шак-шак

Мара алдындагы түз тилке
Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, 10-октябрга дайындалган жалпы элдик плебисцитке катышып, күчүн сынап көрүү ниетин 57 партия билдирди.

57 партиянын ар биринин экиден өкүлдөрү катталды деп билдирилет. Эгер, азыркы күнү юстиция министирлигинен каттоодон өткөн партиялардын саны 148 ке чаап барганын эске ала турган болсок, шайлоого катышабыз деп бел байлап акактагандардын саны көп деп да, аз деп да айтууга болбойт. Баарыбызга белгилүү, 148 партиянын көбүнүн аты болгон менен заты жок. Бир далайы парламенттик шайлоонун алдында чампаланып түзүлө калгандар же чала өлүк болуп жаткандарды кайра тирилтип, мал кылып алгандар. (Мисалы, Өмүрбек Бабанов деген бизнесмен "Эл-талабы" деген инкубацияда жаткан партияны кайрадан каттоодон өткөрүп, "Республика" деп атап, реанимациялап албадыбы. Эмнеси бар экен, азыр партия түзөм деп убара болуунун кереги деле жок. Партиялык курулуш менен алпурушуунун кажети болбой калбадыбы. Даяры турганда партияны товар катары сатып алса деле болот). Иши кылып шайлоого шай даярдыгы барлар болгону 57 партия экенин карап туруп өз күчүнө ишене бербеген партиялар күрөшкө даяр тургандарга караганда алда канча көп экенине күбө болосуң. Партиялар шайлоого катышууну, түпкүлүгүндө бийликти жеңип алууну көздөп түзүлөрүн эске алсак, 148 дегениң саясатчылардын куру дымагынан жаралган туунду экенине көзүң жетпей койбойт.
Баарынан кызыгы - БШКнын алгачкы процедуралык каттоо чыпкасынан өткөн ушул 57 партиянын канчасы маранын алдындагы түз тилкеге (финишная прямая) боору бүтүн, аман- эсен жетет деген суроо менен байланышат. Адатта шымаланып стартка чыккандарга караганда орто жолдо илкип калгандардын саны көп болору белгилүү. Коюлган суроого жооп табуу үчүн өлкөнүн парламентаризм тарыхынын жакынкы кезеңине кайрылганыбыз жөндүү болор эле. Өткөн, К.Бакиевдин доорундагы парламенттик шайлоонун алдында 104 партия каттоодон өткөнү белгилүү. Анын ичинен 50 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. 50нин ичинен партиянын тизмесин ырастаган документин БШКда кынтыгы жок каттоодон өткөрө алгандардын саны 21 болгон эле. Көп саясый күчтөр БШК киргизген тыкыр текшерүү процедурасынан өтө албай сынып калышкан болчу. Кийин чоң марафон башталганда дагы 9 партия сүрүлүп четке чыгып кетүүгө аргасыз болду. Узак жолдогу кыйынчылыкка чыдай алышпаган сыягы бар. Ошентип 21дин ичинен 9 партия күйүгүп жүрбөй калганы аныкталды. Натыйжада шайлоого баш- аягы болуп бар болгону 12 партия катышкан эле.
Албетте, өткөн парламенттик шайлоо менен азыркысын салыштыруу жарабайт дечи. Кыргызстандын шайлоо кампанияларында адам факторунун ролу чоң болуп келгени белгилүү. Ким борбордук шайлоо комиссиясынын башына турат, ошого жараша кампаниянын тагдыры чечилип келгени жашыруун эместир. Мисалы, өткөн шайлоону К.Кабилова деген К.Бакиевдин кланынын айдаганына баскан, айтканын кылган, аферага шыктуу, уятсыз, караөзгөй аял өткөрдү эле, жыйынтыгы до ошого жараша уятсыз аяктады. Башкасын айтпаганда да К.Кабилова дегениң өтпөй турган К.Бакиевдин кемчонтой "Ак жол" партиясын көз- көрүнө өткөрүп, болгондо да ЖКнын көзөмөл пакетине ээлик кылгандай жеңүүчү кылып таштаганы канчага татыйт дейсиз. Ал эми, ачыктан ачык жеңип чыккан "Ата Мекен" партиясын шылтоо таап жеңилди деп жарыялап, 5 пайыз босогодон өтө албай чаң жутуп артта калган коммунисттерди сүрөмөлөп, парламентке кошкон зомбулугу эстен чыгып кетээри кыйын эмеспи. Жасаган ишине кийин далайга дейре сыймыктанып жүргөнүнө не бересиң дейсиң. К.Кабилованы шайлоо кодексине БШКдагы чалмакей чалганы боюнча жоопко тартса деле ашыктык болмок эмес.
Азыркы БШКнын төрагасына, кудая шүгүр акыл-эстүү, иш билги, башкысы өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган Акылбек Сариев деген коомдук ишмер шайланды. К.Кабилова сыяктуу А.Сариев шайлоо марафонунун жүрүшүндө бийликтин буйругуна ылайык жаман көргөн партияны тизеге чаап мүчүткөн кыянат ишке барбайт деген үмүт бар. Калыстык кылат деген ишеним чоң. Мына ушу жагдайды жана референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык мурда-кийин болуп көрбөгөндөй кубаттуу бийлик ыйгарылган парламентке жулунуп, жутунуп жаткан партиялардын саны адаттан тыш көп экенин эске алсак, бул жолкусунда мара алдындагы түз жолго өткөндөгүдөй 12 эмес, андан кыйла көп саясый күч келип жетет деп болжолдоого болот. Баамыбызда алар 18-20 чейин чаап барышы этимал.
Үсөн Касыбеков