кулак кагыш

КАРЖЫЛЫК ТАРТИПТИ КАМСЫЗДАЙ АЛАБЫЗБЫ?
Кыргызстанды кыйраткан кайгылуу окуялардын уламдан улам кайталанышы - арам акчалардын атайын даярданган же алабарман адамдардын капчыгынан чыгып, "айлана" баштаганы себеп. Ош, Жалал-Абад дубандарындагы канабайрамдардын алгачкы териштирүүсү да ушуну далилдеп жатат. Адам канына забын болуу, кыз-келиндерди зордуктоо, үй-жайларды, мамлекеттик имараттарды өрттөө ж.б. кадимки иш ыкмасындай, жашоо-турмушубузга бүлүк салып, оор кесепеттерге дуушар кылганын улутчулдукка, улут аралык кагылышка, көзгө көрүнбөгөн "үчүнчү күчтөргө" шылтап, өзүбүздү да, өзгөнү да сооротуп олтурабыз. Мына ушунун баары өлкөдөгү каржы тартибинин жоктугунан, ким кандай байлык топтойт, ага көзөмөл болбогондугунун натыйжасы экенин моюнга алгыбыз келбейт. Эгерде чукул арада каржы көзөмөлүн күчөтүп, тартипти орнотуп албасак, алдыдагы азап-тозоктордон кутулуу мүмкүн эмес.
Сөзүм кургак болбос үчүн, жөнөкөй эле мисалга токтолоюн. Борбор шаардын бут жеткен жерлеринин көбүндө, кудайга шүгүр, акча алмаштыруучу жайлар жайнап турат. Ушул жерлерде мыйзамдарга ылайык, иш ырааты менен ыргагына жооп берген тартип барбы? Албетте, жок. Маселен, Ош базарынын "Беш-Сары" соода үйүнүн батыш тарабындагы (Киев көчөсүнүн түндүк бөлүгү, Кулиев көчөсүнө ашташат) он чакты күркөлөргө катары менен кирип көрсөңөр - өзүңөр күбө болуучу жагдайлар арбын. Ал жерлерде иштеген жаш балдардын орой мамилесин мындай кой, алмаштырып аткан акчаңан акырын "сындырып" алганына айраң таң каласың. Алар ушунчалык машыккан экен, аты-жөнүн сурап, териштире баштасаң, күчкө таянгандыгын көрсөтүүгө өтөт, ага болбой көгөрүп, тийиштүү даректемелерин көрсөтүүнү өтүнсөң, күркөнү ачык таштап, качкан бойдон кетет. Баары бир ооздон: "Кожоюн жок, эртең келиңиз" деген даяр жоопторду кулагыңызга кесмедей илет. Ошентип, кожоюндун дарегин, лицензиясы бары-жогун, эмне себептен кассалык аппарат орнотулбаганын билбей, аргасыздан баш чайкап, келген жолуңа түшөсүң.
Өзүн Султанов Нурбек деп, тааныштырган бала: "Ал документтердин сизге эмне кереги бар?" дегени - демек, бул катардагы акча алмаштыруучу жайлардын "кожоюну" оңой киши эмес экенинен кабар бергендей. Анын айткан ар бир сөзүнүн басымы күчтүү чыкканына караганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк төрайымдыгына келген Бактыгүл Жээнбаеванын да алы келбейт көрүнөт. Баягы, "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем" дегендин далилин көзгө сайып, "кайда барсаң да, колуңдан эч нерсе келбейт" таризинде, керсейип койду. Ооба, бизде ушундай акыбал убактылуу көйгөйгө айланганын жакшы билебиз. Бирок бул багытта күрөштү күчөтүүбүз керек.
Т. Бекишов





Арманды угаар жан болоор...
Гезиттин өткөн санында Нарын областынын Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүндөгү айыл башчысын шайлоодо кеткен калпыстыктар боюнча талапкер Чолпонбек Белековдун ачык катын жарыялаган элек. 10-августта "Кабар" агенттигиндеги пресс- конференцияда Кочкор жергесинин тургундары Карыбек Ишекеев, Роза Адамалиева, Абамүдүн Селекев, Жеңишбек Шакиров жана Чолпонбек Белеков өзү да, бул маселенин башы ачылбай келатканын билдиришти.
Алардын айтуусу боюнча Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө беш айыл караштуу, 10 миңдей жалпы калкы бар чоң айылдардын бири. Өлкөдө чоң өзгөрүү болуп жатса да, өзгөрүү бул жакта билинбейт. Айыл башчысы Садыбакас Увалиев Бакиевдин заманында Ширшов, Попов, Елисеев, Марат Бакиевдерге кызмат кылып, аларды жакшы эле сыйлаган. Кекиликтен кекилик койбой аттырып, коен көрсө баса жаздырбай, Кочкор эли эзели көрбөгөн квадратцикл дегенди тепкенге жер тандатпай, ой-тоого алпарып ой-да сый көргөзчү. Увалиев бийлик алмашканда, күнөөсүн сездиби же эл кыстаганынанбы, айтор кызматтан кетейин деп эки жолу арыз жазган.
Эл айыл өкмөт башчысын тандаса, бирин эки күн иштетип, дагы бирин жакын жолотпой, акимчилик "аткез" берип туруп алды. Шаарда митингдерге катышып жүргөн революционер балабыз бар эле дешип, Чолпонбек Белековду көндүрүшөт. Бирок революциядан кийин келген аким Р. Сарыбаев жыйналыш өткөрүмүш болуп, "каршы", "калыс" болгон элди карабай туруп эле, С. Увалиевди кайрадан ордуна калтырып койду. Же акимге мурунку бийликтегилерден бирөө буйрук берип жатты болду бекен- деген суроолорго жооп издеп, кочкорлуктар коңгуроо кагып, чоңдорго кайрылып жүргөн чагы.
Айжан Айтышева





