Мыйзам алкагында

Чектен чыккан чекист Соловьевдун тагдыры жакында белгилүү болот


Гезитибиздин мурдагы сандарында кыргыз келини Барниса Баркабаеваны СНБшник Евгений Соловьев автоунаасы менен коюп кеткендиги жана ал келин ошол замат жан берип, СНБнин кызматкери кылмыштын изин жашырууга аракет кылганы тууралуу маалымат берип келгенбиз. Эсиңиздерге сала кетсек, 29-февралда саат 23:25тер чамасында Сокулук районунун Сокулук айылында Бишкек-Ош жолунда УКМКкызматкери Е.Соловьев "Форестер Субару" үлгүсүндөгү авто унаасы менен Барниса Баркабаеваны коюп кеткен. Соловьев кырсык болгон жерде күзөттө турган жол коопсуздугунун кызматкери Мурзабек Бабаяровго "Ишти ушул жерден бүтүрүп, менин ордума рулда башка бирөө отурган деп коелу" деген сунушун айтканда, чынчыл МАИ кызматкери бул сунушка макул болгон эмес. Ишти ошол жерден жабып коюуну Е.Соловьев гана суранбастан, кырсык болгон жерге жетип келген досу СНБнын дагы бир кызматкери да өтүнгөн. Е.Соловьев жабырлануучу тараптын астына бир дагы жолу басып барбастан, жоопкерчиликтен качууга аракет кылган. Соловьев өзү маркумдун үйүнө бара алмак эмес. Бирок Сокулук райондук Улуттук Коопсуздук кызматынын начальниги кыргыз болуп туруп, жетекчи катары маркумдун үй-бүлөсүнүн алдынан өткөн эмес.
Учурда Е.Соловьевдун жетекчиси жумушунан жөн гана төмөндөп, башка регионго которулуптур. Ал эми кылмышка тиешеси бар Е.Соловьевдун өзү кайда экендигин, ээлеген кызматынан четтетилгенин, четтетилбегенин билүү максатында УКМКнын пресс-кызматына байланышка чыкканыбызда, трубканы эч ким көтөргөн жок. Эки күн бою пресс-кызматка байланышка чыгып, сүйлөшө алган жокпуз. Учурда тергөө ишин Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө. Тергөө иши тууралуу маалымат алалы деген максатыбыз ишке ашкан жок. Ишти тергеп жаткан тергөөчү Руслан Шагибалиев: "Мен тергөө иши тууралуу прокурордун макулдугу жок эч кандай маалымат бере албайм" деди. Андан соң андан чоңу Азамат Мамбетовго байланышка чыктык. Азамат Нурказыевичтен "Бизден чоңдор да бар. Биринчи алардан макулдук сурашыңар керек. Макулдук берсе, интервью бере алабыз" деген жообун уккан соң Аскер прокуратурасынын ММК менен иштешкен кызматкери, юстициянын майору Жанар Мырзаканов менен байланыштык. Жанар Мырзаканов: "Мен азыр прокурор менен байланышып туруп, бул маселенин жообун айтам" деп бир аздан кийин Мырзаканов өзү байланышка чыгып, тергөө иши жыйынтыкталмайынча маалымат бере албай тургандарын билдирип, тергөө иши 10 күн аралыгында жыйынтыкталарын кошумчалады. "Карга карганын көзүн чокубайт" болуп, прокурорлор мындайда өтө эле мыйзамчыл болуп калышат.

