7-апрелдин тагы

Максаттын өмүрү кытайлык дарыгерлердин колунда


Убакыт учкан куш дегендин калети жок. Ошентип 7-апрель окуяларына дагы эки жыл болду. Бирок карапайым элдин көкүрөк ызасы кайта элек. Жер жазданып жаткан сексен баланын тууган-туушкандары кайгыдан арылбай келет. Мунун башкы себептеринин бири күнөөкөрлөрдүн боштондукта жүрүшү. Бирөө дагы жазаланбай, керек болсо жаңы келген бийлик өздөрү баш болуп өлкөдөн качырып ийген адамдар маал-маалы менен ММК аркылуу билдирилип, калктын кыжырын кайнатууда. Сот иши эки жылдан бери жыйынтыкталбай, ар кайсы себептер менен белгисиз мөөнөткө жылдырылып келет. Ал эми кылмыштуу бийликтин огуна кабылгандар ушу күнгө дейре ооруканадан чыкпай, айрымдары өмүр менен өлүмдүн ортосунда алпурушуп жатышат.

"Мага окшоп майып болуп калгандар үчүн ким жооп берет?"
Гезитибиздин 2012-жылдын 2-мартында чыккан санында каргашалуу 7-апрель күнү курсагына ок жеген 22 жашар Максат Чегирткеев тууралуу "Мага окшоп майып болуп калгандар үчүн ким жооп берет?" деген аталыштагы макала жарык көргөн. Максат Чегирткеев Ысык-Көл областынын Түп районунун тургуну. 7-апрелде Ак үй тараптан атылган ок курсагын жарып, ичегилерин аралап, аркасынан чыгып кеткен. Оор абалда ооруканга түшкөн Максаттын жоон ичегисинин бир бөлүгүн алып салышкан. 2010-жылдын ноябрь айында экинчи ирет операция жасалып, ичегилердин үзгүлтүксүз иштеши үчүн аностомоз коюлган. Бирок 2010-жылдын январь айынын башында Максат ичинин катуу оорусунан улам бейтапканага кайрадан түшүп калат. Биздин алгачкы жолугушуубуз дагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы И.К.Ахунбаев атындагы бейтапкананын ириң оорулар хирургиясы бөлүмүндө болгон эле. Бир нече оор операцияны башынан кечирген Максаттын ичегилери бири-бирине жабышып, спайка оорусу пайда болгон. Ошентип үстүбүздөгү жылдын башынан бери үч операцияны башынан кечирди. Биз барган учурда дарыгеринен, "оорулуунун абалы оор бирок стабилдүү, акырындык менен калыбына келип жатат. Жакында кезектеги операцияны жасайбыз" деген жооп алганбыз.

Максатка "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюму каралашып, дарылануусу акысыз, Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө болду. Учурда Максат Чегирткеев дагы деле ириң оорулар бөлүмүндө болууда. Жакынкы күндөрү Кытай Эл Республикасына операцияга жиберилүүсү күтүлүүдө.

Карачач Жумалиева,
Максаттын апасы:
"Россия, Индия Максатты дарылоодон баш тартышкан"
- Максаттын абалы мурдагыга салыштырмалуу жакшы. Бирок ириң өпкөсүнө чаап кетиптир, приступ кармап калып жатат. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен Казакстан, Россия, Индияга жардам сурап кайрылганыбызда дарылоодон баш тартышкан. Эми минтип Кытай мамлекети макул болуп, азыр документтерин тууралап жатабыз. Максат менен кошо каралашып атасы, медиктерден бир анестезиолог кошулуп барат деп айтышууда.

Буга чейин Эмилбек Каптагаев гана келип, "азыр кызматта эмесмин" деп акчалай жардам берип кеткендигин укканбыз. Бул ирет Максаттын ата -энесине жолугуп, апрель окуяларынын эки жылдыгынын алдында бир катар бийлик өкүлдөрү келип, ал-абалын сурап кеткендигин уктук.

Догдурбай Чегирткеев,
атасы:
"Кытай мамлекети дарылоого макул болушту"
- 6-апрель күнү Өкмөт башчы Асилбек Жээнбеков, депутаттар Айнуру Алтыбаева, Гүлнара Жамгырчиева, Чыныбай Турсунбеков жана жердешибиз Курманбек Дыйканбаев келип кетти. Жогорку Кеңештин атынан материалдык жардам көрсөттү. Ал эми вице-премьер министр Гүлнара Асымбекова 5-апрелде келди. Максатты алып жүрүүгө ылайыкталган колясканы тапшырып, Кытайга кетүүсүнө бир күндүн ичинде загран паспорт жасатып берди, эми эки-үч күндөн кийин визасын ачууга киришмей болду. Абдан ыраазы болуп калдык. Кытай мамлекети дарылоого макул болушту. Акыркы үмүтүбүз. Кудайым буюрса, баламды өзү басып, чуркап келет деп жатышат.

Максат учурда жашоо үчүн күрөшүп жатат. Китептерди окуп, Кудайга жалынып, болгон аракетин ден соолугунун жакшырышына арнап жаткандай. "Ооруну сурасаң айыкканга тете" демекчи, Максат менен бир топко маектешип олтурдук. Жыйырма жаштан эми гана ашкан жигиттин жашоого болгон терең көз карашы, ар кыл тармакты билген кенен кругозору көңүлүбүздү бурду. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатса дагы токтоолугу, сабырдуулугу менен таң калтырды. Максатты караган дарыгер , медицина илимдеринин кандидаты Туркменов Алибек Альбертович төмөндөгүлөргө токтолду.

Алибек Туркменов:
"Операция канча убакытка созуларын так айта албайм"
Азыр Максаттын абалы салыштырмалуу стабилдүү. Жакында Кытай Эл Республикасында реконс­труктивдүү-калыбына келтирүү операция жасоо пландаштырылууда. Албетте, Үрүмчүдө Кыргызстанга караганда айыгып кетүү шансы көбүрөөк экендиги айтпаса дагы түшүнүктүү. Албетте, заманбап технология дегендей. Операция канча убакытка созуларын так айта албайм, анткени алардын методикасы менен тааныш эмесмин. Оорулуунун операциясын, Кытайга кетүүсүн бардык тиешелүү органдар көзөмөлгө алышууда. Биздин дагы үмүтүбүз чоң.

Редакциядан:
7-апрелге эки жыл толуп, эскерүү күнү болбогондо Максатка бийлик жардам бермек тургай, эстеп да коюшмак эмес окшойт. Болбосо Максат өлүм менен күрөшүп, 2010-жылдын 7-апрелинен бери ооруканалап жүрөт. Эмне демекчибиз, так ушул Максаттай кыргыздын патриот уулдарынын аркасы менен саясатчылар бийликке келип, жумшак кресло, жылуу бөлмөдө отурушат. Биз 7-апрелде курман болгондорго жана жарадар болгон эр-азаматтарыбызга таазим кылышыбыз керек.

Бегайым Талантбекова
Барчын Асанова