АТ-БАШЫГА БАРСАҢ, АБАЙЛА!

Кокусунан сапар кайып, алыскы Ат-Башыга барып калсаң, абайлоого аргасыз болосуң. Автобекеттен түшүп, "Береке" базарына чейинки жолдо - Кыргызстандагы саясый партиялардын санаалаштары көчүп баргандай. КСДП, "Ата-Мекен", "Замандаш" өңдүү кооз, көркөм көрнөктөр көзгө урунуп, алардын алдында турган улан-кыз алдыңды тосмолойт. Кайда баратканыңды, кайсы жерлик экениңди сурап билгенден кийин, кимге чуркай турганыңды кошо тактап, таза мазаңды алат.
Ага-тууган, эл-жер, куда-сөөк, тели-теңтушка учурашканы келгениң эсепке кирбейт. Ушунчалык саясатташып кеткен экен. Шайлоочулардын шайын эмитен эле кетире башташыптыр, бура бастырбай.

Дыйкандар кайда калат?

Мамлекетибиздеги жарандардын 72 пайызы айыл жергесинде жашайт. Бирок, айыл чарбасы алга кетпей эле, сырттан ташып келинген азык-түлүктөргө көз карандылыгыбыз өсүп баратат. Өзүбүз өстүргөн өнүмдөрдүн кымындай гана бөлүгү четке чыкпаса, калктын азык менен камсыздалуусунда олчойгон көйгөйлөр бар. Анткени, айыл чарбасына жетиштүү көңүл бөлүнбөй, дыйкандарыбыздын абалы күндөн күнгө оордоп, бул тармактын кайтарымы начарлоодо.
150 саясый партиянын ичинен дыйкандарыбыздын таламын талашкан экөөсү - Эсенгул Исаков башкарган "Баба дыйкан" менен Куттубек Асылбеков жетектеген Кыргызстан дыйкандар (фермерлер) партиясы бүгүнкү күнү эмне иш кылып атканын эч ким билбейт. Айыл чарба тармагына күйүп-бышкан саналуу адамдардын айтымында Эсенгул "Туран" партиясына "тийип" кетиптир. Ал эми Куттубек "куйругун түйүп", жедигер уруусунун курултайын уюштуруп жүрөт дейт. Аттиң, "ишенген кожом сен болсоң ... " дегендей, эми дыйкандар кимге ишенет?

Качкын Булатов жана Асия Сасыкбаева
5-август, 2010-жылы "Мекен туу" саясый партиясынын курултайына келген укук коргоочу Качкын Булатов "Интербилим" эл аралык уюмунун төрайымы Асия Сасыкбаевадан катуу кагуу жеди.
Качкын Булатов каяша айтып, "мындай пикириң туура эмес" деп, түшүндүрөйүн деген аракети текке кетти. Аны кагып, чет элге качырып, өтө жакшылык кылганын жашырбады. Болбосо, укук коргоочуну Бакиевдер эбак тындым кылмак экен.

"ЖАМАНДЫН КОНОГУБУ..."

Курултайга келаткан элди тосуп келебиз деген тилек менен Кант шаарынын батыш жагындагы МАИ тосмосуна жөнөгөн жарандар - Лебединовка менен Ново-Покровка айылдарынын ортосундагы көпүрөдө адаттан тыш окуяга күбө болушту. Колдорунда кадимки аңчылыкка колдонулуучу мылтыктары бар, аскердик кийим кийинген казак- орустардын отряды кожоюндук кылып, автоунааларды өткөрүп-токтотууда өз билгенин жасап жатышты. Дагы кыргыз жаштары сабырдуулук кылышты, улуулардын тилин алып. Болбосо, улут аралык кагылыш турулуу эле.
Анан: -Эмне үчүн биздин күч органдар казак-орустарды ушул жерге коюп коюшкан?- деген мыйзмдуу суроо туулат. 1916-жылдагыдай жазалоо иштерин аткарсын дешкениби? Өздөрүнүн дараметтери жетпей калды беле?

Ишен Осмонтегин