Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




  редакция мейманы

Стамгүл Турдалиева, ырчы:
"Ата- Мекен" партиясына ырдай тургандар Ассолдун элегинен өтүшү керек экен"
- Стамгүл, 7-апрелдеги толкундоолордо эл менен бирге жүргөндөрдүн бирисиз. Азыркы өзгөрүүлөргө кандай баа берип жатасыз?
- 7-апрелден кийин ар кайсы көзү ачыктар ушундай болоорун мурда эле билгенбиз деп айтып жатышпайбы. Мен дагы ошого чейин түшүмдө көп жолу согушту көргөм. Бирок түшкө ар нерсе кире берет деп элес албай коет экенбиз.
Ошол күндөр чынында кыйын болду. Чыгармачыл адамдар жумшак келебиз, оор нерсени башкаларга караганда оорураак кабыл алат экенбиз. Ошол күндөрү жаштардын ок жеп көз жумуп жаткандарын, жан бергендерди көрүп калдым. Биринин ичи-карды чыгып жатса, биринин оозу- мурдунан кан атып жатты. Ошолор көпкө чейин эсимден, түшүмдөн кетпей жүрдү, уйкум бузулуп, эстеген сайын ыйлап жаттым. Аны көргүсү келген адамдар дисктерди алып жатканын көрөм. Мен аны өз көзүм менен көрдүм. Мындайды көргөндө киши келечекти пландай албай, күнүмдүк жашоо менен гана жашап калат экен. Ыр жазгым келип жатты.
- Сизден башка ал жерде ырчы көрүнбөдү окшойт...Сиз алардан айырмаланып, саясий турмушка жакын экенсиз...
- Мен " бул ырчы турбайбы" деп көңүл бөлбөптүрмүн. Мени көргөн адамдардын "Ырчылар да ушундай окуяга аралашат экен, ээ" дегенин уктум. Ырчы болсок да жарандарыбыз эмне күндү башынан кечирсе, биз дагы ошолор мененбиз да. 6-апрелде Таластагы окуя башталганда туугандарым ал жактан кабар айтышып, "силерде кандай?"деп сурап жатышты. "Ой, силер эмне жатасыңар? Чыкпайсыңарбы? Борбордо жатып алып силер ушинтесиңер. Силерге ошол жашоо жагып жатабы?"- деп айтышканда, абдан ардандым. Туугандарым, элим ушинтип жатса, мен да тынч жата алмак белем. 2005-жылы деле төңкөрүшчүлөргө аралашып калгам. Бирок, 7-апрелде кан төгүлөт деп ойлогон эмесмин. Балдардын сөөгүн ооруканага ташып жатканда гана селт эттим.
Ата-энем мени ушундай кылып тарбиялаптыр. Атам жада калса кошуналарыбыз, туугандарыбыз урушуп кетсе да, аларды элдештирем деп убаралана берчү.
Жетисинде аялдар деле көп жүрдү. Саясатта, майданда кыздарыбыз азыр деле эркектер менен теңме-тең эле жүрүшөт экен.
- Азыр кайсы жерде иштейсиз?
- Иштебейм. Мурда КТРде иштечүмүн, кыскартууга түшүп калгам. Кудай таалам маңдайыма чыгармачылыкты жазган экен. Чыгармачылыгым менен алекмин, кээде гастролдорго, концерттерге чыгып коем.
- Чыгармачылык жаңылыгыңыз барбы же коомдук турмуш менен көбүрөөк алектенип алдыңызбы?
- Чынында эле 2005-жылдан бери коомдук жашоого көп аралаша баштадым. Гезит-журналдарды окуп, саясатчы, оппозиционерлерди угуп калдым. Кызым да "Депутат эле болуп албайсызбы?" - деп коет. Ансыз деле "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсүмүн, алардын позициясын жактырам.
- Мындан жыйырма жыл мурда да түштүктө июндагыдай улут аралык келишпестиктер болуп кетти эле. Эсиңиздедир.
