыл алуу көптөгөн жоромол-божомолдорго жем таштады. Эксперттердин бир даары убактылуу өкмөттүн иши жакшы жүрбөй, кыйчалыштап жатышы, өлкөдө көптөн бери зарыгып күткөн стабилдүүлүк орной албай кыйшаңдап туруп алышы, өлкө социалдык-экономикалык терең кризиске кабылып, андан качан жана кантип чыгып кетээри сар-санаага салган табышмакка айланышы сыяктанган көкөй өйүгөн курч проблемаларды моюнга алуудан тайсалдап, күнөөнү экс-президент А.Акаевге оодара салып, элди алаксытуу амалы менен түшүндүрүштү. Кай бирлери убактылуу өкмөттүн ядросун түзгөн экс-оппозициялык саясый партиялар парламенттик шайлоонун алдындагы өздөрүнүн зоболосун көтөрүү үчүн жүргүзгөн пиар-акциясы катары баалашууда. Арийне, декреттин пайда болушуна канткен күндө да убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн, айрыкча А.Бекназаровдун, жеке өч алуу мотиви кыймылдаткыч күч катары кызмат кылганы баамдалбай койбойт. Декреттин долбоорун түзүүнүн жана аны ишке ашыруунун демилгечиси А.Бекназаров болгону белгилүү. Ал эми, катары менен эки революциянын, 2005-жылдагы "түстүү" март "революциясынын" жана 2010-жылдагы апрель революциясынын жасоолу деп аталган А.Бекназаровдун А.Акаевге эбактан бери тишин кайрап, кезенип, сары изине чөп салып келгени жашыруун эместир. А.Акаев өзү дагы А.Бекназаровдун далай жылдан бери куугунтукка алып келгенин, куугунтук жасоо анын көнүмүш оорусуна айланып кеткенин эскерет.
Декретте жаңы бийлик А.Акаевге "элдик байлыкты ысырап кылып чачкан", "элдик референдум деген шылтоого таянып алып мамлекеттик бийликти узурпациялап алган", "тынч элге каршы ок атууга жол берген" деген айыптар тагылат. Канткен күндө булардын баары олуттуу айыптардан экенин моюнга алууга туура келет. Декреттин пафосун багып карасаң А.Акаев жоопко тартылууга татыктуу. Башка ылажы жок. Арийне, ошол эле кезде декрет жөнүндөгү документтин будамайлап шашылыш даярдалганы, чалалыгы, чийкилиги көңүл бурдурбай койбойт. Бир катар эксперттер документтин аргументтик базасынын ооздон түшө калгандай жүүнү бош экендигине көңүл бурушту. Декретке каршы каяша кылган А.Акаевдин алгачкы билдирүүсүндө документ чала сабат кишинин колунан чыккан жапрак барак ("филькина грамота") деген баа беришине өбөлгө түзүп турган жагдайлар кажетсиз кезикпей койбойт. Айтпаса жалганбы, А.Акаевдин Аксы трагедиясында-элге каршы ок атылышына тиешелүү деген айып боюнча ынанымдуулук аз экенин көрүү кыйынчылыкка турбайт. Декретке карата алгачкы комментарий бергенге үлгүргөн россиялык "КоммерсантЪ" басылмасы: "… в дни Аксыйского расстрела Аскара Акаева в стране не было, а постановление о разгоне демонстрантов подписывал занимавший тогда пост премьера Курманбек Бакиев" деп жазды. Мындай талаштуу учурлар А.Акаевдин Үзөнгү-Куушту Кытайга берип жибергенине байланыштуу дооматтарга да тиешелүү. Акаевдин тарапкерлери Кыргызстандын жеринин Кытайга берилип кетиши эмес, совет доорунан бери талашка түшүп, башы ачылбай келаткан участоктор жөнүндө сөз болушу керектигин, ал эми талаш жерлер Кыргызстандын пайдасына чечилгенин далил катары алдыга тартышууда.
Декреттин текстинде мындан башка талаш туудура турган күмөн-күдүктүү жагдайлар кыйла көп экенин белгилөө керек. Мисалы документте: "2010-жылдын апрелиндеги окуялардан кийин А.Акаев өзүнүн берген көптөгөн интервьюларында элдик кыймылга, К.Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык режимин кулатууга тиешеси бар экендигин билдирүүгө, тагылган айыптардан качып, өзүнүн башкарган жылдарын демократиянын жана адилеттиктин үлгүсү катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Ошол эле убакта анын билдирүүлөрү чагымчылык мүнөздө болуп жатат, себеби анын билдирүүлөрү республикадагы коомдук-саясый кырдаалды курчутууга багытталып, иш жүзүндө реванш алууну көксөп жаткан "үчүнчү" күчтөрдүн чагымчыл аракеттери үчүн белги болууда" -деп айтылат. Ырасында А.Акаевдин көп сандаган интервьюлары менен тааныш адам ал өзүн өзү актоо аракети менен күнөөнү өзгөлөргө, биринчи кезекте Америкага арта коюу аракети бар экенин көрбөй кое албайт. Ат тезегин кургатпай улам билдирүүлөр, комментарийлер менен чыга калып жатканын баамдаган адам бул киши эмнеге эле тынчый албай жатат, унчукпай тымып калса өзүнө эле пайдалуу эмес беле деген ойго келери шексиз. Арийне, документтеги, А.