Барниса Баркабаеванын артында энесиз жетим болуп үч баласы, жолдошу, келини жок кайын атасы калгандыгы эсиңиздерде болсо керек. Алардын азыркы абалы менен таанышканы, балким Е.Соловьев бир келип маркумдун жакындарына жолугуп кеттиби деген үмүттө Сокулук айылына бардык. Барниса Баркабаеванын үйүндө кайын атасы менен улуу кызы Жибек гана бар экен. Келининин өлүмүнө жаны ачып, көзүнө жаш алган Ибрагим ата төмөндөгүлөргө токтолду.
Ибрагим Шадиев-маркумдун кайын атасы:
- Кудайдан миң жалынсак дагы, бул дүйнө менен кош айтышып кеткен адамды кайра кайрып албайбыз да. Айла жоктон тагдырдын буйругуна моюн сунуп отурабыз. Бирок келинимди сүзүп өлтүргөн баланын биздин алдыбызга бир дагы жолу басып келбегени өкүнүчтүү болууда. Кырсык деген каш-кабактын ортосунда болгондон кийин, адам болуп туруп анын деле абалын түшүнөт элек го. Бирок Соловьев андай кадамдарга барган жок. Жогору жакта ишенген адамы болсо керек. Өзүнө ишенип акырын ишти жаптырып коем деп жүрөт да. Биздин негизги талап, тергөө иши акыйкат жүргүзүлүп, Е.Соловьев мыйзам чегинде өз жазасын алсын. Энесиз калган неберелеримдин деле тагдырын ойлоп койгон адамдар бардыр.
83 жашка чыгып, келинин өз колунан кейиштүү өлүм менен узаткан Ибрагим Шадиевдин абалын көрүп туруп көзүңө жаш албай кое албайсың. Орто билимди толук албай, 9-классты аяктап гана, турмуштун катаалдыгынан акча топтоп үй алуу максатында атасы менен биргеликте Москва шаарына иштегени кеткен Жибек төрт айдан кийин "апаң кайтыш болду" деген кабарды угуп, кайрадан Ата мекенин көздөй сапар тартарын эч ойлогон эмес. Учурда Жибек чоң атасын жана кичинекей бир туугандарын карап үйдө. Жок дегенде апасы экөөнүн эң биринчи орунга койгон тилеги да орундалган жок. Жибек мурдагыдай эле бир туугандары менен биргеликте батирде күн кечирип келишет.
Жибек Самидинова-маркумдун улуу кызы:
- Атам Баткенге айылдагы туугандарга куран окутканы кеткен. Иним менен сиңдим сабакта. Мен чоң атамды багып үйдө элемин. Башына түшкөн ишти көтөрбөскө айла жок экен да. Жакында 22-апрелде апамдын 52 күндүгүн өткөрөбүз. Куран окуткан соң, атам экөөбүздүн кайрадан Россияга кетерибиз же кетперибиз чечилет. Бир туугандарыма, чоң атама мурдагыдай көз салгандай апам жок болгондон кийин кетип калгандан да кооптонуп жатабыз. Бизге баш-көз болуп жаткан Эркин таекем дагы жакында эле айылдан келди. Азыр ал тергөө ишине керектүү документтерди алганы айыл өкмөтүнө кетти. Жакында жыйынтыкталып, сотко өткөрүлүүчү тергөө иши акыйкат өткөрүлсө деп эле тилек кылып жатабыз. Андан башка айла жок. Апабыздын тирилип келбестигин түшүндүк.

Маркумду жерге берүүдө кеткен чыгымдын документтерин топтоп, тергөөгө керектүү маалымат кагаздары үчүн Сокулук айыл өкмөтүндө жүргөн Эркин байке менен байланыштык.
Эркин Маркабаев-маркумдун агасы:
- Адвокат кеткен чыгымдардын документтерин дайында дегенинен азыркы учурда ошол иштер менен алек болуп жүрөм. Айыл өкмөтүнүн бир эле малымат кагазы калды. Тергөө ишине ушул документтердин бардыгынын кереги тиет тура. Техникалык жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты дешти. Азыр документтерди топтоп бүтсөм, ал маалыматтар менен таанышканы адвокат Шарабидин Токтосунов менен биргеликте Аскер прокуратурасына барабыз.
Редакциядан:
Моралдык чыгым кайсы суммага белгиленери азырынча белгисиз. Жакынкы убакта бул документтер дайындалып, тергөө иши жыйынтыкталары менен иш сотко өткөрүлсө, чектен чыккан чекист Е.Соловьевдун тагдыры белгилүү болот. Аскер прокуратурасынын кызматкерлери "крышасы" бекемирээктердин кызмат ордун ойлобостон, апасыз зар какшап калган жетимдердин тагдырын ойлоп, акыйкат чечим чыгарат деген ойдобуз. Кандай болгон күндө дагы ак болсо ак деп, кара болсо кара деп өз иликтөөбүздү жүргүзүп маалымат берип турмакчыбыз. "Ачык саясат плюс" маркум Баркабаеванын жана анын артында калган балдарынын укугун коргоону колго алат. Мыйзамды бурмалаганга эч бир прокурордун же соттун, тергөөчүнүн акысы жок.

Барчын Асанова