- Ооба. Ошол учурда мен Москвадан, фестивалдан келе жаткам. Жолдун баары жабылып, Карпинка көчөсү тарапка таксисттердин эч кимиси айдабай койгон. Анда Карпинкада өзбектер, уйгурлар көп жашачу. Жолдо жөө келе жатам, жымжырттык, таш, союл, бөтөлкөлөр жатат. Үйгө келсем атам кучактап калды. Амандыгыма сүйүнүптүр. Эмне болгонун сурасам, өзбек-кыргыз болуп чатакташып жатканыбызды айтты. Ошондо жүрөгүм опкоолжуп, жаман болдум. Ыр жазгым келди. Ошол ырымдын мааниси: бир туугандар бириккиле, күнүбүз бейкут болсун, бир тууганга боор тарталы, өз каныңды жоолоп атпа -дегендей эле. Эки эл бир тууган экенибизди унутпашыбыз керек.
- Кандай максаттарыңыз бар?
- Жазында концерт берейин деп ойлогом, бирок революция, жаатташуу, ызы-чуу жаңы басылса, кайдагы концерт... Атуулдук ыр жазып, ырдагым келип жатат.
- "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү болсоңуз, ал партияны жактап, шайлоодо ырдаарсыз...
- "Ата Мекен" эки жактан "крутой" ырчыларды чогултуп, ырдаткан атыптыр. Ассоль алып баруучу болуп, репертуар анын табитиндеги ырчылардан түзүлөт го сыягы.
- Кимдин сөзү, ырлары жагат?
- Анатай Өмүркановдун, Надырбек Алымбековдун ырлары жагат. Азыр өзүлөрү обонун да, ырларын да жазып ырдай коюп жатышпайбы. Мен деле ыр жазып салсам болот дечи. Бирок, профессионалдык жакты унутпаш керек.
- Азыр атуулдук ырлардын сынагы жүрүп жатат. Катышасызбы?
- Үч жыл мурда да ушуга окшош сынак болгон. Бирок сынак-фестивалдар калыстык менен таразаланбай жатат. Тааныш-билиштик эле чечүүдө. Мен сынакта орунга ээ болбой калсам, мага ырын, обонун жазып берген адамдардын алдында ыңгайсыз болуп калгандан тартынам. Ошол да мени сынактардан алыс кармайт болушу керек. Ошондуктан азыр сынакка катышсамбы же жокпу - ойлонуп жатам.
- Маданият министрлигине кандай каалоо айтаар элеңиз?
- Айта турган сөз көп. Башка учурда сөз кылалы. Бир гана айтаарым- бир аз жыл мурда: "Ырдайлы достор, ырдайлы" аттуу сынак болуп, ага бир далай ырчы катышты. Султан Раев маданият агенттигинин башчысы болуп турган. Ал катышкан ырчылардын чоң-кичинесине карабай, сыйлык берип,"мыкты ырчы" деп жазып, кол кое бериптир. Кечээги Малика, Анжелика, Гүлмира жана башкалар менен катар айтылуу ырчы Султан Каримовго деле ошондой баа, баары эле "мыкты". Мурда биринчи орун же лауреаттыктын биринчи даражасы ж.б. дегендер болчу. Жалпысынан маданият министрлиги адилеттүү, калыс болсо, маданият өнүгөт да.
- Сиздин кандай наамыңыз бар?
- Наамга жетиш үчүн кара жанымды карч уруп, аракет кылып, документ чогултуп көргөн эмесмин. Грамота, дипломдорум бар. Бир жаш ырчынын "наам алыш үчүн документ топтоп атам" дегенине кызыгып, министирликке телефон чалсам: "Каерде иштейсиз?" - деп сурашат. Көрсө, наам алыш үчүн бир жерден сүрөп-таяп өткөрөт экен. Мен эч жерде иштебегенден кийин, ходатайствону да эч ким бере элек. Менин наамым -элдин сый-урматы. Мыскалга окшогон элдик таланттардын деле наамы жок эмес беле.

Маектешкен
Айсулуу Көкөева





кыргыз тилиндеги гезит "Адилет press"




Яндекс.Метрика