Акаевдин билдирүүлөрү "чагымчыл мүнөздө, реванш алууну көздөгөн "үчүнчү" күчтүн деструктивдүү аракеттерине сигнал болуп кызмат кылат" деген учурлары ачыктан ачык демагогия экени баамдалбай койбойт. А.Акаев чет жерде качып жүргөн беш жылдын аралыгында кандайдыр бир "үчүнчү күчтөргө" тиешеси да, байланышы да болбогонун, деги эле бийликке келечекте жеке кусаматы жок экендигин, саясий ишмердик менен биротоло коштошконун жетишерлик түрдө далилдей алды десек аша чаап кетпес элек. Документте колдонулган демагогиялык жалакор логика менен кимди гана болбосун, кайсы гана саясатчыны болбосун, айыпка жыгып күнөөлүү кылып таштоо оңой. Олуттуу документ олуттуу далилдер менен коштолгону изги. Софизм менен каалаган натыйжага жетишүүгө болот дегендер катуу жаңылышат.
Убактылуу өкмөт А.Акаевдин иммунитетинен алабарман ажыратуу менен өздөрүн ыңгайсыз абалга коюп койду. Башынан эле мыйзамдуулугу талаш туудуруп келаткан убактылуу өкмөт бул олдоксон кадамы менен 13-августта жарыялаган декрети гана эмес, өздөрүнүн бийликтен кетпей тырышып туруп алышынын юридикалык тамырынын боштугу боюнча, жалпы элдик референдум менен кабыл алынган Конституциядан кийин легитимдүүлүгүн жоготкондугу боюнча, өздөрүнө тиешелүү болбогон ашыкча бийлик ыйгарып алып жатышканы боюнча талаштуу маселелердин көбүртүлүп көтөрүлүп чыгып, коомчулукта кенири талкууланышына өздөрү айгак болуп жем таштап беришти. Жаңы Конституцияда убактылуу өкмөт жана анын чыгарган декреттери жөнүндөгү түшүнүктөрдүн жок экендигине карабай убактылуу өкмөттүн бийликтен кетпей каршыгып туруп алышына каршы нааразычылыктарды жаратарын жокко чыгарууга болбойт. Бул иш убактылуу өкмөттүн жарыялаган декреттерин жокко чыгарууну жана анын отставкасын талап кылып жаткан граждандык сектордун активисттеринин отуна тамызгы болуп берип, кошумча упай алышына өбөлгө түзүп койду. Убактылуу өкмөткө каршы чыккандардын айткандары А.Акаев боюнча талаштуу декреттен кийин коомчулукта кыйла олуттуу кабыл алына баштаганы жалган эместир. Бир сөз менен айтканда, убактылуу өкмөт алабарман декрети менен өздөрүнун бутун өздөрү каап жатышканы кадиксиз. Айрым басылмаларда пайда болгон "доско күлкү, душманга таба кылгандай" ишке барышты деген сөздөрдө кантсе да чындык жатат.
Экинчи жагынан убактылуу өкмөт менен А.Акаев жана анын тарапкерлери ортосундагы ойлобогон жерден пайда болгон, тагыраак айтканда, декреттин чыгышы менен жалындап жанган информациялык согушта "убактылуулар" утулуп калганын моюндарына алууга туура келет. Убактылуу өкмөт мындай эл аралык коомчулукка шылдың болгон жайсыз абалына кабылышына алдын алып ойлонуштурган иш кыла албагандыгы үчүн өздөрүн гана айыпташы кажет. Башкалардын эч айыбы жок. Издесең да табышың кыйын. Күнөө, алибетте, "убактылуулардын" эң активдүү мүчөсү, омуроого салып иш жасаганды өнөр күткөн А.Бекназаровдун "революциялык" көкүрөгүндө, "революциялык" алабармандыгында, "революциялык" чалакайымдыгында жатат. А.Бекназаровдун тилине кирип кеткен эндекейликтери үчүн убактылуулар өздөрүн гана күнөөлөө калет. Канткен күндө да А.Бекназаровдун иш- аракеттеринде революциялык ырааттуулук сезилген менен, анын жасаган иштерин саясый-юридикалык жагынан кынтыксыз деп айтууга эч болбойт. А.Бекназаровдун демарштарынын түп-күлүгүндө пайдасынан зыяны көп болоору анык. Күпүлдөп барып ар кимди камалай берген философия дайыма эле оң майнап берип жибербеси башынан белгилүү эмеспи.









кыргыз тилиндеги гезит "Адилет press"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 28

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 28

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 28


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 28

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 28

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 28


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 28

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 28

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ad/10/0826_2.htm on line 28