7-апрель каармандары
Абдразаков Алмазбек Асанбекович
(1971-жыл, 5-январь)

Абдразаков Алмазбек 1971-жылдын 5-январында Нарын областынын Тянь-Шань районунун Казан-Куйган айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Атасы Асанбек менен апасы Майраштын 11 баласынын жакшы көргөн, таянар тоо катары көргөн бир уулу эле. Кийин үйлөнгөндө да да кайнатасынын уулундай көргөн жалгыз күйөө баласы болуп калган.
Алмазбек 1989-жылы орто мектептин 9-классын аяктагандан кийин Нарын областынын Достук айылындагы №30 кесипчилик-техникалык окуу жайынан окуп, тракторист-машинист деген кесипке ээ болгон.
Армияда Ыраакы Чыгышта танк батальонунда кызмат өтөгөн, ага лейтенанттык наам ыйгарылган.
1998-жылы Алмазбек Абдылдаева Гүлмира менен баш кошот. Ал экөө үч балалуу болушат. Балдардын алды азыр 14 жашка келип калды.
Армиядан келгенден бери эле Алмазбек ар кандай жумуштарды аркалап жүрдү, жай мезгилдеринде көбүнчө Ысык-Көлгө барып иштеп келчү, кышкысын жана башка убактарда машинасы менен таксисттик жумушту арткарчу. 7-апрелде ал аянтка таксисттердин баарын чогултуп барган. Алмазбек "Ата-Мекен" партиясынын Ак-Талаа району боюнча координатору болучу.
Спорт менен машыккан, тамеки чекпеген, ичимдик ичпеген, шайыр, ошол эле кезде, бир көргөн адам даап сөз айталбай турган сүрдүү жигит болучу. Ата-энеси аны баардык балдарынан артык көрүп, кандай кыйынчылык болсо да ага кайрылып турушчу. Азыр ата-энеси экөө тең кайгыдан мүңкүрөп олтуруп калышты.
Келинчеги Гүлмира Алмазбектин 7-апрелде аянттан үйүнө бир ирет келип кеткенин айтат. Ал күнү жаан токтобой жаап жаткандыктан, суу болгон кийимин которуп алганы келген. Аянтта атышып атат дегенди уккан келинчеги анын бутуна жыгылып, "аянтка кайрылып барба" деп айтса, "жанымдагы жолдош балдарым окко учуп жатса мен үйгө жатып алат бекенмин" деп жөнөп кеткен. Ак үйгө Бусикти кантип жини менен түртүп киришкенин, бир заматта кайдан-жайдан күч пайда боло калганын да айтып бергенде келинчеги булардын баары кандайдыр бир кинодо болуп жаткандай туюлган. Алмазбек БТРдин тегерегинен окко учкан. Ак үйдүн жалданма снайпери аны башка атканда Алмазбектин бир көзү агып калыптыр, мээси да чачырап кеткен. Анын сөөгүн таппай жүрүп араң табышкан, себеби анын сөөгү такыр таанылбай калыптыр. Ал 7-апрелде каза болсо, 12-апрелде араң таап, 13-апрелде туулуп-өскөн айылы Ак-Талаанын Хутор айылына жерге беришти.
Алмазбек сыяктуу кыргыздын эр жүрөк, патриот, жигиттеринин жаркын элеси элинин эсинен эч убакта чыкпайт.

Абыджанов Алишер Адылбекович
(1994-жыл, 23-декабрь)

Он гүлүнүн бир гүлү ачыла жлек 15 жашар Абыджанов Алишер 1994-жылы 23-декабырда Баткен жергесинде төрөлгөн. Алишер үч жашка толгондо ата-энеси Токмок шаарына көчүп келет. Ал Токмоктогу №6 мектептин окуучусу болучу. Классташтары, класс жетекчиси Алишерди жакшы көрүшө турган.
Атасы Юлдашбаев Адылбектин айтуусунда уулу сүрөт тартууга шыктуу болучу. Кандай сүрөт тартса да алдына "Алишер" деп атын жазып коймой адаты бар эле дейт. Алишер бойлуу болгон. Спортко кызыгып, кикбоксинг менен машыккан.
Апасы Иминса уулуна "Бишкекке, митингге кетип калба" деп айткан. Уулу болсо "ата-энеме мени Бишкекке кетти деп айтпагыла" деп жөнөп кеткен.
Митингде элке каршы атылган октон Алишер жарадар болуп, Чүй областтык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылат. Апасы менен атасы ооруканага барганда "Апа, ыйлабаңыз, баары жакшы болот" деп айткан. Бирок андан үч күн өтпөй, алган жаратын көтөрө албай, он алты жашка толо элек чагында бул дүйнө менен коштошуп кете бериптир. Ал туштагы качып кеткен бийликтин канкор снайперлери он алты жаштагы окуучу балдарды да жөн калтырбай аткылап кирген.
Алишер беш маал намазга жыгылган ыймандуу улан болучу. "Ата, бир гана Алладан корком. Башкасынан коркпойм" деген эр жүрөктүгү бар эле, - дейт атасы.
Канкорлор аткан ок Алишердин ички органына кирип, бооруна, өтүнө, жоон ичегисине залал келтирген.
Алишердин сөөгү Токмок шаарына коюлду.


Абдылдаев Кудаш Турдукалиевич
(1963-жыл, 14-май)

Абдылдаев Кудаш 1963-жылдын 14-майында Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кошой айлында туулган. Үй-бүлөдөгү жети бир туугандын үчүнчүсү болчу. Ал 1970-жылы Кара-Суу орто мектебине кирип, 1978-жылы мектепти аяктаган. Ошол жылы Нарын областына караштуу Ат-Башы ГЭС шаарчасындагы кесипчилик окуу жайынан окуп, 1980-жылы бүтүрүп чыккан. 1981-1982-жылдары аскердик милдетин Россияда, Мурманнск шаарында өтөп келген.
Алгачкы эмгек жолун Ат-Башыдагы МСО мекемесинен баштаган. Андан кийин Ат-Башыдагы суу курулуш мекемесинде бир топ жыл эмгектенген.
1989-жылы жумушсуздуктун айынан Бишкек шаарына көчүп келип, ар кыл кесипти аркалап келди. Ат жалында эркин өскөн теңир-тоолук эмгекчил жигит ошентип, базары көп борбордо байыр алып калган болучу.
1995-жылы Абдылдаев Кудаш Толкунова Жыргал менен баш кошкон. "Эки байыр, бир тукур" болуп, алар кол кармашып Сары-Өзөн Чүй жергесине караштуу бир катар райондорго көчүп-конуп, жакшы жашоонун артынан жүрүштү. Кийинки кезде Сокулук районундагы Орок айылына токтогон кези эле.
7-апрель күнү Кудаш өздөрү сындуу эмгекчил эл жетиштүү турмушка жетсе экен деп тилек кылып көпчүлүк калкка кошулуп, нааразычылык билдирип, бийликке каршы акцияга чыгууга аргасыз болгон. Бирок ак үйдүн төбөсүнө олтургузуп койгон снайперлер аларды жөн койбоду, мээлеп туруп, Кудашты башка атып салышты. Жалпы элдин таламын талашып чыккан карапайым бир жарандын жүрөгү токтоп калды. Ошентип, Теңир-Тоонун дагы бир кулуну элинин эртеңи үчүн шейит кеткендердин катарын толуктады.
Алты, жети жаштагы уулдары Айдин менен Нурайдин атасынын жолун карап, олтуруп калышты.
Баатырларча курман болгон Кудашты сөөгү Сокулук районунун Орок айылына коюлду.
("7-апрель каармандары" аттуу китептен)